Дөөлөталиев Садыбакас

Маалымат алган: Жусупова Назира

Маалымат берген: Дөөлөталиев Садыбакас. Орто-Арык айылынын имамы.

Жашы: 44

Убакыт: Апрель айы 2007-жыл.

16. «Кыргызчылык»  дегенди  кандай түшүнөсүз?

Ж. Кыргызчылык деген бул кудай жолунда жүрүп, 5 убак намаз окуп, даараты менен жүрсө, оозунда келмеси болсо мына ошол кыргызчылык. Анан бизде ооруп калса кыргызчылык деп коюшат, кыргызчылык деген бул намаз окуш керек. Кыргызчылыгы бар экен деп мазарга барышат, а негизи мен айтаар эъ биринчи намаз окуш керек. Намаз окуп кудайдан суранса ден-соолугу да чың болот, келечеги да кең болот, сураган тилектерин Аллах Таала кабыл кылат. Мисалы арабдарда деле андай арабчылык деген нерсе жок экен,  илимдүүлөрдүн сураштырган элем андай жок дешкен. Намаз окуса эле болду деп ойлойм. Аллах Тааланын миң түрлүү сыноолору болот, мисалы балабызды оорутуп койсо, балабыз үчүн биз балабызды ар кайсы жака алып барабыз. Тааптарга, молдолорго алып барабыз, дем салдыргандан кийин, молдо ата-энесине айтат ичпегиле, намаз окугула, кудай деп жүргүлө, кудай жолуна түш дейт. Анан ошентип кудай жолуна түшүп, кудайдан тиленип, сурангандан кийин баласы жакшы болуп кеткендер көп болуп жатат. Ушундай учурларды көп көрүп жатам. Мисалы Алла Тааламдын пенделерге сыноосу көп болот, эми ошол сыноолорду биз намаз окуп, жакшы жүрсөк, өзүбүздүн ден-соолугубуз да чың болот, балдарыбыздын да келечеги жакшы болот деп ойлойм.

17. Ислам менен «кыргызчылыктын» байланышы барбы?

Ж. Ислам дини деген бул 5 убак намаз окуп, орозо тутуп, Аллах Тааланын кыл дегенин кылуу. Эгерде ислам динин тутсак кыргызчылык деген ушул да. Мен ушинтип ойлойм. Анан мазарга барышат, жок эң биринчи намаз окуш керек, болду. Эгер намаз окусак эки дүйнөдө тең бактылуу болот экенбиз. Бактылуулукту биз касйыл жактан издешибиз керек, мына ушул динден издешибиз керек. Бул дүйнө жалган дүйнө, Аллах Таала жалган дүйнөгө бизди эмне үчүн жиберди, пенделерди өзунө даат ибадат кылыш үчүн, өзүнө каратыш үчүн жиберди. А биз Аллах Таланы тааныбай жатабыз. Мисалы биз иштеп, мээнет кылып  жатабыз. Ошондо биз бул Алла Тааланын берген ырыскысы деп чай ичсек да, нан жесек да Аллага дуба кылып, Алладан тилеп сурап турсак, келечегибиз артыбыз жакшы болот экен.

18. «Шайык» деген сөздү кандай төүшүнөсүз?

Ж. Шайык мазарларда, күмбөздөрдү, жайларда отургандарды шайык деп коюшат. Ошол жерди кайтарып, ошол жерге барган адамдарга куран түшүрүп берген адам.

19. Мусулман деген эмнени түшүндүрөт?

Ж. Мусулман деген баш ийүү, Алла Тааланын бар экендигине ишенүү.

С, Демек биз Алла Тааланын бар экендигине ишенсек биз мусулманбыз, анткени кээ бир адамдар айтышат го ислам дининдеги 5 парзды аткарган адам мусулман деп?

Ж. Кудайдын барына ишенгени ошол да, кудайдын бар экенине ишенген адам намаз окуйт, жакшы жүрөт, уруулук кылбайт, ичкилик ичпейт, жана башка жаман нерселерди кылбайт. Мисалы кээ бир адамдар бар, сырты мусулман ичи капыр болуп жатат. Мен мусулманмын дешет, ал эми кылган иштери капырдан да жаман. Бирөөнү тоноп, өлтүрүп да жатышат. Алардын сырткы корпусу мусулман, ички корпусу капыр.

С, Кудайдын бар экендигине ишенип, бирок намаз окубаган адамдар мусулманбы, анткени азыркы убакта намаз окубагандар көп да.

Ж. Негизи шарият боюнча окуш керек. Окуган, кудай жолунда жүргөн адамдарды мусулман деп коюшат. Бизде намаз окубаган кээ бир кызматтагы адамдар бар да, бирок ошолор намаз окубаса да ички дүйнөсү намаз окуган адамдан өйдөрөөк. Ички дүйнөсү таза, кудайга ишенет, кудайдан коркот, жаман иштерге барбайт, мыно ошондой адамдар да бар. Ошондой адамдарды биз мусулман эмес десек туура эмес болуп калат. Ички сезимден көз каранды да. Намазды деле тилиң менен жаттап алып, айтып кете берсең кабыл болбойт  дейт. Алла Таала адамдын ниетин жүрөгүнөн билет экен, мисалы намаз окуган адам намазды кандай окуду, кандай ниет менен окуду, коркуу сезими барбы же жокпу, ошондон гана билип анан кабыл кылат экен. Ал эми намазды жаттап алып шатыратып айтып кете берсек көп кабыл болбойт экен. Намаз окуганда коркуу сезими менен окуп, ой бир жерде болуш керек.

20. Мазарларга сыйынууга көз карашыъыз кандай?

Ж. Менимче мазарда күчтүү энергиялар көп, мисалы ошондой жерлерге спортсмендер барат, тоолорго, суу жектерге мына ошол жерден тренировка кылышат, энергия алышат. Мисалы Манас атанын күмбөзүнө, Арашан мазарына барганда энергия топтоп келебиз. Адамдар шаркыратмага, мазарга барышат, анан эмнеге баратасыъ десеъ сыйынганы сыйынуу бир гана Аллага таандык, сыйын үйдөн намаз окуп кудайга сыйын, мечиттен сыйын дейт, анан жанагындай жерлерге барганда зыярат деп айтыш керек. Зыярат деген сөз сыйлоо, мазарга зыярат кылып, куран түшүрүп келе жатам десе ошол туура болот. А сыйынганы баратам десе эъ чоң күнөө, кудайга ширк келтирген болот. Мисалы кудайдан башка тоо, ташка кудайдай болуп сыйынуудай болуп калат. Кудайдан башка нерсеге сыйынса ал адам өмүр бою түбөлүк тозокто болот, шариятта ошентип айтылган.

21. Ыйык  жерлерге сыйынуу боюнча  куранда маалымат барбы?

Ж. Куранда  айтылат сыйынуу бул бир Аллага таандык деп, башкага сыйынбагыла деп. Анан бул жерде илимдүүлөр менен бүбүлөрдүн ортосунда талаш-тартыш көп болот. Илимдүүлөр айтат мазарга барып сыйынып жатасыъар, бул эң чоң күнөө деп. Жана айтпадымбы сыйынуу деп айтпай зыярат деп коюш керек, ошол эле.