Аскараалы Абдылдаев, Жалал-Абад аймагы

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Аскараалы Абдылдаев, 85 жашта, Тогуз-Торо, Жалал-Абад аймагы

Ыйык жер. Байдөөлөттүн керемети. Молдаалы калпанын айтымчылыгы. Аракбай. Кут

Тогуз-Тородо Тагай, Бөрү деген эки эл турат. Мен тайданмын. Кировдо 5 жыл деректир болгом. Талаачылык, мал чарбачылыктын сырын жакшы билем.

Биздин өрөөн ыйык жерлерге бай. Киров айылынын үстүндө Жылңач-Бугу деген мазар бар. Биз кезде дал ошол жерде Манастын сөөгү коюлган деп аңыз кылышкан, ошол жерде. Манастын оозу, Манастын үңкүрү деген жердлер бар. Төбөсүндө мүрзөдөй топурак, казан бар дешет. Бирок ал жерге мен өзүм барган эмесмин.

Ошондон ары көздөй Көкташ мазары деген бар. Өзүм 62 жыл чарбада иштегем. Анын 53 жылын ошол Көкташтын айланасында иштедим.

Көкташ мазарында илгери Байдөөлөт деген эшен турчу экен. Өзүнүн уругу Тагай болот. Анын маңдайында Нарын суунун өйүзүндө, Токтогул жагында Ак-Колот деген мазар бар. Көкташ Камбар-Ата ГЭСинен кырк чакырым алыстыкта жайгашкан. Чоң боз үйдөй көк таш. Тикесинен турат. Жанында мүрзөлөр бар. Ошол көк таштын түбүндө Байдөөлөт эшен боз үй тигип, жайы-кышы турчу экен. Аркы Тогуз-Торо, Жумгал, Сары-Камыштан төрөбөгөндөр, оорулуулар, баласы токтобогондор келип, шыпаа алышчу экен. Кийинки жылы ыраазычылык билдирип, бата алып кетчү экен.

Ташка айланган теңге

Ошол кезде Кокон хандыгынын убагы. Мадели хан Тогуз-Торого чеп салган. Ошол борбордо 30дай аскери менен бек, кожоюн турган экен. Анын максаты элден салык алып, ханга жөнөтүп туруу болгон. Анан ага эл Бакдөөлөт калпа элден ыраазычылык катары акча-тыйын алаарын ушактайт да. Он үйлүү тууганы менен тураарын, бай экендигин айтышат. Бирок ал бай эмес экен. Аны уккан бек айдап кел деп эки аскерин жиберет. Барса, үйүндө жок. Байбичесинен, балдарынан сурашса, намазга кеткенин айтышат. Ак-Колотто теректер, мүрзөлөр бар. Ал киши Көк-Таштан аркы ошол өйүзгө өтүп окучу экен. Барышса, көпүрө жок. Тиктеп турушса, намазын бүтүп суунун үстүнөн кепиччен басып келет. Коркуп кетишип: “Таксыр, сизди бек чакырып атат”, – дешет аргасыз. “Болуптур, кеч болуп кетти. Эртең менен кеткиле”, – дейт. Меймандарды боз үйгө киргизет. Байбичеси тарткынчыктап, үйдө мейман коноктоорлук эч нерсе жок экендигин айтып шыбырайт. Байдөөлөт эч капарсыз: “Казан аса бер”, – деп коет. Аңгыча бир бүркүт бир уларды кууп келип, так очоктун жанына түшүрөт. Бышырып, экөөнү коноктошот.

