Абдыбалиева Бактыгүл, Ысык-Көл аймагындагы “Бугу мазар” бакыт ордосунун жетекчиси

2010-жылдын 20-21-мартта Жумгал районун, Таш-Дөбө айылындагы Түгөл-Ата ыйык жеринде болгон “Улуу от” салтанатында болгон маек.

Бактыгүл эже, Ысык-Көл аймагындагы “Бугу мазар” бакыт ордосунун жетекчиси

Теңирчиликке мурда ишенчү эмесмин. Теңирчиликтин таң тосуу ырымын жасап көрдүм. Чыгышты карап алып жасадым, ааламдан таза аба келди. Нур келип, ал жерден белги келип, ортосунда точка турганын көрдүм. Колумду ары бери кыймылдатканда, асмандан нур түшкөнүн көрдүм. Бул теңирчиликтин өзөгү болуп калат. Анткени мен мурун өзөгү эмне болду экен деп суранып койдум эле. Теңирге сыйынуунун күчүн байкадым. Ошондон кийин теңирчиликтин сөзүндө күчү бар экенине ишендим. Энергия чачыратып жатканын карап отурдум. Бир оокумда энергиянын чачыраганы кадимки асан-үсөн сыяктуу элге жайылганын көрдүм. Бири бири катмар болуп турат экен. Ар кимге керектүү линиялары болот экен. Кызыл-кут, кара-билим, сары-ырыскы, жашыл-бийликкке керек экен.

Куштай болгон нерсе келет. Ал энергиясын баардык элдерге чачыратат. Ар бир нерсесинде абдан көп сырлар бар экен. Ааламдын келген энергиясын көрөсүң.

Leave a Reply