Исмаилов Улан: Кайыптын колдоосу же арбак дааруу

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде” (Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Исмаилов Улан, 1984-ж. төрөлгөн. Манасчы.

Адам баласынын башына ойго келбеген окуялар келип, же баскан жолунда күтүлбөгөн бурулуштар болот экен. Менин да башымдан ушундай окуя өттү. Мен 2001-жылы орто мектепти бүтүп, Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы университетке тапшырып, өтпөй калдым да айылга келип, өзүмдү алаксытуу үчүн жайлоодогу чоң атамдын малына каралашайын деп тоого бардым.

Барганыма жарым ай болуп калганда жакын туугандарыбыз каза болду деп кабар келди. Чоң атам, чоң энем экөө тең айылга кетти. Сентябрга бир жума калганыктан орто мектепте окуган инилерим да мектепке баруу үчүн камданабыз деп айылга кетишти. Тоодо жалгыз мен калдым. Эртеси күн батаарда койлорду короого жакындатып, саан уйларды айдап келип жаңы эле четинен саай баштадым. Бир кезде эле арт жагымдан дабыш чыккансыды, артыма кылчайып карагыча кимдир бирөө кежигемди кыса кармады. Кежигем ооруганынан карылуу адам экендигин сездим, бирок артыма бурулуп карай албадым.

«Токтот саанынды, иттин баласы! Тур өйдө, чык тетиги дөбөгө!» деп буюра өкүм сүйлөдү. Ошол кезде менде буйрукту аткаруудан башка аргам жок эле. Чуркаган бойдон көрсөткөн дөбөгө чыктым, бирок дагы эле жанагы адамды көрө албадым. Аңгыча арт жагымдан «Отур!» деп өкүм үн чыкканда, коркконумдан олтура калдым. Мен чыккан жер Эшперди деп аталган коктунун күн батыш тарабы эле. Эшпердинин ичин көрсөтүп: «Тетиги жерди кара, кайыптар келатат. Тушуңа келип токтогондо үнүңдү катуу чыгарып салам айт, берген суроолоруна токтолбой так жооп бер, тапшырма берсе моюн толгобой аткарам де. Сен тектүүнүн тукумусуң. Коркпо, корксоң ата-бабаңа шек кетет» – деди. Мен көрсөткөн тарапты карасам, өтө чоң куюн коктунун этегинен төмөн көздөй жүрүп келе жатыптыр, так тушума келгенде куюн бир орунга токтоп айлана берди. Аңгыча артымдагы киши: «Эй Алишер (азан чакырып койгон атым – Алишер эле, бирок бул ысымымды атам, энем, чоң атам,чоң энем, анан өзүм гана билер элем), тигил куюнду жакшылап кара. Азыр баатыр чыгат, жакшылап карап таанып ал» – деди. Ал кезге чейин менде өтө деле чоң коркунуч болгон эмес, качан гана куюн ичинен баатырдын атынын моюну чыга баштаганда, бүткөн боюм кылчылдап, корко баштадым. Чоң ак саргыл кула ат минген, өзү дагы, аты дагы чоң, сүрдүү жүзүнө караганда көзү жанып күйүп турган, асынган мылтыгы бар, оң колундагы найзасын көктү каратып көтөргөн, жалаң зоот кийген адам үзөңгүсун чирене тээп, атынын тизгинин тартып чыга келди. Минген аты бир орунга турбай жер чапчып, туйлап турду. Ошол маалда арт жагымдагы адам: «Салам айт!» – деди, мен өзүмдү кармап, бирок тике карабай, жер карап салам айттым, бирок алик болгон жок.

Артымдагы адам: «Угуп тур» – деп тааныштыра баштады:

Айың менен күнүңдүн

Бир өзүнөн бүткөн эр.

Асман менен жериндин

Тирөөсүнөн бүткөн эр.

Ак калпактуу кыргыздын

Тилөөсүнөн бүткөн эр.

Кабылан Манас атандын

Ааламга кеткен атагы.

Бейжинге жеткен чатагы.

Белгилеп балам билип ал

Белгилүүу Манас бабанды- деп токтолду.

