Мамбетов Касымбек: Мамбет атам Манжылы-Ата мазарынын ээси болгон

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Мамбетов Касымбек. Манасчы Мамбет Чокморовдун уулу. 1934-жылы туулган, Ысык-Көл аймагы.

Айрым манасчылардын өнөрү ата-бабасынан берилгендиги айтылат. Атама манасчылык атасынан өткөн эмес, атасы Чокмор жөнөкөй эле адам болгон. Атамдын бир тууган таякеси Деңизбай деген киши чоң манасчы болгон, ал кишинин айткандары жазылбай калган экен, ошентсе деле Денизбай (Дөңүзбай делип да жүрөт) деген ат менен элге кеңири таанылган.

Чоң атам Чокмор Тоңдун сыртында Арчалуу деген жайлоодо турган. Ошол жайлоодон Мамбет атам төрт жашында төрт күн жоголуп кетип, кайра келген экен. Келгенде кайда бардың, кайда жүрдүң деп сураса, төрт жаштагы бала эмнени айтат?

Биздин өрөөндөгү Тастар-Ата тоосу аябай касиеттүү жер. Атам он жашка чыкканда, ушул тоонун ары жагында кой жайып жүрүп, күн кечтеп калганда күн бүркөлүп келе жаткандыктан, койду жыйып айдап баратып сыр көргөн. «Тээ алыстан бир топ караан келе аткан, байкабай калыптырмын, бир убакта карасам, баягы караандар жаныма келип калыптыр. Аттары чоң, өздөрү дагы абдан зор кишилер курчап калды. Көрсө, Манас ата кырк чоросу менен күн чыгыштан күн батышка кетип баратыптыр», – дейт. Баягы зор кишилерди көргөндө, атам талып жыгылат. «Анан бир дабыш чыкты, кимиси айтып атканын билбейм. «Ой, бул «Манас» айталбайт, аттын таноосу бетин жаап калды. Бул жыйырмага чыкканда айтат, чоң манасчы болот, бас мөөрүңдү!», – дейт. Андан аркысын билбейм», – дечү атам. Жаан жаап өтүптүр да, эртеси атамды чоң атам таап келиптир.

Атам чоң энем Айымбачанын боюнда экенинде, түшүндө Алмамбет баатыр: «Уул төрөйсүң, уулуң «Манас» айтат, эл көзүнө көрсөтпөй, кой артына сал», – деп аян берген экен.

Жыйырма жашка чыккандан тартып атам «Манас» айта баштайт. Мамбет атама Манас ата мындай шарт коюп: «Сен «Манас» айтып чыкканда, эл сага астыңа ат мингизет, үстүңө тон жабат, бирин дагы албагын, бармагыңа үч оролгонго жеткен жип алууга болбойт», – деген экен.

Мамбет атам жаңыдан «Манас» айтып чыкканда, таякеси Деңизбай: «Мен «Манасымды» Мамбетке бердим. Мындан ары «Манасты» Мамбет айтсын», – дейт. Ошондон тартып Деңизбай кийин такыр «Манас» айткан эмес.

Биздин тукумду Улак уулу деп коет, ошо кезде Улак уулу кырк түтүн экен. Мамбет атам жаңы «Манас» айтканда, атама «Манасты» беш муунга чейин айткын деген шарт коюлат. Атам Улак уулу деп аталган ар бир үйдүн күндө бирине токтоп, «Манас» айтыптыр. Кырк күнү «Манастан» үч атаны айткандан кийин, эл Чоң казат кызыктуу экен дешип, кайра Чоң казатты айттырышат. Ошол жол ачуучу «Манас» айтууда үч ата – Манас, Семетей, Сейтек гана толук айтылып, андан аркы аталар улантылбагандыктан, атам дагы өмүр бою ошол үч бөлүмгө басым коюп айтып калат. Ал эми «Чоң казатты угабыз» деп, Сейтектен кийинки аталардын баянын укпай койгон элдин айынан, кийинки эки атанын баяны атам тарабынан ыр менен эмес, кара сөз менен айтылып калат.

