17-май 2005-ж “Манас-Ордо” комплексиндеги тегерек столдогу талкуулардын үзүндүүлөрү

This post is also available in: Англисче

1 2 3

Давлеталиев Үсөнбек, 2005-жылы Манас Ордо музейинин директору:

Мен Манас-Ордо комплексинде көп жылдан бери иштеп келе атам. Мазар деген эмне деген суроолор көп болуп атпайбы. Мисалы, көрүнүктүү биздин окумуштуубуз Кусейин Карасаевдин айтуусу боюнча мазар деген бул араб тилинен алынганда «тапак» деген сөз экен. Тапак же «табынуу», же «ыйык жай» дегенди билдирет экен да. Ыйык жай. Биздин ата-бабаларыбыз жаткан ыйык жай деген сыяктуу сөз болуп атат да.

Талас өрөөнүндө 225 мазар бар, аларга мындай жолдор менен барасыздар, маршурттук таксилер бар деген кичинекей баракча чыгарып койсок, ошо менен барып таанышып алат элек. Ошондой эле жолдон келе жатканда Чынар терегибиз бар, Айчүрөктүн ак чынары дегенчи, бул өзүнчө бир чынар Терек да. Анын бар экендигин бизге окшогон жанагы мазарга сыйынып жүргөн адамдар билишет. Башка эч бир адамдар билбейт. Мисалы, Көлдөн келишет, Оштон келишет, алар билип келишет ушундай жер бар экенин, биз аларга таасирдүү бир нерселерди көрсөтө албайт экенбиз да. Ошол себептен, ушунда биринчи ирет эле жакшынакай материалдарды чыгарсак, албетте, бул биздин милдетибиз. Жолдо кетип бара жатканда алдыңда турган ташты ыргытып койсоң, кийинки келе жаткан кишиге жол ачат экенсиң. Биздин кыргыз элинде ушундай соопчулук деген нерселер көп да. Ошол себептен ошол мазарларды сактоо, коргоо биздин баарыбыздын милдетибиз. Мазар – ыйык жай. Миң сандаган адамдар барат да, ошол жерге сыйынат. Биз Арашан мазарына барганда, ал жерде элдер өзүлөрү эле идиш-аягын дайындап туруп атат, отундарын да дайындап туруп атат да. Ошол барган киши кийинки кишиге шарт түзүп койгон экен да. Биз жанагы коргогонубуздун себеби ошол да. Адамдар өздөрү коргошубуз керек. Мазар кайсы айыл өкмөтүндө жайгашпасын, ошол айыл өкмөттө ошол мазарларды эске алсак. Анткени мынакей биздин айыл-өкмөтүбүз жакшынакай кылып жол салды, көрүп атасыздар мынакей барып жүрөсүздөр Каныкей булагын жакшынакай жол салып, тегерете жакшынакай орундуктарды коюп, булактардын жакшынакай ооздорун ачып, жакшынакай кылып коюшту да.

Мусулманчылык, мына кыргызчылык, биерде мына жанатадан бери баарыбыз «биссимилла рахман рахим» деп бирге отуруп атабыз да. Анан эң негизги нерсе ошол Манас-Ордо комплексин бир мазар деп тандап, ушул жерде жакшынакай чечишели, жакшынакай көрүшөлү деген ниетте отуруп атабыз да. Демек, мен жогору баалай турган өзүмдүн жеке оюм, мусулманчылыкты туткандан кийин, жанагы ким айтып кетти, албетте, арабызда кыргызчылык кошо жүрөт. Анткени кыргызчылык каныбызга сиңип калган. Бала-чакабыз ооруп ооруканага барганда догдурлар ошол кишинин айласын таппаса эле болду, кыргызчылык болуп калыптыр дейбиз да. Ошондой эле, азыркы мезгилде күчүн аябай эмгек кылып аткан биздин врачтар бар, ал жакты да калтырбаш керек. Демек, бир гана нерсе, мусулманчылыкта болгонубуз калетсиз, бирок Алла-таалага кайсы жерде болбосун сыйынсак, мечитке барып, сыйынабызбы, мазарларга барып сыйынабызбы, кеп биздин ниетибизде.

Жапаркул Раимбеков:
Саке, бул жердеги мусулманчылык, өзүңүздүн жумушуңуз тууралууу айтып кеттиңиз, азыркы тема мусулманчылык жана кыргызчылык да. Ата-бабалардын курал-жарактары, эстеликтери, ошонун баары тең тарыхый болуп атат. Көрсө биздин маданий баалуулуктар маданий, кыргызчылык жана мусулманчылык болуп үч тарапка бөлүнөт экен да. Ошол үчөөнө катышыш керек экен. Суроом бар эле да сизге. Музей мазарлуу жерде болгондон кийин жылаңбаш болуу, ушул кыргызчылыкка дагы, мусулманчылыкка дагы, маданиятка дагы туура келеби?

