Базаркан: Ошол кыргызчылык бизге да өттү

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Базаркан эже, 47 жашта, Таш-Көмүр шаары

Биздин Таш-Көмүргө жакыныраак жерде жайгашкан Пайыз-Булак айылында бир булак бар. Шор-Булак деп аталат. Ошол булактын суусу аллергия, кычыткы, жарат-жураттарга дары дешип, колдонушат. Анан Таш-Көмүр шаарынан чыга берген жерде Ак-Моло деген ыйык жер бар. Бул Аксы районунун Тегене айылына караштуу. Таш-Көмүрдөн Тегенеге бараткан жолдун боюнда жайгашкан. Бул аппак бийик таш. Жанында бир түп арча бар. Бул ак таш алыстан караганда башына ак селде оронуп отурган кишиге окшоп корунот. Менин оюм боюнча бул жер Ак-Моло эмес Ак-Молдо болуш керек. Анан элдер шашып суйлогондо «д» тамгасын таштап коюп айтып атып, Ак-Моло болуп калган го. Падыша-Атаны деле кыскача Пача-Ата деп коюшат го. Ушундай болуш керек деп ойлойм. Ал жерге көбүнчө балалуу-чакалуу болбогондор бала тилеп барып, сыйынып кайтышат, турмушу жакшы болбогондор, турмушум оңолуп кетсин деп, бул турмуштан теңимди табайын деп, ой-тилек кылып барышат. Шам жагышат, мүмкүнчүлүгү болгондор ал жерге түнөп кайтышат. Элдер туш тараптан көп келишет.

Мен атайлап өзүм барган эмесмин, бирок ары-бери өткөндө кайрылып куран окуп коюп жүрөм. Ал жерге кайрылбай түз өтүп кете албайсын. Биринчиден, ал жер жолдун боюнда жайгашкан, экинчиден, ал таш ушунчалык кооздугу менен же бир касиети менен өзүнө тартып турат, шашып баратсаң дагы бир аз убактынды бөлүп, кайрылууга туура келет. Менин иним ошол жакка барган эле. Биздин ата-бабаларыбызда кыргызчылык болгон экен. Анан ошол кыргызчылык бизге дагы өтүп, инимди кыргызчылык кыл деп айтышыптыр. Ошондо иним ошол жерге барып түнөп келген. Аны устаты алып барып келген. Бир мезгилдерде иним устаттарына кошулуп, бала-чака көрүп, жоюп жүрчү эле. Андай нерселерди жасаганга иним өтө эле жаштык кылат да. Азыр андай нерсени таштап койгон. Башында: «Күчтүү бала экен, эми да жакшы жүрөт экен», – деп элдер бала-чакаларын алып келип жүрүшчү. Анан иним жаштык кылып, кудай берген ал касиетти кармана албай калды.

Биздин ата-энелерибиздин дагы ошондой касиети болгон. Апам дагы майда бала-чакаларды жоюп жүрчү эле. Апамдын көзү өткөндөн кийин иним жанагинтип мазарга барып түнөгөндө түнкүсүн көзүнө апамдын апаппак кийинген элеси көрүнүптүр. Анан теспе бергендей болду дейт. Бирок ошол теспени алганын же албаганын иним так эстей албай калыптыр. Мен ойлойм да, ошол теспени алып калганда, иним кыргызчылыкты таштабай, бала-чаканы дагы деле жоюп жүрөт беле деп. Иним жаштыгы менен жакшы көңүл бөлбөй койду окшойт, болбосо күчтүү чыкты эле. Апамдын эми да аябай жакшы тийчү. Коло-кошуналар ооруп калган балдарын ооруканадан жардам болбосо түз эле апама алып келишчү. Анан ошондо: «Ооруканага алып бардым, баланчага алып бардым, ал жактан жардам болбой койду эле, ушу Кадича эненин деми жакшы тийет, ушул жерге келип жакшы болуп калды», – деп айтышчу эле. Ал киши азыркыдай кылып көзүн деле ачтырган эмес, мойнуна деле алган эмес. Жөн эле өзүнүн чын дилинен карап, жоюп берчү. Апамдын көзү өткөндө кошуналар абдан өкүнүч кылышкан.

