Жумагожоева Жаркынай: Бир кудайга сыйынабыз

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр”

(Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Жумагожоева Жаркынай. 1966-жылы төрөлгөн. Ысык-Көл аймагы

Эми бул окуянын башы былтыр, 2007-жылдын күз айында ушул эле Кайырма-Арык айылында болгон. Жолдош деген ава, менин кайнагам болуп кетет, үйдө киши көрүп жатсам, кирип келип эле: «Жаркынай, бирөө рак менен ооруп жатты эле, мен ага дары жасап жатам, ошону ичирсем болобу, айыгабы?», – деди. Мен мындай бурулуп эле: «Жок, ава, болбойт, анын мөөнөтү жетип калыптыр, бир жуманын ары-бериси», – дедим дагы, өзүмдүн кишилеримди көрө бердим. Ал чыгып кетти. Анан үч күндөн кийин ал кишинин аялы келди, Чыныгүл эже, азыр Кайырма-Арык мектебинин директору. Мага келип эле: «Ай, Жаркын, сен Жолдош аваңа эмне деп айттың эле?», – деп калды. «Эмне деп айтыптырмын?», – десем, «Сенин карындашың өлөт жуманын аягында деген турбайсыңбы», – дейт. Карындашы экенин билген эмесмин. Өтүшүп кетиптир, дарылаганга болбой калды деп эле айткам дедим. «Ал деген Жолдоштун бир тууган карындашы да. Ошону сен өлөт деп айтып коюптурсуң. Жолдош аваң катуу капаланып, үч күндөн бери тамак иче албай, титиреп жатат. Ал жаш да», – деди. «Эмнеге айттым, тилимден көрөм», – деп өкүнүп калдым. Анан он-он беш күндөн кийин карындашы өтүп кетиптир. Ортодо бир кыйла убакыт өтүп кетти, мен ал аваныкына куран окутуп барып калдым. Үйүндө көп аялдар отурат, куран окутуп. Чогуу бир дасторконго отуруп калдык. Анан бата кылгандан кийин эле, мен минтип айтып калдым отургандарга: «Ий, жеңе, балдарыңарды тоого жибербегилечи, тоодон ылдый кан агып келатат. Дал эле биздин кашаа турбайбы, ошол жактан тоонун ортосу менен коктудан ылдый чыкты. Так биздин короону карай келип, биздикине кирген жок, бирок ылдый агып кетти. Жаш балдардын өлүмү көп болот». Отурган аялдар: «Ий кагылайын ай, балдарды жибербеш керек экен», – деп, тынчып калды. Ошону менен ал унутулуп калды. Бул күзүндө болгон.

Март айы келди. Эң акыркы сары кар жаап жаткан күндөрдүн биринде контордон жумуштан жөө келе жатсам, жаныма бир кызыл машина келип токтоду. Биздин айылдагы кайнагам экен: «Ой, ала кетейин, келиним». Машинага түшүп алдым, жол көрүнбөйт. Эптеп үйгө жетип, ошондо саат 4,5-5 болуп калыптыр, кирсем эле, короодо жолдошум, Жаныбек кар күрөп жатыптыр. «Жаркынай, – деди, – үйдүн жанынан эле атчан балдар тоого чаап кетип жатат, сурайын десем эле, эч ким токтобойт». Дароо тоону карадым. Себеби мен күндө эртең менен, кечинде тоону карап, жалына бермей адатым бар. Карасам эле тоонун үстү, эт жанчылат го, ошондой болуп көгөрүп кетиптир. «Кудай, Жаныбек, бир шумдук болот го тоодо. Тоо карарып кеткен турбайбы», – дедим. «Жөнчү, жөнчү», – деп жолдошум үйгө кирип кетти. Аңгыча эле эки келин ылдый жактан жүгүрүп келишти: «Жеңе, жеңе, төлгө ачып бериңизчи. Жолдошубуз эртең менен тоого кетип, ошол бойдон жок, кеч кирип баратат». «Эмне болмок эле, баскыла, үйгө кирип чай ичкиле», – дедим. «Коркуп атабыз, жеңе, биринчи ачыңызчы», – деди. Төлгө ачкан жокмун. Жөн эле: «Эч сарсанаа болбогула, баары жакшы болот, азыр балдар келет», – деп эки келинге чай бердим. Аңгыча артынан дагы эки келин жүгүрүп келди: «Ой, жеңе, деги балдар бар бекен?», – деп. «Балдар бар. Эмне болот экен?», – деп уруштум.

