Сооронбаева Сонунбүбү: Айтуучулук, дубаначылык – ушул үйдүкү, устачылык – төркүнүмдүкү

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Сооронбаева Сонунбүбү, Талас аймагы

16 жашымдан мазар басып баштадым. Согуштун убагында тим эле ушундай кызылдай кыйналдым. Беш жыл тылда тракторист болуп иштеп турдум. Трактордун окуусун 40-жылы окуп бүткөм. Анан ошо согуштун убагында согуш күчөп турду, мен болсо ооруп жүрдүм, соо күнү иштечүмүн, соо эмес күнү кулап жүрдүм, эң акырында ушул оору күчөгөндөн кийин бир күнү трактордун алдында тепселип калайын дедим, анан догдур аркылуу 1947-жылы зорго бошодум.

Талма менен ооруп жүрдүм. Кийин барган мазарлардын баарын аян аркылуу көрүп турдум. Түш көрсөм, уктасам эле түшүмдө жетелеп барып жүрүштү. Ушинтип анан кыйынчылык менен жүрүп, ата-бабамдын устачылыгын кылып атып кармалдым, анан көзүңдү алам же өзүңдү алам деп күчкө салган убакта, кайсы жылдарда 45 жашымда чыктым ачыкка. Жердиги эч кимге билинбей бекинип жүрдүм. Ушунчалык кыйналгам.

Анан эми кагылайын Алла бул жашка келтирди. Өзүм бир атадан жалгыз кызмын. Атамдын балдары турбай жүрүп 7-баласы менмин. Анан жалгыз эле бир тууганым бар болчу менден улуу. Аскерге кетип дарексиз калды. Элди кулакка тартканда атам менен 32-жылы Кетмен-Төбөгө тентип барганбыз. Ал ооруп жатып 35-жылы Токтогулда өлүп калган. 13 жашымда жетим калдым. Ошондон бери эле кыйынчылыкта келаткан кишимин. Мен көргөн запкыны, убараны Аллам уулума, кызыма көрсөтпөсүн.

Мен мурда келген кишини эле кармалап жүрдүм. Келбеген кишини кел деп айтпайм. Алигиче деле бала-чаканы кармайм. Жарык баш болуп, киренелеп келген балдарды кармайм.

Мазарга баруу убагында атайын белги берет Алла Таалам. Аянда кайсы мазарга бар десе, ошого кете берчүмүн. Азыркы дубаналар эшикке чыкса эле 5 күндөн кийин айтуучу болуп чыга келип жатышат. Бирок эми Алла тааланын көрсөткөн жери башка. Дубана, дубана чалыш, бүбү, бүбү чалыш, бүбү имиш деп кетет экен. Анан «бат чыгат, бат кайтат» деген жери бар. «Тез эле чыгат, тез кайтат» дегени бар. Анан жанагы бүгүн айтуучу болуп эле, эртеси жолдон чыгып кетип жатканы ошол. Алла Тааламдын өзүнүн айткан жери бар. Анан аянда эч нерсени көрбөй туруп эле мен баланчаны көрүп жатам, баланчаны кармап жатам деген болбойт.

Менин чоң атам уста экен, аян көрчү, тамырчы, келаткан киши тууралуу «баланча күнү баланча киши келет, ошого даяр болгула» – деп келин-уулуна айтчу экен. Анан жөндөлбөй турган кишини «киши келет, мени жок деп айткыла» – деп дүкөнүнө кирип, тышынан кулптатып, бекинип калчу экен. Менин 6 жашымда кайтыш болду. Анан кийин азыркы жолдошум Кутмандын апасы кыргызчылыкты мойнуна албай жүрүп 5 жыл төшөктө жатып кайтыш болуптур.

