Мадиярбекова Байызбүбү:ЧОҢ АТАМДАРДА ДА, ТАЯТАМДАРДА ДА МЫНДАЙ КАСИЕТ КҮЧТҮҮ БОЛГОН ЭКЕН

Мазар басканыма он жыл болду. 7-классымдан бери кыдырам. Мен кичинемде эле билчүмүн. Бир жолу жетинчи класста окуп жүргөндө апам Бүбүсада деген көзү ачык эженикине ээрчитип барды. Анткени биздин уйларыбыз көп болчу. Катар-катар жоголгондо сурайын деп барып, бизди эшикке тургузуп койду. Өзү кирип кетти. Бир убакта мени кирсин дептир, кирсем «өзүңөрдө чоң бүбү турса, мага убара болуп не келдиңер», – деп койду. «Мага көрүнбөй калды, сен айт, айта бер», – дегенине таң калып турсам, мага кадимки телевизордун экранындагыдай бардык нерсе даана көрүнө баштады. Уюбузду ким жетелеп бара жатканы, жанындагы ити, кийген кийими ж.б. баары даана көрүнүп турду. Бирок тилим күрмөөгө келбей, айта албай койгом. Азыр деле көп нерсени билем, бирок айтпайм. Чоң атамдарда да, таятамдарда да мындай касиет күчтүү болгон экен. Байкемдин кызы да 13 жашында ушундайынан кетти, мойнуна албай жүрүп. Андан кийин дагы бир тууганыбыз кайтыш болду. Мен да 9-класста экенимде эжем эшикке чыгып кетип, мен үйдө жалгыз отургам. Аңгыча бир орус аял жана бир киши менен бир бала болуп мени көздөй кирип келе жатат. Аябай корккон жаным көзүмдү жуумп, эшикти көздөй чуркадым. Мен аларды жөөлөп сүзүп өткөндөй болдум. Эжемди чакырсам болбойт, үйгө киргенден коркуп эшиктин алдында олтурсам, баягы байкемдин кайтыш болгон кызы келип жаныма олтуруп алса болобу, «Гүлкайыр келиптир» деп кыйкырып тура калсам, өз эжем келди. Апам дем салдырды, көзү ачыктарга алып барды эле, алар мени мазар бассын дешти. Эң алгач ушул Калпа-Ата мазарына келгем, жанымда эжемдер, апам бар болчу. Булакта куран окуп олтурсак, бирөө шырт этип эле кирип келди. Мен бакырып, кыйкырып, жоолугумду алып ыргытып чуркадым. Мен көрбөгөндү көрдүм, кудай мени жакшы эле кыйнады. Ооба, эл деген кыйын экен, укпаганды уктум. «Баланчанын кызына жин тийиптир, ал келесоо» дегенди да айтышты.

Дагы бир жолу, 11-класста ар кандай арак-шарап ичмей боло берет эмеспи, коштошуу кечеси болуп жаткан, мектептен үйгө келдик. Кире албай калбадымбы, бутумду чечейин десем кыймылдай албайм, түптүз болуп каттым. Жанымда турган классташым соопчулукка бутумду чечти. Үйгө кирип, таң аткыча диванда сулк жаттым, эртең менен апам эптеп жетелеп кетти. Үйгө келгенде такыр тура албай калдым. Үйгө автобус айдатып келишиптир, баса албай, токойго барбай калдым.

Мойнума алган менен так деле аткарган жок окшойм. Элден уялам да.

Ооба, мен деле ар кандай  аяндарды көрөм. Менин көрбөгөнүм калган жок го, улуулар менен көп жүрүп калгандыктан, жаш болсом да картаңдардай сүйлөйм. Ата-энем жаш эле.

Мени айтымчы деп коёт. Элди дарылабайм, дем гана салам. Ооруган жери кайсыл жерден жакшы болот, келечегин, өткөнүн айтып берем. Мага баары көрүнүп турат. Эки түрлүү көрөм. Биринде  жогорку күчтөр кулагыма шыбырайт. Экинчиси, көз алдыма элестеп көрүнөт. Беш бир тууганбыз. Алар киши-кара карабайт. Алардын кыргызчылыгы жок.

Албетте, колдоочуларым бар. Алар мени дайыма карап жүрөт. Алдыда эмне болоорун кээде мага ошолор айтып берет. Теспем бар, аны менен зикир чалам.

Адамдан деле касиет качат экен. Мен эки жылдан бери Бишкекте соода кылам. Бирок эч кимди алдабайм. Мазарга көп келбей калсаң, көп жакшы нерселерди сезбей калат экенсиң. Шаарда деле киши карай берем, аябай ооруп, кайра атайы айылга келип, мурда барып жүргөн мазарларыма келип турам. Шаардан да атайы бир молдонун ижарасына чыккам.

Эч жерим деле оорубайт, болгону жан дүйнөң мазарды сагынып куса болот да. Келер менен жакшы болуп калдым, кээ бир көзү ачыктар эч кимге кошулбайт го, мен түз эле батынып кире берем. Бүбүсада эже: «Сен күчтүү экенсиң, сен олтурганда мен тумандап көрө албай калам» деп айткан.