17-май 2005-ж. “Манас-Ордо” комплексиндеги тегерек столдон талкуулардын үзүндүлөрү

This post is also available in: Англисче

1 2  3

Сатымбек, губернатордун жардамчысы:
Биз азыр айкын суроонун үстүндө пикирлешип жатабыз, кыргызчылык менен мусулманчылыктын ортосундагы карым-катнаш тууралу. Ал эми муну терең караганга биздин чамабыз деле жетпейт. Мен азыркы учурда кыргызчылык менен мусулманчылыктын ортосунан карама-каршылыкты деле көргөн жокмун. Мисалы, азыр бизде болуп аткан кыргызчылык менен мусулманчылык экөө катар эле келатат. Мисалы, адам төрөлгөндө атын азан чакырып коёбуз, бул мусулманчылык болобу? А тушоо кесүү тоюбуз кандай болот? Кыргызчылык болобу? Кыргызчылык болот. Ошондой эле, адам каза болгондо биз мусулманчылык жолу менен коёбуз. Анан ушундай болуп кете берет да. Бизде бул жерде эч кандай ажырым деле жок. Бүгүн биз бул эки багыттын айырмачылыгы менен биримдиги маселесине келгенде, болгону болгон нерсени системага салып коюш керек.

Айталы, молдолордун мечитке барып жалынганы – кудайга жалынганы. Мазардагы күчтөргө барып сыйынуу – айланып келип эле Алла-таалага сыйынып аткан нерсебиз да. Процедура бир эле болуп атат. Мазардын түрү же таш болот, же булак болуп оргуйт, мисалы, булак болсо, бизде бар Суунун пири Сулайман экендиги жөнүндө түшүнүк, демек, ага сыйынып атабыз. Ошондо, бизде катуу турган карама-каршылык барбы? Жок! Болгону биз ушулардын баарын системага салып алсак, болду. Мисалы, мазарлар тууралу мурда-кийин сөз болуп көргөн эмес биздин коомчулукта. Демек, «Айгине» уюму тарабынан өткөрүлүп жаткан тегерек стол, курултай, семинар, конференциялар алгы сөз болгон соң, ар кыл талаш-тартыштын минтип жаралып атышы мыйзам ченемдүү, жакшы жышаана. Талаштан тактык жаралат.

Мисалы, мен да 4 жылдан бери сиздер баскан жолду басам. Мына бу Манас-Ордого Таластан жөө келип кетебиз. Эми машина менен келип кетсек да болот эле да, туурабы? Шаркыратмага барабыз, Нылды-Атага барабыз, Беш-Таш, ушундай Таластын мазарларын кыдырабыз, аталган топ менен кошо изилдейбиз. Эми ал бизге тиешелүү нерсе. Анан ошондо билген нерселерибиз бар, көбүнчө айта турган сөздөрүбүз бар. Эми анын баарын бул жерде айта берсек көп убакыт болот. Эгерде силерде кийин бир суроолор пайда болуп калса, биз биргелешип иштеп бергенге даярбыз. Себеби бул боюнча өтө терең изилдеп иштебесек болбойт. Мына ушул эле жердеги адамдардын бир топтору чогулуп алып, сиздер кайрылуу жазып жатасыздар, ар-кандай иш-чара өткөрсөк дейсиздер, булар негизинен улук Манас-Ордодон башталып атат. Бул өңдөнгөн нерселердин бардыгынан маалыматыбыз бар. Дегеле биз бардык маселелерге тийиштүү адамдай эле үн кошуп атабыз. Атүгүл мазарларга кирүүгө тыйын төлөгөнгө чейин өтүп кеттик, туурабы? Кийингенге чейин өттүк, ушунун бардыгы боло турган нерсе, бирок ушулардын бардыгын карама-каршы койбой эле, кыргызчылык менен мусулманчылыкты, ошонун ортосунда биримдикти тапсак деген эле ой болуп атат.

Пикир:
Ар бир мазар тууралу элде калыптанган түшүнүктөр бар эмеспи, тигинин ээси мындай экен, мунун ээси мындай экен делип. Ал эми молдочулукта (мусулманчылыкта) мазарларга ишеним жок.

