С.: Кыргызчылык деген эч уктасам түшүмө кирчү эмес

1990-жылы бутум баспай катуу ооруп калдым, көрүнбөгөн доктурум калган жок. Бишкекке, Казакстанга, деги бүт жакка бардым, ал-акыбалым күндөн күнгө начарлай берди. Анан бир күнү, айылыбызда бир табып молдо бар болчу, азыр рахматы болгур кайтыш болуп кетти, ошол: «Кызым, сени мазар бастырыш керек экен. Сенин тукумуңда кыргызчылык бар», – деди. Чындыгында эле менин чоң атам менен атамдар чымындары бар кишилер экен да, а менин го кыргызчылык, мазар басуу деген үч уктасам түшүмө кирчү эмес. ¤зүм орус мүнөз болчумун, бирок жаның ооруп кыйналса бардыгына макул болот экенсиң, үйдөгүлөр дагы барып көр, айыгып кетерсиң дешти. Ошону менен баягы кишини ээрчип алып мазар кыдыра баштадык, айыктым. Анан жакшы болгондон кийин көзүмө ар кандай нерселер көрүнө баштады, үндөр угулат, мазарга барбай калсам уктай албай кыйналам, мазар бассам оңолуп калам. Бир күнү түнөй турган болуп бардык, түндө көзүм илинип кетиптир, түшүмдө бир аппак сакалдуу чоң киши нары жактагы бир таштын түбүнө туруп алып мени чакырып жатат, барсам колунда бир кичирээк келген жыгач бар: «Мегин кызым, муногуну камчы жасатып ал, анан намаз жатта, намаз оку», – деди дагы, күн чыкканча алып ал деп туруп, жок болуп кетти. Эртең менен туруп алып жакшылап карасам, нарыраак жакта чын эле жанагындай таш турат, чынын айтсам башында коркуп кеттим, анан барсам чындап эле түшүмдөгү жыгач жатат, камчы жасаттым, намаз окуганды үйрөндүм, андан мурун деле сыр көрүнчү, бирок ишенчү эмесмин. Азыр бала-бакыра келсе көрүп, дем салып коёмун. Ошондон бери мазар басып жүрөм.