Айтуучулук, дубаначылык – ушул үйдүкү, устачылык – төркүнүмдүкү. Чоң атам сынык таңчу, тамырчы болчу, уста болчу, Мамырат деген киши. Атамдардын тобунан Кыдырманын атасы, Кутманаалы, Шатманаалы, Жумаалы деп үчөө, Сыдык, Айтике, Бечел, дагы бирөө түкүрүкчү болчу. Жетөө эле, айтор. «Көч, көч баадик, көч баадик. Көчпөсө сырың айт баадик» – дешип, туюк шишип кеткен баадик деген ооруну суу менен түкүрүп отуруп айыктырышчу. Ушундай өнөрпоз болчу аталарым.

Мазарга барганда эч кандай сыр деле көрбөйм. Айтып отурбаймынбы, мазарга бараар замат эле алаканына салып көрсөтпөйт. Андыктан Алла Таалам бир күнү үйүнө келгендеби, мазарда отургандабы аянда берет. Мындай сени менен мендей болуп эч нерсе көрүнбөйт. Көрдүм дегендер көрдүм дей берсин, мен калп айта албайм. Көрдүм дегендерге мен түк ишенбейм.

Мазарлардын касиеттерине келсек, бирөө кыйын оору менен ооруп калса, ошону 3 жолу Арашан атага алып барып жүрдүм. Биринчи эле алып барганда шыпаа берет. Анан 3-барганда баспагандар басып кеткенин, сүйлөбөй калгандар сүйлөп кеткендерин көрүп жүрдүм. Мазардын ошондой жардамы бар. Мазар көп жардам кылат. Үйдөн чыккан киши Алладан үмүт кылып чыгат. Алланын мунусуна шүгүрлүк келтирем. «Ушу жинди оору болуп жүрүп мен төрөбөй-түшпөй калып, кыйынчылыкта калбагай элем, Алла. 6 болуш элдин аймагына кош, 7 болуш элдин жетегине кош, кудай кудуретиңден айланайын, Алла, жарым болуш элдин жанына консом экен» деген киши болчумун. Бир атанын кызымын да. Жанагы өлүп калды деген чоң апам абдан айтуучулугу күчтүү жакшы киши болчу. Ошо киши айтып жүрчү: «Сөкөй, сен бүгүн эле басып кетип, эртең эле туруп кетем дебе, кудайдан чегин тиле, жалгызмын, жарыммын дебе, Аллага, этегине кошулайын де. Мен көргөндөн 7 баладан мөөрөй көрөсүң балам, сенин көрө турганың бар»- дээр эле. Айткандай эле 7 бала көрдүм. Анан 41-жылкы кызым. Ошо 2-кызым кайтыш болуп кетти. Ошо кыздан кийин күйөөсү жок 5 жыл жүрдүм. Бу кишиге баш кошкондон кийин 4 жыл жүрдүм. 9 жыл төрөбөй жүрдүм. Анан Эмилбекти төрөдүм. Анан ооруп жүрдүм. 60 күндөп догдурга жаткан күнүм болду. Туюк шишип жүрдүм. Анан кийин догдурдан келип кайта эле ушу кыргызчылыкка келип, тиги-бу кылып, молдого дем салдырып, ал эле, бул эле болсом айыгып калчум. Ошентип жүрүп анан бир кыз төрөдүм 54-жылы. Андан кийин 57-жылкы эгиз балам бар. Ошо эгиз балдардан кийин эң кичүү балам 60-жылкы. Кара-Балтада милиция болуп иштейт. Балдарды солгун төрөдүм ооруп жүрүп.

