Алтынбек молдо

Маалымат алган: Жусупова Назира

Маалымат берген: Алтынбек молдо

Жашы: 29

Убакыт: Март айы 2007-жыл.

16. «Кыргызчылык»  дегенди  кандай түшүнөсүз?

Ж. Бизче кыргызчылык деп коет, казактарда казакчылык деп коет, өзбектерде өзбекчилик деп коет, орустарда орусчулук деп коет. Ошол сыяктуу эле кыргызчылык деген сөз адамдын табиятында болгон ыймандуулук. Ошол ыймандуулук жүрөгүндө козголсо ошол адам өзгөрүлөт. А бизче кыргызчылык карманып жатат десе биз 5 убак намаз окуп, таза жүрүп, таза турган адамды айтабыз. Жок бул жерде адамдын туула электеги ыймандык  фитраты бар. Мисалы Сен качантан бери мусулмансыъ десе мен альмийсактан бери мусулманмын деп айтылат. Альмийсак деп коет. биздин рухубуздун берген убадасы, жаныбыздын берген убадасы ошол убада таза фитрат. Ошол  ошол кезде Аллах Таалага болгон ыйманы, ошол ыйманы менен ал адам мусулман.  Ошол ыйманы менен адам момун мусулман. Бизде ошол ыйман эртеби кечпи ойгонот, мисалы отузга чыкканда намаз окуп калып жатышпайбы, же болбосо таза жолго түшүп бизче айтканда кыргызчылыгын карманып жатат деп коебуз. Же болбосо канында бар экен тукум кууп жатат кыргызчылыгын карманып жатат дейбиз, же болбосо кайсыл учурда болбосун ыйманга келип кыргызчылыктарын карманып жүрүшпөйбү. Бул нерсени да туру түшүнүш керек, кээ бир адамдар кыргызчылык десе көзү ачык, бүбүлөрдү түшүнүшөт, жок бул кыргызчылык деген ыйманчылык, өзүнүн түпкү тегиндеги ыйманчылыгы. Ошол түпүк тегиндеги ыйманы, уяты качан ойгонгон болсо ошол кезде моюн сунуп ошону улантып кеткени бул кыргызчылык. Себеп дегенде биз кыргыз болгондуктан кыргызчылыкка такай беребиз.  өзбектерде мындай ойгонгон сезимин өзбекчилик деп коюшат. Башка улуттарда да мындай нерсе бар жана кете берет.

17. Ислам менен «кыргызчылыктын» байланышы барбы?

Ж. Эч кандай айырмасы жок, бирдей эле. Бизде мазар басып, арбактарга сыйынып кеткени гана болбосо айырмачылыгы деле жок. Бешу бак намаз окуп, исламдагы Алла, Алла дегени, моюн сунганы, кудай дегени баардыгы келип ушул нерсеге исламга келип такалып жатабыз.

18. «Шайык» деген сөздү кандай түшүнөсүз?

Ж. Бул сөз арабдардын сөзү, шайхун деген сөзүнөн алынган. Бул сөздү биз аксакал деп которобуз. Мисалы үчүн аксакал деген сөз бизде да бар, карыган адамды аксакал деп айтышыбыз м=мк=н же болбосо жогорку даражадагы адамды аксакал деп айтышыбыз мүмкүн, улуу урматту деген сыяктуу. Мисалы жогорку даражалуу адамдарды улуу, урматтуу аксакал же улуу урматтуу президент дегендей эле буларды да шайх деп айтсак болот. Эмнеге дегенде алар билим жагынан өтө өнүккөн адамдарды дагы шайх деп коюшат. Ал адам билими менен көптү көрдү, ал эми өмүрү узун адамды да шайх деп жатпайбызбы ал адамды биз көптү көргөндүгү менен шайх деп атайбыз. Бул сөздүн мааниси ушундай, бул сөздү түзмө-түз которо турган болсок аксакал дегенди түшүндүрөт. Илии жактан аксакалбы, өмүрү жактан аксакалбы аны ар ким ар кандай баалайт. Илимдүү жана өмүрү узун адамды да шайх десек болот.

