Алмабеков Кубан: Жер-сууңду канчалык сыйласаң – убайын ошончолук көрөсүң

This post is also available in: Англисче

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Алмабеков Кубан, 1955-жылы Ысык-Көл областынын Григорьевка айылында төрөлгөн. Семетейчи, адистиги боюнча врач-хирург.

Чоң атам Тойчубеков Алмабек (1888-1962) чоң семетейчи болгон экен. Бирок эл ичинде семетейчи деп аталып калганы менен, ал киши «Манас», «Сейтек» бөлүктөрүн дагы айтчу. Ал 1930-жылдардын башында Саякбай, Осмонкул, Ыбрайлар менен бирге филармонияда «манасчы-солист» болуп иштеген. Кийин 1940-жылдары айылга кайтып келген. Мен 8 жашка чейин чоң атамдын колунда жүрдүм. Чоң атам кыйын манасчы эле эмес, мыкты жөө жомокчу да болчу. Мага абдан көп жөө жомоктордон айтып берээр эле. Андан сырткары «Эр Төштүк», «Курманбек», «Эр Табылды» дастандарын да жакшы айтчу. Эки жакка чыкканда, чоң атам мени ар дайым ээрчитип алчу.

Мен өзүм 7-8 жашымда алгач аян алдым, түш же өңбү, айрый албайсың, кадимкидей Манас ата, Бакай ата келди. 40 чорону көрсөтүп, аттарын айтып: «Таанып ал да, айтып жүр!», – дешти.

Ал эми өзүмдүн атам Касымаалы (1927-1973) да 7 жашында аян алып, «Манас» айта баштаган. 1946-48-жылдары айылдын Маданият үйүндө иштеп, «Манас» айтып, андан соң айылда зоотехник болуп иштеди. Бирок ошол айыл ичинде иштеп жүргөн кызматына карабастан, «Манасын» оозунан түшүрбөй айтып жүрдү. Атам да чоң атам сыяктуу эле «Манастын» бардык бөлүктөрүн, «Эр Төштүк», «Курманбек», «Эр Табылды» дастандарын айтаар эле. Өтө шайыр, ачык, шар жүргөн киши болчу. Кийин көз тийип, 46 жашында каза болду. Атам чоң атамдын айтуусундагы «Манас», «Семетей», «Сейтекти» өз колу менен жазып, Кыргыз илимдер академиясынын кол жазмалар фондусуна барып өткөргөн. Азыркы күндө да ал кол жазмалар ошол жерде сакталуу турат. 1959-1960-жылдары бириктирилип басылып чыккан академиялык «Семетей», «Сейтек» китептерине да чоң атамдын айтуусундагы «Семетей», «Сейтектин» айрым бир эпизоддору кирген.

1962-жылы чоң атам каза болгондон кийин мен өз атамдын колуна өтүп, атам аш-тойлорго барса кошо ээрчип, айткандарын көп угуп жүрдүм. 1966-жылы атам Илимдер Академиясына барып кол жазмамды өткөзөм дегенде, мени кошо Фрунзеге ала барган. Фрунзеде Саякбай атамдын үйүнө бардык. Ал киши ооруп жатыптыр. Ага карабастан Саякбай атам мени башымдан сылап, батасын берди. Мен ошондо улуу манасчыны биринчи ирет көрдүм. Менин чоң энем Арык мырза уруусунун сарыкалпак уругунан. Ал эми Саякбай атам да ошол эле уруу, уруктан болгондуктан, менин чоң атамды жезде дечү экен.

Кийин, 20-21 жашымда түшүмө Саякбай атам көп кирип, мени ээрчитип жүрдү. Мына ошондон кийин мен элге чыгып, такшалып, жакшы айтып калчу болдум.

Менин бабам – Тойчубек да чоң семетейчи экен. Ал 25 жашында кара тумоодон каза болуптур. Тойчубектин улуу баласы Дыйканбай (1870-1923) чыгыш тарабы Текеске чейин, батыш тарабы Анжыян, Олуя-Атага чейин бүткүл кыргыз элине атагы чыккан семетейчи экен. Балыкооз менен бирге эл кыдырып, Анжыянга чейин барып жар чакырып, «Манас» айтып келген. Байтик баатыр менен Шабдандын алдында жар чакырып, «Манас» айткан экен. Дыйканбай 9 жашында аян алып, «Манас» айтып калган деп, атам айтчу. Атамдын кичүү иниси Ашым Алмабеков (1938) азыр Ой-Булак айылында жашайт. Ал дагы «Манастын» үч бөлүгүн тең айылдын аш-тойлорунда айтып жүрөт. Ал киши өтө жоош, момун. Ошондуктанбы, эки жакка чыгып, эл ичинде көп таанылган эмес. Манасчылык – атадан балага өтө турган өнөрлөрдүн бири.