Эшиктин алды ызы-чуу. Атчандар ары чабат, бери чабат. Жаныбекке айттым: «Эми эптеп бул келиндерди үйгө жибериш керек, балдар соо эмес экен». Менин үйүм талаа жакта, эч ким жок. Тигил үйдөгү үч келиндин экөөсүнүн күйөөсү тоодо. Аңгыча эле 40-50дөй бала чогулуп келип, «жеңе», – деп калышты. «Ай, балдар тирүү бекен?», – десем, «жок», – дешти. Аңгыча эле үйдөн бир келин чыгып: «Жеңе, Айбектен айрылыптырмын», – деп кыйкырды, ошентип ызы-чуу болуп калдык. Эки баланын өлүгүн дароо атка жүктөп келишти. Тоңуп калыптыр, шалактатып алып келишти. Үй -бүлөсүнө алып барып, угуздук. Апасы, Зина жеңе, алгач бир эле улуу баласы өлүп калган экен деп ойлоду. Бирок анын 3 баласы өлүп калган эле, мен улууларга айттым, «Улам бөлүп-бөлүп угузбай, бир угузгула. Азыр бирөөнү угузуп, анан эки сааттан кийин, жүрөгү оңолуп баратса, жаңы эс алып келатса, экинчисин угузуп отура бермек белеңер. Бир угуп, бир ызы-чуу болсун!». Байкуш үчүнчү баласы быйыл үйлөнмөк экен. Жапжаш, 74-жылкы. Экөө үйлөнүп, бирөөнүн бир, экинчисинин эки баласы бар болчу. Эки күн мурун эле жентек беришкен.

Үч баланын өлүгү келип, эки баланыкы табылбай жатты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (МЧС) да келип, таба алышкан жок. Мен өлүк чыккан үйдө жүрсөм эле, башка көчөдөн үч аял келди: «Жаркынай, төлгө ачып бербейсиңби», – деп. «Тоону билген аттуу-баштуу кишилер болбосо, төлгө ачпайм» – десем, тиги үч аял мага таарынып кетип калышты. Мен өлгөндө оокат жасап калдым, жолдошум болсо соопчулукка деп жай казганы кеткен. Анан мал-салды, үй-жайды карап коеюнчу деп, үйдү көздөй келип, жаңы эле бутумду чечип киргенде эле, Кайырма-Арык айылында Мергенчи аба деп тергеп коебуз, тоодон түшпөйт, бирдеме-сирдеме атып эле Орозобай деген киши, ал, анан мектепте мени менен иштеген Урумкан эжей, биздин айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Эрмек Ибраев ава болуп, үч киши кирип келишти. «Ай Жаркынай, эми төлгө ачып бер, сен аттуу-баштуу кишилер болбосо, төлгө ачпайм деп, тиги аялдарды да кагып койгон турбайсыңбы, мен тоону коен-жатагына жакшы чейин билем», – деди Мергенчи ава. Анан: «Отуруңуз, ава», – деп алдыма отургузуп: «Эки кокту турат. Ошол эки коктунун ортосу толо көчкү болуптур. Бийиктиги 10-15 мерден ашык кар. Ошол коктунун ортосунда ичке шылдыраган суу агат экен. Бир баланын өлүгү, башы сууга тийип турат. Эми көпкө чейин казыш керек».