Үсөнбек:
Албетте, сиздин берип аткан сурооңуз туура. Мусулман баласы болгондон кийин мазарлуу жерде дайыма өзүбүздүн аземибизди сактап жүрүшүбүз керек да. Анан дагы талаш-тартыш болуп кетпедиби, мусулманчылык жана кыргызчылык менен бирге эле башка элдердин жакшынакай сапаттарын алып жүрүшүбүз керек да. Адам өзү башына баш кийим кийеби, кийбейби, бирок баягы өзүнө жарашкан жакшынакай кийимди кийип, жакшынакай сөзү менен, өзүнүн сыпайы келген өңү менен, өзүнүн сыпайы баягы жүрүш-турушу менен, кылган мамилеси менен, жакшынакай нерсе кылса, бардык нерсе улук болуп эсептелет да.

Талант молдо (Алексеевка айылынан):
Азыр сиз «нукура» деген сөзгө такалдыңыз. Байкасаңыздар, коом, мисалы үчүн кыргызды кыргыз дейбиз да туурабы? Кыргызды орус кыла албайсыз, же болбосо башка өңдүү адам кыла албайсыз. Мисалы, Африкадагы негрди биз кыргыз кыла албайбыз. Анын табигаты, жаратылышы, анын нукурасы башка. Мен айтайын деген сөз биерде мындай болуп атат. Мен бул Жапаркулдун суроосун түшүнүп атам да. Мына, мисал үчүн, качан биз келген туристтерге үлгү болобуз деген суроо болуп атат да. Кыргыз, жанатан бери биз айтып аткан, мазар деген нерсе менен бирге келген да. Мусулманчылыктан келген бул нерсе. Эмне үчүн ошол мазарды ыйык деп, арбактар тирүү деп келген? Уксаңыз, жанагы Теңир деген сөздүн маңызы, жанагы ошол арбактарды таанып кыргыздар, анан кийин барып кудайга баш ийген; кудай бар турбайбы, улуу күч бар турбайбы, денеси жок заттар бар турбайбы деген тыянакка келишкен да. Мисалы үчүн мындай материалдар, азыр айтып атпаймбы, менде толтура. Далили менен, божомол эмес. Эми айтып атпаймбы, нукура, нукуранын өзүнүн аземдүүлүгү, анын сыпаттуулугу деген сөз бар. Мисалы үчүн, бир көрүнүштө мусулман имам болуп туруп, журтка мен күзгү болушум керек. Анан эгерде мусулманчылык кийимди кийгизе албасам, ал жанагинтип орусча жүрсө, ким айтат мени үлгүлүү болду деп. Эгер өзүм үйүмдү башкара албасам, ошол кызымды тартипке салбасам, кызымдын жүрүш-турушу биздин шариятка төп келбесе, менин үлгүлүүлүгүм кайсы. Нукура деген – кыргызчылыктын ордосу. Маселе ушул жерде козголуп атат. Эгерде биз башкаларга ушундай эле жүрүш-турушубуз менен, жылаңач түрүбүз менен жүрүп анан ыймандуу болсок, биз эч качан өз маданиятыбызды көрсөтө албайбыз. Бияктан да кемчилик болуп атпайбы.

Үсөнбек:
Сурооңузга мен мындайча кыскача жооп берейин. Кийинки убактарда ушул мазарга келген адамдардын жүрүм-турумдары боюнча дагы иш-чара жасалган. Биз ошо кирип келе жатканда5 биринчи, даарат алуу боюнча, экинчи, мазарга баш кийим кийүү боюнча касса жакка топуларды, жоолуктарды илип койгонбуз. Ошондо кирип келген адамдардын көпчүлүгүнөн терс сөздөрдү укканбыз; биздин жолубузду эмне тозосуз, эмне үчүн мен бирөөнүн баш кийимин кийишим керек деген сөздөр айтылды. Биз ошондой терс сөздөрдү көп уккандан кийин, токтотуп койгонбуз. Демек, мазарга кандай келиш керек? Адам өзүнүн нукура тазалыгы менен келиш керек. Нукура өзүнүн болгон сапаты менен келиш керек. Биз ошол байкоону кылганбыз, бирок ишке ашпай калган. Эгер адам жакшынакай ниети менен келсе, эч ким ага эч нерсе айта албайт.