Ал эми мен болсо, бала кезимде чуркап жүрүп эле айта берчү экемин. Чоң атам атына өңөрүп алып, жанында алып жүрчү. Жолдо баратып, мага бир шумдук жөө жомоктордон айтып берээр эле. Чоң атамсыз өзүбүздүн айылыбызда да, тегеректеги айылдарда да той өтчү эмес.Кыязы, эл чоң атамдын «Манасын» угалы деп чакырышса керек. Күндүзү тойго келип, түн бир оокумунда кайтчубуз.

1962-жылдары болуш керек. Айыл четинде чоң суудан өтүп баратып, өзүмдөн-өзүм эле Манас менен Коңурбайдын салгылашып жатканын айтып кирдим. Анан эсим ооп жыгылып калыптырмын. Канча убакыт айтканымды да билбейм, канча убакыт жатканымды да билбейм. Айтор, жатып калган жеримден чоң атам таап алыптыр. «Баланы даарып калган тура», – деп үйгө алып келиптир. Чоң энемдин табыпчылык жагы бар эле, экөөлөп мени ырымдашыптыр.

Сегиз жашымда чоң атамдын каза болгонуна бир ай болуп калган. Чоң атам түшүмө кирип, эч үн-сөзсүз эле мени колумдан кармап, ээрчитип, Бакай атага алып келди: «Таанып ал! Бул Семетей! Бул Манас! Айтып жүр!», – деп Бакай ата буйрук берди. Эртеси айткым келип калыптыр.

Учурунда мен Шаабай Азизовдон (1927-2004) да үлгү алдым. Экөөбүздүн тууганчылык да жайыбыз бар. Ал киши менин аталаш кайнагам эле. Бирок ал кишиге мен ар дайым ызаат кылып, «ата» деп кайрылчумун. Бир күнү Шаабай атам мени карап туруп: «Кубан, оозуңа шайтан түкүрүп кеткен экен, сүйлөй келгенде, абайлап сүйлөп жүр», – деп чын-тамашага салып, айтып калды. Шаабай атамдын минтип айткан сөзүнүн төркүнү мындай эле: «Бирөөнү өтө жакшы же өтө жаман көрбөй жүр, жаман көргөнүңдү оозанып жаман сөз менен айтпай жүр, жакшы көргөнүңдү оозанып жакшы сөз менен айтпай жүр. Сөз жандуу. Көз менен сөз октой тиет».

Мен Советтер Союзунун орус мектебинен окуп, кийин медициналык институтта да орусча окудум. Институтту бүткөндөн кийин, кесибим менен алектенип, бир катар райондук ооруканалардын башкы дарыгери болуп иштеп келдим. Ошол себептенби, өзүмдүн аталарымдай эл кыдырып, манасчылык өнөрдү көп аркалай албай калдым. Бирок, айыл, район, областтын алкагында «Манас» айтып жүрөм. Кызматыма байланыштуу эки жакка чыгалбай да калдым. Бирок, кудайга шүгүр, Манас атабыздын баянынын бардык бөлүктөрүн тең айтам. Ата-бабамдан келе жаткан мындай ыйык касиетти эч таштабайм. Тообо деймин, биздин Ысык-Көл кылаасынан чыгып жаткан азыркы күндөгү жаш манасчыларды угуп-көрүп ыраазы болуп, кудайга шүгүр дейм. Мына, Талантаалы Бакчиевди бала кезинен бери жакшы билем, учурунда кошуна да болуп бир айылда туруп калдык, мен Ак-Суу районундагы Каракол айылында башкы дарыгер болуп иштеп жатканда, колумдан бир нече жыл бою дарыланып да калды. Акыры «Сенин илдетиңдин жөнү түшүнүктүү экен», – деп ооруканадан чыгарып жибергенге мажбур болгом. Анын бөйрөк оорусу дененин ал мүчөсүнүн илдети эмес, чындай келгенде манасчылыктын алгачкы белгилеринин бири экендигин, ата-бабасынан бери аталган улуу өнөрдү аркалап келаткан мен байкабай кое албайт элем. Жакшы келе жатат. Анан Улан Исмаилов деген да жаш манасчы жакшы чыгып келе жатат. Дагы да чыгат. Муну эч ким токтото албайт. Бул кудай-арбактын бергени. Кудай-арбак бергенди адам тартып ала албайт. Кудай ошолордун ишин оңунан кылсын! Батамды берем! Азыркы манасчылар заманга жараша, өнөрүнө жакын кесип тандап алышы оң болор эле. Мисалы, адабият же тил тармагын. Себеби, кесип да манасчылык өнөр үчүн билинбегени менен өтө маанилүү экен. Мен муну өз турмуш тажрыйбамдан улам айтып жатам.