Мен өзүм ат да мине албайм, тоого да чыгып көргөн эмесмин. Жалгыз кыз, эрке кыз болуп чоңойгон элем, тоого барып көргөзүп бере албастыгымды айттым. «Коктуда бир чакырым жерде кар жатат. Анын кайсы жеринен суу агат, кайсы жеринен табабыз?», – деди. Анан төлгө ачып туруп айттым: «Эки чоң карагай турат, коктунун бийик бетинде. Бирөө бири-бирине оролушуп калыптыр, экинчиси чоң дүпүйгөн эгиз карагай экен. Биринчи карагайды кое бергиле. Экинчи эгиз карагайдын түбүнө келип, туурасынан казгыла». Унчукпай эле угуп алып, анан: «Төлгөң кабыл болсун», – деп кетип калышты.

Эртеси күнү да өлгөндө жүрүп, үйгө түнкү саат төрттө жалгыз келе жаткам. Үйгө кирип бара жатсам, бир караан жүргөндөй, терезеден бирөө карап тургандай болот. Анан Айбек, жанагы Зина жеңемдин ортончу баласын көрдүм. Терезени карап туруптур. Абдан коркуп кеттим. Үйгө келме келтирип кирип эле: «Ай, Жаныбек, терезеде Айбек турат, турчу, куран окуйлу» – дедим. Куран окуп, чай ичип, уктаган жокпуз. «Айбек мени тап деп жатат», – деп ойлодум. Анан таңкы саат алтыда кайра өлүк чыккан үйгө чыгып баратсам эле, эшиктин алдында бир топ кишилер туруптур. Алтынчы күн болчу. «Менин туугандарым каза болуптур, мен силерди көрө албайм», – дедим. Ошол күнү сөөктөр коюлмак. Эки өлүк болсо тоодо дагы эле табылбай жаткан. Губернатор: «Бир күн күтпөйсүңөрбү, дагы 100 киши кошуп, МЧСтин кишилерин жиберейин, эки өлүктү эки бөлөк көмүп убара болбой», – дептир. Ошентип, үйдөн чыгып баратсам эле, топ атчандар келди. Арасында биздин айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Абылович экен: «Ай, Жаркынай, кайнагаларың келсе, сен тил албай коюшуң мүмкүн экен. Кайнилериң келсе, анда такыр тил албайсың. «Жок, бара албайм», – десең алар эмне кылышат? «Сен айыл өкмөтүсүңбү, сенин кол алдыңда иштейби, бар, өзүң алып чык деп мени жиберишти. Мынакей, ат», – деп токулган атты көргөздү. Мен айттым: «Ава, мен бара албайм. Мен дегеле ат минип көргөн эмесмин. Мен аябай корком. Жолоп көргөн эмесмин малга» – десем, балдар жөлөп келип эле: «Жеңе, жеңе, жүрүңүз», – дешип, атка мингизип коюшту. Ээрдин кашын кармап, калчылдап баратам. Кар калың, тоо типтик экен. Бир аттын жалына жыгылып, бир чалкалап, жеткенче өзүм өлүп кала жаздадым.

Ошентип коктуга да жеттик. Ошол жерде 70 бала бар экен, Орозобай ава да жүрөт. «Кудай, тобо» деп таң калдым, «Кечээ өзүм айтсам, бүгүн өзүм көрөт экемин». Анан Орозобай ава: «Кел, Жаркынай, көлөкөм, эми кайра бир жолу төлгө ачкыла, анан сиз айткан жерден издейли», – деди. Бүт кайнагаларым, туугандар, милиционерлер, МЧСтин, акимчиликтин кишилери бар болчу. Авага: «Буралган карагайды издегиле дебедим беле», – деп айттым. «Мына, балам, көлөкөм, таап койдум», – деди. Анан мурунку күнү эле ошол авама: «Сиз эчки атып, анан сизге аттырбай ал качып кетиптир», – деп айткам. «Ооба, кудуретиңден кагылайын, чын эле, эчки атып, качып кеткен», – дейт. «Мына, эми силерди ошол жерге алып келдим», – деп, эгиз карагайдын түбүнө басып барып: «Мобу эгиз карагайдан күн чыгышты көздөй түптүз казгыла», – дедим. Балдар таң калып эле, «Биз тияктан казып баштаганбыз, эми быякты казалыбы?», – дешти. «Казгыла, төлгө бир эле жолу болот», – деп, өзүм ошерге отуруп алып, өлүк чыкканча, такыр жылган жокмун. Эртең мененки тогуз жарымда казып башташкан, кечки беште жерге жетишти. Ошондо 13,5 метр кар бар экен. 70 бала он мүнөттөн тыныгуу кылып казды, үлгүрбөй, эстери ооп калды. Анан өлгөндөгүлөр бир мүшөктөн азыраак боорсок берип жиберишти, экиден эле жешти. Аким биздин айыл өкмөтүнүн башчысына рациядан: «Эртең бир бала бирдеме болсо, башың менен жооп бересиң. Бир аял барат дебедиңби, бардыбы?», – деп сурап жатты. «Макул ава, макул», – деп, айыл өкмөтүнүн башчысы кошо казып кирди. Карагайлардын ар бирине аркан байлашты. Эки киши көчкү кайтарышты. Болбосо, калган 70 бала да кетти да, «күр-р» десе эле.

