Асанов Тилек: Манасчылыктын өзүнүн дүйнөсү, сыры, ааламы болот экен

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Асанов Тилек, 1982-жылы Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылында төрөлгөн, Ысык-Көл аймагы. Манасчы.

Мен Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы Сары-Камыш айылында, 1982-жылы 1-февралда колхозчунун үй-бүлөсүндө туулгам. Чоң атам Сооронбай бүркүт таптаган мүнүшкөр, күлүк чапкан саяпкер, табыпкер, уста, ооз комуз, комуз черткен, ырчы, жамакчы киши болгон экен. Көп учурда Кыдыр аке ал кишини жанында чогуу ала жүрчү экен. Өз атам Асан болсо, ырчы, жамакчы, табыпкер, уста, санжыраны жакшы билген киши, кээде азыр үйдөн «Манастан» жамактап, балдарга үзүндү айтып берет:

Самоору кымбат, чай арзан,

Самарканд сендей калаа жок.

Казатка бекем аттанса,

Кан Сыргак сендей бала жок…

Мен «Манасты» он эки жашымдан баштап, түш көрүп, арбак дааруу жолу менен айтып калдым. Түшүмдө ээн талаадан Манас ата кырк чоросу менен келип курчап, ортого алып, бийик, жоон үн: «Манас айт!», – деди. Мен: «Көп билбейм, аз эле билем» – десем, тегеректегендердин арасынан бирөө: «Билесиң, айткын. Азын айтсаң, көбүн билип айтып кетесиң»!», – деп өкүм кылганда, коркуп кетип: «Айтайын», – деп макул болдум. Ошондо дагы бирөө: «Кана, өзүң айтып көргөзүп койчу бул балага!» – дегенде, Саякбай чыгып: «Момундай айтып жүр!» – деп, өзү «Манастан» бир аз айтып, «Кана эми, ушуну сен андан ары улап айтып көрчү!», – деди. Ошондо мен отура калып, Саякбайдыкын айтып атып, андан аркысын кандай улап кеткенимди өзүм да билбей калдым. Ошондон баштап «Манас» менен «Семетейдин» ар кайсы жеринен айтаарда, ошол окуялар көз алдыга элестеп, сөз өзүнөн өзү оозго келип, арбытып айтып калдым. Негизинен «Манастын» «Алмамбеттин жомогу», «Алмамбет, Чубак, Сыргактын Тал-Чокудагы окуясы», «Алмамбет менен Чубактын чатагы», «Каныкейдин Тайторуну чапканы», «Алмамбеттин Карагулга жолукканы» сыяктуу окуяларын айтам. Кийин «Сейтекти» дагы толук айта баштап, райондук, областтык, республикалык кароо-сынактарга катышып, баш байгелерге ээ болуп жүрдүм. Ошол конкурс, фестивалдардын лауреаты, стипендиаты болуп, белгилүү манасчылар Шаабай Азизов, Кааба Атабеков, Уркаш Мамбеталиевдерге жолугуп, алардан манасчылыктын үлгүсүн, батасын алдым. Өзүмдүн устатым катары негизинен Шаабай Азизовду эсептейм. Шаабай атамдын мага тийгизген таасири зор болду. Ал эми манасчылыкка чейин мен ырга шыктуу болуп, баатырдык дастандарга кызыкчумун.

Кийин дүйнөлүк алкактагы кароо-сынактарга катышып, Англиянын борбору Лондонго «Манас» айтып барып келдим, азыркы учурда да райондук, областтык, республикалык кароо-сынактарга катышып турам.

«Манасты» жаңы айтып баштаган күндөрүмдө, 15 жаш курагымда алгач ирет мазар бастым. Өзүбүздүн эле айылда Камандуу-Көл деген бар. Ага бардым. Дагы бир мазар түшүмө кирди, ал мазардын жанында ак тайлак бар экендигин көрүп жаттым, бул мазар Кереге-Таш айылындагы Ак-Бака деген мазар эле, бирок ага мына барам, ана барам деп жатып эле, чыгынып бара албай калдым. Эки ирет түшүмө Кыдыр ата кирди. Мына жакында эле Манас ата өзү атына учкаштырып алып, мени Каркырага алып барды. (Бул түшүмдү кечирээк баяндап берем). Андан соң эле Каркырада «Манаска таазим» деген иш-чара болот деп, ошол жакка чакырып калышты. Баягы түшүмдөгү аяндын ишке ашышы го деп бардым, бирок Каркырага бизди өткөрүшкөн жок, бери, Башарын жактан эле бир үйдөн кан чыгарып, зыяратыбызды жасап, кайра кайта бердик.

Шаабай атам Үч-Кайнарда, Ак-Суунун башында Каныкейдин булагы деген дагы бир мазар бар экендигин айтчу. Ошого бир чогуу барып келели деп жүрдү, ага да чыгынып бара алган жокмун, аңгыча Шаабай атамдын көзү өтүп кетти.