Алтымышынчы жылдын ичинде биздин үйгө Буудайбек Сабыр уулу деген жазмачы киши келди. «Аксакал, биз касиет жылоологон манасчы, комузчу, деги эле өнөрлүү адамдардын өз сөзүн угуп, китеп жазалы деп жатабыз. Тоң жакта чоң манасчы бар деп угуп, атайын келдик», – деди. Атам: «Атаңдын көөнүнө чычайын, жеңил оокат кылып жүрөсүңөр да, китеп жаза алмак белеңер», – деп койду. Анан Буудайбек: «Ата, айтып берсеңиз, кантип «Манас» айтып калдыңыз, кимден үйрөндүңүз, кимден таалим алдыңыз?», – деди. «Аа балам, мага «Манас» кантип берилгенин айтпа деген, айтпайм», – деп койду. Анан тиги Буудайбек жанына жакын олтуруп, атамдын оң тизесин кармап алып: «Айланайын атаке, айтып берсеңиз, бат жазып алам, сиз сүйлөп жатканда токтотпойм», – деп жалынып сурап кирди. Атам кишинин көңүлүн оорутпаган, өтө жоош киши эле, бир убакта эле: «Атаңдын көөнүнө чычайын, уйгактай жабышкан сага жаздырбайм, өз балама жаздырам! Жаз!», – деди мага. Анан бардыгын мен жаздым. Төрт жашында болгонун, он жашындагысын, жыйырма жашынан баштап «Манас» айткандыгы тууралуу баарын жазып бердим. «Эл шайырлары» деген китеп чыккан. Мына ошол китепке атамды да киргизишиптир. Анда Союз маалы эле. Анан капысынан эле мен Буудайбек Сабыр уулуна кездешип калдым. Буудайбекке кайрылып мен: «Ой Буудайбек, атам айтпады беле «түш көрүп эмес, Айкөлдөргө өңүндө жолуккам» деп», – дедим. Анда Буудайбек: «Касыке, партиянын мыйзамына тууралабадыкпы. Антпесе, жарыкка чыкпай калмак», – деп айтып жатпайбы.

Атамдын Манаска жолуккандагысы өңүндө болуп, талып жыгылган. Атам: «Манаска өңүндө жолуккан адам мыкты манасчы болот. Түш көрүп, же башкача жол менен айтып калгандар Манаска өңүндө жолугуп айтып калган кишиге теңеле албайт. Алар деле айтат, бирок аларда чек болот», – деп калчу.

Биздин атабыз өтө таза, беш убак намазды үзбөй окуган, дайым даараттуу жүргөн, теңирди сүйгөн адам болгон. Биз жакта абдан касиеттүү Манжылы-Ата деген мазар бар. Кадимки Мойт акенин сөөгү коюлган жер, мына ошол жерге Мамбет атам сакчы болуп, ыйык жерди таза кармап, сыйынып барган элге жол көрсөтүп, Манжылы-Ата мазарынын ээси болгон. Азыр Манжылыны ээсиз таштабай караган Кадырбек деген чыгаан жигит атамдын жолунда жүрөт. Барып калган киши куран окулуп, бата кылынып атканда угуп турса, Кадырбек багыштаган куран «мазар ээси Мамбет атага» деп дагы окулат.

Атамдын жолун жолдоп мазарларга үй-бүлөм менен барам, бирок манасчылык өнөрүн аркалап кала алган жокмун. Убагында Мамбет атабыздын: «Менин өзүмдүн балдарымдан манасчы чыкпайт, балдарымдын балдарынан чыгат», – деп айткан сөзү бар эле.