Кечки беш болгондо мен айттым: «Ай, ошерде бир борсуп калган карагай бар» – деп, аны көбү билишет экен. «Оо, баягы карагай», – деп жатты улам бири. «Ошол карагайдын башында бир баланын башы жатат, ал кыйналып жатып өлдү. Силер берки өлүктү алып келгенде, биз берки балдарды тиякта угузуп жатканда, ал тирүү болчу», – дедим. Балдар казып жатышты. Анан бир маалда бир топу ыргып чыкты. Аягында үч топу чыкты. Топу ыргыганда эле, балдар коркот экен, 70 киши жүрсө да, улам артка качышат. Учтуу күрөктөр менен карды уруп жатышкан да, өлүктү уруп аламбы деп коркушту окшойт. Анан Кубан деген баланын чыптамасы чыкты. Көчкү аркасынан урганда, башынан ылдый шырмалын көчкү чечип кетиптир. Ошол маалда бир бала кыйкырды: «Жеңе, таптык карагайды», – деп. «Кичине суу болуш керек, карагылачы» – десем, кичине жылжыган суу бар экен. «Ошол жерди акырын карагыла, уруп албагыла», – дедим. Анан бир баланын денеси чыкты, сол көзү чыгып кетиптир. Балдар бир аз үн чыгарышты да, ары жакка жаткырып койдук. Айыл өкмөтүнүн башчысы сурады: «Жаркынай, эми калганын кайдан табабыз», – деп. «Ошол жерден ары 5 метр аттагылачы», – дедим. Балдар айран-таң калып калышты. Айыл өкмөтү өзү аттап, казса эле, калган балдардын сөөктөрү чыкты. Аларды биздин үйдүн жанына алып келип, жибиттик. Балдарынан айрылган байкуш ава: «Эми ушул балдардын арбагы сени колдосун», – деп аябай ыйлады. Беш эркек баласы бар болчу, эми эки кызы бар.

Үй салганга деп жыгач алып келгени тоого он төрт бала барышыптыр. Баары кар алдында калат. Көрсө, ошол мезгилде ошол жерде эки бала жылынганга деп, от жагып жатышкан экен. Көчкү жүргөндө, экөө жүгүрүп барып, улам бир баланын башын чыгарып, үлгүрүшүнчө жардам беришиптир.

Тоого барып кан чыгарып, Жаратканга сыйынып, ырым-жырымдарды кылышса, бул өлүмдөр болбой калат болчу.

