Мамбеталиев Байыш, Менин чоң атамдын иниси Рахматаалы кыл табып болгон.

This post is also available in: Орусча

Мамбеталиев Байыш, 54 жашта. Талас району, Көк-Кашат айылы.

Кыргыздар дыйканчылыкта, жыл жаңырганда март айында түшүм тилеп түлөө өткөрүшкөн. Тилегенде жөн тилебестен ыйлап тиленишкен. Ала-шалбырт кезде малдын аманчылыгын, элдин аманчылыгын, түшүмдүүлүктү, тынччылыкты жалпы журт тилеп, кудайга жалынышкан.

Менин чоң атамдын иниси Рахматаалы кыл табып болгон. Ал адамдын ысымын билбеген адам болгон эмес экен, бирок кийинки муун билбей калды. ошол адамга келип айыгып кетишкен экен. Ал адам ракты айыктырган экен. Анан жаш келиндер төрөп желкабыз болуп, майып болуп калып жатышпайбы. Жаңы төрөгөн келин этибарга албай желденип калат, суукка урунуп калат, бул маточный оору. Аягы күчөп ракка айланып кетет. Догдурлар аны рак деп айтышпайт, кандай кылып айыктыраарын да билишпейт, ошол желкабыздан көптөгөн келиндер кайтыш болуп кетип жатышат. Ошол желкабызды Рахматаалы укмуш айыктырган. Көк сууга салчу, кандай кылып ичиришти дагы билээр эле, коргошундун тамырын ичирээр эле. Бир жыл бою көк суу ичирткен учурлары болгон. Коңшу келин мени менен тең болуп калды, аны догдурлар киши болбойт деп чыгарып салышкан. Бир жыл чыдап көк суу ичкен экен. Аны өзүнүн рецеби менен даярдап берет. Көк сууга саал туз кошуп, бир аз сүт кошуп берген экен. Мына азыр ал келин жылкынын этин жеп жатат, жакшынакай жашап жүрөт. Рахматаалы чоң атам 1984-жылы кайтыш болуп кетти. Коргошундун тамырын казып келээр эле, суунун шарынан алыс болсун же суунун шары деп бөлүп койчу. Коргошун чөптү азыр бардыгы биле бербейт, 60-70 жаштагы аталар гана билбесе. Мен мисалы билбейм, ал кандай чөп экенин. Ал адам уу коргошундан дары даярдашты билген, ошон үчүн кыл табып дешкен. Тамырды кармап дагы билген киши болгон. Башка айылдан бир адам Рахматаалы чоң атамды билет экен. Ал айтат мен 10 күндөн көк суу ичирип тамырымды кармап, ошо менен 3 жолу ичкенде бир ай болуп калды дейт. Көрсө ал дароо эле бир ай ич деп айтпайт экен, он күн ич анан тарымыңды көрөйүн дейт. Анан дагы бир он күн ич бир аз калды деп сүйөмөлөп, айтып отуруп бир ай көк сууну кантип ичкенимди билбей калаар элем дейт. Жакшы сөздөр дагы кеселдин сакайып кетишине дем берет экен. Кийин чыдабай кетип чүкөдөк нанды жеп койдум эле дейт. Ошодон кайра ооруп козголуп, чыдай албай кайра келген экен. Тамырымды кармап туруп, колумду силкип салды дейт, менин тилимди албасаң мага экинчи келбе, менин бир ай ичирген мээнетим эмне болду, нан жеген турбайсыңбы деп билип койгон экен. Ошентип айтса ыйлаптыр чүкөдөй эле нан жегем десе, чүкө эмес буудайдай эле нан жесең ошол бузуп коет дептир. Ошентип кайра башынан баштап 5-6 ай көк суу ичкем. Болбосо менин сөөгүм качан эле сөпөт болмок деп кемпир айтып отурат.

Leave a Reply