Мен «Мазарларга барбагыла. Ал жерди шайтан уялап кеткен», – деген билимсиз молдолордун айтканына кошулбайм. Кудайга ишенген киши мазарга дагы барат. Илгери мен мугалим болуп иштеп жүргөндө, саясий окуу деген бар болчу. Ошол окуу болуп жатат, анан мугалимибиз менден: «Касымбек, сен кудайга ишенесиңби?», – деп сурап калды. Мен: «Ишенем, бирок балдарды окутпайм», – деп айттым. Эгерде ошондо мен: «Кудай жок», – десем, кудай мени жаман көрүп калмак. Адам баласы төрөлгөн соң өлөөрүнө, арбак колдоп, коргоп жүрөөрүнө, актык деген нерсеге ишениши керек.

Атам кадимкидей эле бейтаптарды дарылап, табыпчылык кылчу. Биздин үйгө райондон, областтан, тиги Тянь-Шандан, Чүйдөн эл көп келчү, айыгып кетишчү. Атам эмне кылып дарылачу? Кээ бирин жөн эле башынан сылап койчу, кээсине суу берип, дагы бирин оозуна май салып дарылачу. Атама келип көрүнүп, айыгып кеткен кишилердин өз оозунан угуп, кичинекей китепче чыгаргам, ар кимге берип атып бир-экөө эле калды.

Атамда дагы бир касиет болгон. Илгери жанагы кара басып, төрөй албаган аялды төрөтүп, албарсты менен алышып, албарстынын дубасы жазылган кагазын алган экен. Бир аял кара басып төрөй албай, аябай кыйналган го жарыктык, анан молдо алдыралы деп, Мамбет атамдан улуу Мадрейин деген жакын агасы бар эле, ал киши куранды жат билген адам экен, Маткерим деген сарт молдону, Майтык думана деген кишини алдыртышат. Майтык думана деген адам Манжылы-Атага бир чырпыкты сайып койсо, чырпык чынар болуптур, түбүнөн булак чыгыптыр, ал дарак, ал булак азыр дагы бар. Анан Мамбет атамды кошуп, төрт кишини алып барышат. Атамдын айтымында, кеч киргенде аларды боз үйдүн оң жак тарабына жаткызат, ортодо от күйүп, сол жак капшытта баягы аял жатат дейт. «Эң эле отко жакын мен жатам, уйкум келбей жатсам, оттун чогунан үйдүн ичи жарык, бир убакта эле боз үйдүн жабыгынан уйдун чөбүнө окшош былжырак бир нерсе отко жакын жерге түштү. Карап эле жатам, бир убакта улак болуп эле секирип калды, анан музоо болуп эки жагын жаланып калды, бир убакта эле аял болуп баягы кара басып жаткан аялдын жанына барып эле, койнуна колун салып кирди. Ошентип жатканда, артынан барып чачтан алдым. Карасам, колумда эчтеке жок, бирок колумду такыр ачпай койдум. Ал да окуп атат, мен да окуп атам, үйлөйт экен, түндүккө үч көтөрүлүп, үч түштүм, такыр кое бербей койдум, анан бир убакта чоң көк чаар аял болуп чыга келди, айланайын. «Макен ай, экинчи сен жүргөн жерге жолобоюн, мени кое берип жиберчи, балдарың мындай болот, өзүң мындай болосуң», – деп алдады. Болбой эле кармап турсам, анан бир кезде кежигесинде дубасы жазылган кагазы бар экен, алып берип, анан кетти. Ошо кеткенден кийин баягы төрөй албай жаткан аял «өх» деп өзүнө келди», – деп эскерген атам.

Ошондо атам берки жаткандарды: «Эй тургула, мен албарстыны кармадым», – деп ойготот. Көрсө, тигилерди албарсты дуба менен уктатып, Манастын касиети күчтүү болуп, атам уктабай калган экен. «Жанагы экөөбүз кыйкырып, алышып, бири-бирибизди түндүккө чабышып атканда, туйбай укташкан экен. Ошол кагазды мен жөн эле чөнтөккө салып койчумун. Бир Жараман деген киши аялы кара басып төрөй албай, ошого барып, «Манас» айтып атсам, чөнтөгүмдөн уурдап кетиптир, бирок куучулук өзүмдө эле калды. Андай нерсени мылтыктын оозуна салып, же таңдайга катпаса эле, башка жерден уурдап кетет экен», – муну атам бизге отурумда айтып берген да, болбосо биз кайдан билели.

