Сапар: Касиет бардык адамдарда бар

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул интервью Талас  аймагында 2005-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган.

Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Сапар, 55 жашта, Талас аймагы

Ыйык жер деген жер ата-бабадан бери жети ата өткөн же андан да көп бабалар рухтары байырлаган жер. Ыйык жерларда арбак, рухтан тышкары Алла Тааланын космический нерсеге тиешелүүлүгү бар. Көзү ачыктар, бүбү-бакшылар арбак, рухтар колдойт деп айтышат. Бул нерседе илгери биздин ата-бабалардын айтып келе жаткан сөздөрү калган. Мен айтаар элем, бир Алладан башка эч ким колдобойт. Бул эң бекемдөөчү нерсе. Арбак эч убакта колдой албайт, ал тирүү жанга муктаж. Биз куран менен арбакты тойгуза алабыз, биз куран менен арбакты өйдө көтөрө алабыз. Куран сөздүн күчү. Куран арбактын адресине барып түшсө Аны Алла Таала амин деп кабыл кылса арбакты бошотот деген нерсе. Ыйык жерлер адамдардын оңолушуна, белгилүү бир себепкер боло алышат. Касиет бардык адамдарда бар. Карабы, жакшыбы, тазабы, касиет өзүнүн гана белгилүү өзүнүн убактары жеткенде, сыноолору келгенде ойгонот. Кээ бир адамдар авариядан ойгонушат. Кээде сегизинчи, жетинчи сезимдер ойгонот. Бизде шаманизмден калган калдыктар бар. Ислам динин толук кабыл алганыбызга 4 жыл болду 5жылга карап калды. Жаңы мусулман болуп жатабыз. Ыйык жерлардан тазалана алышпайт, тазаланса бир ган Алла Тааланын амири менен адамдын өзүнүн ниети менен тазаланат. Айрыкча ооз, кулак, көз, кол, жүрөк ушул беш нерсени тазалайт. Алла Таала айткан мени ыйык жерден, базардан, Меккеден издебегиле мени ар бириң жүрөгүңөрдөн издегиле деген. Бул нерсе калбаса да ритуал катары калышы мүмкүн. Ыйык жерлерди оң жана терс жана жакшы ыйык жер,  күчтүү ыйык жер деп бөлүшөт экен, бирок ыйык жерлер бирдей, мындай кылып адамдын акылы, аң-сезими бөлөт. Туура, туура эмес, күчтүү, күчтүү эмес деп. Чынында ыйык жерлердин баары бирдей. Анткени, адамдардын денгээлдери, маданияттары ар кандай. Бирөөсү бул туура дейт, бирөөсү бул туура эмес дейт. Болбосо, ыйык жерларга барып ыйык жерлардан кабар алып, ыйык жерлар менен байланыш деген үгүттөө менде жок. Мен ыйык жер жолун басып өткөм, ыйык жерлар мага да себепкер болгон.буларды мен индия, ислам адабияттарынан карап, көптөгөн маалыматтарды казып окуп, мунун баары туура эмес ширк, өзүн өзү алдоо экендигине көзүм жетти. Алла Таала айткан мен ачык турам, эмне үчүн силер тигил жак менен айланып анан мага келесиңер деген. Жүрөгүңөрдү эле ачып, түз эле келсеңер болот деген. Биз бир жылдары Талас областынын ыйык жерларын кыдырдык, Нылды Ата, Манас Ордо, Арашан, Шаркыратма ж.б. биз эртең менен чыгып, жөө барып жөө келчүбүз.

Анткени, Алланын ыраазычылыгы үчүн, Алладан сооп алалы деп. Алла Таалам биздин билип кылган, билбей кылган, атайын, атайын эмес кылган күнөөлөрүбүздү кечирсин деп жөө барганыбыз жадж, бул ритуал. Алла бизге мээримин төксүн, бизге назарын салсын деген ниет менен барганбыз. Ыйык жерлердин ачылышына адам баласы жолтоо кыла албайбыз анын да өзүнүн жолдору болот. Бирөө ак кийинет, бирөө бүбү-бакшылык менен кетет, бирөө иога менен машыгат, бирөө ооруп барып ачылат. Болбосо,  ыйык жерлерден адам чоң жакшы нерселерди алса болот. Нерселер деген жүрөктү тазалай турган себепкер нерселер. Жүрөк качан тазаланат, адам өзү ниет коймоюнча. Ниетиңди коюп туруп амал жасашың керек. Сен керек болсо ниетиңди коюп ушул жерден намаз окусаң Меккеге барып окуп келгендей эле болосуң. Жөн гана сенин рухуң учуп кетет. Көзүңдү жумуп туруп медитацияга отуруп, ошол жакка барып кадимкидей намаз окуп, тегерегиң менен баарлашып келген сыяктуу сезимдерге ээ болсо болот.

-Мен өзүмүн молдолук ишмердигимди бир гана Аллага багыттайм. Менин устаттарым болгон, мисалы мен Бакаыйр деген айылда төрөлгөм. Ошол айылда Жаныш аке деген көчү ачык боюнча устат болгон ал кишинин аты Садыров Садабек тибеттик көнүгүүлөр боюнча иог ситемасы боюнча устат болгон. Бишкекте Гулсары апа деген бар ал мыкты чечен. Ал киши адамдын руханий жактан сабак өткөн. Андан тышкары көптөгөн чет жактардан келген, Индиядан келген духтуу адамдар менен жолугушуу болуп турат бизде.