Эртеси ойгонуп, шам-шум кылган эки аскер: “Жүрүңүз таксыр, баралыбы?”, – деп кайрылса, “Силер бара бергиле, артыңардан барайын”, – деп Байдөөлөт калып калат. Барбай койсо ит болдук го деп экөө кетет. 5 сааттык жол. Эки аскери жетип, кожоюнунуа Байдөөлөт эшендин жакында келээрин кабарлайлы дешсе, Байдөөлөт алардан мурун жетип, бек менен сүйлөшүп отурган болот. “Мына таксыр, келдик”, – дейт Байдөөлөт беймарал. Таксыр чакырган себебин бидирет. “Биз бай эмеспиз, бирок алчуңузду айтыңыз, беребиз. Шариятта мындай, “улук кудай эмес, бирок кудайдан кем эмес” – деп айтылат. Буйругуңузду аткарабыз”, – деп жооп берет. Ичинен кымылдаган бек жылына канча салык төлөп туруулары керектигин билдирет. “Камтама болбоңуз. Айткан күнүңүздө келип турат”, – дейт Байдөөлөт. Бек анда: “56 жылдан бери дегеле төлөбөптүрсүз. Берип кетпейсизби?”, _ дейт. “Канча?”. “Баланча теңге”. Байдөөлөт калпа колун жазса, ошончо теңге түшөт. Батасын берип кетейин дейт. Бакдөөлөт калпа кеткенден кийин сүйүнгөн бек теңгени сандыгына катат. Эки-үч күндөн кийин канча теңге берди экен деп караса, бергени таш дейт. Бир керемет болуптур.

Байдөөлөт. Азирет Аалы. Мышык

Байдөөлөт калпа жылына эки маал: жазда, күздө жоголуп кетчү экен. Мергенчилер кийиктин аркасында жүргөнүн, атайын кийик аталы деп барып, ата албай койгондуктарын айтышчу экен. Ошол мезгилдерде Жалал-Абддан эшен хамра деген бекти өзүнө чакыртып калат. Бек Байдөөлөт калпаны калканч кылып, сизди эшен чакыртып атат деп, жаны беш дубананы кошуп жиберет ийет. Эшен кой союп коноктоп, анан меймандарына Азирет-Айыпка (илгери эл сыйынчу мазар болгон, азыркы Жалал-Абад курорту) сейилдеп келүүнү сунуштайт. Үч булагы бар. Бир булагы 40 градус жылуу, күкүрттүү суу. Экинчиси сасык. Айыкпаган жараларды жуушат. Азыр мамлекет грязолечение кылып бөлүп койгон. Байдөөлөт калпа: “Ал – өлүк мазар, биз тирүү мазарбыз. Азирет Аалы өзү келип учурашсын”, – деп барбай коет. Кечки намаздан кийин Байдөөлөт калпа: “Ассолоому алейкум”, – деп коет. “Кимге салам айтып атасыз?”. “Азирет аалыга салам айтып атам. Ал өзү келди”.

Бек Байдөөлөт калпаны сынап көрмөкчү болуп, мышыктын этине палоо бастырат. Бир жигит табакка толо ысык палоону көтөрүп келип койгондо, калпа мурдун көтөрүп “пыш-ш” деп коет, табактан мышык ыргып чыгып, эшикти көздөй жүгүрөт. “Болду, болду таксыр”, – деп ыраазы болгон эшен эртеси башына ак топу кийгизип, үстүнө ак чапан жаап, “Сиз мурда калпа эле болчусуз, эми эшен-калпа болдуңуз”, – дейт. Ошондо баягы коштоп барган беш дубана: “Ушунча жыл ушуга кызмат кылып, малын багып жүрсөк, бир келген Байдөөлөттү эшен калпа кылып, бизди дубана бойдон кетирет”, – деп өз ара сүйлөшүп, нааразы болушат. Аны эшиткен эшен: “Кыргыздын кара мылтыгын билесиңерби. Байдөөлөт баарын даярдап келип, мен болгону ошол кара мылтыкка от коюп койдум, Байдөөлөт мурда эле эшен экен. Силер, макул калпа болгула”, – деп кенендик кылган экен.

Кызыл буудай. Эшендин кою

Бир жылы ачарчылык болуп, уй жазында кеч тууп, эл катуу кыйналган экен. Талаадан келген Байдөөлөткө байбичеси жеп-ичээрге эч нерсе жок, балдардын ачка экендигин айтат. Чоң казанга суу куйдуруп, калпа байбичесинин эшикке чыгып туруусун өтүнөт. Канча бир убакыт өткөн соң: “Байбиче кел, сүтүң жылыды, жаап кой. Эртең менен ачасың”, – дейт. Байбичеси эртең менен казанды ачса эле, чын эле айран болуп калыптыр. Ошол айран түгөнбөй, он күнчө он үйлүү айылды багыптыр. Бул бир сыры экен.

