Касмамбетов Сапарбек: Шапак манасчыдан бата алгам

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Касмамбетов Сапарбек, 1934-жылы Кочкор өрөөнүнүн Чалай жайлоосунда төрөлгөн, Нарын аймагы. Манасчы.

Биздин атабыз Касмамбет Тынаев деген киши 1934-жылы, Кочкор өрөөнүндө Тери союз деген болгон экен, ошого жетекчи болуп барып, туруп калыптыр. Ал өрөөндө Чалай деген жайлоо бар. Ал эми Чалай жайлоосунда болсо Илебай-Төр, Көкчө-Төр, Чоң-Күңгөй, Эр-Чап, Капчыгай аттуу тоолор бар. Ал жайлоодо Чалай деген суу шаркырап агат. Ошол суунун жээги Калкаман дегендин кыштоосу экен. Калкаман деген карыя кечээ жакында эле, жүзгө таяп барып каза болду. Ошол кыштоонун жанында чоң кара таш бар. Биздин боз үй ошол кара таштын жанында болоор эле. Мен ошол жерде 1934-жылы 30-майда жарык дүйнөгө келген экем. Менин балалык жылдарымдын көпчүлүгү Нарында, Кочкордо өттү. Ал эми кийинчерээк эле өзүмдүн туугандарым байыр алган Ысык-Көл районундагы Корумду айылында жашадым. Ал кезде айылыбыз «Бирлик» колхозу деп аталчу. Андан кийин «Комсомол» колхозу, кийин «Сөгөтү» деп аталып калды.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында агайын-туугандын бардыгы аскерге аттанды. Мен үч бир тууган элем. 1942-жылы энем бизди төркүндөрүнө алып барды. Энемдин төркүндөрү болсо, Кочкордогу Көк-Жар айылында, Соң-Көл совхозунда турушаар эле. Ошентип, мен таякелеримдин колунда өсүп калдым. Ал кезде кезүү деген болоор эле, ал кезүүдө малды түшкө маал короого айдап барып, саадырып алып, козусун бөлүп калтырып, кайра айдап кетээр элек. Ошол кезүү келип калыптыр. Бала эмесминби, «кой кайтарасың» – деп, кайтартып коюшту. Мен ошондо, 1943-жылы төртүнчү, бешинчи, класс окуп калган элем. Май айынын орто чени. Эгин, арпалар кыр жаап калган. Мыкандын суусунун жээгинде кой жайып жүрүп, түшкө маал койлор бир жерге жуушап жатып калды. Анан бир аз жата турайын деп жатып, уктап кетиптирмин. Түшүмдө туман каптап эле, капкайдагы бирдемелер кирип, ат менен тебелетип: «Сен үнүңдү катуу чыгар, жакшы ырдагын», – деп мен чабалактап эле жатам. Бир маалда сабаган эле бирөө бар. Ойгонуп көзүмдү ачсам, колхоздун бригадири келип калыптыр. «Ай акмак, тур! Эмне жатасың чаңдатып, малыңды эгинге жайып коюп?», – дейт. Карасам, кайтарып жүргөн койлорум колхоздун эгининде жайылып жүрөт. Баягы бригадир алыстан буруксуп жаткан чанды көрүп, чаап келсе, баягы жерде мен уктап жатам.

Ачуусу келген бригадир мени менен кошо койлорду эгинден айдап чыгып, койдун четинен бир куйруктуу кара козуну эңип алып: «Штраф, кечинде ээсине төлөп бергиле!», – деп алып, кетип калды. Ал Мамбет деген киши эле. Кечинде койлорду айдап барып, болгон окуяны энеме айтсам, энем ишенбейт. Кечинде бригадир өзү келип: «Ой Сайраке эже, бул балаңды сыйкыр камдап кетти, түлөө кылбайсыңбы! Асманга буруксуган чаңды көрүп, бул эмне болуп жатат деп, чаап барсам, балаң жатат. Тегерегиндеги жердин баарында аттын туягынын издери. Неси болсо да касиетке кабылды», – деди. Менин энем да жомок айткан, уламаны көп сүйлөгөн, сөз баккан киши эле. «Бир козуну өңөрүп кетипсиң, албасаң деле, жейт элең да», – деп сүйлөп калды. «Шарт ошондой болуп калды, эже, айылга уполномочен келип калыптыр. Ошого керектеп койдук, эже, кечирип коюңуз», – деди. Анан кечинде мага түлөө кылдык. Бир эркеч бар эле, ошону сойдук, үнүмдүн ичке болуп калганы ошондон болуп калды. Кочкор же козу сойгондо, башкача болмок.

