Ажыбай уулу Эргешбай: Ордумдан тургузбай, колум эле тынымсыз жаза берет

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр”

(Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Ажыбай уулу Эргешбай, 1939-жылы Аксы районунун Тоспу кыштагында төрөлгөн, азыркы убакытта Бишкек шаарында жашайт

Мен мугалим, атеист катары ушундай нерселерге аябай көп таң калчумун. Бирок азыр түшүнүп калдым, анткени китептерде да көп жазылып жатат, ааламда жан менен кошо адамдар жети көчүрмөдөн турабыз. «Астралдык дене», «менталдык дене», «эфирдик дене» деген илимий сөздөр бар. Биз эмне иш кылсак, ошол нерселер жазылып, сүрөтү тартылып калат. Анан ал: кылган иштерибиз, сүрөтүбүз жан менен кошо учуп кетет. Караңгы дүйнө, жин дүйнө, нур дүйнө, ак дүйнө деп асман жетиге бөлүнөт. Канчалык жүрөгүң ак болсо, эч кимге жамандык ойлобосоң, таза болсо, ак дүйнөгө – бийикке барат экенбиз. Нур дүйнөгө пайгамбарлар эле барат, башка эч ким жетпейт. Жинденип жүргөндөр жин дүйнөдө, караңгы дүйнөдө жаныбыз кала берет.

Мен маалыматты автоматтык кат түрүндө да алам – ордуман тургузбай, колум эле тынымсыз 10-15 саат жаза берет. Муну мен Аксыда жашап жүргөндө түшүнгөн эмесмин, жөн эле аткара берчүмүн. 18 саат жаздырган учурлары да болгон. Манас ата, Каныкей апа, улуу рухтардын бардыгы: «Бишкекке барасың, биз сени Бишкектен күтөбүз», – деп эле жаздыра беришти. Мен: «Бул туура эмес, эс алууга чыкканда, эми Бишкекте мага бышырып коюптурбу? Молдолордун айтканы туура, мен жинди болуп жатам», – деп аябай күйчүмүн. Акыры Бишкекке келдим, келгенден кийин рухтар мага же китеп окутушпайт, телевизор көрсөтүшпөйт, тууган-уругум менен катыштырышпайт. Келген маалыматы боюнча, адегенде сексен күн тамак ичкенге уруксат беришкен жок. Кырк күнүн жарым литр сүттү үч маал ичүү менен жашадым, андан кийинки кырк күнү чай кашык бал кошуп кайнак суу ичтим. Ошентип, сексен күн бир тоголок буудай данын жебей жашадым. Көрсө, космостон нур келип, тамактандырып туруптур.

Колум эле жаза берет, эмне жазып жатканымды билбейм. Бишкекке келгенге чейинки үч жыл бою жазгандарымды өзүм эч окуган эмесмин. Азыр деле окуй элекмин, убактым да жок. Мугалим болгондугум үчүн, Бишкекке келгенден кийин, мендегилер эмне деген көрүнүш экендигин, ушундай нерсе илимде барбы деп изилдегим келди. Китептерди таап алып, жаңы окуп баштасам эле: «Сен убара болбой эле кой!», – деп окутпай коюшчу. Кийин, бир-эки жылдан соң, окуганга уруксат берип баштады, ошондо анан бир аз үйрөнүп алдым. Көрсө, менин бул өзгөчөлүгүм «автоматтык кат» деген нерсе экен. Орустарда бул тууралуу көп китептер чыгыптыр. Кайсы бир чет мамлекетте бир жазуучу китебинин биринчи бөлүгүн жазып бүткөндөн кийин, каза болуп калыптыр да, анан руху келип экинчи бөлүгүн башка бирөөгө жаздыртыптыр. Ушул нерселерди билгенден кийин, демек, бул көрүнүш башка адамдарда деле бар экен деп, сүйүнүп калдым. Мунун өзү «космостук байланыштын психографикалык усулу» деп аталат экен. «Психо» – жан, «графия» – жазам деген сөз экендигин билем, демек, кандайдыр бир жан жаздырып жатат. Космостон энергия колго келип туруп, калем сапты ошол энергия башкарат экен. Менин байланышымдагы нерселер – поэзия эмес, меники – уйкаш сөздөр менен келген маалымат. Кыргыздар илгери кыска-нуска айтып, уйкаш сөздөр менен сүйлөшкөн. Европадан изилдөөчүлөр келип, жайлоолорго барып, кыргыздарды изилдеп жүргөн убакта: «Кыргыздар ырга окшотуп сүйлөшөт экен», – деп айтышкан экен. Мага жаздырып жаткан – биздин ата-бабаларыбыздын рухтары. Азыр деле айылга барып калсаң, билими жоктор эле ушундай уйкаштырып, жамакташтырып сүйлөшөт, тим эле таң калып каласың.