Шаабай манасчы менен мен он чакты жыл жүрдүм. Манастын жолун, сырын түшүндүм. Мурда манасчы дегенди өтө эле жупуну, тар түшүнчү экенмин. Көрсө, анын өзүнүн дүйнөсү, сыры, ааламы болот экен, Шаабай атам акырындап отуруп ошонун баарын менин көкүрөгүмө жеткирип берип кетти. Манасчы кандай болушу керектигин түшүндүрдү, далай сабак алдым. Ал киши Чоюке деген чоң манасчынын небереси болгон да. Ал эми Саякбай ата Чоюкенин батасын алган. Анан Саякбай ата Шаабай атаныкына абдан көп келчү экендигин айтчу. Шаабай атам дегеле менин манасчыларга, манасчылыкка болгон көзүмдү ачты. Айрым манасчылардын качан туулганы, ким экендиги анчейин бүдөмүк болгон учурлар бар эмеспи, ошонун баарын тактап, аныктап туруп мага айтып берчү.

Жаңы «Манас» айтып жүргөн кезимде, психикалык жактан бир аз оорудум. Элирип, эс-мас болуп, башым бир кызыктай болуп жүргөн. «Манасты» улам күчөп айтып баштаган сайын, аным бара-бара жоголду. Ал убакта «Манастын» тексти менен сейрек тааныш болчумун. Өзүм бала экендигиме карабай, «Манасты» укканды аябай жакшы көрчүмүн. Саякбайдын айткандарын радиодон укканымда, дене-боюм дүркүрөп, буулугуп, көзүмө жаш айланып, бир башкача абалда жүрчүмүн. Дегеле «Манасты» жөн жай уга албайт элем. Мага азыр деле баары бир. Элдин алдында айтсам, анда деле айта берем. Болбосо басып-жүрүп, көбүнчө атайын талаага барып, ээн жерден буркан-шаркан түшүп айтып алып, эс ала түшөм. Ат үстүндө күңгүрөп баратып, бир айылдан экинчи айылга кантип жеткенимди да байкабай калам. Ак-Сууну бир керемет жерби дейм. Өзүмдүн айылымда жүргөнүмдө оозума сап артынан сап келип, көкүрөгүм кайнай берет.

Өзүмдүн атам дагы манасчы, ырчы, жамакчы экендигин жогоруда айттым. Андан тышкары санжырачы, сыныкчы дагы. Кызыгып жүрүп, азыр мен дагы сыныкчылыкты үйрөнүп алдым. Түшүмдө бир ирет Токтогул Сатылганов келип, комуз берип кеткен. Алгач комуз да кармаганым менен, манасчылык менен комузчулукту чаташтыргым келген жок. Манасчылык өзгөчө мамилени талап кылат. Сүрөт тартам, тарткандарымдын бардыгы Айкөлдүн элесине арналган. Алгачкы «Манаска» кызыгуум деле бардык кичине бөбөктөрдөй эле, ошол баатырдык элеске тартылуудан улам башталса керек дейм.

Деги «Манас» дүйнөсү сөз менен айтып бере алгыс, түшүндүрүп бере алгыс дүйнөбү дейм. Бир жолу кечинде чаттан келе жаткам. Ал жер токойлуу, чоң агын суусу бар чоң кокту болчу. Сууну кечирип, атымды сугарып туруп калдым. Күүгүм талаш болуп, күн жаңыдан батып калган. Бир убакта алыстан бир атчандын чаап келаткан дүбүртү угулду, бул ким болду экен деп кулак түрүп тыңшап калдым. Ал аттын дүбүртү жаныма жакындап келип, өтүп кетти, анда ага деле маани берген жокмун. Бул өйдө-ылдый өткөн малчылар болсо керек деп ойлоп койдум, андан соң бир убакта бат эле кыбыла жактан бир топ көп атчандардын катуу чаап келе жатышкан дүбүртү кулагыма катуу угулду. Суу ичип аткан минип турган атым шак башын көтөрүп, бир нерсени сезип тургандай болуп, кулактарын тикчийтип, кошкуруп, үркчүдөй болуп, эки кулагын ошояк жакка түрүп, туруп калды. Ошондо тыңшасам, ал аттардын дүбүртү уламдан-улам мага жакындаган сайын жер дүңгүрөгөндөй болуп, жүрөгүм оозума тыгылды. «Булар кимдер болду экен, өйдө чыгып көрөйүнчү, өмүрүмдө аттардын мындай жер дүңгүрөткөн дүбүртүн уккан эмес элем», – деген ой келди. Кокус кутурган бөлөк айылдын балдары болуп, бир балакет болуп жүрбөсүн деп, коктудан атым менен аткан октой чыга калып карасам, эбегейсиз зор ат минген, жоо-жаракчан, темир, зоот, баштарына туулга кийинген, калкан, найза, айбалта, мылтык, чокмор асынган, кээ бирөөлөрү колдоруна туу, байрак кармаган чоң-чоң кишилер экен. Мага жакындап чаап келе жатышып, оң жакты карай баары бурулуп кетишти, ошондо бурулган жагын карай катуу шамал болуп, көрүнбөй калышты. Кулагым чуулдап, эчтеке угулбай калды. Жүрөгүм лакылдап, бүткөн боюм бат эле муздай түштү. Эсим чыгып, коркконумдан айылды карай бет алып, үйгө барып ата-энеме болгонун болгондой айттым. Энем апаптап, өз ырымын кылды. Эртеси коңшу айылга Жапар аттуу тегирменчиникине барып калсам, ал киши «Манас» айтып берүүмдү сурап калды. Үйүндө отуруп бакылдатып «Манас» айтып кирдим, бирок байкасам, мурункуга караганда, баягы көрүнүштөн улам го, кыйла бир топ арбытып, жакшы айтып калыптырмын, аны ошондон кийин байкадым. Андан кийин ушул убакка чейин анда-санда Манас, Бакай, Каныкей, Кошой, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Кутубий, Семетей, Канчоро, Күлчоролорду түшүмдө көрдүм. Негизи түшүмө Саякбай көбүрөөк кирет, өзгөчө маанилүү учурларда кирип, бир жолкусунда батасын бергени бар.

