Гүлмайрам: КЫРГЫЗЧЫЛЫККА ТОЛУК БАШ ИЙДИМ

Мен өзүм негизи 3-классымда эле адам көрүп баштагам. Бир кызык айтып берейин. Биздин үйдүн жанында алма бак бар эле. Ошол алма бакта менин бир акем  иштеп жаткан. Ал бир топ эле картайып калган киши болчу. Бир убакта эле асмандан бир нерсе «жалт» деп учуп түштү. Ал сыр бирок мага эле көрүнүптүр, кийин сураштырсам. Анан мен кандайдыр бир жаман нерсе болоорун алдын ала билип койдум да, тигил чоң атага чуркап барып, абайлап иш кылыңыз, көзүңүзгө бир нерсе кирип кетпесин – деп эскертип койдум. Ал менин антип айтканымды элес деле алган жок. Ошентип олтуруп, мен деле баягыны унутуп коюптурмун. Түш ооп калгандан кийин менин айтканымдай эле чоң атанын көзүнө чыбыктын кесиндиси кирип кетиптир. Анан менин айтканымды эстей коюп: «Ой каапыр, сен кайдан билдиң эле? Эми көзүмдү апаңа айтып бирдеме кылбайсыңарбы», – деп көзүн ушалап отуруп калды. Анан мага бирөө: «Эй сен өзүң эле көрө бер, ал сенин эле колуңдан келет», – деп айткандай болду. Анан мен чоң атага «келсеңиз, мен көрөйүн да» десем, мени урушуп болбой койду. Анан мен да көгөрүп, апамды чакырбай койдум. Чоң атамдын көзү аябай ооруду окшойт. «Ой, бай болгур, бол эми, көрсөң көрчү. Көзүм оорутуп чыдатпай калды!» – деп мага келди. Мен ошондо биринчи жолу өзүм да билбеген келмелерди айтып, чоң атамдын көзүндөгү чыбыктын кесиндисин алып бердим. Көрсө ошондон баштап кыргызчылыкты кармай баштаптырмын.

Талас өрөөнүндөгү Айдараалы болуштун баласы Бейшенаалы илим-билим албай эле, Манастын күмбөзүндө отуруп, көзү ачылып молдо болгон. Бейшенаалы үйлөнүп балалуу болгондо, балдары токтобой катарынан көз жума берет. Анан ал ырымдап, Манастын күмбөзүнө келип отурат. Күндөрдүн биринде Токтоназар деген балалуу болот. Бейшенаалы үйүндө баласын терметип отурат. Аялы айылчылап, кечирээк келем деп кетиптир. Ошентип Бейшенаалы бешик терметип отуруп, көзү илинип кетет. Бир убакта чон ак сакалчан карыя келип: «Ай балам, ач көзүңдү, Манас келе жатат» – дейт. Бир убакта чоң дарбазанын ачылганы көрүнөт. Айкөлдүн көзүнөн нур чачырап, карайын деген Бейшенаалынын көзү көрбөй уялат экен. Бир убакта: «Эй Алмамбет, бер алдагы атты, бул адам атка убактысы менен жем, чөп, суусун берип турат», – дейт. Дааналап көрүүгө эч мүмкүндүк болбой коет. Ошол убакта тигилер артка кайрылышат. Анан артынан гана Манастын караанын көрүп калган экен. Алмамбет Манастын туптуура бел курчоосунан келет экен. Ошондон баштап Бейшенаалы атагы чыккан чоң молдо болгон экен.

Мен мурун мазар дегенди түшүнбөчүмүн. Кийинчерээк колу-бутум ооруп, аябай кыйналдым. Бир күнү түшүмө  эшекчен эки киши кирип, мени мазарга барасың деди. Мен эртеси туруп эле жолдошума айттым. Ал мага каршы болгон жок, ошентип мен биринчи жолу өзүм жалгыз Шаркыратма мазарына бардым. Мен мурун ал жерди көргөн эмесмин. Мени жанагы  эшекчен эки киши алып барды. Алардын бирөөсү менин кайнатам экен. Кайнатам убагында абдан олуя чалыш киши болгон экен. Аны биз убагында түшүнбөптүрбүз.

 Мен Шаркыратма мазарында олтурганда бир чоң таш ачылган, анан анын ичинде суу бар экен. Мен ошол сууга бетимди жууп, ичтим. Бир убакта кимдир бирөөнүн «колуңду тарт!» деген үнү угулду, колумду тартып жибергенде, чоң таш жабылып калды. Андан тышкары Калпа-Ата мазарында олтурганда аркамдан жолборс кадимкидей басып келген. Анан бир убакта аксакалдар келип, мага теспе, камчы беришкен.

Менин төртүнчү атама кут[2] түшүптүр. Эми силерге айтып берейин. Кут деген жөн эле адамдарга түшө бербейт экен. Менин чоң аталарым өтө ыйык кишилер болушкан. Анан ал кут чоң атамдын короосуна түшкөн экен. Менин чоң аталарым жакшы сакташкан. Бирок биз, тилекке каршы, ичкилик ичип жүрүп, бирөөбүз дагы ошол кутту сактап кала албай, кыздарыбыз атам менен кошо жайга узашкан. Мен бир күнү уктап жатканда мындай бир нерсе болду. Ал убакта мен нары эмес, же бери эмес болуп жүргөн убагым. Бир убакта көзүм ачылып кетти. Карасам эле шыптан эшекчен бир киши келип, атандын кутун алып келдик деп калышты. Анан үйдүн ортосун карасам, жалтыраган томолок бир нерсе жатыптыр. Андан аркысын билбейм. Ошондон баштап мен ичкиликти коюп, кыргызчылыкка толук баш ийдим. Андан мурун деле мени өтө кыйнашкан. Көрсө мени жин-шайтандар ээлеп алып жүрүшүптүр. Мына эми, буюрса баары жакшы.


[1] Маалыматчылардын айрымдарынын өтүнүчү боюнча аты-жөндөрү толук берилген жок, же айрымдарыныкы такыр эле кыскартылып, башкы гана тамгалары берилди.

[2] Кут – 1. миф. Диндик ишеним боюнча: үйдүн түндүгүнөн коломтого түшкөн жана аны алган кишиге бакты-таалай, түбөлүк жыргалчылык берүүчү, кочкул кызыл түстөгү кичинекей килкилдек зат (элдик ишеним боюнча мындай нерсени күнөөсү жок, таза жүргөн киши гана алып, анын колуна тиер замат катып калууга тийиш; эгерде ниет бузук, күнөкөр адам алса, ал тезекке айланып, кубулуп кетет).

2. эск. Кудайдын кичинекей сүрөтү, элеси (эпостогу айтылышка караганда бул калмактарда болгон).

3. өт. Бакыт, таалай, жыргалчылык, береке (Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү. 1-китеп. –Ф.: Мектеп. 1984. 602-б.).