Мен кээде өзүмдөн-өзүм эле кыйкырам. Көрсө, ичиме рух кирип алып, кыйкыртат экен. Бир канча жылдар мурун, кызым аябай ооруп, арбактар менен дарылай турган Гүлсина деген аялга алып барган элем. Ошол жерден жетинчи күнү эле, жөн эле отурган жеримден колумдан ток чыгып кетти. Ошондо Гүлсина мага: «Сиз адамды дарылайсыз, мен сизге бата берем. Сиздин ичиңизге он экинчи атаңыздын арбагы кирип алыптыр, он экинчи атаңыз индеец экен. Ошонун арбагы ичиңизден кыйкырат экен», – деген эле. Мен: «Жомогуңду жыйыштырып койчу, менин ичимде эчтеке жок», – деп чалкамдан кеттим. Кыйкырып жибермейимди такыр баш ийдире албайм, көпчүлүктөн аябай уялам.

Таш китеп деген нерсе бар. Таштардын беттеринде тарыхый жазуулар болуп жатпайбы, алар тышкы эс. Ошол таштардын ичинде ички эс бар. /ткөн окуялар таштын ичинде сакталып турат. Рухтар ошол таштын эсиндеги маалыматтарды айтып берип, адамдар аркылуу жаздырат. Мен Бишкекке жаңы келген убакта, бир жолу Сабыр деген жигит мага жолугуп, көлгө эки жумага эс алганы бара жатканын айтып калды. Анан мен ага: «Көзүңө жакшы көрүнүп калган таш болсо, ала келчи», – дегем. Үч таш алып келиптир, бирөө сынык экен, ошол сыныгын столдун үстүнө коюп туруп, калем сапты алсам, кыргыздын тарыхын, көлдүн пайда болушун жаздырды: «Көлдүн ордунда жакшынакай шаар бар болчу. Жайдын күнү эле, элдин жарымы жайлоого көчкөн. Эртең менен жайлоодогулар турса эле, шаар жок, ордунда көл пайда болуп калыптыр. Бүт тууган-уруктары көлдүн астында калгандыктан, жайлоодогу эл чыдай албастан, бир кемпирди атка мингизип алып, чыгыштан бакыт берсин деп, бүт бардыгы кетишиптир. Алтайга кыргыздар ошондо барган экен». Тарыхта кыргыздардын Алтайдан келгени боюнча маалымат бар, бирок Алтайга кандайча кеткендиги туурасында маалымат жок.

Суу өзү маалымат сактоочу касиетке ээ эмеспи, Ысык-Көлдүн касиети – ааламдагы маалыматтын баарын өзүнө сиңирип алат. Кайсы жерге жарык тийсе, ошол жерге маалымат келет. Чөпкө деле, ташка деле келет, бирок аны сезгендер гана сезет. Маалымат сууга нур аркылуу келет, нур суудан чагылып, адамдарга тийип, үн-сөзгө айланат. Нур ак, жарык болгон жети түстөн турат, ошол жети түс – булар маалымат толкундары. Ошол толкундар тандаган пендеге туш келет. Мисалы, манасчылар, ырчылар, акындар. Андай адамдарды бапестеп, көтөрмөлөш керек, ошондо алар өнүгөт. Ырчыларга Кудай атайын үн берип, адамдардын өмүрүн узартсын деп жаратат. Акындар да маалыматты космостон алып жазышат. Илхамы келгенде, алар космостук байланышка чыгып, 4-5 берене ырды тез эле жазып коюшат. Ал ыр түбөлүккө сакталат. Мисалы, «Сары-Ой», «Ой булбул», «Алымкан». Нобелдик сыйлыкка татыктуу болгон чыгармалардын бардыгы космостук байланыштан алынган. Улуу окумуштуулардын баары тең Кудайга ишенген. Мисалы, Эйнштейн, Менделеев, Нострадамус, Бруно жана башкалар.

Leave a Reply