Кожобекова Бурул: Кыргызчылыгы бар адамдар эч качан медицинадан жакшы боло албайт

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Кожобекова Бурул. Талас аймагы.

47 жаштамын. Ак жолго түшкөнүмө 10 жыл болду. 10 жылдан бери кудайга шүгүр, эл көрүп жатам, шыпаа болуп, эл жакшы келип жатат. Анан эми элдин ден-соолугу жакшы болуп кетсе, мен өзүм ыраазымын, өзүм да жакшымын, эл капалуу болсо мен да капалуумун. Ак жолго түшкөндөрдүн азабы да, жеңили да, оордугу да болот экен, ал эми кудайга шүгүр, меники жеңилирээк болду. Анан түшүмө аян кирип турду, аян боюнча иштейм көбүнчө, эл келердин алдында Алла-Таалам белги берет, ошол белги менен да иштейм. Алла Таалам касиетти кыргызчылык жолго түшкөндө ошол эле замат бере койбойт. 5 жылдан кийин бирөө, 10 жылдан кийин бирөө, 20 жылдан кийин бирөө акырындап берилет.

Мисалы, мен ак жолго түшкөндө ошол замат эле зикирди, шамды, төлгөнү бере салган жок. Кичине Алла Таалама жаксам анан бир аз өйдө көтөрүп, аз-аздан бере баштайт экен. Мисалы, төлгө тартканыма 4 жыл болду, андан мурда билчү эмесмин. Зикир чалганыма 6 жыл болду. Андан кийин мазарга барып турдум, ал жактан да касиеттер берилип турду. Анан менин азыр камчым менен теспем бар. Аларды да түш-айың көрүп, анан алдым. Мисал үчүн теспе жөнүндө айтсам, менин таякем молдо болгон. Анан мен кыргызчылык жолуна түшкөндө ошол таякемдин түшүнө аян берилип, «бир тууган жээн кызыңа теспени бир айдынбы, бир жарым айдынбы ичинде чегип жасап, алып барып мойнуна тапшырасың» делген экен. Азыр болсо тайкем кайтыш болуп кетти. 10 жыл мурун тайкем мойнума теспени салып кеткен. Камчы алганыма деле 10 жыл болду. Караколдо бир бала бар эле, ал аябай катуу ооруп жаткан кезинде түшүнөн аян көрүптүр. Менин аты-жөнүмдөн, дарегимден бери көрсөтүлүптүр. Анан мени таап, камчысын ырымдап мага таштап кетти. Анткени мен ага батамды берип, Каныкей апанын, Айчүрөк апанын булагына барып камчы менен дем салып койсом, ал бала жакшы болуп кеткен. Ошентип, Кудайга шүгүр, элге эмимдин шыпаасы тийип жатат.

Башында менде кыргызчылык жолуна түшөм деген ой деле жок, түшүнүк да жок болчу. Изилдеп көрсөм, тукумумда эч бирөөсүндө да кыргызчылык болбоптур. Түпкү атабызда эч кандай касиет деле жок экен. Ден соолугум деле аябай жакшы, түш айың деле көрбөчүмүн.

