АЯН АРКЫЛУУ КЕЛЕЧЕКТИ АЙТУУ КАСИЕТИ

 

 Кубатбек Жакыпов Токтогул районуна караштуу Сары-Камыш айылында туулган. Азыркы учурда Ишенаалы Арабаев  атындагы КМУнун доценти:

Мен ойлойм адамды деле Алла-Таалам сотка сыяктуу сим картаны алмаштыра берет. Ал нерсе өтүп кеткенден кийин эч кимди эч нерсе кыла албай калам. Убагында келет, сеанс жасайм, бүттү. Ал эмес өзүм түшүнбөйм. Чумак сыяктуу колдорумду иштете берем, бирок, эмне кылып жатам өзүм билбейм.

Мен сурабаптырмын, мен сеанс жүргузүп жатканда эмне болдуңар деп. Былтыр бирөө баягы сен эмдегенден кийин жакшы болуп калды эле десе таң калып калам.

            Көбүнчө мага маалымат жаңы-жылдарда келет. 2009-жылы эмне болоорун айтты. 2010-жылды дагы диагноз берген. Эми быйыл жакшы болот. Бирок биринин ириңин бири сыгат, илгертен ириң толуп келген да. Ошону сыгат дейт. Бири-бирин чукуп жатышпайбы, ошол биринин ириңин бири сыгып жатканы.

Байрактын өңүн билчү жыл, башкасын тандап илчү жыл” деген да маалымат келген. Анан өткөндө Карганбек Самаковдун билдирүүсүн угуп алып, комиссия болуп жатса, телевизордон көрүп алып, чын эле болгону жатат окшойт деп таң калам.

Ушул туурасында “Учур” гезитине да бергем. Ошондо эскертип, көп эле көз ачыктар баары болуп өткөндөн кийин, ушинткем, тигинткем, минтип айткам деп баштайт. Берели мобу маалыматты. Анан күзүндө кышка жакын билели деп айткам. Бул маалымат чынбы, же жөн эле берилип атабы, тактайлы деп жазып бергем. Эми күздө натыйжасын көрөбүз. Мен таң калгандан жанагы “Байрактын өңүн билчү жыл, башкасын тандап илчү жыл” деген жери бар болчу да.

Мурунку залакасы, дагы эле бут тоскондор болот дейт. “Ириңди сыгып жарчу жыл, ит өлгөн жандар ичине, ирдентпей чалып жыкчу жыл” деген сыяктуу жалаң ыр менен келет. Кечээ эле бир топ аяндарды алдым. Мен көбүнчө эл жок жерде, элдин ажырап жалгыз болуп калган учурларда көп аян алам. Жалгыз болгондо таза аян алам. Коомго аралашканда булганасың.

Кечээ бир эки-үч күн үйдө болуп калдым эле жамгыр жаап, кудай жалгап. Анан ошондо аян келди.

Бир айтканы эсимде калыптыр:

“Кулач жердин кучагында калганча,

Кулчулук кыл, куунап жүрбөй айбанча”.

“Көргө жеткенче кудайга кулчулук кылып, таза жүргүлө!” –  деп жатат.

Анан “Торгой талаада, булбул бутакта” дейт. Көрсө торгой жалаң гана талаада сайрайт экен, булбул бутакка конмоюн сайрабайт экен. Ташка конуп алып булбул сайрабайт турбайбы көрсө. Мен буларды дароо жазып алам.

Мен мындан тышкары “Боргемиктин санжырасы” деген китеп жазып жатам. Бул дагы жөн келген жок го, мен санжыра жазайын деп деле ойлогон эмесмин. Кайдан-жайдан келгени белгисиз, санжыралар мага чогулуп калды. Тиги билгенин алып келип мага берип, бул билгенин алып келип мага берип, өзүнөн өзү топтолуп чогулуп мага келди. Мен эми жазсам болчудай экен. Аракет кылып жазып жатам.

                                               Аян алуу оюмда жок эле

Менин минтип аян алып калганымдын себеби, аялым бир көзү ачыкка барыптыр. Аялдар жанагы базардагы көзү ачыктарга жолум болбой жатат, минтип жатам, тигинтип жатам деп эле бара беришет го. Ошентип аялдар менен барса эле, аны айтпай эле, үйдө жаткан мени айта бериптир. “Сенин күйөң бар экен, ал намаз окуш керек экен” – деп дагы ушул сыяктуу нерселерди айтыптыр. Анан мен ишенбей, университетте иштейт десе акча керек болуп эле ушинтип айтып койду го деп ойлодум. Анан кийин дагы “Барсам эле сени эле кеп кылат” дейт. “Жүрүчү барып келели, кандай неме” деп анан барсам эле айтып баштады. “Кудай буюрса сен ушундай болосуң, ыр жазасың, намаз окуйсуң,” -дейт. Анан мен “Эми алтымышка чыккандан кийин окуйм да” – деп коем. “Эми ыр жазып жүрөм чала була, – десем, -жок асмандан бир кагаздар түшүп жатат” деди. Анан мен айта берет деп ишенген жокмун. Анан менин Тамара аттуу курсташым бар болчу. Бир күнү анын үйүнө аялым конокко барып калса. Ал Селекция жакка барчу, “Кубаттын аталары келди, жети күндүн ичинде түлөө берсин” деп жатат дейт. “Каяктагы түлөө жазында?” деп болбой койдум. Үч күндөн кийин жумушта отуруп эле ооруп калдым. Анда И.Арабаев атындагы университетте зам декан болуп эмгектенчүмүн. Ачык сабакта отуруп эле, температура болуп ооруп калдым. Анан мага көз тийди го деп ойлодум. Дагы бир агай бар болчу, дем салып берди, киринеледи, болбой койду. Анан аялым айтат: “Бир иштер менен барып калсам, аталары дагы келди, үч күн эле калды, үч күндө түлөө бербесеңер балабызды алып кетебиз деп айтты”. “Кеткенге даяр болуп калдым” – дедим.  Жан керек боло баштады.