Ошол бойдон жүрдүк, кез-кезде түн ичинде ырдап чыгам. Мектепте олтурганда, башыма эч нерсе кирбейт, мугалимдер келип алып, эчтеке билбей тургандыгымды айтып, урушат. Бирок, адабият, тарых сабактары менен Конституциядан Сталиндик мыйзамды безилдеп кыйын окуйм. Менин башыма кирбеген сабактар математика, химия, биология болду. Анан, бирок, делөөрүп эле, балдарга кошулбай, четтеп, бирөө менен урушкум келип, ырдагым келип жүрдүм. Ырдайын десем ырдай албайм, өзүнчө эле делөөрүйм.

Ошол жылы дагы кезүү келип, кой кайтарып жүрөм. Жаман кайырмагым менен суунун жээгинде балык кармап олтургам. Бирөө келип эле, санымды чапкылап жатат. Сол жагыма бурулуп карасам, өңү кыпкызыл, кымындай киши, мени карап эле жымыңдап күлүп: «Балык жебе, тилиң чыкпай калат», – дейт. Малакайы да кызыл, өтүгү да кыпкызыл экен. Мындай башымды буруп эле, кайра карасам, баягы киши жок. Аябай коркуп калдым. Эң негизгиси, мен азыр да, ушул күнгө чейин балык жебейм.

Анан ошол күнү кечинде, бир торпогубуз бар эле, бошонуп кетип, ал жок. Таап келейин деп, Мыкандын суусунун үстүндөгү көпүрөдөн өтүп, Чекилдек деген жер бар, ошол Чекилдектин сазында жайылып жүргөн көп малга барып, торпокту таппадым. Кыштын күнү эмне, бат эле күн батып, күүгүм болду. Ары токойдун жээгине барсам, бир чал кырчаңгыга эки таңгак отун артып атат. Чырпыктардан эки таңгак кыркып алыптыр. Эски тончон, башында тумагы бар, узун бойлуу, ноочасынан келген сакалдуу, үстүндө боз чепкени бар.

– Ой балам, бери кел! – деп чакырды. «Ии, кайдан келе жатасың? Кимдин баласысың?», – деди. Баягынын жанына бардым. Анда Касмамбет дегенди эл жакшы тааныбайт.

– Сайраке деген байбиченин, – дедим.

– Тиги Сыдыктын кызы турбайбы, тааныйм, тааныйм. Ал аябай сөзмөр, жакшы байбиче. Кандай, жакшы жүрөбү? – деп калды.

– Ооба, жакшы жүрөт.

– Анда кел, мобул отунду артыша гой, эмнеге келдиң эле? – деди.

– Тетиги торпок биздики, ошону издеп келдим эле.

– Ой, кой антпе, мени менен барып үйгө жатып ал, анан эртең менен жолго салып коем, айдап кетесиң, – деди.

– А энем капа болот го…

– Эчтеке болбойт. Эр жигиттин эри кайда жүрө берет, бир түндөн эчтеке болбойт.

Анан отунун артыштым, мындай, эки сыйра суудан өткөндөн кийин, жардын бооруна жанаша салынган бир бөлмө үйү бар экен. Эшигинин алдына отунду түшүрдүк, бир жакшы курч балтасы бар экен, беш-алты, эчкиси бар экен. Ал кезде улуулардын алдында ишти милдеттүү катары аткараар элек. Сакалдуу кишини көргөндө, ордубуздан тура калып, орун берип, керек болсо дамбал, көйнөгүнөн бери жууп берээр элек. 1942-43-жылдары тарбия ушунчалык өскөн экен, көрсө.

