Исмаилов Иллахун: Туура эмес айтсам, кыйналам

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр”

(Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Исмаилов Иллахун, 1954-жылы туулган.  Ысык-Көл аймагы

Менин чоң энем, атам молдо болчу. 1975-жылдары ооруп баштадым, бирок эч жерден айыккан жокмун. Акыры 1991-жылы шаарга табыптарга барып, Харниса деген аялдын колуна түштүм. Бул киши Бурма-Суу айылында жашаган калмак улутундагы киши, азыр Алма-Ата шаарында жашайт. Ал менин устатым болуп калды. 1992-жылдан мен өзүм киши көрүп баштап, ошол бойдон оорубай калдым. Элди далай мазарларга алып бардым. Мен өзүм көбүнчө сезим аркылуу иштейм. Анда-санда көзүмө көрүнүп калат, эгер туура эмес сүйлөсөм, ошол түнү уктай албай чыгам. Көбүнчө Өрүк мазардан оорукчандар жакшы болду, дем салам, массаж жасайм. Колдон келишинче жардам берем, менден көбүнчө ээликкендер айыгып кетет.

Ак-Суудагы Кыдыр-Ата мазарына, Садыр-Аке, Балбай-Ата мазарларына баргам. Менден айыгып кетип, кайра бузулуп, өлгөндөр да бар. Көпчүлүгү өздөрүн таза кармап жүрөт.

Ушундай актыкта иштеген адамдарды шайтан бат азгырат. Мен көзүмдү жумуп, касиеттерди чакырып, ошол аркылуу айтып берем. Алар келип, так далы ортодон кармап: «Айт», – деп жулкулдатышат. Эгерде мен айтпай койсом, же туура эмес айтсам, анда мени аябай кыйнайт, сабайт. Таш же карта аркылуу ачкандарды туура эмес көрөм.

Leave a Reply