Төрөгелдиева Дариха: Негизи кыргызчылыкты экиге бөлүшөт экен

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Төрөгелдиева Дариха, Талас аймагы

Мен мазар дегенди мындайча түшүнөм: мазар деген – эл сыйынып, зыярат кыла турган жер. Мага мазар деген ысым мурдатан эле тааныш десем эч жаңылышпайм. Анан мазарга мен дагы мындай аныктама берээр элем: «Сөз туюгу – макал, жер ыйыгы – мазар. Ушул макалдын өзү айтып тургандай эле, жердин эң асыл, баарынан кымбат жери – бул, албетте, мазар.

Мен өзүм эң биринчи мазарга мындайча барып калгам. Ал кезде биз жаш болчубуз, мен досторум менен ичкилик ичип, кадимки Манас атанын күмбөзүнө сейилдеп, көңүл ачыш үчүн барганбыз. Анан ал жерде илгери бир кемпир (Супайра) шайык болуп олтурчу. Ошол кемпир күмбөздү абдан караар эле. Аңгыча ал биздин жаныбызга келип: «Эч нерсеге тийбегиле, бардык нерсеге аяр мамиле жасагыла» – деп айтып, саамга жаныбызга олтура кетти. Ошол убактан баштап мен оор акыбалда боло баштадым. Анан жанагы кемпир сезди окшойт, “Ай балам, сен эмне ичип алып бул жерге келип олтурасың, сенин кыргызчылыгың бар тура, сен Аллага сыйынып, дайыма 5 убак намазды окуп жүргүнүң» – деди. Мен болсо кетип калдым. Анан күйөөгө тийгенде катуу оорудум. Ошентип Сатылган молдого барып көрүнүп, ошондон баштап мазар баса баштадым. Мен эң биринчи жолу Манас атанын күмбөзүнө барып зыярат кылдым.

Алгачкы мен Манас атанын күмбөзүн эс ала турган жай деп түшүнчүмүн, качан гана касиетин билгенден кийин мен мазар деп ыйык тута алдым. Кээ бир адамдар мазардан туура эмес иштерди кылышса айыкпас ооруларга туш болушат экен. Мен, тескерисинче, кудайга шүгүр, жакшы жолго түштүм деп айта алам.

Негизи кыргызчылыкты экиге бөлүшөт экен: ак жана кара деп. Эгер кара менен кармалып калсаң, анда жанагындай нерсе туура эмес болуп, жин оорууларга туш болушуң мүмкүн. Ал эми ак менен кармалып калсаң, анда ишиңдин баары жакшы болуп, эл көрүп, туура жашап каласың.

Мен ар бир адам баласынын жекече ою болот деп ойлойм. Мусулманчылык дегенде биз молдолорду түшүнүп келебиз, ал эми кыргызчылык дегенде бүбү-бакшыларды түшүнөбүз. Ырас, молдолор илимдүү. Бирок, молдолордуку жаттама болуп эсептелинет. Анткени Куран – бул жазылган китеп, алар китепти окуп, жаттап алышып, ошону менен гана чектелишет. Ал эми бүбү-бакшылар түз эле Алладан келгендерди кабыл алышып, тиги дүйнөгө да барып келишет. Бирок бүбү-бакшылардын колунда тактап айтып берүүчү китеби жок, алар жөн гана сезүү аркылуу айтышат. Ал эми молдолордун колунда ар дайым китеби болот. Молдолор бүбү-бакшыларды шайтандар деп эсептешет. Мына ошон үчүн карама-каршылык болуп келген, жана да боло берет. Качан гана экөө бири-бири менен айкалышмайынча бул келишпестик токтобойт.

Leave a Reply