Атам жөнүндө дагы бир маалыматты мага бир жакын авам бар эле, ошол киши айтып берген. «Мен, – дейт, – бул жарыкчылыктан эки гана олуяны көрдүм. 1941-жылы аскерге алынып, казактын тааласында поездде кетип баратып, бир казакка өзбек, казак, кыргызы деле келип төлгө ачтырып жатат. Баягы казак ар кимисине төлгө ачып, «сен согушта өлөсүң», «сен жарадар болосуң», «сен аман келесиң», «сен колго түшүп, кыйноо менен өлөсүң» деп эле ар кимге эмне түшсө, ошону айтып жатат. Анан мен да кызыгып, эл суюлган кезде төлгө тарттырдым. Баягы казак: «Ой, сен согуштан жарадар болуп, бирок тирүү каласың, аман-эсен кайтып келесиң, үч уул, үч кыздуу болосуң, балдарың тың болот. Өзүң 61 жашка жеткенде, мүрт кетесиң», – дейт. Ошол казактын айткандары туптуура чыкты, кандай өлөөрүмдү билбейм, башкасы туура чыкты, бир олуям ушул казак болду.

Экинчиси ушул, күздүн күнү Арчалуу деген жайлоодо Мамбет авам бир боз үйдө бакылдап «Манас» айтып жатат, эл жыкжыйма, бир убакта авам тык токтоп, элге карап: «Ай, эшикте мага бир киши шашып келе жатат, тозбой мага киргизгиле», – деп коюп, кайра «Манасын» улап айта берди, бир аз убакыт өткөндөн кийин, эшиктен бир киши шашып кирип эле: «Айланайын эл-журт, жеңем кара басып төрөй албай жатат, Мамбет авама руксат бериңиздер», – деп элден суранып жиберди. Мамбет авам айтып жаткан «Манасын» токтотуп: «Жеңең аман-эсен көз жарды, эркек төрөдү, бара бер», – деп айтып коюп, кайра «Манасын» улап айтып кирди. Баягы келген киши кыйылып көпкө туруп, айласыздан кетти, барса, жеңеси чын эле эркек төрөптүр. Авамдын олуялыгы да, болбосо өзүнө киши келе жатканын, ал кишинин жеңеси төрөгөнүн кантип билди дейм да. Экинчи олуям ушул Мамбет авам болду», – деп ошол авам айтаар эле.

Атамдын дагы бир окуясын айтып берейин, биздин таятабыз Байбагыш деген киши өтө билимдүү болуп, эл молдоке дешчү экен. Ал киши атынын жалына күн тийгизип, соорусуна жаан жаагызып коюп, желип жүргөн киши экен. Таятамдын жан-жөкөрлөрү ал киши кандай кийинсе, ошондой болуп кийинишип, кошо жүргөн экен. Атабыз айтат: «Бир күнү короонун четинде жаман кементайды жамынып алып жатсам (илгери короонун четине жатып ит-куштан малды кайтарчу тура), бир убакта эле тээ ылдый жактан көп аскер келатат, «Аа, Мамбет тигил жакта жаткан турбайбы, кармап кетели», – деп. Ошол кезде аскер кийимчен адамдарга карата айтылган көп айыңдарды укчубуз. Анан баягы айтылгандарды эстеп, жамынып жаткан кементайымды алып ыргытып эле, качып баратам. Артымдан «карма эле, карма, ташка тийип өлөт», – деп кууп келатышат, бир топ жерге чейин кетип калдым. Аңгыча эле астымдан «садагасы болоюн» – деп Тайбуурулду булкунтуп, Семетей тозуп чыга калды. Семетей айтат: «Коркпо, айланайын, булар сенин кайнатаңдын касиеттери, эми сага кайрылып келбейт, кете бер артыңа», – дейт. Бурулуп карасам, баягы кишилер жок». Көрсө, Манастын касиетине таятабыздын касиети даай албаптыр.

Leave a Reply