Мамеков Жумадил: Дубана атам мекен коргогон

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде”

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Мамеков Жумадил, Талас аймагы

Атам Чоңараалынын иниси Саргалдак атам Манас күмбөзүндөгү кароолчулугун таштап, 1942-жылы согушка кеткенде анын ордуна кароолчу болуп менин кийинки кайын атам Алымбай менен кайын энем Супайра келишкенин жогоруда айтып бергем. Анан бир күн Супайра энемден 33 жыл кароолчулук кылган өмүр турмушунда Манас күмбөзүнөн кандай адаттан тыш нерсени көргөндүгүн сурасам, төмөнкү окуяны айтып берген:

«1993-жылы жайкы күнү таңкы 5 тер чамасында уй саап атсам, күлгөн балдардын үнү чыгып калды. Кайсы балдар деп артты карасам, азыркы музейдин ордунда уй баккан сарай бар эле, дубалында бирдей курактагы, болжолу 9-12 жаштардагы 9 бала, бардыгы кызыл жүздүү, күлүп отурушат. «Эмне күлүп атасыңар?» – десем, «Апа, сиз дайыма куран окуп турчу элеңиз. Эми көчүп кеткенде да куран окуп турсаңыз» – дешет. «Эй айланайындар, мен өлүп калганга чейин дайыма куран окуп турам да» – десем, дубалдан нары ооп түшүп кетишти. Андан башка эч сыр көргөн жокмун».

Кайненем 2006-жылы май айында 82 жашында көз жумду. Күмбөздөн көчүп кеткен себеби, ошол жылдан тартып күмбөз өкмөттүн карамагына өттү.

Ал эми өзүмдүн атам Чоңараалыдан Манас күмбөзүндө өткөн өмүрүндө не кызыктар болгонун сурасам, ал төмөнкүлөрдү баяндаган:

«Күздүн күнү болчу. Таң атып калыптыр. Атамдын жанында жатчумун. Аңгыча түпүрөп, жылкынын туягынын үнү угулуп, жоон үндүү киши «Мамек!» деп кыйкырып калды. «Ата, эшикке чыгып карайынбы» десем (9-10 жашта элем), «тынч жат» деп койду. Үч жолу кыйкырган киши көп атчан менен батышка өтүп кетти. «Бул ким, ата?» – десем, унчукпады дагы, апам Шаарканга: «Тур кемпир, бетиңди жуу» – деди. Куран окуп, чай ичтик. «Кемпир, эми Кудайдын айтканы ушул, Манастын арбагы келип кетти. Аттигиниң, «Манасты» токтотпой айта берсем болмок экен. Эми жашасам ары бир жума жашайм, болбосо болбой калды» деп, эки күндөн кийин башым деп атып көз жумду».

Мамек чоң атамдын уулу Саргалдак дубана атам (менин атамдын бир тууганы) бир-эки жылда Батышта согуш чыгаарын, насиби ошол жактан болуп, кайтпай калаарын айтчу экен. Чындап эле дубаначылык менен Киров районунда жүргөн жеринен согушка жиберилип, дубана таягы айталаада калып, өзү кабарсыз кетти.

Leave a Reply