Баягы отунду заматта эле кыркып ийип, тыкыйта жыйып салдым. Жыйып ийсем, «Кел балам, айланайын, конок чакыртып келбейт. Сенин аркаң менен биз дагы сорпо ичип калалы» – деп, бир сары улакты кармап, союп атпайбы абышка. Анда дагы, малды кыйын сойчумун, бир жагын кармап, баш, шыйрагын күйгүзбөй куйкалап ийдим. Казанга асып салып, чайга олтурдук. Жокчулук кез да, калама менен чай ичип олтурабыз. «Абышкага алып койдум эле» – деп, «жаздык бомпозий» деп койчу элек, кемпири ошондон алып келди. Сөздөн сөз кызып отуруп, «Ой балам, эмне билесиң?», – деди. «Аксакал, мен талаага уктап калгандан кийин эмне болгонун билбейм, ырдагым эле келет. Же «Манас» айта албайм» – деп, баштан өткөндү төкпөй-чачпай айтып бердим. «Оо, анда сени да касиет кармаган экен. Кел, бала, мындай олтур, мен дагы жакында Бишкектен келдим. Шапак деген улуу манасчы менмин», – деди. «Кел, айланайын, билгендей эле сойгон турбаймынбы малды дагы» – деп, өзү «Манастан» баяндап айтып берип, «Эми сен айт!», – деди. Ошол жерден кандай айтып кеткенимди билбейм, бир кезде: «Токтот, токтот, эт бышты, айланайын», – деп токтотту. Эми ошондо казанга түшкөн улактын эти бир жарым саатта бышат да, азыр ойлосом кырк мүнөттөй айткан окшойм. Кайсы жеринен айтканымды билбейм, же «Манастан» айтканымды, же «Семетейден» айтканымды азыркыга чейин билбейм. Анан ошентип айтсам эле, «Батамды берейин, айланайын, келечегиң бар бала экенсиң», – деп батасын берди. Эртең менен турсам, байбичеси улактын бир жамбашын ороп берип: «Муну энеңдин башына салып кой», – деп бир шалы жоолугун берип жөнөттү. Көрсө, ошол киши кадимки Шапак Рысмендеев экен. Кийин элүүнчү жылы келсем, эки баласы бар, экөө тең аскерде экен. Өзү кемпири экөө беш эчкисине карап, отун-сууга жакын деп, токойдун ичине көчүп барган экен. Өзүнүн айылы – ошол турган жеринен бир чакырым ары жайгашкан Көкжар деген айыл.