Аңгыча куюн ичинен көк ат минген узун бойлуу, колдору шадылуу, ак сакалдуу, кызыл жүздүү, колунда камчыдан башка куралы жок адам чыга келди. «Балам, башканы коюп ушуну таанып ал» – деди артымдагы киши.

Баатыр Манас бабаңды

Сайып жүрүп тал кылган

Салып жүрүп там кылган

Жайып жүрүп тор кылган

Манасыңдын абасы,

Бай атанын баласы

Кабарында бар бекен

Касиеттүү кан Бакай – деп токтоду.

Так ушундай жол менен кадимки Алмамбет баатырды тааныштырды:

Сарала менен желген бул

Бейжинден качып келген бул

Сары тонун чечкен бул

Сары алтындан кечкен бул

Сайлуу мылтык жонуна арткан бул

Кыргыз деп түйшүк тарткан бул.

Азиз хандын жалгызы

Алтын тагын дат алган

Алмамбет деп аталган

Айта жүргүн ар качан,

Алмаңдын Бейжинге салган чатагын.

– деп, так ушундай жол менен көз алдымдан кырк беш адам өттү.Ар биринин өзүнчө сүрү, өзүнчө даңктала турган өзгөчөлүктөрү бар экен. Бардыгы чыгып болгондо жанагы баатыр деп алдыга чыккан адам: «Эй Алишер, биздин ушул жүрүшүбүзду айта журөсүң, айтканда жөндөп айт. Жеңил сөз менен айтпай, барктуу, даңктуу кылып айт. Айтпай койсоң өз убалың өзүңө. Таштабай айтып жүрсөң, эмнеге ыктасаң, ошондон алдыда болосуң. Узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жеткире айтсаң, башыңдан бак да, дөөлөт-сөөлөт да кетпей, алдыда болорсуң. Айтпасаң кусуру урсун сөзүмдүн» – деп туруп, «Айтасыңбы?!» – деди. Ошондо артымдагы адам: «Көтөр башыңды, айтам де, какмар!» – деди. «Айтам» – деп баш ийкедим. «Ой үнүңдү чыгар, какмар, баатыр укпай калат» – деди. «Эми баатырды жакшылап таанып ал» – деди. Карай калсам жанагы баатыр деген киши мени теше тиктеп турган экен, көзү күйүп туруптур. Коркуп кетип кайра жер карадым. «Ой какмар, жакшылап кара» – дейм деп, экинчи жолу караты. Дагы эле ошол калыбында турган экен. Баштагыдан эки эсе коркуп, кайра жер карадым. «Ой какмар, ондоп карап ал. Тааныбасаң кантип айтасың» – деп бакылдап, урушуп ээгимден өйдө көтөрүп, кайра каратты. Баштагыдан бешбетер мени жалындуу тиктеп турган экен. Ошол карашымда жарым мүнөттөй тике карадым, көпкө чыдабай башымды жерге салдым. Аңгыча: «Эй кара, биз күн чыгышка баратабыз, тетиги калың кол – Коңурбайдын колу» – деп күн чыгыш тарапты көрсөттү. Карасам, анчалык даана эмес калың кошуун турат. Деди да ошол тарапты көздөй жүрө беришти. Качан кырды аша берээрде токтоп: «Баланын оозу куру калбасын, оозуна бирдеме салып кой» – деди. Артымда турган адам колума сары майга көөлөнгон баланын муштумундай талкан сунду: «Ме, же алып!». Бир сугундум, түгөтө алган жокмун. «Баарын же, калтырба!» – деп колумдан жулуп алды да, оозумду ачып тыгып: «Жут!» – деди. Коркконумдан оп тартып жутуп ийдим. «Эй какмар, баатыр сага батасын берген жок. Бир жылдан кийин ушул маалда баатырдын күмбөзүнө барып «Манас» айтып, Айкөлдүн жана Айкөлдү айтып жүрүп өткөн манасчылардын сынынан өтөсүң. Сындан өтсөң бата аласың, өтпөй калсаң майып болуп кайтасың, камдан какмар, мен болсо Саякбай деген болом. Ошол сынакка сени таптайм, андан аркысын билбейм» – деди.