10 жыл мурун мен төрөдүм, төрөгөндөн кийин эле ушул нерсе пайда болду. Төрөп келген күнү кыш мезгили эле, үй да муздак экен. Диванда отурсам эле «шууй» деген күч менен чыккан үн угулду. Мен болсо таң калдым «шууй» деген үн эч тынбай угулуп эле жатты. Эки жагымды карасам эчтеке деле жок. Анан үн жакындагандан жакындап келе жатат. Анан жанымда кайним бар эле, агы ушундай бир сигнал үн жакындап келе жаткандыгын айтсам, «сен жаңы эле төрөдүң, каның да аз, ошон үчүн сенин башың айланып, кулагыңа жөн эле угулуп жатат» деди. Анан кайним нан алып келем деп эшикке чыгып кетип калды. А жанагы үн менин жанымды алчудай болуп жакындап калды, өзүмдү жаман сезип, жүк көтөргөнсүп калдым. «Ай» деп жиберсем ошол үн эшиктен кирип калды, карасам топтомолок капкара чаян мени көздөй учуп келип эле дивандын үстүнөн көтөрүп чапты, чапкандан кийин «аай» деп кыйкырдым. Бүттү, ошондон эле башталып калды. Ошондон баштап эле башымды көтөрө албайм, саал эле турсам ошол чаян кайра эле көтөрүп чабат. Тигил жакка барсам басат, нары жакка барсам басат, мени кыйкыртат, өкүртөт. Алты ай бою ошо менен алыштым, күндө пристубум кармап ооруканага алып барышат. Андан биз билбейбиз деп чыгарышат, ал жактан чыгып жиндиканага алып барышат, ал жактан да чыгарышат, деги эч жерден болбой койду. Анан мен Бишкекке качып кеттим. Ал жакта менин бир тууган жездем Корчубеков Баратбек курортология институтунда иштейт экен. Жездеме оорумду айтып берсем, ал: «Болуптур, эгерде сени дагы кармай турган болсо аппараттарды дайындап коеюн, сенин жүрөгүңдү, каныңды текшерейин» – деп аппараттарын сайып койду. 3 күн Бишкекте жакшы жүрдүм. 3-күнү дегенде жердин асты менен дүңгүр-дүңгүр деп баягы келе жатат. Жанымда эжем бар болчу, ага: «Эже, баягы дагы жердин асты менен келе жатат» десем, «койчу каяктагыны айтпай» деп койду, бир убакта ал неме Беловодскиге жеткендей болду, жер титирей баштады. Жер титиреп жатат десем, тигилерге билинбептир. Калдыр-шулдур деп баягы чаян эшиктен кирип келип эле дагы көтөрүп чапты. Мен чыңырып жаным калбай калды. Ошол дайыма келгенде эле ичимди кесип сууруп алып кетет. Анан ошол жерден өзүмдү жоготкондон кийин жездем мени аппаратка салды, аппаратка салса эчтеке көрүнбөй койду. Буттарымдагы кан токтоп, көпкөк болуп калды. Жездем укол салып, массаж жасаса да болбойт, көрүнбөйт. Анан жарым саат дегенде араң өзүмө келип, көзүм ачылды. Ошол жерден анан жездем башын чайкап: «Сенин эч жериң ооруган жок, ден-соолугуң жакшы, сенде Алла Тааламдын берген буйругу – жүк» деп айтты, ошондо гана профессор түшүндү.

Болуптур деп 217-көзү ачыктардын бөлмөсүнө алып барды. Барсак ошол жерде Салтанат деген Көлдүк жакшы келин бар экен, жаңы көзү ачылып, иштеп жатканына 2 жыл болуптур. Жездем мени ошол келинге кошуп койду да, тиги келинге: «Бул менин балдызым болот, сен менен бир аз жүрсүн, эгерде айыктырам десең дем сал, ушуга ырым-жырым жасап бер» деп айтты. Салтанат болсо мени көрүп алып эле: «Ава, мен муну эчтеке кыла албайм, 6-7 ай менин жанымда жүрсүн, анан ден соолугу жакшы болуп кетер, кыргызчылыгы чындап эле бар экен» – деди. Ошентип жездем мени келинге калтырып кетти. Мен болсо эмне кылаарымды да билбейм. Жаңы эле төрөгөм, балам да калды, үйүм да калды. Ошол мезгилде Салтанаттын жанында жүргөндө көзүмө шайтандар көрүнөт. Мындай карасам айнектен жылан, бака кирип келе жатканын көрөм, оокат ичип жатсам тамактар курт болуп кетет, иче албайм, адам келе жатса өлтүргүм келет, анткени моюндарына жылан асылып, шайтан минип келе жаткандарын көрөм. Аларды алайын десем адамдар качат, мени жиндеп кетти деп ойлошот. Көрсө оору күчөп кеткенде жин көбөйүп жиндеп кетет экенсиң. Меники ошондо аябай күчөп кеткен экен. Тигил жакты карасам деле шайтан, бул жакты карасам деле шайтан көрүнөт. Анан Салтанатка: «Мен жиндеп баратам, мени айыктырчы, дем салчы» – десем, Салтанат: «Мен сени айыктыра албайм, андан көрө сен мени менен эл көр» деди. Ошентип бир күнү Токтогулдан эки буту баспай калган аялды вертолет менен алып келишти. Бутун тим эле жара басып кетиптир. Анан ошондо Салтанат «Сен колуң менен ушул аялды өйдөдөн ылдыйга сыдыр» – деди. Көрсө ошондо мени сынап жатканы экен, а менин оорум тим эле күчөп башыма чыгып жатат, бирөөнү кармасам өлтүргүм келип жатат. Бирок жанагы аялды көргөндө жүрөгүм кадимкидей эс алгандай жеңил сезип калдым, анан колум менен акырын сыдырсам, жаралары жарылып ылдый түшүп жатат, колумда эм бар экен, эм түшүп жатыптыр азыр ойлосом. 2 күндөн кийин жаралар жарылып, жок болуп баштады. Салтанат: «Эже, колуңуз жагып жатат, дагы ушинтиңиз» деди. Ошентип 4 күндүн ичинде кадыресе толук айыгып кетти. Мен ага дем салган жокмун, дуба да окуган жокмун, жада калса келмени да билбейм, колум менен сыдырганда эле айыкты.

