Атымбү, 54 жашта, 4 балалуу, Аманбаево айылы

This post is also available in: Орусча

Төмөндөкү маалыматтар Талас аймагындагы 2007-ж. Айгине аркылуу өткөрүлгөн изилдөөнүн ичинде алынган:

Ар кимдин пири ар кандай. Мисалы,  биздин өзүбүздүн бир туугандардын коргоочусу «аксакалыбыз» бар. Менин өзүмдүкү аян бергенде  дайыма “алп кара куш” көрүнөт.  Үйгө бөтөн кишилер келгенде: «көрдүк, анан минттик» деп калышат. Бир жолу  мен үйдө жок кезде  кудагыйыбыз келиптир (Иван Алексеевкадан), ал киши да бүбүчүлүк менен алектенет окшойт, ошол кудагыйыбызга биздин алп кара кушубуз көрүнгөн экен.

Алар жөн адамга көрүнбөйт, кээ бир адамга эле көрүнбөсө. Биздин үйдөн балдар айтпайт, бир эле кичинекей намаз окуган балам айтат: «Апа, сиздин кишилериңиз келип калыптыр, бүгүн жети оймо салып, куран окутуп коюңуз» деп.

Эгерде колдоочусу бар адам көз жуумп кетсе, ал  жакшы көргөн адамдарына оойт.

Эгерде  адам туура эмес иш жасаса,  колдоочусу кандайдыр бир сыр көрсөтөт.

Мисалы, мен башымдан өткөнүн айтайын. Бир жолу жанагы куураган ичкиликтен эчтеке болбойт деп бир стакан алып кой  дешкенден, ичип койдум эле. Ошол  ичкен түнү уктай албай, кыкынтып, басып, айтор,  ушундай сырларды көрсөттү. Анан, эртең менен туруп баняга түшүп, “айланайын, кудай, кечир эми” деп кечирим сурап, жалынып жалбардым.

Дагы бир нерсе, өзүңдүн койнуңда жаткан эриңди да айтасың «пирим» деп. Пириңдин руксаты жок сен эч жакка бара албайсың. Барган күндө да, ал жолуң ачылбайт да, шартың болбойт. Эриң пир болуп эсептелинет. Эгерде эр жок болсо,  баласынан  руксат алышы керек. Анткени, бала да пир, ал дагы эркек адам. Жалпысынан эркектер пир деп аталат.

Менин кошунам  чоң молдо киши болгон, «аккан сууну кайрылткан молдо» эле.

Кечээ жакында эле кайтыш болду. Кемпиринин аты Уулбек болчу. Мен ал киши менен 33 жыл коңшу турдум. Ошол киши бизди көп нерселерге үйрөтүп, көп жакшы нерселерин айткан эле.  Жана ошол Уулбек энебиз айткан: «Биздин үйдүн ээси бар, абайлагыла, кокус көрүнүп калса коркпогула, биздин ээбиз ак жылан» дечү. Тиги абышкасы кайтыш болгондон кийин, кемпирин неберелери алып кетишти. Баягы  үйдө эч ким жок, үйү кулпуланып калды. Бир күнү борбордонбу, айтор,  бир жактан келе жатабыз, мен ошондо биринчи жолу ошол үйдүн ээсин көрдүм. Жоондугун айтпа, эми эч ким ишенбейт, бирок, дагы бир кошунам көрүптүр,  ал «ишенем айланайын, энемин айтканы чын экен» деп тобо кылдык. Башы менен аягы теңдей,  өзүнчө эле бир келте, анан тим эле өңүнүн аппактыгы бир укмуш. Дарбазасынын сыртында биртике жери цемент болчу да ошол жерде  жатыптыр бечара, анткени, үйдүн ээси жок да. Үй ээси деп бизди айтат да, а «ээси» деп тигини айтат экен. Ал үйдүн кишилери көчүп кеткенден кийин, тигил ээси жалгызсырап жатса керек.

 

Leave a Reply