Тамабаев Таштанбек

Маалымат алган: Алина.

Маалымат берген: Тамабаев Таштанбек.   (айыл имамы)  65 жашта.

Маалымат алынган жер: Талас району, Кырк-Казык айылы.

16. Кыргызчылык деген нерсе ата-бабасы молдо болсо ошол жолго түшүп кетпесе, ичкилик ичип таптакыр жаман акыбалда калып калат. Атасынын жолуна түшүп кетсе ичкилиги да оңолуп, турмуш жолу да оңолуп, жашоо-турмушу жакшы болуп, жакшы жолго түшүп кетет. Ата-бабасынын жолун жолдобосо терсери жаман иштерге барат, аялы кетет, бала-чакасы жетим калат. Андан тышкары бүбүлөрдүн да кыргызчылыгы бар. Дубана, бүбү-бакшылардыкы бар. Алар сөзсүз мазар кыдырмайынча алардыкы да болбойт. Мазарларды кыдырыш керек,  болбосо ооруп жатып калышат. Ошондой жолдо жүрмөйүнчө аларды кыйнайт, көзүнө көрүнбөгөн күч бар.

17.Мисалы, бая күнү телевидениедин айтып жатат, эми өңчөй илимдүүлөр отургузуп алып, бир жаш бала суроо берип жатат. Мазар деген эмне?

Мазары жок эле үйдө эле намаз окуп отура берсе болбойбу? деп жатат. Анан кыргызчылык боюнча изилдеп жүргөн кызбы, келинби ошол айтып жатат: Бул мазар деген нерсе мисалы турмуш өзгөрүлүп туруп, динге кысым бергенден кийин дин жолунда жүргөн адамдарды кошо кыса баштайт. Анан ай тигил молдо келе жатат деп малдарын, байлыгын тартып алган кезде молдо байкуштар кача баштап, ар жерге, мазарларга бекинип, ошол жакта жашап, ошол жакта оокат кылган да. Мазар деген ошондон улам пайда болуп калган. Мисалы Токтогулдагы «Шамши кал Ата» деген тоо өзүнчө эле бир туз. Ошол жактан туз ташылчу экен мурда. Эми ошл Шамшикал Ата дегенди изилдеп келсек ти-и  1700-жылдары Шамшы деген бир жигит өзүнө алты жигит алып туруп, бизче айтканда дават жасап Орто Азияны бүт кыдырып келе жатып ошол туз бар тоого түнөп, ал жерде бир-эки күн эс алышат. Анан кетейин деп жолго чыгышса «Шамшы-ы кал» деп биръъ кыйкырат экен. Эким жагын карайт, эч ким жок, дагы бир-эки кадам баскандан кийин «Шамшы кал» көбүрөөк кыйкырат. Үчүнчү жолу дагы кыйкырганда Шамшы деген динде жүргөндөн кийин түшүнөт да «Мага эми кетишке болбой калды» деп тигилер менен кучакташып ыйлашып коштошушат.Жолдошуна «менин үйүмдөгүлөргө салам айт, мага кудай ушул жерди насип кылыптыр , мен кете албайм, болбой кудайдын тилин албай кетейин десем кудай менин бутумдубу же колумдубу же тилимди сүйлөтпөй айтор бир балээге жолугам»  – деп Шамши ошол жерде калып ал жерге «шайых» болуп ошол жерде көз жумат. Арбагы ошол жерде,  элдин баары ал жерге зыяратка барып, куран окушуп, оорудан айыгышат, баласыздар балалуу болуп калышат.  Кыргызчылык деген ушундай нерселер да. А муну башка мисалы үчүн мен төрт маскапты айтып жатпаймынбы, алардын кээ бирлери мындай кылышпайт.