Касым, муфтийдин орун басары:
Жана башында кайра-кайра кыргызчылык менен мусулманчылыктын айырмасы жөнүндө айтып аттык го. Кыргызчылык дегенде мындан көп маанини түшүнсө болот да, менимче. Кыргызчылык, мисалы, дин тутуму жагынан, ишеним жагынан, табыпчылык жагынан, үрп-адат же каада-салт жагынан болот. Мына, кудайга шүгүр, кыргыз эли Теңирге сыйынып келген, жаратылышка сыйынып келген, кээ бири тоого, кээ бири отко да сыйынып келгендери болгон. Эми ушундай бир убакыттар өткөндөн кийин, бизди караңгылыктан ошол туура жолго ислам чыгарып койгон. Бул чоң бир жакшылык да. Ушундай болгондон кийин, мына арабдарды деле айтсак болмок арабчылык депчи. Себеби ислам келгенге чейин арабдардын да ушундай жакшы каада-салттары болгон, жаман каада-салттары болгон. Мисалы, кыз төрөлсө тирүүлөй көөмп салган салттары болгон. Же аялы туура эмес иш кылса төөгө байлап, сүйрөгөндөрү болгон. Же эгерде сапарга чыга турган болсо, конок оң жакка учуп кетсе сапарга чыкканга болот, сол жакка учуп кетсе болбойт деген ырым-жырымдары бар эле. Бирок, пайгамбарыбыз айтат, мусулман мурунку ата-бабалар карманып келген жакшы салттарды колдойт деген. Ал эми жаман, исламга туура келбеген ырым-жырымдарды мындай кыскартып коёт. Ошондой эле болуш керек, кыргызда исламга чейинки жакшы каада-салттарды, мисалы, берешендик, конокту сыйлоо, окшогон жакшы каада-салттар болгон. Ошону ислам колдойт. Бирок кээ бир ырым-жырымдар, кыргызда дагы эле бар, мисалы, үч күнгө чейин өлүктү сактоо, мал союу, ушул сыяктуу ырымдар, мына ушул нерселер исламга коошпойт. Экөө азыр аралашып атат, мисалы үчүн. Мусулман катары мусулманчылыкты кармаганыбыз бар, кыргызчылыктын аралашып кеткен жерлери бар. Ушуну болгону мындайча айтканда тактап, иреттеп коюш керек.

Айтпаева Гүлнара:
Биз кебибиз башталгандан бери туура, туура эмес, жакшы, жаман деп жатабыз ээ. Туура, туура эмес, жакшы, жаман экенин ким чечет?

Касым, муфтияттан:
Туура, туура эмес экенин, мисалы, мусулманбыз деп аткандан кийин, биз мусулман катары жалгыз кудайга ишенебиз да. Эми биз адамдын бул дүйнөдө өзүн кандай алып жүрүшү керек, кайсы иштерди жасаса болот, ошону көзөмөлдөй турган бизге бир көрсөтмө китеп түшүп атпайбы, мисалы, куран. Пайгамбарыбыз хадисти берип койду, мына ушул жолду. Жашоонун кайсы тармагын болсун шарыят көрсөтүп койгон. Ал соода-сатык жагынан болобу, медицина жагынан болобу, баарын карайт, мисалы, ислам китептерин карасаңыз, медицина китептери бар, соода-сатык китептери бар. Үйлөнүү, ажырашуу, бардык жагы каралган да. Дин тактап койгондон кийин ушуну карманышыбыз керек да. Жакшы каада-салттарыбыз, мисалы, исламда жок нерселер бар, мисалы түлөө өткөрүп туруу, куран окутуп элдерди чакырып тамак берүү, бул исламда, шарыятта жок, бирок ислам жактай турган иштер да. Ушул жерлерин айтсак болот кыргызчылыктын.

Мазарда канча деген инсандар, канча деген олуялар бар. Ошол жерге барганда, билген кураныбызды айтып, ошолордун арбагына багыштасак, рахаттанат экен да жандары. Ар бир инсанга Алла-Таала ар кандай өлүм берет да. Ар бир адам кылган күнөөсү үчүн жооп берет. 5 маал намаз, орозо, муну так аткарып, ушул жашоодо жакшы жүрүп, жакшы турсак, Алла тиги дүйнөдө да, бул дүйнөдө да бактылуулукту насип кылат экен. Алла айтып атпайбы Курани каримде, бардык инсандарды кыяматта тирилтем деп. Ошол биз уктап кандай ойгонсок, тирилгенди да ошондой сезишибиз керек. Турганда сурайт экен, канча жаттың сен деп. Ошондо 1 күн же 1,5 күн жаткандай эле сезилет экен да. Мына ушуга ишенишибиз керек.

Момоханов Айбек:
Айрым нерселерди кыргызчылык эле дей бергенге мен кошулбайм, себеп дегенде касиет бардык эле улуттарда боло берет. Мисалы, орустарда болот, казактарда болот, улуттардын баарында бирдей болот, ошондуктан жөн эле касиет деп коюшат. Бул менин айрым адамдардагы жеке жөндөмдөргө байланыштуу айтып жаткан оюм.

Leave a Reply