Экинчиси, жаз маалы, эгин айдаганга үрөн жок. Арып-азып турган эле Байдөөлөттүн айтуусу менен арык чаап, жардын боорунан суу алып келишет. “Сугаргыла”, – дейт Байдөөлөт. “Үрөн жок, эмнени…”. “Табылат”. Баягы жерди бүт сугартып, айдатып, айдоонун башын каздырат. Каздырып, жаргылчактай ташты оодартса, астынан кыпкызыл буудай чыгыптыр. Септирип, ороону кайра жаптырат. Элдин көңүлү тынат. Эшен кеткенден кийин туугандарынын беш-алтоосу: “Бул эмне болду экен, калган буудайды ачып ичели”, – дешип, түндөсү келип ачып көрүшөт. Ташты оодарышса, буудай жок, кыпкызыл эле кум экен. Берки жерге себилген буудайдын түшүмү болсо совет мезгилине чейин эле эшендин буудайы болуп түгөнбөптүр.

Бир күнү айылдагылар: “Эшен буудай деле, айран деле чыгарып атат. Жандыгыбыз. Жандык кылып бербейсизби”, – деп кайрылышат. “Жандык зарылбы?”. “Зарыл”. “Көрөлү. Кудайдан тилеп көрөлү”. Эки-үч күн өтүп кетет. Бүт айыл дым жатат. Түн. “Байбиче, эшикти жаап, түндүктү чүмкө. Эшикке чыкпа, чүмкөнүп жат, чыга калба”, – деп буйруйт Байдөөлөт. Күн күркүрөп, катуу күн жаайт. Жамгыр түшөт. “Абышка, эмне болуп атат деги?”, – дейт тынчсызданган байбичеси. “Жат, жат”. Бир маалда эле малдын маараганы угулат. Каяктагы кой деп, чыдабаган кемпири эшикти ачып жиберсе, “Болду, байбиче, болбой калды. Эшик ачылбаганда бир кочкор да түшөт эле, бул саналуу мал бир короо кой болот эле. Он чакты эле түшүп калды, эми ушуну күтүп алгыла”, – деп Байдөөлөт, анын ошол койлору эшендин кою болуп көпкө чейин элди баккан экен.

Байдөөлөт калпанын Нурдөөлөт калпа, Жапан калпа деген уулу жана небереси дагы ата касиетин бир аз аркаламыш болушту. Бүгүнкү күндө калпанын чөбөрөлөрү бар, бирок аларда баягы улуу касиет уланган жок.

“Эмдиги жылы согуш болот…”

Тогуз-Торонун Атай айылында да бир олуя чыкан. Ал Молдаалы калпаны өзүм көрдүм. Бүгүнкү күндө неберелери бар. Төрт баласы бар эле, бир баласы жакында өлдү. Молдаалы калпа окубаган, сабатсыз киши болгон. Кой кайтарып жүрүп, талаада уктап калат. Үйүнө келип эле, ар кайсыны айтып, бул мындай болот, тигил тигиндей болот деп ардемени айта берсе, агасы урушуп, башка айылга көчүрүп ийет. Баланчанын аялы төрөйт, баланчанын тигиниси өлөт деп айтып калчу экен. Согуш болоордун алдында 1939-жылы 17-18 деги баласын учкаштырып алып, бир күнү агасыныкына келет. Үйүндө коногу бар экен. “Эй жинди, сен бирдеме айта койчу элең, бу заман эмне болуп атат?”, – дейт агасы оюнда эч нерсе жок, сөз арасында. “Замандын эмнесин сурайсың? Батыш жагыңда өрт күйүп атат. Эмдиги жылы согуш болот. Согушка сенин да балаң кетет, менин да балам кетет”, – дейт иниси. “И анан эмне болот?”. Ал киши өлгөндөн аябай коркчу экен. “Бири келет, бири келбейт”. “Ананчы?”. “Согуштун экинчи жылы сен өлөсүң. Мен өлмөк элем, бирок сен өлөт экенсиң. Анан эки жылдан кийин Калмурат менен Кочкор өлөт”, – дейт. “Ий!”, – деп камчысын ала калып, жонго чаап жиберет агасы. Тиги киши ыйлайт. “Сурабашың керек эле, сурагандан кийин айтпасам болбойт. Болду, назрым сынып калды, эт арам болуп калды”, – деп жеңеси жалынса да болбой, ашты күтпөй кетип калат.