19. Мусулман деген эмнени түшүндүрөт?

Ж. Мусулман деген сөз ислам деген сөздөн келип чыгат. Исламдын биринчи мааниси тынчтык болуп которулат, экинчиси моюн суну, жараткан жалгыз Аллага моюн сунуу. Ал эми мусулман деген сөздүн мааниси тынчтыкка моюн сунган дегенди түшүндүрөт . Аллага моюн сунуп, тынч жүргөн адам. Мындайча айтканда мусулман деген сөз ислам деген сөздөн бөлүнүп чыгат. ал эми биз момун, ыйман келтирген адам деп которуп жатпайбызбы, эми кудайга ишенгенди тастыктаган адам деп айтсак болот.

20. Мазарларга сыйынууга көз карашыъыз кандай?

Ж. Мазарга зыярат кылганга болот, мазар деп бизче которгондо көр=стөн, улуу адам же атактуу залкар инсан ошол жерден каза болгон болсо сөөг= коюлган жерди биз мазар тутабыз. Эми ошол жерге шарият чектеген гана негизде зыярат кылууга болот. Мисалы ошол жерге барып куоан окуп, мен дагы ушундай адамдардай болуп үлгү алсам, ушул адамдардай болуп мен да такыбаа болсом, жакшы адам болсом экен деп зыярат кылганга болот. Ошол адамдарга куран окуп, кудайдан күнөөсүнүн кечиришин сурап барган болсо зыярат кылган болот. Эгерде ошол жерге барып сыйынып кеткен болсо шерк келтирген болосуъ, сыйынганыбыз дурус эмес. Аллах Таалага сыйынсак болот, мазарларга сыйынсак болбойт. Биз мазарларга барып эмне үчүн бала сурайбыз, эмне үчүн ден-соолук сурайбыз, эмне үчүн башка муктаждыктарыбызды сурайбыз, ал жерге барып сураганыбыздын эрежеси мындай. Мисалы Манас атанын күмбөзүнө барабыз, эгерде барган адам баласыз болсо «Ээ Алла ушул Манас атабыздын урматына бала бер» деш керек. Себеп дегенде Манас Ата биз үчүн улуу адам, патриот адам, баатыр адам. Манас Ата да бизге окшоп намаз окуган, ал адам бизге окшоп басып жүргөн, ал адам бизге окшогон кыргыз адам. Болгону бизден артыкчылыгы баатыр, эли жерин сүйгөн патриот, эл жетектеген адам, хан болгон. Эми ошол адамдан биз үлгү алыш ниетинде гана бырышыбыз керек, тарыхты козгогондун максаты эмне ошол адамдан үлгү алуу, ошолордон үлгү алсак деген ниетте биз тарыхты чукуйбуз. Ошол себептен мазарларга барып ошол адамдын урматына деп Алладан суранышыбыз керек. Арбактардан суранбашыбыз керек, аларга тескерисинче куран окушубуз керек. Мазарга барып Аллага сыйынсак болот, бирок жогорку тартипте гана. Мисалы Манас Ата бере көр, же Калпа Ата бере көр, же Ак тайлагым, Көк тайлагым бере көр эмес Аллах Таала бере көр деш керек болду.

21. Ыйык  жерлерге сыйынуу боюнча  куранда маалымат барбы?

Ж. Бул туралуу куранда маалымат жок,болгону зыярат кылуу гана маалыматтар айтылат, ошол жерлерге барып зыярат кылып тургула себеп дегенде ал өлүмдү эстетип турат деген. Кабырларга зыярат кылып тургула, кабырлар силердин өлүмүңөрдү эстетип турат деген. Кээ бир адамдар өлбөй тургандай болуп жашап жүрбөйбү бул дүйнөдө жыргашып. Биз кыргыз болгондон кийин мурдагы өтүп кеткен адамдарды унутпашыбыз керек, алар андай мамилеге татыктуу эмес. Ошолорду зыярат кылышыбыз керек, зыярат кылганда да шарият көрсөткөн жол жоболор менен гана аткарсак болот.