Өлүккө көбү сыйынат, «Манас атанын арбагы колдосун», – дешет. Анан бир кудайга сыйынабыз. Көпчүлүк молдолорго, көзү ачыктарга барганда, дем салышат. Мен «Улукман колдосун, Жараткан колдосун, Алла-Таала колдосун», – дейм. Себеби биздин үстүбүздө карап турган жалгыз Кудай. Адамдарды тиги дүйнөгө жиберип, арбак кылып, шейит арбак кылып, өлгөн адамдарды кайра тирилтип, бейиштин төрүн жасап, тозокту жасап аткан бир Кудай. Эгерде Кудай алардын баарын башкарбаса, балким арбактар ошол жаткан жеринде жата бермек. Мен: «Арбактар жок, ага сыйынууга болбойт», – деп айткандан алысмын. Себеби, Кудай өзүнүн экинчи көзөмөлүнө ошолордун баарын кабыл алган. Тирүү кишини да, өлүү кишини да Кудай башкарат деп сезем мен. А арбак Кудайды башкарат деп мен айта албайм. Бир эле Кудай бар дүйнө жүзүндө. Жараткан бар. Ал: «Мен адамды өзүм жаратам, өзүм кайра алып кетем», – деп айтат дейт.

Адамдын ырыскысы очогунда дейт. Кайсыл жерде оту күйсө, – адамдын ырыскысы ошол жерде. Адам өз ырыскысын өзү тепсеген. Кантип? Очоктун күлүн көчөгө төгөбүз, калган кишилердин баары ошол ырыскыны тепсеп өтө берген. Анан адамдын ырыскысы бири-бирине жукпай калган. Кудай да бар, арбак да бар. Адамды, анан арбакты башкарган бир гана кудай.

Мен бир да жолу адамга кара дуба жасап, күйөөсү менен аялын ажыраштырып, же ушундай сыяктуу бир нерсе кылып көргөн эмесмин. Себеби, мен жаңы киши көрүп баштаган учурда, Шапак деген айылдан 70 жаш курактардагы 7 байбиче келген. Кичине басып алган күрүчү, эти, нан, боорсогу бар экен. Кезек менен киришти. «Балам, биз көрүнбөйбүз. Биз сага бир өтүнүч менен келдик. Эшикте кезек көп экен, биз кирдик. Сендей көзү ачыктар көп чыгат. Баары актыгын сактай алышпайт; бири ичкич болуп кетет, бири жинди болуп кетет, бири акчага берилип кетет. Биздин сенден суранаарыбыз: эч качан кара дуба жасабагын. Биз сага ошого гана бата беребиз», – дешти. Ошентип, Шапак айылынан 7 байбиче келип бата берип кеткен. Бирок, менин ага чейин эле оюмда ал нерсе болгон эмес. Себеби, менин жалгыз Ынтымак деген жыйырма беш жашка чыккан эркек балам бар, үч жарым жашта Даткайым деген кызым бар. Экинчи, Ырыс деген уулум чарчап калган. Өзүм балага зармын. Анан мен ушул уулумдун башын башка кызга тегеретип, жок, ага бара албайм. Балким ошого күчүм жететтир, бирок жасап көргөн эмесмин. Бара албайм. Бирөөнүн эле чолпондой баласын…

Ырыс деген уулум 1 жашында чарчап калды. Анан 22 жылдан кийин кыздуу болдум. Ал ортодо психикалык жактан катуу оорудум. Эки жолу ажалдан калдым. Ак-Сууда Калмурат Жапарович деген невропотолог врач болгон, ал азыр Бишкекте, ошол адам мени киши кылып чыгарган. Алты ай балдак менен басып жүрдүм. Ак-Сууда эски неврологиялык оорукана бар болчу, ошол жерде дарыландым. Палатада алты аял жатчубуз, кечки саат алты-жетинин ортосунда эле бир кара адам кирип келет да: «Жүр, мүрзөгө барабыз», – деп эле керебеттен алып ыргытат. Жатсам эле, оорукананын чоң терезелерин көрөм, сындыргым келет, бирөөнү сайгым келет, канын чарага куюп алгым келет. Палатадан бычак издеп баштайм. Эч кимге айтпайм. Атам келип турчу, ага да айтпайм. Бат-баттан эле жыгылып калам, догдурлар, Калмурат Жапарович өзү келип, укол сайышса да эс ала албай калчумун.