Атайга келип, Субан дегендикине конмокчу болот. Жолдо баратканда шатыратып жамгыр жаайт. Аркасына учкашып келаткан баласы артын карамакчы болгондо, кылчайба деп, үйгө келсе, баласы шалбыраган суу, өзү эч нерсе болгон эмес.

Ал кишинин мен түбүн ичип калдым. Баласы менен кыйын теңтуш элем, ал согуштан аман-соо келген. Баласын ээрчип алардыкына барам, мени жакшы көрүп. табагынын түбүнө эки-үч кашык тамак калтырып коюп мага берет. Байбичеси: “Сейтаалыга бербейсиңби”, – деп баласын айтса, “Сейтаалыга берип бүткөм, мобу балам бактылуу болсун”, – дечү. Сейтаалы былтыр 86 жашында өлүп калды, менден үч жаш улуу эле. Сейтаалынын согуштан аман келгенин айтып берейин.

Молдаалы согуш болоорун бир жыл мурун айтып атат. “Кокуй, баягы акмактын айтканы чыгып калды”, – деп агасынын күйбөгөнү күл болот. Айткандай эле, агасынын Асанбек деген баласы, өзүнүн баласы Сейтаалы бир жөнөп калат. “Мен барбайын, – дейт баласына, – берки акем Жалал-Абадга чейин узатат. Жолдон кимиң катуу оорусаң, догдурга барбагын, эки-үч күн жатып айыгасың”. Жүрүп отуруп Алматыга келишет. Эртең согушка жөнөйт деген күнү өз баласынын кол-буттары шишип, баса албай калат. Асанбектерди поюзга салып алып кетет. Аны ооруканага алып бармай болушат, атасынын сөзү менен барбай коет. Үч күндөн кийин өзү айыгат. Москвага кетет. Байланыш түйүнүнө байланыштуу кызматка түшүп калат. Ошентип, 1946-жылы эч бир жарадар болбой аман келди. Асанбек фронтко кетип, набыт болду. Молдаалы калпа өзү 1953-жылы өлдү. “Акмак, атаң экөөң Асанбекти өлтүрүп, эки баланы жетим кылгансың”, – деп тамшалай берчүмүн Сейтаалыга. “Ой койчу, балдар укса чын көрбөйбү”.

Молдаалы дароо бирөө эмне болот дегенге айыгат десе, айыкчу. Камына бергиле десе, өлчү. Менин досуман кийин Абдылда дегенинде бул касиет аз-аз бар болчу. Молдо болуп жүрүп өлдү. Баланчанын аялы төрөбөй жүрөт десе, келсинчи деп, келсе, оозуна түкүрүп туруп: “Баланча молдого барып окутуп алсаң төрөйсүң”, – дечү. Төрөбөчү болсо, “Мага келбей эле койсун”, – деп дароо көргөндөн баш тартчу

Адам тагдырын айткан аракбай

Айылда жакын агаларыбыз бар болчу. 1953-жылга чейин колхоздо актив болуп жүрүп, кийин Аракбай атыкты. Бир күнү эле аны өлөт-өлөт деп калышты. Барып көрүп калдык. Мен анда окуп жүрчүмүн. Өлгөн жок, бирок үч жыл төшөктөн турган жок. Бир күнү эле анан Аракбай айыгып, эшикте басып жүрөт дешти. “Койчу, Аракбай кантип эле басып жүрсүн?”, – деп туура эмес сүйлөгөн киши 40 күнгө жетпей өлүп калды. Акыры ал киши төрөбөгөн кишилерди Жылаңач-Бугуга барсын, Саймалыга барсын деп, калпа болуп калды.

