Үмөтбаева Токтош: Арбактар менен аралашканда өзүмдү сезбей калам

This post is also available in: Орусча

[Бул интервью Талас  аймагында 2005-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Үмөтбаева Токтош, Талас району, Кара-Суу айылы, Талас аймагы

Арбактар менен сүйлөшүп жатканда тегерегимде эмне болуп жатканын билбейм.  Бирок ошол учурда суроо берилсе жооп бере алам.

Эми мен арбактар менен аралашканда өзүмдү-өзүм сезбей калам. Кыздар менен балдар менен жүргөндөй эле болом. Денем ушундай жеңил болуп калат,  уча тургансып.

Төртүнчү күндөрү гана келишет

Арбактар менен сүйлөшкөндө туура эмес оокат болсо,  жедирбей коюшат. Алар  4-күнү гана келип сүйлөшөт. Андан башка күндөрү көрүнбөйт. Алардын келиши менин  ден соолугума жакшы таасирин тийгизет. Мен жеңил болуп калам. Алар кеткенден кийин үйүмө бир жакшы нерсе киргендей болуп калат.

Арбактар жөнүндө маалымат

Арбактарды мен жок деп айта албайм. Алар тирүү. Ушу бизге окшоп эле тиги  жакта да оокат кылып жатат. Жакшынакай фермери фермер болуп, бригадири бригадир болуп жүрү. Ата-энеңди, бир туугандарыңды, айылдагы чоң ата, чоң апаларыңды көрөсүң. Таянем өлүп калган, мен аны даана көрдүм.

Жогоруда айтканымдай  жанагы тил-оозу жок жатканда арбактар менен аралашып калдым. Эми мен ошол жактагы көргөнүмдү айтып берейин.

Умай эне 40 кулач казанга нан жабат экен. Эненин сүтү дайра деген да чын.   Эки көлдүн жээгине жыгач кесе коюп коёт экен. Мени бир байбиче ээрчитип жүрдү, баягы өлүп тирилген убакта. Бир тамга кийриди. Анан ошол тамга киргенде, чачы жерге төшөлгөн бир келин турган экен. Келиндин эки бетинде сары чаян, көзүндө тирөөч, оозунда төйнөгүч. Жанагы келиндин үнү кудайга угулуп жатат. Анан тиги байбиче сүйлөшүп калды. Тозок оту деген жерде эки чал турат экен. Жанагы костёр сыяктуу кыл көпүрөнүн баш жагында күйүп турат. Жанагы кемпир тиги чал менен да  сүйлөшүп калды.  Ал сүйлөшүп жатканда, мен келиндин бетиндеги чаянды  үзүп алайын деп жетип калдым. Келиндин сулуусун айтпа. Кемпир колго чаап жиберди.  «Ай тентек. Тарт колуңду», – деди.  “Ай, чоң апа бул ыйлап жатпайбы. Чаян чагып, өлтүрүп жатат”, – дедим. «Жалган дүйнөдө кылгандарын алып жатат. Көзүндөгү тирөөч күйөөсүн акшыя тиктегени, төйнөгүч тилдегени, чаяндардын чакканы  күйөөнү башкага өлтүрткөнү», – деди.

Кичинекей эки көлдүн жээгинде кичинекей балдар келип,  баягы көлдөн сузуп ичип, алманын башына чыгып кетип жатат. Анан кээ бирөөлөрүнүн оозуна жеткенде эле, калбыр болуп оозунан сүт агып калып жатат. Чыркырайт тим эле,  ыйлашып. Ошондо мен берки кесени алып тигиге берейин десем, кемпир дагы уруксат бербей койду. «Ай тентек, сен тентектик кылба.  Бул 9 ай эне эмчегин эмген, никелүү балдар. Ал тиги никеси жок балдар. Ал энеси үчүн кыйын, өзү жооп берет», – деди. Анан баягы 40 кулактуу казандын жанына келсек, кыпчылдык кылып жатат. Ошол ачка калган балдарды  Умай эне багып жатат. Көрдүңбү арбактар кандай экен.