Бир жолу менин түшүмдө дагы апам мындай аян берди. Анын көзү өткөндө кыркына чейин отурганбыз. Боз үйдө тайэжем экөөбүз түнөчүбүз. Апамды коюп келгенден үч-төрт күн өткөндөн кийин мындай түш көрдүм: Түшүмдө боз үйдө отуруптурбуз. Боз үйдүн бурчунда ак марлиден көшөгө тартылып туруптур. Ошол көшөгөнүн бери жагында мен, ары жагында ак кийимчен бир адам турат. Эркек-аял экени белгисиз. Анан ошол адам жай намазды үч бурчтук кылып бүктөп, ортосуна теспени салып коюптур. Анан мага: «Тос, тос колунду», – деп айтып жатат. Анан мен эки колум менен баягы жайнамазды тосуп алдым. Анан эртең менен туруп эле, түшүмдү тайэжеме айтсам: «Ии, апаң бала-чака жойчу эмес беле, ошол кыргызчылыгын сага калтырып кеткен турбайбы», – деди. Бирок мен да турмуш-шартыма байланыштуу, кыргызчылыкты карманганга мүмкүнчүлүгүм болбоду. Мен азыр шартка байланыштуу соода-сатыкта жүрөм. Арак ичимдиктерин да сатам. Ал эми кыргызчылык кылганда арак ичимдиктерин сатса болбойт, ичсе да болбойт. Мен болсо той-тамаша болот дегендей, ошол убактарда «ал-ал», «кел-кел» болгондо ууртап койгонго да туура келет. Эгерде кыргызчылык кылганда ичимдик бар жерге отуруп калса, бир жагынан күнөө болот, экинчи жагынан кыргызчылык кылган адамга жүк түшүп, аябай кыйналат. Апам раматылык той-тополоңго барып калганда, айласы жок көпчүлүк менен отурат да, ошондо эстеп, көзүнөнн жаш чыгып, кускусу келип, ушунчалык кыйналчу.

Менин апам Ак-Молого далай жолу барган экен. Бир-эки жолу бизди дагы алып барган, бирок биз ал кезде жаш кыздар элек. Биз ата-энелерибиз менен кошулуп барчу элек. Ал убакта биз жаш болгондуктан, ата-энелерибиз эмне максат менен барганын деле билбейбиз да, биз үчүн экскурсияга барып келгендей эле сезилчү. Ал жер ыйык экендигин эс тартып калгандан кийин гана түшүнө баштабадыкпы.

Мазардын пайдасы тууралу айта берсе сөз түгөнбөс. Баштан өткөн окуялардын бирин айтып берейин. Өзүбүздүн эле туугандардын келини келгенден кийин төрт-беш жылга чейин балалуу болбой жүрүп калды. Анан бизде, кыргыздарда билесиңер да, андай убакта дароо эле ар кандай сөздөр айтыла баштайт. Баланын ата-энеси: «Кой эми балам, бул келин төрөбөсө, ажыраш да, башка бирөөгө үйлөн. Убактың өтө электе балалуу-чакалуу болгонуң жакшы», -деп, уулуна айта беришти. Анан бул соз бир күнү келинине да жетиптир. Ал аны угуп алып ыйлап, көңүлү чөгүп, көпкө капа болуп, чүнчүп да кетти. Анан бир күнү апама келиптир: «Эже, сиз мага жардам бере аласызбы? Менин кайын-журтум бизди ажыраштырып баласына башка аял алып бергени жатыптыр», – деп. Анан ошондо апам раматылык анын кайын энесине барып: «Койгула, антип кызуу кандуулукка салбагыла. Балаң менен келиниң ынтымактуу жакшы жашашат. Андан көрө Ак-Моло мазарына алып бар дагы, мал союп, тилек тилеп, ошол жерге түнөтүп кел. Кудайым оң көзү менен карап, ошол жерден эбепке-себеп болуп кетсе ажеп эмес» – деп айткан экен. Анан ошондон кийин айткандай эле, ошол жерге эки жолу барып түнөп, жол-жобосун жасап келишти. Андан бир жыл өткөндөн кийин эле баягылар эгиз уулдуу болушту. Азыр жолукканда кайын энеси: «Мен ошондой ырым-жырымга анча ишенчү эмес элем. Ал жерге барганда деле жардам болобу же болбойбу деп анча ишене бербегем, бечара келиним менен баламдын үнү кудайга жеткен экен, мына ошол Ак-Молонун касиети колдоп минтип эгиз балалуу болуп отурат. «Койчу ушул бечаралардын беш жылкы төрөлө турган баласын чогуу эле берип коеюн» деген окшойт. Минтип ак эткенден так этип жүрүп, эгиз балалуу да болушту. Кудайга миң мерте ырахмат. Мына ушундан кийин мен кыргызчылыкка, ушундай ыйык жерлердин касиетине ишенип калдым», – деп айтып калат. Ал неберелери азыр мектепке да барайын деп калышыптыр. Ал балдарга ошол Ак-Молого алып барып көкүл коюп келишкен экен. Былтыр барып ошол көкүлүн ошол жактан алып келишиптир. Мына ушинтип ал жактан балалуу болгон адамдарды өз көзүбүз менен көргөнбүз. Ал жердин ыйыктыгы бир үй-бүлөнү ажырашуудан ушинтип сактап калган.

Leave a Reply