Дүшөнбиева Кумар: Аян Ааламдан берилет

Мага аян ааламдан берилет. Ушуга чейин Алланын бергенин жазып койгонум 500 барак болуп калды. Ошондон айтып берейин.

Шекердеги Жер үйдүн асты чоң шаар болгон.

Талас жакта Күмүш деген бүбү аял бар, ага түшүнөн аян берилет. Уктап жатып ал айта берет, мен жаза берем. Ошентип 2 жыл берилген аян менен талаа, тоодон дары чөп чогултуп жүрдүк. Жанагы аяндарда кышында тоодон карды ач дейт, карды ачканда көк түктүү жалбырак турат, ошону алабыз, эгер аны бир күн кечигип алып калсаң, ал күчүн жоготот. 60 чакырым алыстыкка барып терип келип жүрдүк го дары чөптөрдү. Эгер машине менен барайын десең, болбойт, анда издегениңди таппайсың дейт. Издегенибиз эмне, кайда экенин деле билбейбиз. Жүр деп ээрчитип кете берет, кете берет, ошентип бул жерди ач, же бул жерге токто деп аян берилет, ошол көрсөтмө менен гана издегенибизди табабыз. Анан акыры 1000 жылга чейин бузулбай тура турган «Аалам» аттуу дары жасадык. Бул дарыны Жанагы Жогорку Кеңешке депутаттыкка койду го Карабуура округунан, Ө. деген, ал дагы келди дарыларыңызды мага бериңиз, аптекамдан саттыралы деп, уруксат бербей койду, азиздерим. Оорулуулар үйдөн эле алып кетишет, балдарымдын, тууган-туушкандарымдын баары келип ушундан ичишет. Мунун эч зыяны жок. Ал дарылар караңгы жерде туруу керек. Арак ичкен адам аны ичпеши керек. Мурда адам карачу элем, азыр карабай калдым, мазар баспагандан кийин. Адам таза болсо ал нурлуу болот. Таза дегеним, калп, ушак сөз айтпа, таза жүр, арак ичпе. Калп айтпасаң эле жеңил болот, кыргызчылык жолу.

Айгине: Бул адамдын айтуусунда дары чөптөрдү терип келип, аздап кайнатып, бөтөлкөлөргө куюп кое берген, 2 жылдан кийин гана эми бардык кайнатылган дарыларды кошкула деп аян болгон, ошондо тигилер кайнатмаларды кошуп, андан дары чыгарышкан.

Бул дарыны ичкендер бат эле айыгып, дары өзүнүн күчүн бат эле көрсөттү. Кудачамдын кызы эхинокок болуп, догдурлар операция жасатуу керек деди. Операцияга бербей туруп бул дарыдан ичти эле, 6 бөтөлкө ичкенден кийин айыгып кетти.

Айгине: Кумар эженин айтымында, ошол жасаган дарыны академиядан текшеришип, Америка, Россиядан келип, 12 ай бою изилдешип, сертификат беришкен[1], 7 ооруга даба болоорун  жана көпкө сакталаарын айтышкан. Ал эми Кумар эженин аянында бул дары 41 ооруга даба деп берилген. Дарынын өңү кызгылтым, кадимки кулпунай суусундугуна окшош, даамы деле анчалык жок, алчанын сөңгөгүнүн кайнатмасынын даамындай.

Анан Кумар эженин мазарларга баруусуна баласы абдан каршы, мазарлар боюнча сурап барган кишилерге Кумар эже аябай тереңдеп, кызуусуна кирип жооп берип жатса, баласы: «Апа, ушунун эмне кереги бар, ушинтип айтканыңды качан токтотосуң, Кудайды тааный турган учур келди го», – деп нааразычылыгын айтат. Баласы өзү ислам динине аябай берилген.


[1] Бул Айгине тарабынан текшерилбеген, тек гана маалыматчыдан жазылып алынган маалымат.