Дагы бир ирет түшүмдө Семетей менен Канчоро, Күлчоро үчөө келди, ошондо булардын ким экенин айырмалай албадым, арт жагымдан үн чыкты, сөзү угулуп, өзү көрүнбөйт. Эркек кишинин үнү экен: «Ой, жакшылап көрүп таанып ал астыңдагы кишини. Бул Семетей!», – дейт. Семетей кызыл чийкил, алп денелүү киши экен, минген аты буурул, ал эми аркасындагы эки жигиттин бирөөсүн Канчоро дейт, ал дагы кара торураак келген, жоон киши экен. Анын минген аты – Көгала. Анан жанындагы Күлчорону көрсөттү. Ал баатырлыгы көрүнгөн, оттой жайнаган жигит экен, минген сур атын ары-бери ойнотуп турду. «Эми ушуларды көрбөсөң, Семетейди кантип айтат элең, ушул көргөнүңдүн баарын эми толук айтып жүр элге, айт элге, жеткире айт», – деди.

Ошентип айтып жүрүп, ортодон эки жылдай көп айтпай калдым, бир күнү өзүмдүн устатым Шаабай түшүмө эки жолу кирип, коркутуп, урушуп кетти. Андан кийин Саякбай, Бакай түшүмө кирип, көпкө карап туруп: «Кел, «Манас» айт, элге айт», – деп көп элдин алдында айттырды, анда баш тартпай айттым. Ошондон кийин «Манасыма» кайра кайрылдым.

Бир айдан кийин түшүмө Манас кирип, короонун тышынан дүпүлдөтүп бастырып атчан келди, тышка чыгып карасам, эбегейсиз зор ат минген Манас өзү экен. Баатырдын Ала-Тоодой заңкайып, арстандай жайнаган сүрүн көргөндө, артка кадам шилтеп кача албай, сүйлөй албай туруп калсам, жоон үнү менен: «Каркыраны көрдүң беле?», – деп сурады. Көрбөгөндүгүмдү айтсам, «Жүрү, мен сага көргөзүп келейин, барасыңбы? Келе колуңду», – деп ат үстүнөн кол сунду. Атына учкашайын деп колумду сунганда, шап билектен алып, кандай учкаштырып койгону да көзгө илээшпей калды.

Аттын башын шак буруп күн чыгышты, Кызыл-Кыяны көздөй бет алдык. Аттын жүрүшү шамалдай тез, ылдам экен. Көздү ачып-жумгуча бат эле Каркырага кирип бардык, ошондо аттын оозун тартып, «Мобу жер Каркыранын оозу, тээтиги боз туман чалып турган жер Каркыранын күн чыгыш жагы. Мына, тегерегин жакшылап көрүп ал. Каркыра ушул жер. Эми түш аттан!», – деп дөңгө түшүрүп коюп, өзү ошол дөңдүн кыбыла жагына барып, аттын оозун туура тартып карап туруп: «Кана эми «Манас» айт!», – деди. Ошондо баатырдын сүрүнөн коркуп туруп, сөзүн эки кыла алган жокмун. Шак отура калып, «Манас» айтып кирдим. Баатыр өзү карап турганда күпүлдөтүп, буркан-шаркан түшүп, токтоно албай, сөздөр өзүнөн-өзү эле оозума келип, ошол айтып жаткан окуяга чогуу аралашып жүргөндөй болдум. Ошол убакта күн кызарып батайын деп, күүгүм талаш болуп калган экен. Ошондон кийин «Манасты» таштабай айтып калдым.

Leave a Reply