Эртең менен ойгонсом чоң шашке маал болуп калган экен. Кой короодон чыгып, жаңыдан жайыла баштаптыр. Уйлар байлоодо экен. Төшөккө жатпаптырмын, чоң атамдын тонун жамыныптырмын. Оозум кургап, суусап калыптырмын. Муздак суу ичтим, үч күн бою суудан башка эчтеке ичкеним жок. Купкуу болуп калыптырмын. Ошол күнү кечээги көргөн жерге барсам, кой короодон чоң жер такырайып, аттын издери калыптыр. Кечке жуук чоң атамдар келишти, атамдарга болгонду айттым. Чоң атам мойнуна жүзаарчысын салып, кыбыла тарапты карап өзүнчө сүйлөнүп, бата кылды. Кошуналарды чакырып кой союп, бата алдык. Эртеси ойгонсом, оң көзүм соо туруп эле көрбөй калды, күзгүдөн карасам, кызарып эт турат. Ар кимиси ар кандай жоромолдоп, өтүшүп кете электе доктурга алып барыш керек дешти, бирок чоң энем алып барбайм деп болбой койду. Ар күнү чоң энем күл чыгарган калакты отко кыпкызыл кылып ысытып, көзүмө жакын алып келип муздак суу бүркүп, учуктап турду. Он күндөн ашты дегенде көзүм көрдү, бирок оң көзүмдөгү сол көзүмө өтүп кетти. Бул дагы он күндөн аша барып айыкты.

Арадан бир жума өткөндө уйларды чогултайын деп Көк секи деген жерге барсам, эрте барып алган экенмин, уйлар карагайдын арасынан чыга элек экен, мен күтүп жатып уктап кетипмин. Түшүмдө бир узун бойлуу сары киши: «Ой балам, мени тааныйсыңбы?» – деди. «Жок ата, тааныбайт экенмин» – дедим. «Ой кантип тааныбайсың, мен кезегинде ичкилик менен аркалык, казак менен кыргыз тааныган Солтобай дегенди уктуң беле, ошол кишимин. Балам, менин сага тапшырмам бар. Менин ырларымды эл оозунан жыйып, элге алып чык. Башында келейин деп баатырдан өтө албай жүрбөдүмбү. Уктуңбу, аткарасыңбы?» – деди. «Ооба аткарам» – дейм. «Жолуң ачылсын, кем болбо. Эл чогулган жерде атың чыксын» – деп бата берип, «Тур балам, уйуң кетти» – деди. Чочуп ойгонуп эки жагымды карасам, эч ким жок.

Арадан болжол менен бир жума өткөндөн кийин Ак-Теректин ичине ашып кеткен жылкыны алып келе жатсам, алдымдан узун бойлуу кызыл жуздүү, сакалчан, өтө кары киши чыкты. Тааныбасам да салам айттым «Алеки салам, кимдин баласысың?» – деди алиги киши.

– Жумабектин.

– Жумабек кимдин баласы?

– Ийманбектин.

– Ийманбек кимдин баласы?

– Исмаилдин.

– Исмаил кимдин баласы?

– Масылбектин.

– Масылбек кимдин баласы?

– Чычынын.

– Токто каралдым, ошол Чычы мен болом. Айкөл арбаган экен, кут кылсын. Ар дайым ишиң оңолсун, тукумуң өссүн, кем болбо кагылайын. Ээ балам, менин да сага берер тапшырмам бар эле, бирок түйшүгүң арбын экен, жолтоо болбоюн. өзүм кыл табып элем, ошону ала жүр, илимге умтул. Жолуң ачылсын. Туу аштап, эл баштап жүр, оомийн» – деп бата кылды. Ошондон кийин билбейм, ойгонсом үйдө экенмин, чоң энем сүт тартып жатыптыр. Кээ бир түндөрү жонуп «Манас» айтып жүрдүм, ээн жерге барып айтып жүрдум. Түшүмдө Саякбай ата «Эмне жатасың?» – деп «Манас» айттырып жүрдү, эмне айтканымды билбейм, ойгонсом үйдөгүлөр түндө «Манас» айттың деп калышат. Чоң атам: «Эгер түнүчүндө уктап жатып «Манас» айтса, чочутпагыла» – деп айткан экен, айтсам эч ким токтотчу эмес экен.