Коргон ата мазарына Молдосак деген киши, анын аялы болуп бардык. Апасы кулагым деп жүрчү экен, ошого суу алам деп. Анан өзүбүздүн чал кошо барды. Темтелеңдеп баратам. Бир жерге барганда башым айлангансып, чарчагансыдым. Анан отура калдым. Отура калып көзүм илинип кетсе «Ай, оң жагына чыккыла, оң жагында бир таман жол бар» деп айтылды. Оң жагына чыксам мындай төштүн боорунда адам баскан бир таман эски жол жатат. Ошол жолго түштүм. Анан тиги Молдосак менен чал тике эле өйдө чыгып кетип калды. Жол менен чыгып бардым. Коргон ата мазарынын эшигине жеткенде отуруп дагы башым айланып калды. Отура калып куран кылдым. Куран окуп отурсам ата-энеңдин камырын көрсөт биерден деди. Мындай топурак түйүп көрсөтүш керек экен. Анан куран окуп бүтүп эле атам Султанаалынын камыры, Апам Үмүттүн камыры, бир тууганым Чекирдин камыры, согушка кетип жок калды деп ыйлап, анан үчөөнө деп үч жерге минтип топуракты үйдүм. Ошентип Коргон атанын агып жаткан суусуна жеттик. Аскада экен. Тиги бурчтан агып жаттты, чыгыш жагында. Ошого жеткенде чал менен Молдосак колун тоссо, суу чуркап ортосуна кетип калды. Ал суу чуркап кеткенден кийин кайра мен тоссом мага бар болуп калды. Мен ортосуна барганча суу дагы жок калды. Этегине кетип калды. Бир бөтөлкө суу тосуп алдым. Анан Молдосак айтып калды: «Бизге суу бербей койду» – деп. Анан ага бир бөтөлкө суу тосуп бердим. «Олуяңдан айланайын, суу сурап келдим, суусап аңкап турам» деп алдым сууну. Бирөөнү Молдосакка бердим апасынын кулагын жуусун деп. Бирөөсүн балдарыма алып келип берейин дедим.

Бардык. Барсак сайча бар экен. Сайда 4 бөлүнүп түндүк жатат. Сынып калган түндүк. Карап турдум. Дагы башым айланып отура калдым. Анан айтат «Ушу Коргон ата мазарынын түндүгү, бир кутургур сындырып кетти» дейт. Ошентсе ошону кагайын деп аракет жасап жатам. Көзүм илинип жаткан. Ойгонуп кеттим. Ошондо ылдый түшүп келдик. Коргон ата мазары мындай экен. Бир каапыр менен атышканбы, ким менен атышкан? Бул жерде мындай жыртык (3 тарабын көрсөтүп). Кыш менен коюп койгондой эле мынча-мынча ачыктары бар экен. Иши кылып атышкандары деп көрсөттү. Анан кайта кайттык жээкке. Козу алып барып сойгонбуз. Бир кемпир бышырып турам деп калган. Козунун эти эзилип түшүп калыптыр. Элди чакырып бердик. Ошо казандагы шорпо ушундай мелтиреп турду. 3 түп бак бар экен. Бирине-бири минтип кагышып калыптыр. Таң атканча жамгыр жаады. Бактын түбүндө, кемегенин жанында отурдук. Ээ, касиетиңден айланайын, бир тамчы үстүбүзгө суу тамган жок. Ошо бактан тамган жокпу, же олуянын касиетинен тамган жокпу? Айтор билбейм. Таңга маал көзүм илинип кеткен экен, «Балдарыма кур кетем дебе, алдагы суудан аттап өт, өтсөң кыбыла тарапты карасаң 3 түп баш узун карагай өсүп турат. Ошонун түбүндө кызылгат турат, ошону терип ал» деди түшүмдө. Эртең менен суудан аттап өтүп, карагайларды карап турсам, кыбыла тарапта 3 түп карагай бийигирээк өсүп турат. Ошонун түбүнө жеттим. Кызылгатты өмүрүмдө көргөн эмесмин. Минтип эле жалбыракты оодарсам, алчадай болуп чыга калды, 5-6 мөмө алат экен, кыпкызыл болгон. Анан бир литрлик банкага жарымынан өйдө терип алдым. Аны Молдосактын балдарына, менин балдарыма бөлүп алдык. Ошону көрдүм, айланайын.

Leave a Reply