18.Мазарларда бирөө отурат, шайык болуп, ошол жерге келгендер кур барбай тасмал алып барышып, тигилер сыйынганда ошол жерге куран окуп берип, ал шайыктан да өтүп кеткен шайыктардын арбактарына куран окуп берип, ошол барган жердеги мүрзөлөрдө жаткан атактуу жакшы адамдардын арбактарынын, ата-баларынын аттарын атап ошолорго багыштап     «бала тилеп келиптир, же бир кеселман экен, ушуга бир кудайдан жардам болсо экен» деп тилегенде арбактар кошо кол көтөрүшөт экен. Биз аларды көрбөйбүз. мына ошон үчүн мазарларга барып жатышканын себеби ушул. Алар да кудайдан сурайт экен: «Ээ, АТ ушул пендеъди кор кылбай оорудан айыктырып кой. Тилек, максаттарына жеткирип кой» деп. Булардын да мазарларга барып жатышкандары ошол. өзүңчү жалдырасаң жалгыз эле сурайсың, а мазарларга барсаң ал жердегилер кошо сага жабыла жардам сурашат  экен.

19. Мусулман деген мисалы үчүн ислам дининде жүргөн киши мусулман болот. Муслим – деген баш ийүү. Ислам динине баш ийип киргенди мусулман деп коёбуз. Баш оту менен баш ийип кирген кишини. Азыр мусулмандар христианына кирип жатыры, же бир ушунда чакчалекей болуп жатат.

20. Зыярат кылуу бул жакшы нерсе. Кожо Ахмед Яссави дегендин мазволейи бар, Түркстанда.  Күмбөзгө деле барганда ага багыштап куран окуйбуз, бирок оор жүктөрдөн кутулуш үчүн барбайбыз, жөн гана арбактарга куран түшүрүш үчүн барабыз. Ал эми бүбү-бакшылар ооруган жерин, кыйналган жерлерин басыш үчүн барышат. Муну эскерүү деп коёт.   Эскерүү же болбосо сыйлоо дейт. Мазарларга барып, мүрзөөлөргө барып эскерип туруу керек. Муну көпчүлүгү түшүнбөйт, силер Манаска сыйынганы барасыъар,  мүрзөгө сыйынасыъар дешет. Сыйынуу бул бир гана АТга ылайык. Зыярат деген эскерүү, сыйлоо же ошол жерге барып куран окуп келиш керек.

21. Курандын өзүндө андай маалыматтын бары-жогун билбейм. Адамдар, мисалы, өзүбүздүн чоңдорубуз дүнүйө, байлык үчүн чынында тытышып эле жатат, анан турмуш оъолуп бара жатканда өзүн-өзү билбей эле өлгөн-житкен, убал-сооп деген ойго келбей адамды дырдыңдата баштайт. Ошол кезде мүрзөгө барып, куран окуп, эки жакты карап, ал жерде өлүп жаткандарды ойлосоң өзүңөн-өзүң ичиң сызылып, ыйлагың келип, анан биз деле ушинтип бир күнү өлөт турбайбызбы, анда бизге дүнүйөнүн. байлыктын не кереги бар, эмнеге биз бирөөнүн көңүлүн калтырып, же нерсе талашып не кудайдын азабы деп мүрзөгө барып келгенде такыр башкача болуп каласың. ошон үчүн зыярат кылуу деген жери бар да. Ошол жерге барсаң өзүңдөн-өзүң эле оңоло түшөсүң. Бул жактагы адамдар менен жүрө берсең тигил жак такыр эсиңден чыгып кетет. Тигил дүйнө, өлүм-житим эсиңе келбей калат. Машинага минип, сый оокат менен, сый кишилер менен жүрө берсең эч ойлонбой каласың.  Мындай жери да бар. Пайгамбардын айткан сөздөрү бар, хадистери. Анан куранда жазылганбы билбейм.

Алина: Түркстандагы  Яссавинин мазволейине баргансызбы?

– Барганбыз.

Алина: Канча жолу?

