Ыйык жер маселелери боюнча тегерек стол, “Манас-Ордо” комплекси, Талас аймагы, 17-май 2005-жылы

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде”

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Ыйык жер маселелери боюнча тегерек стол, “Манас-Ордо” комплекси, Талас аймагы, 17-май 2005-жылы

Уюштуруучу: Айгине

Талкуулардын үзүндүлөрү

1  2 3

Оторбаев Төрөбек, обладминистрациянын кызматкери:
Маселе орто кылымга чейинки, шаман доорундагы идеологиялык саясат, андагы көз караш менен кийинки ислам дининдеги адамдардын (мусулмандардын) көз карашы дал келеби, же келбейби, экөө эки тарап болобу, баягы илгерки замандагы көз караш өзүнчө өнүгөбү, дин өзүнчө өнүгөбү, же экөө биригип кетеби, ушул тууралу болуп жатат. Бүбү-бакшы дегендерибиз өз жумуштарын өздөрү жетектеп алып жүрөт. Бүбүлөрдүн артыкчылыгы – адамдардын жалган айтуусуна мүмкүнчүлүк бербейт. Айталы, «бул тигинин башын тегеретип алыптыр, бул тигиге ысытма жасаптыр» деген өңдүүлөрдү бетке айтып, билип коёт бу кишилер. Мына ушул өңдөнгөн көрүнүштөрдүн бардыгы биздин бүбүлөрдүн мусулман динине чейинки жүргүзүп келген жумушу болгон. Бакшылардын болсо өздөрүнүн адамдары, кишилери болгон. Анан алар төгөрөктүн төрт бурчунда болгон окуяларды айтып келип турган дагы, бакшы жарга түшкөн учурда айткан маалыматтары туура чыккан, демек, эл бакшыга ишенген, бакшы кимдир бирөөнүн башын алып салуу керектигин айтса, ал кишинин башы алынган.

Мен Манас-Ордодо иштеп жүргөндө бүбүлөрдүн күнү тууган. «Манастын» 1000 жылдыгынын астында бүбү каптаган заман болгон. Ошонун ичинен миңден бири эле калбадыбы. Башын тегеретип алуу, тигиндей-мындай деген нерсенин баары – адамдын колунан келе турган нерселер. Бирок ошонун бардыгынын купуя сырын билбей туруп, кээ бир бүбүлөр «мен минтип коем, мен тигинтип коем» дегенге чейин барышпадыбы. өздөрүнүн саясатын, кайсы багытты көздөй бара тургандыгын билген жок. Талаалап-талаалап, анан ошону менен жок болуп калышат бир тобу.

Ал эми бүгүнкү күндө, дин маселеси негизги орунда турат. Мусулманчылыктын шарты ыйманга таянат, элди ыймандуу кылууда турат. Мусулман дини жанагы ар кандай «көздү бууп коюу», анан «баш тегеретип коюу», «дубакөйлүк» деген нерселерге каршы турат. Ушул жерден кыргызчылык менен мусулманчылыктын ажырымы көрүнөт.

Эми бул эки нерсе – элде катар өнүгө бере турган нерселер. Манас Алгарага сыйынган. Бабалардын бирөөсү эчкиге сыйынган, зыярат кылган эмес. Бирөө болсо күнгө сыйынган, бирөөсү чымчыкка сыйынган… Ал эми бүгүнкү күндө ошод идеяны алып жүрүүчүлөр, биздин бүбүлөр дагы деле болсо булакка сыйынып атышпайбы. «Биз зыярат кылабыз» деп жымсалдап, бурмалабай эле койгула, силер зыярат кылбайсыңар, силер ошол ыйык деп аталган жер-сууга сыйынасыңар. Анткени бул байыркы замандан келе жаткан өзүнчө агым.

Бүгүнкү күндө сыйынууну зыярат кылуу деп түшүндүрүп жүрүшөт бүбү-бакшылардын өздөрү. Биз баарыбыз Алла таллага эле сыйыныш керек деп атабыз. Ал эми булакка келгенди зыярат деп айтып атабыз. Бир Аллага гана сыйынуу керектиги жөнүндө республиканын бүткүл элдерине бир чечим чыгарып коюубуз керек го. Болбосо, Кудайга сыйынгандар менен тоо-ташка сыйынгандардын ортосунда келишпестик, карама-каршылык боло берет.

Жогорку айтылган ойлордо кыргызчылыкка байланыштуу «бакшы» деген түшүнүк айтылып кетти. Ал орус тилинде – шаман. «Шаман» деген сөздүн келип чыгышын чечмелеп түшүндүрүп кете турган болсок, байыркы заманда чаа жана манн деген элдер жашаган. Чаа деген эл – түндүк жакта, көбүнчө Бээжиндин бери жагында жашаган элдер. Бул эл Индиядан миграцияланып, өзүнүн Көкө Теңир идеясын Кытайга таратып, ошол жерде кудайдын тукуму делип, император болушкан. Кийин белгилүү жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбеков «Көк асаба» китебинде шаа деген журт бар болгондугу тууралу жазганы ошол. Ал эми манн деген эл Кытайдын транскрипциясында айтылат. Кытай мамлекетинин түндүк жагындагы, түштүгүндөгү, түштүк-батыш жагындагы элдердин баарын манн элдери деп аташкан. Мындайча айтканда, алыстагы эл деп койсок болот. Ошол жерде Кытай империясынын түндүгүнөн баштап түштүк батышына чейин жашаган элдердин идеологиясын чагылдырган измдер, булар шаманизмдер. Бирок шаманизм Көкө Теңирден келип чыккан болуш керек.

Токтобүбү:
Ырас, молдолор дем салса, оорулуулар айыгат. Сууга сыйынгандар бар, аларды жаман көрбөгүлө. Кыргызчылык да ыйык. Булактарга барып, баспагандар басып, Нылды-Атага барып буттарына туруп кеткендер бар. Боо терек мазарына барып, ошол жерден айтымчылык оозуна куюлуп кеткендер бар.

Эмиль Үметалиев:
Мен баягы врач-психотерапевтмин да. Медицина тармагында эл дарылоонун өзүнүн мыйзамдары бар. Элдик дарыгерлерге дагы өзүнчө бир ушундай бирикме уюштуруп бериш керек. Анын ичинде текшерүү уюму болушу керек. Алардын дарылоо ишмердиги көзөмөлгө алынышы керек. Ичинде кодекс, устав, этика дегени болуш керек. Кыргызчылык менен мусулманчылык ортосунда туура мамилени, алаканы табыш керек.

Менин түшүнүгүм мындай. Мусулманчылык деген – өзүнчө дин. А кыргызчылык деген – дин эмес. Мен жогоруда айткандай, элдик секторго атайын «писхикалык жактан жарамдуу, жарайт» деген тил кат берүү керек. Ошол эле учурда «көзөмөл астында иштесин» деген тил кат керек. Кыргызчылыкты аркалаган аксакалдар ушундай мыйзам боюнча иштеши керек. Ар бир мүчөсү барып өздөрү шайлаган кишиден кеңеш алып турушу керек, ан үчүн ассоциация түзүш керек. Мусулманчылыктагы молдолор менен өзүнчө тегерек стол уюштуруп, бүт келишпеген мамилелерди чечип, этика жагынан ушул өңүттү ойлошубуз керек.

Leave a Reply