Базарбаева Айгүл: Балдарыма коркунуч туулганда, айлам жок, акка моюн сундум

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр”

(Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Базарбаева Айгүл. 1953-жылы туулган. Ысык-Көл аймагы.

Менин табыпчылык касиетим таята жагымдан келген. Мен кичине кезимден эле баш оорунун азабын аябай тарттым, талмам кармап жыгылып калчу элем. 1980-жылдан баштап, талма оорусу өзүнөн-өзү кармабай калып, башым катуу ооруганы күчөдү. Көзүм көрбөй, кулагым укпай калаар эле. Ошентип, дарыны аябай ичтим, укол алдым, жаз, күз айларында бир ай бою ооруканада жатчумун.

1999-жылы Айбүбү деген табып келинге айлам кеткенинен барган элем. Андан мурун табып, молдонун баарына барып жүрүп көңүлүм калган. Барган себебим, менин көзүмө тынымсыз эле ак сакал аталар, элечек кийген энелер көрүнүп, ыйлагым келип, түн уйкум жок, кыйналып калган элем. Ага кошумча болуп жакында эле каза болгон кайын сиңдим көрүнүп, ээрчип алды. Ошондон коркуп, өзүмдүн да ашказаным, бүт денем ооруп, тура албай калганда, Айбүбүгө бардым. Ал мен киргенде эле: «Сиздин актык ишиңиз бар экен, карманыңыз, киши көрүңүз», – деди. Мен болбой 5-6 күн көрүнүп, жакшы өңдөнгөндө кетип калдым. «Киши көрөт деген эмнеси?», – деп ишенген жокмун. Жазында аябай ооруп, кайра бардым. 10-15 күн көрдү да: «Бата алыңыз, киши көрбөсөңүз өлөсүз, же балдарыңызга көрүнүп зыян болот, бышып жетилиптирсиз», – деди. Балдарымды айтканда, айлам жок, бата алып, акка моюн сунуп, 2000-жылдын 9-майынан баштап киши көрө баштадым. Мага ата-бабалар: «Ооруну иргебей баарын көр. Бардык ооруларга сенден эмес, Алладан шыпаасы болот», – дегенинен, бардык ооруларды көрөм. Жолу торолгондор, дубалангандар, киста оорусу, аялдардын боюнан козголуусу, боюна болбой кыйналып жүргөндөргө, балдарга ач (кирене) киргенге, жүрөгү түшкөнгө, көзүнө конок конуп, ооруганга – ушул сыяктуу оорулар менен келгендердин көбүнө эле Алладан шыпаа болуп, айыгып кетип жатышат.

Leave a Reply