– Бир эле жолу бардык.  Ошол мезгилде молдолор жаңыдан чыга баштаган. Адамдар динге абдан суусап калышкан экен. Бир автобус болуп бардык, ичинде бүбү боло тургандар да бар. Жаъыдан молдо болуп жүргөндөрү да бар, дубана чалыштар бар.  3 тирүү кой салып алып, бир 10-15тей киши болчук. Баратканда Арсланбап Ата деген жери бар экен, ал жерге 4-күн болчу түнөп, бир койду союп, ошол жерде куран окуп, арбактарга багыштап, ошол жерде тамак бердик. Алардын батасын алдык. Жума күнү Кожо Ахмеддин мечитине барып жума намаз окуп, аларга бир кой союп, тамак берип, батасын алдык. Ал жерден чыккандан кийин Ак Кеше деген пайгамбарыбыздын бир сахабасы, ал пайгамбарыбыздан бата алган киши экен. Бир нерсени айтып берейин, бир күнү пайгамбарыбыз өлө турган болуп менде аласа-береселериъер барбы дегенде тигил киши мурда эле намздан эки рекет ашыгыраак окуп, Ия, АТм ушул Мухаммед пайгамбардагы «Лааиллоха иллоллах, Мухаммед Расуллоллах» деген жазууну көрүшкө мага насип кыл деп суранган экен. Бул жазууну көргөн киши тозокко кирбейт экен деп ашыкча намаз окуп жүрчү экен. Пайгамбарыбыз жанагыдай акыбалга жетип,  эми мен бул дүйнөдөн өтөм, тигил жакка кетем, менде аласа-береселериңер барбы десе Ак Кеше меники бар деген экен. Эмне алас-бересе эле десе. Мени бир баланча бир согушта  чечиндирип алып туруп жонго камчы менен сабагансыз, ошону мага тыштап кетиъиз дейт. Ошол жерден карап тургандар урушуп, сен пайгамбарга кол тийгизе тургандай акмаксыъбы дешет. Тигил болбойт дейт анан пайгамбар чечинишке болбойт деч= эле бул ушундай кылып жатат десе АТ жебирейил периштени жиберет. Чечинип, акысын берсин дейт. Көрсө тигил киши намаз окуп кудайдан мурда сурап жүргөн экен. Анан пайгамбар чечинип берсе айткандай эле кыпкызыл жазуу бар экен. Аны чуркап барып өөп, аны көргөн кишилердин баары чуркап өөп, ыйлашып.. Пайгамбарыбыздын көзү өткөндөн кийин Ак Кеше таза өлбөй калат, көп жыл жашайт. Башка бир тоого качып барып жашайт. Мурунку аялы өлүп калып жаш аялы бар экен аны душмандар азгыра баштайт. Билерик, шакек, жалтырак-жултурак берип, бул Ак Кеше эмнеден өлөт ошону сурап бериъиз, деп аны жалдай берет. Анан Ак Кеше көпкө чейин айтпай, айтпай жүрүп, менин ажалым келип калса керек, менин өзүмдүн аялым эле ушуну сурай берет, качан өлөсүң, эмнеден өлөсүң деп. Мага да кудайдын бир ажал келе жатат го. Мейли эми деп анан аялына бешим намазда гана мага кылыч өтөт, болбосо  эч нерсе мага өтпөйт деп айтып коёт. А тиги душмандарга  айтып коёт.  Анан душмандары келип, намаз окуган жерине е оро казып коюп, үстүн билгизбей  жердей кылып коюп билгизбей  бекинип жатат кылыч менен. Намаз окуп жатканда абдан ушундай бир кудайды эстеп  эрип турганда  аркасынан келип кылыч менен чапканда башы шалак деп  ыргып  түшөт. Анан башын ала коёлу  дегенде башы тоголонуп отуруп 3 кыр ашып барып , ошол жерден бир жер ачылып ага түшүп кетиптир. Ал жерде бир киши отурат экен, шайык болуп. Аркан менен чакалар жыйылып жатат тим эле бырбыйып-сырбыйып. Ошол жерден суу алып ичишсе ал Меккедеги замзам суусу менен барабар экен. Ал жерге 3-койубузду ошол жерде союп, зыярат кылып келгенбиз. Эми мунун баарын айтып отурса тарых да өзүнчө эле.