Анан Салтанат ыраазы болуп мени үйүнө алып кетти. Үйүнөн козу союп, чай берип, анан кеч киргенде уктап калганбыз. Түшүмдө бир убакта эшиктен эки баштуу апаппак жылан адамдай кирип келип, менин маңдайыма тикесинен туруп эле: «Ай Бурул, тур, тур» дегенинен туруп, дивандын үстүндө отурсам, «Мен Салтанаттын ээси болом, Салтанаттын жакын арада иши жүрбөйт, эми конбойт, анткени Салтанат көп бейчеки иштерди жасап жатат. Бурул, алдагы шкафты карасаң, ичи толтура арак, – деди. – Арагы бир жагынан тоскоолдук кылып жатат, экинчи жагынан элди алдап жатат, үчүнчү жактан даарат албай жүрөт, ушул салам-дубамды айтып кой». Мен макулдугумду бердим. Жылан болсо 3 тоскоолдук туруп жаткандыгын, эгерде ушул 3 тоскоолдук болбогондо, Салтанаттын касиети аябай күчтүү экендигин айтып, кадимкидей коштошуп кетип калды. Ошо менен сүйлөшүп отуруп таң атып, саат 6 болуп калыптыр. Анан эртең менен саат 6 да туруп экөөбүз жумушка бардык.

«Салтанат, менин түшүмдө сенин колдоочуң келди, апаппак эки баштуу жылан экен» – деп түндөгү салам-дубаны айттым. Үйдө арак барбы десем, бар деди. Ким ичет десем, апасы ичээрин айтты. Көрсө көлдүктөр ичимдикке кичине жакын болушат экен. Анан мен эмне болгонунун баарын айтып берсем, ошол замат түшүнүп, коркуп, үйүндөгү арактарды ыргытып, даарат алып, ниет коюп калды.

Анан, кудайга шүгүр, жакшы иштеп калдым. Эл деген толтура, аябай көп келет, тим эле кезек күтүп калат, эртең менен кеткен боюнча кечинде келебиз. Анан кудайга шүгүр, элди көп көрүп, ден соолугум жакшы болуп калды, сакайып калдым. Анан жакшы болуп калгандан кийин ойлодум да, Таласка келдим, бирок мен мазар баскан жокмун.