Арбактар  дайым эле бар да. Илгери менин чоң атам Урал деген дөө түшүргөн чоң молдо болчу. Ошол киши иниси каза болуп, жайлоодон келе жатса кеч болуп кетет.  Ошондо карышкыр жебейт деп  мүрзөнүн арасына  жатып калат. Түн ортосунда саат 2де иниси келип, сүйлөп жатат дейт:  «Сен 2 чанач кымыз, бир чанач жуурат алып келе жатасың. Ошол жуураттын ичинде кыл жуугуч келе жатат. Ошону бизге ичирбе, арам оокат», – деп айтыптыр. Ошондо жуураттын ичинен кыл жуугуч чыгыптыр. Аны анан майда балдарга таратып ичкизип коёт.

Эми өлгөндө көрдө жатасың, бирок биздин сүлдөрүбүз калат. Жаныбыз болсо сүйлөшүп жүрө берет.  Арбактардын жашоосу адамдардыкына эле окшош.  Биз куран окутканда, алар дагы коңшулар менен жамаатташ болуп иче беришет. Негизинен арбактар экиге бөлүнөт. Шейит деп коёт. Анан намаз окубай, даарат албагандар ылдыйраак турат. Айтмакчы, арбактар жыныска жана куракка ээ.

Ар бир арбактын өзүнүн мүнөзү бар. Мисалы, шейиттики бир башка, жөнөкөй өлгөндөрдүкү бир башка. Буларда сурак да бар. Арбак келгенде үйүң жарык болуп, жакшы нерсе киргендей болосуң. Алар адамдарга  жакшы мамиле жасайт.  Мүрзөлөрдүн жанына  келип куран окуганда,  алар жабыла туруп бата берет экен. Эгерде катуу айдап өтсө, тетири бата берет экен. Арбактар да машина, самолёт, кайык минип жүрү. Арбактар баардыгын жөн эле билишет. Алар адамдардай эле сезе алат. Мени менен сүйлөшүп жатпайбы. Мисалы, музыканы алар түшүнбөйт. Алар андайды жаман көрүшөт. Арбактар чарчаганды  билбейт, анткени басышпайт. Менимче,  көзгө көрүнгөн дүйнө маанилүү болуш керек.

Арбактардын жашоосу бир мезгилде бүтүүгө мүмкүн эмес. Алар дайыма тирүү. Эми руханий жашоодо «жакшы» менен «жаманга» бөлүнөт. Маселен, түштө аян катары атаң, апаң болуп көрүнөт. Бул – арбактар. Ошондой тергеп көрүнөт,  коркпосун деп. Түштөгү  ит, куш – бул жаман нерсе, булганыч. Арбактар  аралаш эле эл менен жүрөт. Аны эми силер көрбөйсүңөр да.  Дүйнөсү тиги жай. Мейкиндиги бизден бийик турат.  Мисалы, бир эле арбак мейкиндиктин ар кайсы чекиттеринде жүрө  алат. Алар бир убакыттан бир убакытка өтө алышат.

Арбактардын сезими болот. Маселен,  аларга биз оокат атабай койсок, алар деген ачка болуп кейип, ушундай жаман сөздөрдү айтышы мүмкүн. Анан куран окуп турсаң,  алар жакшы баталарын берет. Эми арбактарда адамдардыкына окшош Ата Мекен түшүнүгү жок. Бирок алар адамдарды жакшы көрүп калган учурлары болот.  Болгон  үчүн жакшы көргөнүн сүйөп-таяп кетип жатпайбы. Арбактар менен таза дамдар гана  сүйлөшө алат.

Ал эми адамдарга сейрек кездешүүчү жөндөмдөр ата- бабасынан келет. Эгер адам арбактар менен сүйлөшүүгө тандалып, бирок баш тартса, анда өлөт.

Leave a Reply