Ошентип жыл маалы болду. Түшүмдө Саякбай ата: «Ии, баатырдын алдына барасың, отуз күндөн кийин камылгаң кандай?» – деди. «Көпкө эле айтып калдым» – дедим. «Ээ балам, отуз күндүк чамаң барбы?» – деди. Ошол кезде эң көп айткан кезим эки күн болчу. «Жок, эки күндук кылып айтам» – дедим. «Эй какмар, мени шылдың кылба. Жыл бою жетелесем эки кун чуркайм дейсиң. Баатырдын алдында жок дегенде жети күн айтышың керек» – деди. Бүгүнтөн баштап эки күндө бир айткының» – деди, ошондой кылдым. Таласка чыгаарга бир жума калганда «Токтот айтканынды, күч топто. Эсиңде болсун, болгон күчүңдү жумша, сындан өтпөсөң жарым жан болоруңду унутпа!» – деди. Менин ичкеним ирим, жегеним желим болду, «кандай болом, сындан өтөмбү» деген ой уктасам түштөн кетпейт, ойгонсом ойдон кетпейт.

Жыйырма бешинчи августта таңкы саат төрт нөл-нөлдө биз чоң атам, чоң энем баштап, он киши элүү миң сом, жети кой, идиш-аяк, жууркан-төшөк алып жолго чыктык. Ошол эле күнү кечки саат он бирде күмбөзгө жеттик. Кечинде кароолчу менен күмбөзгө барып куран окудук, ошол маалда артымдан кимдир бирөө: «Бүгүн эс ал, эртең эртең менен, түштө, кечинде куран окуп, арбакка таазим кыл, бүрсүгүнү 27-күнү эртең менен күн чыккандан баштап күн батканга чейин күн менен жарышып айтасың» – деди. Артымды карасам эч ким жок экен, болгон сырды атамдарга айттым, алар да мен айткандай кылышты. 27-күнү таңкы төрттө турдук, боорсок бышырып жыт чыгардык, күмбөздүн алдына барып куран окудук, малга бата кылып, «Манас» айтчу жерди камдадык. Күн чыга мен «Манас» айта баштадым, бир маалда эки жагымды карасам, өтө чоң, алп кишилер мени курчап алып: «Катуу айт, жакшы айт» – деп демитип турушту. Мен ансайын күчөп айта бердим, үч күн жакшы айттым, төртүнчү күнү түш оой чарчай баштаган экенмин, колуна найза кармаган узун киши качырып келип: «Боорунду жарам, күчтөп айт!» – деди. Мен коркконумдан күчтөп айта бердим, ошентип жети күн айттым, кечинде токтоп бүтсөм, атам, энем, деги эле бирге баргандар көрүнбөйт, жалаң эле алп адамдар тегеректеп алышыптыр. Ошондо баатыр мандайыма туруп: «Жарадын ишке, батага эми татыктуусуң – деп алакан жайып, – Тилиңде кут болсун, көзүңдө нур болсун, жүрөгүңдө от болсун, билегиңде күч болсун. Башың жер карабасын, ушул күндөн элге атың чыксын, атынды дат албасын, айтышкан тең келбесин, эки тизгин бир чылбыр колуңда болсун, олжоң жолуңда болсун. Айланып ааламга чык, оомийин!» – деди. Ошону уккандан кийин өзүмдү таштап ийдимби билбейм, ойгонсом күн чыгып калыптыр, биздикилер жана таластык бир топ кишилер чай ичип отурушкан экен.

Ошентип мен ойдо жок жерден «Манас» айтып калдым. Аянды же улуу сырды 17 жашымда алдым. Азыр «Манас» айтып жүрөм, Солтобай жана Чычы чоң аталардын тапшырмаларын аткара аламбы, билбейм.

Leave a Reply