3 жыл бою кол менен эле айыктырып жүрдүм. Төлгө ачпайм, мазарларга барбайм, үйдөн эле көрүп калдым. Оорумдан да сакайдым, мурдагыдай жиндеп кетмейим да басылды. Анан бир күнү үйдө отурсам, кечки саат алтыда Манас атам айнекти тарс эттире жарып, учуп келип эле менин жаныма конуп калды. Ошондо мен дивандын үстүнө нымшып уктап калыптырмын. Анан түшүмдө бирөө «Ай, ай Бурул» деп жонумдан таптады. «Турсаң өйдө» деди, турсам Манас ата экен. Тим эле аябай күчтүү, аты да жанында экен. Анан мага айнектен тетиги чокуну карасаң деп көрсөттү. Мен чокуну карасам, азыркы ойлогонум боюнча Шаркыратма экен. Ошол жерге мен сени алып барайынбы деди. Колумдан кармап артына учкаштырды. Учкаштырып алып үйдөн шаркыратмага чейин учуп барды. Ошентип шаркыратманын чокусуна туруп калды. Анан: «Талас өрөөнү жак бетти карасаң» – деди. Карасам капкара туман басып калыптыр, эчтекени көрө алган жокмун. Андан кийин Эчкилүү тоо жак бетти карасаң деди. Ал жакты карасам тим эле бейиштегидей жер экен. Жапжарык, кызылы кызыл, агы ак, алма багы тим эле сонун болуп өсүп туруптур. Ошол жерден жакшылап карасаң, дагы эмнени көрдүң деди. Жакшылап карасам, бир таман жол көрүндү. Анан мен көргөнүмдү айтсам, «ошол жол менин атымдын жолу, мен азыр атым менен Талас элин, жерин, суусун кайтарып жүрөм. Азыр мен шашып жатам, кетишим керек» – деди. Анан кетээрдин алдында мага астыңды карачы деди. Астымды карасам шаркырап аккан суу Таласты көздөй кетип баратыптыр, анан ошого зыярат кыл деди. Зыярат кылып, суусуна колумду малдым, тунук, тазалыгына ыраазы болдум. Анан суусунан ичип жатсам, Манас атам шашып жанагы бир таман жол менен кетип бара жатыптыр. Эки-үч аттаганда жерден эле бир таяк алып чыкты, ал 3 тешиги бар сурнай экен. Чынында 4 тешик экен, бирөөсү жешилип калыптыр, өзү да аябай эскирип, жешилейин деп калган сурнай экен. Ошону алып алыстан «Бурул, ме тосуп ал» деп ыргытты. Колум менен тосуп алсам эле оң колумдун чыканагынан колумдун башына чейин сыйкырланып калыптыр. Анан мен менин колумду Манас ата сыйкырлап койду эле деп сурнайды жеңиме катып койдум. Анан Манас атам мага мен баланчанчы күнү тосуп алам, тетигил жерди көрдүңбү ошол жерден мени табасың деди. Ошол боюнча шашып кетип калды. Болуптур деп ылдый түшөйүн десем эле бир тууган иним бир аялды алдыма жаткызып койду да, ушуну эмдеп-домдойсуң деди. Мен болсо «жок, бул жерден эмдебейм, үйгө алып бар» деп жатыптырмын. Иним болсо «жок эже, сиз ушул жерден эмдеп-домдошуңуз керек, сакайтышыңыз керек» деп көздөн кайым болуп кетти. А тиги аял өлүктөй болуп жатат, эмне кылаарымды билбейм. Анан бир убакта эстедим, Манас ата суудан ич дебеди беле, ушу суусунан бүркүп көрөйүнчү деп суудан алып сүф деп 3 жолу бүркүсөм эле, аялдын бетине кан жүгүрүп баштады. Анан Манас ата берген сурнай менен да 3 жолу сыдырдым. Ошондон кийин эле баягы аял жаңы төрөлгөн балдар чел кабык же тондон чыгат го, ошондой болуп жөтөлүп чел кабыгынан чыгып келе жатат. Чел кабыгын жерге таштап мага келди. Бою менден узун, чачы да менден узун, сулууча келген 400 жаштардагы кемпир экен. Мени карап эчтеке деп айтпай этегимден 3 жолу өптү да, кулдук уруп артын караган жок, асты менен кетип калды. Кеткенден кийин мен да кетейин деп жерге түшөйүн десем эле Таластан баштап Жамбылга чейин мага кезек күтүп оорукчандар отуруп калыптыр. «Ой бул жерден кетиңиздер, мен үйдөн көрөм, бул жерден көрбөйм» десем эле бир чал болбой колумдан шап кармап алып туруп: «Айланайын кызым, мен сени жибербейм, ушул жерден менин сокур көзүмдү бар кылчы» деди. Мен «кантип бар кылам» десем, «Манас ата колуңду сыйкырлап салбадыбы беле, сиз ушул жерден бар кылышыңыз керек» – деди. Кетейин десем этегимди шап кармап алып кое бербей койду. Ошону менен ошол жерде эмдеп-домдоп отуруп калдым. Анан колум менен кармап сыйкырлап, көзүн бар кылып коюптурмун. Анан чал мага батасын берип кетип калды. Андан кийин колу жок бир кемпир келип колумду бар кылып бер деп жатыптыр. Аны да аткардым. Өзбек киши, өзбек аял, казак, кыргыз, орус, түркмөн – бүт улуттагылар жолдо кезек күтүп отурушуптур. Ошентип үйгө келбей ошол жерде эмдеп-домдоп отуруп калдым. Бир убакта чочуп ойгонуп кеттим. Ошонун ортосунда 5-6 эле мүнөт өтүптүр. Ойгонсом эле үйдө келиндер бар болчу, а мен такыр уктачу эмесмин, уктайын десем эле жиндер баса калчу, ошондо уктап калыптырмын, үйдөгүлөр да таң калышып тынч отуруп калышыптыр. Туруп алып эле айнекти карасам бүпбүтүн, бирок түшүмдө айнек тим эле ушунчалык тарс деп бычыранып сынган, мен дапдаана көргөм. Анан айнектен Шаркыратманын чокусу көрүнөт.