Сатымбек:
Ар бир мазардын го өзүнүн күчү бар. Ар бирөөнүкүн аз же көп деп айтышка болбойт. Ар бир жерде касиеттүү улуу кишилер. Балким алар эмнени каалайт экен. Ошону биз айтып атып жүрбөйлү. Манас-Ордого келген сайын биздин жардамыбыз тийээрин молдоке жакшы айтты. Биздин келишибизден, зыяратыбыздан энергетикалар тарайт экен да, арбактар күчүнө кирет экен. Тиги күчтөр. Ошондо мындай болот экен, мисалы Талас чөлкөмүндө деп коёлу, канча мазар бар болсо, ошого канчалык чын ниети менен барып, зыярат кылып, абдан таза зыярат кылып, тиги күчтөр менен келише турган болсок, ошол күчтөрдүн бардыгы ушул биздин жакшылык, бейкутчулук үчүн, момундай бир Алла-талланын ыраазычылыгы үчүн иштеп бере турган күчтөр болот экен. Эми, мобул жерде 225ке жакын мазар деп атабыз. Эми анын бардыгы чындыгында 3-тарапка, башкача айтканда, каражат керектөөлөргө муктаж да. Анан дагы эл көп билген мазарларга, мисалы, жанагы Зулпукор атанын мазарына, Кызыл- Чоку, Үч-Эмчек, Беш-Таш, тетиги жердеги Ак-Тайлак, Маймак, Шаркыратма мазарларына элдин аягы үзүлбөйт. Ал жактарга унаанын дагы кереги жок. Жөө катташат, ошоякка барып түнөшөт. Ошондо, ачык эле турат да, суроолордун бардыгы. Демек, ошол жак керек болуп турат. Адамдар ошол жерден айыгып кетишкен, жакшы нерселерди көргөн. Мына бу азыр элдер каттап аткан, барып аткан зарыл жерлерди барып өздөштүргөнгө аракет кылсак, калгандары, жанагы 225 дегендин баары чекесинен ачыла берет, бирден-бирден. Ушинтип, ошого келбесек болбойт. Анан эң негизгиси чогуу-чаран мазар деген эмне экенин талдап чыксак, негизги сурообузду чечкен болот элек. Булардын кандай күчү бар? Мазар деген эмне өзү? Ушул маселелерге түшүнүк берсек.

Жеңиш Кудакеев: Иним, мазар, мазар деп жатасың. Мазар деген эмне? өзүң айтчы.

Сатымбек:
Мазар, жогоруда айтылгандай, Алла-Талланын улук күчтөрү турган касиеттүү жер. Ал жерден сыйынсаң Алла-Таалага айтканың тезирээк жетет деген сөз бар. Тымызын байланышты байкадыңызбы, демек, ал жерде (мазарларда) сиздин жүрөгүңүздүн тазалыгын, чын жүрөктөн барган нерсеңизди кабыл ала турган болсо, тигил жакка жанагы сиздин суранычың тезирээк жетет деген ишеним болуп жатпайбы.

Жеңиш Кудакеев:
Мазар деген сөз – араб тилинен алынганда мүрзө деген эле сөз. Эми мүрзө деген эмне? Мисалы, мен Нылды-Атадан башка эч бир мазарга барып көрө элекмин. Нылды-Атанын өзү эле бир сай. Эки сай. Кичи туюк, улуу туюк. Экөөнүн ичинде мен байкагандан 17 зыярат кылуучу жайы бар. Бул эмне деген сөз? Эмне дегенде, зыярат кылуучу жер Нылды-Атанын кире беришиндеги жанагы көпүрө мүрзө да. Биердин касиетин сен Сатымбек билбей калган экенсиң. Бүт касиеттер ошоякка кетти.

Белгисиз катышуучу:
Сиздин пикириңизге мен кошула албайм. Мазарда арбак гана жалгыз жатпайт, ошол жерде мурунку ата-бабалардын өлгөн жери балким жок. Болгону энергетика жатат. Арбак эле эмес. Арбак деген образдуу айтылган нерсе.

Leave a Reply