Энем: «Кой болбостур, элибизге барбасак болбойт», – деп калды. Экөөбүз бир көк уюбуз бар эле, ошону жетелеп алып, Кочкордун Көк-Жарынан Көлдүн Корумдусуна чейин жөө бардык. Ал кезде Көтмалды деп койчу, азыркы Балыкчыга бир кондук, анан Чырпыктыга бир кондук, Корумдуга жете кондук. 1944-жыл ачарчылык, туугандардын бардыгы согушта, баары эле өп-чап жашайт. Жунушбай Турдакунов деген агабыз бар эле, ошол киши Көк-Дөбөдө башкарма болуп иштейт экен. Анысын энем угуптур, эгин-тегин сурап келели деп ага бардык. Барсак, артисттер келип атыптыр, башкарманыкына конот да. Саякбай, Карамолдо, Чалагыз, иши кылып залкарлар келип атыптыр, акыны да, арасында эки кызы да бар. Килейген, карагайдан тургузулган үй экен. Чоң кара кой союп, коноктоп атат. Сакең «Тайторуну чапканды» айтып жатат, маңдайында олтурган элем, анан угуп олтуруп, уктап калыптырмын. «Ой Сайраке, бул баланы алып коелу, элге тоскоол болуп атат», – деп мени алалы десе, Саякбай айтып жаткан «Манасын» токтотуп: «Ой тийбегиле, жакшы уктап жатат, тийгенге болбойт», – деп тыйып коет. Анан Сакеңдин айтканын угуп, мага тийишпептир. Ошентип, «Манас» айтып бүтүп, эт тартканга келгенде, Сакең устуканга жамбаш алган экен, ошондон бир үзүп ооз тийип, калганын мага берип жатпайбы. Анда жамбаш алыш деген өзүнчө сыймык болчу да. Ошентип, Саякбай атаны көрүп калдым. Кийин менин көлдүк экендигимди билди (элдин көпчүлүгү менин көлдүк экендигимди билбейт). Анан кийинчерээк эле 70, 75 жаш кездеринде Сакем Балыкчыда туруп калды. Уулу Сыргак менен бир станцияда чогуу иштеп калдык. Сакем экөөбүз кезигип калганда: «Ой Жунушбай, бери кел, (мени Жунушбай деп койчу, Жунушбай досу – менин чоң атам. – С.К.). Ой, баягы жамбашты түгөттүңбү?», – деп доолап калаар эле. Мен да тамашага салып, эркелеп: «Жамбаш бердиң беле? Аныңды эчак эле жеп түгөткөм. Болсо, дагы бербейсиңби!», – десем, «Ой койсоңчу, азыр менден эмне жамбаш чыгат?», – деп каткырып калаар эле.

«Эр Кошой», «Бала Манас баяны», «Балыкчы баяны» деген китептерди чыгардым. Дагы бир нерсени айта кетейин, мен жетинчи класс окуп жаткан кезим, «Манас» айтып, айлана-тегерекке атым аз-аздап угулуп калган. Анан борбордон, Илимдер академиясындагы «Манас» секторунан бир топ кишилер барыптыр. Аалы Токомбаев, Өмүркул Жакишев, Кубанычбек Маликовдор элди кыдырып, элде болгон чыгармаларды жыйнап жүрүшкөн экен. Алар эл ичинен мен жөнүндө угуп, биздикине келишет. Энеме кезигип: «Балаңыздын айткан «Манасын» жаздырыңыз» – деп, дептер, сыя карандаш таштап кетишиптир. Үйгө келсем эле, энем сүйүнүп: «Балам, сен эми «Манас» жаз» – деп, алдап-соолоп жатып жаздырды. Бала кыял менен жазып жатып, бир айдын ичинде баягы дептерди толтуруп салдым. Баягы топ Жумгалдан кайра кайтып келатып, үйгө келип жыйырма беш миң сом акча берип, кол жазмамды алып кетишти. Анан дарегимди тышына жазып коюп, архивге сакташат. Кийин Илимдер Академиясынын Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борборундагы Кол жазмалар фондусунан баягы бала кезги жазып берген «Манасымды» фондунун ал кездеги жетекчиси Кеңеш Кырбашев көрсөттү. Жарыкка чыгарып береби деп, борбордун жетекчисине кайра-кайра кире берип, тилим тешилгенинен, тим болдум.

Менин бала кездеги, баягы аян алган жерим Жумгалга кетип бараткан жолдун оң жагында эле. Азыр ал жер Көк-Жарлыктардын мүрзөсү болуп калыптыр. Анын ары жагы эле Мыкан дегендин суусу, өзү ичке эле, бирок өтө терең суу.

Мен манасчылык менен акындыкты бирдей алып кеттим. Акындык чоң мектептен өттүм. Убагында Ашыраалы Айталиев жана башка залкар инсандар менен бирге эл кыдырып жүрдүк. Элден өткөн чоң мектеп жок экен, элдин сөзүнө илинсең, анда эле жакшы. Эл мактабаса, эл айтпаса, анда эчтеке жок.

Чыгармачылыгымда Көлдүн орду өзгөчө. Айланайын, Көлдүн турган тулкусу эле ыйык мазар да. Көлдүн ыйыктыгын сөз менен жеткизе албайсың. Көлдүн кулуну болуп калганыма тообо кылам.

Leave a Reply