Ошентип Манас атанын күмбөзүнө барып зыярат кылайын дедим. Ага чейин барган эмесмин, биринчи жолу чыктым. Жаныма бир келинди ээрчитип алдым. Ал келин мурда барган экен. Биринчи эле Каныкей апанын, анан Айчүрөк апанын булагына бардык. Кантип зыярат кылышты билбейм, суу ич десе ичем, тур десе турам. Ошентип ал жерден зыярат кылып Манас атанын күмбөзүнө бир үйдүн огороду менен кетип баратканбыз. Жолдо бир чоң дөң бар экен, ошол жерден өтөйүн десем эле Эчкилүү тоо жактан Манас ата 3 чоросу менен менин жанымдан «шууй» деп эле мени тепсей өтүп кетишпедиби, тепсеп анан көтөрүп чапты. Чапкандан кийин эле эсим ооп жатып калдым. Жарым саат эсим ооп жатыптырмын. Аларды мен дапдаана көрдүм. А жанымдагы келин эчтеке көрбөптүр. Мени жөн эле эси ооп куласа керек дептир. Анан ал келин ыйлаптыр, көрсө мен ылайга жатып калыптырмын да. Анан тиги келин: «Бурул, сен Манас атанын күмбөзүнө жетпейт окшойсуң, андан көрө үйгө кетели» – десе, «жок, мен барам» дедим. Бирок тура албай койдум, жүк тартып калган окшойм, жарым саат өткөндөн кийин гана араң эсиме келип турдум. Туруп эле издерин карадым, көрсө Эчкилүү тоо жакка кесип өтүшүптүр. Жанымдагы келинге азыр эле Манас аталар өттү го десем, «Эмнени айтып жатасың, сен туруп-туруп эле жыгылып калбадыңбы» – дейт. Демек, бул көргөн эмес экен деп, ошол жерге куран окуп, Манас атанын күмбөзүнө барып зыярат кылып үйгө келдим. Ошондо Каныкей апа Манас атанын күмбөзүнөн баштап үйгө чейин ээрчип келиптир. Көгүлтүр көйнөк, чермей кийип, жоолукту кемпирлер салынгандай кылып салынып алыптыр. Бирок аябай ачуусу менен эле «Бурул, тур» деди. Мен ыргып эле турдум. Анан: «Мен Каныкей апаң болом, булактан бери артыңдан ээрчип келдим, анткени силер туура эмес зыярат кылдыңар, мен жолдун наркы бетинде турам, Айчүрөк апаң жолдун берки жагында турат. Силер мени Айчүрөк апа деп зыярат кылдыңар деди. Сен экинчи ирет барганда мен сени тосуп алам» – деп эки-үч арабча сөз айтып, ачуусу келип кетип калды. Ыргып эле турсам, жүрөгүм ооруп калыптыр. Көрсө биз чындап эле туура эмес басып коюптурбуз. Эртеси күнү кайра барып «Кагылайын Алдам, билбестик кылдым, кечир, эми мындан ары биринчи Каныкей апанын, андан кийин Айчүрөк апанын булагына, анан Манас атанын күмбөзүнө барам» деп ошол жерден сөз бердим.