Молдолордун арасында карама-каршылыктар дайыма болот, жана боло берет, болуп турган нерсе. Илим бар жерде карама-каршылыктар болуп турат.

Исламда ширк деген нерес бар ал-Аллага күнөө келтирүү. Аллахка шек келтирүү болуп эсептелинет. Молдо кишинин үй-бүлөсү болуш керек, бала-чакасы болуш керек, оокаты жакшы болуш керек, жакшы жашаш керек.

Мен өзүмдү ойлонбостон эле мусулманмын деп айта алам. Мындан 3 жыл мурун кыргызмын деп айтчу элем. Анткени, амалда жүрүм, ибадаттарымды кылып жатам. Аллахтын ыраазычылыгын алайын деп, Аллахтын сүйүктүү пендеси болоюн деген ниет менен жашап турмуш куруп жатам.

Бул диндерде бир эле саясат бар. мусулманчылыкта, ислам диниде аял-эркекпи, бала-чакабы өзүнүн убагына жеткенде парздарды аткаруу, мусулман болуу. Беш нерсе аткарылмайынча мусулман болуш өтө кыйын нерсе. Көбү айтат мен мусулман болдум деп. Мусулман болуш деген жөн гана намаз окуш, орозо кармаш эмес, беш парзды толук аткаруу. Ислам дининде бир эле саясат Аллахка жакындоо, Аллахтын сүйүктүү пендеси болуу.

Сиздин сурооңуз келечекке тиешелүү нерсе. Биздин бул руханий жолдо жүргөндө бир Алладан башка эч кимдин тиешеси жок, келечек жөнүндө сүйлөөгө, келечекке кийлигишүүгө. Эгер  ал кийлигишип келечекте ал мындай болот, андай болот десе биз Аллага шек келтирип коюшубуз мүмкүн. Аллах Таалам билет эртенки күн кандай болот. Анан өзүмдүн жеке оюм келечекте жакшы нерсе бар, бул жалган дүйнөдө бардыгы бүтүп калбайт, жаңы башталбайт. 10 жылдан кийин Кыргызстанда 100 этаж там курулат, бул жерден жөө жүрбөй троллейбус, травмайды каттатып коюш максат эмес, аны менен бул көкүрөктү тазалоо керек. Бул жалган дүйнөгө биз тазаланыш үчүн келгенбиз. Адамзаттын бир эле максаты бул тазалануу жолу. руханий байлыкка ээ болуу, кудай менен байланыш. Бул биздин милдетибиз. 10 жылдыкта Кыргызстанда агы да болот, карасы да болот, жакшысы да болот, жаманы да болот. Жакшы болот дегенде сырткы көрүнүшүн айтсам тамдар курулат, машиналар башкача болот, акча көбөйөт, дүнүйө амалдар көбөйөт, байлык көбөйөт. Бул жалган, көздүн, акылдын алдоосу. Мына ошол менен биз алданабыз. Канчалык бай болгон сайын кудайдан ошончолук алыстай беришет. Бул суроого так жоопту бергенге эч кимдин акысы да жок. Кандай болот, эмне болот, мен ойлойм муну бир гана Алла билет деп.

Ыймандуу адам: мусулман адам болушу мүмкүн, иог болушу мүмкүн, христиан болушу мүмкүн. Ыйман деген адамдын көзүнө көрүнбөгөн, колуна кармалбаган, акылына туюлбаган чоң нерсе. Ошол эле мусулман адамдын ыйманы начар болуп турса ал жанагыдай иштерди кылышы мүмкүн. Мусулман адам ыймандуу болсо ал бир адам. Ортолорунда гармония болот. Ал адамдарда Аллахтан касиет берилет. Бирок ыймандуу болуп анан эч бир религияда болбосо да болот. Ыйман деген жол өзү жарык, ыйык, гүлдөгөн деп айтылат. Менин түшүнүгүм боюнча бул сенин уятың, сенин душаң. Мусулманчылык деген бар анан бирок ыйманы жок деген канча болуп жатат. Бул суроонун жооптору көп, 3 нерсе менен эле бүтүп калбайт,жообунун чеги жок. Ыйман ички нерсе, мусулман сырткы нерсе. Экөө гармониялуу нерсе. Исламда негизи төрт маскап бар. Анын ичинен имам – азам маскабына киребиз. Бул маскап эң улуу маскап катары эсептелинип келет. Биздин каада-салтыбыз кээде динге баш ийбей калат. Мисалы адам төрөлгөндө, адам кайтыш болгондо өлүктө 3 күн кармап керек салт боюнча деп, дин боюнча өлүктү жаназасын окуп эртерээк көмгөнгө шашылышыбыз керек. Эгер ушуну оңдой албасак анда башкаларын кантип оңдой алабыз.

Кыргызстандын мусулмандары башка ислам өлкөлөрүнүн мусулмандарынан, маскап боюнча гана айырмаланбаса, баары эле бирдей жана мусулман элдерин бири-биринен бөлүп кароонун өзү туура эмес деп ойлойм. Бардыгы бирдей болушу керек.

Leave a Reply