Ысык-Көл демекчи, көлдүн өзүнүн бир зор касиети бар. Мен бул тууралу көп ойлоном. Анын касиети суусундабы дейм. Канчалаган булактын суусу көлгө барып куят, бирок эч бири кайра агып чыкпайт. Бул булактардын башында канчалаган мазарлар бар. Мына ошондуктан Ысык-Көлдүн суусу ыйык, касиеттүү окшойт. Ошол себептен болсо керек, залкар манасчылардын көпчүлүгү Ысык-Көлдүн жээгинен чыккан.

Азыркы күндө жаштардын арасынан көптөгөн манасчылар чыгып жатат. Бул өтө жакшы жышаана. Бирок, кудай-арбак даарып, эл кыдырып айткан манасчы гана чыныгы манасчы деп саналат.

Манас сыяктуу эл-жерин сүйгөн патриот адам кыргызда болбосо керек. Мына ошол Манастай патриот болбосоң, «Манас» айта албайсың. Баскан жериңди, ичкен сууңду сыйлабасаң болбойт. Кыргыздын жерин, суусун жакшы тааный билиш керек. Себеби, суу да, жер да жандуу. Жер-сууңду канчалык сыйласаң, канчалык кадырласаң жер-суунун убайын, сыйын ошончолук көрөсүң.

Мен үй-бүлөм менен Манжылы-Ата мазарына мезгил-мезгили менен барып, зыярат кылып турам. Бул ыйык жер «Манаста» да айтылат. Алмабек чоң атам Мойт акенин кандайча ошол жерди байыр алып, кандайча ошол жерге сөөгү коюлуп калганын көп айтчу. Себеби Мойт аке өзү – Белек уруусундагы Алдаярдын уулу. Мен болсо ошол Алдаяр уругунанмын. Бул жагынан алганда, Мойт аке менин түпкү аталарым болуп калат. Мен ал жерге барган сайын, 40 булакты кыдырып, Мойт акенин жаткан жерине зыярат кылып өтөм. Чет жактан кыздарым келгенде да барабыз. Аида деген бир кызым Японияда, улуу кызым Айзада Кореяда окушат. Аида бала кезинде: «Манас» айткым келет», – деп бир нече жолу мага кайрылып жүрдү. Мен өзүм жооп кайтара албай, жубайым аркылуу айтпашын талап кылдым. Анткени кыз баланын «Манас» айтышын туура көргөнүм менен улуу арбактын чоң жүгүн кийин көтөрө албайбы деп чоочуладым.

Өзүм жөнүндө дагы эмне айта алам? Тун балалуу болгон күнү (20-июнь) диплом да алгам. Ошол күнү курсташтарымды үйүмө чогултуп, аялым ооруканада, үйүбүз бир кепе там, анан бир маалда «Манас» айта баштаптырмын. Өзүм да билбейм. Аны кийин курсташтарым айтты.

Жазды жакшы көрөм, илхам келет, ыр жазгың келет. Жаратылыш мени өзүнө тартат, тоого, ачык жерге тартылам. Май айын өзгөчө жакшы көрөм, ушул айда түбөлүк жарым менен таанышкам. Эми үч баланын ата-энеси болдук. Жогоруда айткан эки кызымдан кийинки уулумдун, көкүрөк күчүгүбүздүн аты – Самат. Тойчубек, Дыйканбай, Алмабек, Касымаалы, Ашым атамдар аркалаган улуу өнөр кайсы мезгил ирмеми болбосун, биздин үй-бүлөнү коштоп жүрөөрүнө ишенем.

Leave a Reply