Эми кудайга шүгүр, ошону менен кыргызчылык жолу башталып, элди жакшы көрүп калдым. Жогоруда айткандай, камчы да, теспе да, эбепке себеп, элден келди. Андан кийин 4-5 жылдан кийин аян көрүп баштадым. Көбүнчө аян менен иштей баштадым. Аян аркылуу жар берди, андан кийинки аянымда зикир, андан кийинкиде шам, акыркы аянымда төлгө берди. Аянда берилген нерсе натыйжалуу, бербесе канча үйрөнсөң да шыпаасы болбойт экен. Ошентип мен жалаң гана аянымда эмне көрсөм ошол боюнча иштеп, ошол боюнча үйрөндүм. А мындай эч кимден үйрөнгөн жокмун. Устатым да болгон жок. Бүбүнүн, бакшынын артынан ээрчиген жокмун, болгондо эле тайкем келип эм-домдорду үйрөтүп кетти. Тайкем ошондо: «Сен эгерде Алла Талам берсе, үйүң турат, очоктон сыйын, очоктон сыйынсаң ошол жерден берет» деген. Көрсө үйүңдөн сыйынсаң, үйүңдөн эле берет деген сөз экен. Ошон үчүн мен мазарларга деле көп барбайм, тигил жактан, бул жактан берет деген деле туура эмес экен. Алла Талам бешенеге эмне деп жазса ошону көрөт экенбиз. Чындыгында мен башында бүбү болом, көзү ачык болом деп ойлогон эмесмин. Кечээ жакында эле берди, бардыгы үйдөн болуп жатат. Ошондуктан мен үйдү мазар деп эсептейм. Элдин баары зыярат кылып келип жатат үйгө, жакшы болуп кетип жатышат. Оорулуулар, жолу ачылбагандар бүт эле ушул жерден шыпаа болуп кетип жатат. Ошондуктан биринчи кезекте мен үйдү мазар деп ойлойм, экинчиден, шыпаа болсо мазар деле жакшы, жок дегенде бир жылда 3 басып коюш керек. Мазардын деле касиетин көрдүм, ошон үчүн ал жакка да барып туруш керек, таза барып, таза келишибиз керек, оюбуз да ак болуш керек. Ошондон кийин мазар бизди сыйлап калат. Эгерде оюбуз таза эмес, мазардын жанынан жаман сөздөрдү сүйлөп отурсак, мазар бизди сыйлабай жүк берип коет. Ошондуктан мазар коркунучтуу, мазарга барганда абайлап барып, абайлап келиш керек. Үйдөн барганда ниет коюп, 7 токоч жасап, келмени келтирип, даарат алып, мазардын чекесине куран окуп, анан кайра баса бериш керек. Мазарда деле көп отурган болбойт экен. Каныкей апа келип айтып кеткенден кийин эле коркуп калдым. Мазар касиеттүү, анда-санда барыш керек, бирок көбүнчө Алла Таалам берсе болот, бербесе жок экен.

Менин үйүм мазар болгондуктан, мага ишенип бүт оору менен ооругандар келишет. Мисал үчүн кулагы, көзү, башы, ашказан, ичи, буту-колу ооругандар, пристубу барлар, жиндеп кеткендер келишет. Кыргызчылыгы барлар, эл көрүп жүргөндөр келип кеңеш алып кетишет. Мен аларды мазарларга да алып барбаймын. Бүттүгүн үйдөн эмдеп-домдоп айыктырам. Анда-мында гана өзүм барып келем.

Leave a Reply