Бир күнү ал агабызды Аткаруу комитетинин төрагасы үйүнө чакырат. Кийин ал киши мени менен иштеп калды. Өзү мага муну айтып берди: “Балам токтобойт. Аялым айтты, Разыканга барсаңар токтойт, жардамы тийет деп эл айтып жатат деп. Макул деп, сөзүн туура көрүп, Разыканды үйгө алдыртып, эт салып коноктоп, түнөттүк. Эртең менен болгондо анан: “Аялымды окуп бериңизчи”, – деп өтүндүм. Ал киши окучу деле эмес. “Аялыңды чакырчы”, _ деп калды. “Чай куюп берип калып атпайбы”, – дедим. “Аялың сенден ажырашса, баласы токтойт. Сен башка аял алсаң, сенин да балаң токтойт”, – деди. Абдан жаман болдук. “Келжирейт”, – деп койдум. “Аялың эркек төрөйт, бирок токтобойт”, – деген. Айткандай эле, аялым эркек төрөдү, аным дагы экиге чыкканда чарчап калды. Анан эмне кылабыз, жаман-жакшы айтышпай эле, ынтымакча оокатыбызды бөлүшүп, ажыраштык. Аялым ошол эле айылга турмушка чыкты. Мен аял алдым, койчунун кызын. Үч жылдан кийин балалуу болдум. Тиги аялым дагы эки эркек, бир кыздуу болгон. Көңүл калган жок, чай ичишип турабыз”, – деп, баланчанын аялы деп мага көргөздү. Айтканы айткандай чыккан Разыкан деген ошол киши 1956-жылы өлдү.

Кут. Мечит

Кыргыз динге ишенбеген, теңирге ишенген эл. Менин чоң атам 1963-жылы 96 жашында өлдү. Өзүмдүн атам 89 жашында өлдү. Атамдан укканым боюнча бир да киши намаз окучу эмес экен. “Үйүбүздө кутубуз бар, куттуу үйбүз”, – дешкен. “Апамдан акыры сурасам, койдун куйругун сыйпап, ак чүпүрөккө ороп, таардан согуп, бир аз ачык жерин бүчүлөп, чамадан дегенге катылган коргошунду көргөздү. Коргошунду эритип туруп куйганда, бир жагы менен түшүп чачырайт да, ошондо ар кандай мал кебетеленип түшүп калат. Демек, ар бир үйдүн кут коргошуну ар башка таризде”, – деген эле атам. Негизи кутту асмандан коломтого түшөт дешчү. Атамдын айтып бергенинен улам ойлосом, кут дегениң элдин өздөрүнүн эле чыгарып алган нерсеси окшойт. “Кийин биз чоңойдук, – дейт атам. – Менин укканымда 12-13кө чыгып калганымда арабдын дини кирди. Башка аймактагы элге эрте кириптир, бизге кеч кирди. Атам мени Кашкарга алып барып, молдодон окутту. 1885-жылдары араб дини күч ала баштаган кез. Салык салып, айылдын манаптарына бийлик кылып жаткан кез. Үйдөгү кут дегенди уурдап алып, чүкөгө куюп салдым. “Башка чукак кылдың”, – деп апам ыйлап… Мен жалгыз болуп, алты эжем бар эле, менин жалгыз эркек болуп калганымды энем менин кутту жоготуп салганым менен байланыштырды”. Атамдын бул айтканы илгерки биздин элдин ишенимин көрсөтөт.

Айылга мечит курулганы көп болду, эл азыр деле барбайт. Мен айылда башкарма болуп турганда, айылдагы бир аксакалдар: “Балам, пайгамбар жашына келдик, өлүп калсак деле кандай болот, намаз окуп туралы, мечит куруп бербейсиңби”, – дешти. Мейли дедим. Тракторчуларга үч бөлмө ашкана салдырып жаттым эле. Гараждын ичиндеги өнөркананы ашкана кылып, курулуп баштаган бөлмөнү мечит кылдырып салдым. Жаңы деректир келип калып, мен чала бүтүрүп калдым. Бир жылдан кийин ошол жердеги чала молдого жыл сайын орозодо битир тыйын деле алып жатканын айтып, акчасын чыгартып, чатырын бүтүрттүм. Менден суранган ошол чалдар гана ал жерден намаз окуду. Андан кийин ал мечитке басып барган жанды көргөнүм жок.

Leave a Reply