Өзүмдүн энем эрте өлүп калган, атам Мария Саркеевна деген врач аялга үйлөнгөн. Азыр Ак-Сууда, үй-бүлөлүк дарыгер болуп иштейт. Атам акын, жазуучу, сүрөт тартат. Апам экөө мага ооруканага келип турушчу, анан бир жолу атам отуруп алып: «Ай ушу сенин бир актыгың бар окшойт. Биздин тукумда бар эле, мен ошол кара кишини кубалап берейин», – деп куран окуду. Бычак менен баарын чийди, эшикти, палатанын ичин. Ошондон кийин баягы киши жоголо баштап, бирок терезеден кире баштады. Анан: «Ата, ата, терезеден кирип жатат», – десем, атам терезени тилсе, бычак ошол кишинин курсагына такалды. Ошондон тартып баягы киши жоголду. Анан мен ооруканадан чыктым. Бир аз балдак менен жүрүп калгам. Агам, иним ыйлашты, көрсө «адам болбошу да мүмкүн, баары бузулган», – дешиптир догдурлар. Тамак иче албайм, алым жок, оозум кыйшайган. Анан үйгө барсам, үй таптаза, көрсө каза болуп калат деп бир туугандарым камданышыптыр, союла турган малдан өйдө даяр. Айыл бүт келди учурашканы. Үйдө 3-4 ай жаттым. Анан өзүмдөн-өзүм басып эле, Кайырмак-Арык айылына турмушка чыгып калдым, балдак менен жүрүп.

Менин жолдошум Вьетнамда атуулдук согушта Сайгон штатында аскердик кызмат өтөптүр. Мен ооруканада жаткан маалда ал дагы дарыланганы барыпыр. Ал жерден жаткан аялдар сүйлөшөт экен: «Ий байкуш, мобул жакта бир жаш келин ооруп жатат, өлөт деп бир туугандары ыйлап жүрөт» – десе, кызыгып, келинчеги жок экен, эл кирип жатса, ал да кирип көрүптүр. Көрүп чыгып эле, энеси барса: «Баланча палатада бир оорукчан келин бар экен, ошону алам», – деп айтыптыр. Энеси болсо: «Эмнеге аласың, өзү оорукчан болсо, сенден улуу болсо, албайсың, өлүгүңдү көрөйүн», – деп урушуп коюптур. «Алам, оорукчан болсо да алам, өлсө да алам», – дептир. Бир күнү палатада жатсам эле, бирөө: «Жаркынай деген ушубу?» – деп, торт көтөрүп келди, көрсө ал иниси, азыркы кайним экен. «Жаркынайга тамак алып келдик эле» – деп, эртеси бирөө келет, ал Кереге-Таштагы кайнежем экен. Көрсө, алар жолдошум жөнүндө: «Бул кичине психикалык жактан бузулууда турат, муну алдап, баланын көңүлүн калтырбай, ушинтип тамак киргизип туралы», – дешиптир.

Ошентип ооруканадан чыктым. Үйдө жүрдүм. Негизи, өзүм Токмок шаарында жашачумун. Ошол жакка кетейин десем, атамдар жиберген жок. Алыска жол жүргөнгө, телевизор көргөнгө, радио укканга, деги эле ызы-чуу такыр болбойт. Жибербегендерине болбой, жолго чыксам, мени ала качып кетишти. Кайнежем, кайним, кайын жездем, күйөөм болуп жүрүшүптүр. Кайырма-Арык деген айылга алып барышты, карасам, жакшынакай үй-бүлө сыяктуу. Балким, мага кудай ушуну буйруп жаткандыр деп ойлодум. Мен барганда эле кайненеме: «Сиз мени туура түшүнүңүз, менин быякка келейин деген оюм жок. Уулуңуздан 5 жаш улуу экенмин. Менин чоңоюп калган уулум бар. Турмуш көрүп калгам. Кетип эле калайын» – десем, кайненем: «Кой, көлөкөм, сен ушу менен жашашың керек, кал», – деди. Ошо менен калып калып, минтип бирге түтүн булатып келе жатабыз.

Leave a Reply