Гүлжамал:АЙТЫЛГАН АЯНДЫН БААРЫ ЧЫН ЧЫГАТ

АЙТЫЛГАН АЯНДЫН БААРЫ ЧЫН ЧЫГАТ

Гүлжамал

Анда мен белим ооруп, төшөктө жаткам. Анан селде оронгон, колунда аса таягы бар ак сакал айнектен кирип келип: “Байкуш балам ай, кыйналып жаткан турбайсыңбы!” – деп, колун аркама салып, 3 жолу сыдырды да, аябай дем салды. Мен болсо “айланайын кудай” деп коркуп жаттым. Анан ал аксакал кетти, кеткенден кийин эле баягы ооруган белим жок, сопсоо болуп калдым.

Бир жолу менин апам катуу ооруп калды. Мен жалынып, кудайга ыйлап: “Айланайын кудай, атам тигинтип сокур болсо, апам минтип ооруп өлүп калса, мени ким карайт, эч кимим жок каламбы?”, – деп айттым. Анан ошол ак сакал келип: “Сенин апаң азыр өлбөйт, 7 жылдан кийин өлөт”, – деп айтты. Анан ошо менен апам туура 7 жылдан кийин каза болду.

Асмандан жылдыз көрүнөт мага. Көрүнөт, бирок эч сөз айтпайт, маңдайымда турат чоң болуп, кечинде көрүнөт. Эң биринчи жолу кечке маал эшикке чыксам, маңдайымда чоң жылдыз турат. Үйгө кантип киргенимди билбейм. “Айланайын кудай” деп эле үйгө кирип кеттим.

Бир күнү сыртка чыгып, кир жаяйын деген элем. Анан эле нарыраакта талда бир бүркүт конуп турат. Тим эле жакын эле жерге келип конуп калды да, мен карап турдум аны. Анан эле кирип жолдошума айттым. Ал: “айылга кайдагы бүркүт келмек эле” деп таза ишенбейт десең мага. Көрсө ал бүркүт менин көзүмө көрүнүп жаткан экен да, аны мен билбейм. Анан жанына жетип барып, кармайын десем эле баягы турган бүркүтүм жок, каякка учуп кеткени да билинбейт. Ошол бүркүт конгон тал сонун, чоң тал болчу, анан эч шамал болбосо деле кулап калды. “Бир бүркүт келип ушул талга конгон, анан эле куурап өлүп калды”, – деп коңшума айттым. Ал коңшум болсо ошол тал жыгылган жерге барып, өрттөп, ысырыктап, ырымдап эле жатып калды.

Мага сырлар айтылып жаткан учурда мен уйку-соонун ортосунда, же болбосо түш көрүп жаткан болом. Айткандарынын баары туура келет. Мага айтып жатканда “эч коркпо” деп айтат, ага болбой эле мен корко берем. Кечинде жалгыз эч эшикке чыга албайм, үйдөгүлөрдүн баарын ойготом.