-Эмне кылат экенбиз?

-Малды кантип табышты, кантип союштун бүт сценарийин жазып берди.

Айткандай бүт айтып бериптир, малды каяктан алаарыбызды, ким мууздайт, ким соет. Бүт көргөзмө бериптир. Анан бардыгын кудай деп аткардык, анан бардыгы орду-орду менен болуп эле анан отуруп алып эле өзүнчө буркурап ыйлап баштадым. Киши сүйлөсө, мага учурашса деле, телефондон бирөө менен сүйлөшсөм деле ыйлай бердим. Малды сойдук, бардыгы айткандай болду. Мага маалымат беришкен көзү ачыктар Шакин эже да, Тамар курсташым да келишти, анан атамды бурчка такашып “Арагыңызды же балаңызды тандаңыз, эгер арагыңызды таштабасаңыз балаңыз үч күндөн кийин өлөт!” деп ачык айтышты. Атам: “Балам үчүн таштадым”- деди. Анан баарыбыз тамак жеп, бата кылынгандан кийин ыйлаганым тып басылып эле “Эмнеге ыйлап жаттым?”  деп таң калып калдым. Жөн эле эч нерсе болбогондой отуруп калдым.Анан намаз окуш керек болуп, Бишкек шаарындагы Логвиненко-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Аль-Китаб” дүкөнүнөн куран китеп жана кара түстөгү теспе сатып алдым. Намазды жаттап алып, анан “Иштеп жүрсөм, өзүм бир убак намаз окусам жетет да, кийинчерээк үйрөнгөндөн кийин төрт маалын кошуп окуйм да” деп, бир маал намаз окуп калгам. Төрт күндөн кийин курсташым Тамара кайра келиптир:

-Сени аталарың, “Төрт күндөн бери төрт убак намазын каза кылып, он алты намаз каза болуп мойнуна илинди, анан капкара теспе тартып жатат”  деп айтышты, – деди.

Ошондон кийин беш убак намазга өттүм. Теспе тартып ошол боюнча намазга келип калдым. Ыр жазасын дебеди беле деп эле күтүп жүрдүм. Бир күнү үйгө Шакин эже келип, ана кетем депе эле кете албай кармалып жатат. Бир убакта “Уйкаштыктар келе баштады, калем сап бергилечи?” – деп эле кагазга жазып баштасам эле, ырлар жазып жатам, жыйырма куплетке чейин шилтеп таштадым. Сонун болот турбайбы, оңой, жаттап алган ырыңды көчүргөндөй эле жазат экенсиң.

Шакин эже таң калып: “Асмандан эле барактар жаап атат дебедим беле, көрсө ушул турбайбы” – деди да анан кетти.

Жазып жатканда уйкаштыктар келе берет, биринчи сабы келгенде, аны жазып бүтсөң, экинчи сабы келет. Бир саптан кийин эмне деген уйкаштык келерин билбейм, эмне жөнүндө жазып жатканымды билбейм. Кийин окуп алып аябай таң калам. Кээде шашып, жаап коюп кетип калып, кийин бир окуганда, сонун ыр жазган турбаймынбы деп таң калып калам.

Бул нерсе менен менин айтканым боюнча кудай жолуна түшүп, арактан арылып калып жаткан учурлар болуп жатат. Ага-туугандарым арак ичпей калышты, туугандарым намаз окушуп, тойлор араксыз өтүп калды. Чөйрөм ичпей жакшы болуп калды. Мисалы мен аркылуу аларга айттырат, аткаргандардын жашоосу жакшы болду.

Эки жолку аянда өзүмдөн күнөө кетип калды, айылда жүргөн эжелерге “Түлөө кылсын” деп айттырды. Мен өзүм ичимден  “Университеттке иштеп жүрсөм, анан түлөө кылсын деп атат” десем, оңбой калыптыр деп айтпасын деп эле айтпай койгом. Ошол эже бат эле бээ саап отурганда чагылган түшүп өлүп калды. Ошондон кийин өзүмдүн ичимден балким түлөө кылып, кан чыгарып жиберсе балким аман калмак деп ойлонуп койдум. Бишкекте Октябрь районунда салыкчы болуп иштеген иниме бир-эки жолу “Кан чыгарып койсун” деп атат десем көңүлдөнбөй койду. Анан жол кырсыгына кабылып, жанындагы кишиси өлүп, машинасы жарабай талкаланып калып, өзү аман калды. Анан айттым: “Эми айт дегенде айтам, анан тиги дуйнөгө барганда күнөөлү болбойлу, аткарсаңар, аткарбасаңар өзүңөрдөн,” – деп айтам. Садаганын күлүгү эч кимге жеткизбейт дейт. Ошон үчүн кан чыгарып, садага берип жүргөн адамдар  миң балакеттен алдыга кетет дейт. Айтсаң көп эле кереметтер бар. Мындай нерсени күнүгө эле көрүп турам.