Улуттук майрамда колдонулган ырым-жырымдар

 Үчтүн айынын бири (январь) “Сохнал”.

“Сохнал” деген сөздүн мааниси

1. январдын биринде жаңы жылдын башталышы болот.

2.”абайлоо”, “көтөрүү” деген маанини билдирет. (эски жылдан, жаңы жылга өткөн).

1. Өткөөл убак болгондуктан ойлобостуктан, учкаяктыктан сактануу, абайлоо деген маанини тутунуу. Байыркы январдын биринчиси январдын биринчиден толгон айга чейин улантылды. Азыркы заманда үч күндү эс алып жайлаштырабыз.

2. Январдын биринчи күнүндө эркек жана аял дебей, кары-жашы дебей, бай-кедейи болобу, жашоо деңгээлинин төмөндүгүнө же жогорулугуна карабай кырдаал боюнча ар бир үй-бүлөдө кийген кийимдерин тазалап, даярдап кийишет. Бул дал ошондой жаңы кийимдерди сатып алып даярданышат деген мааниси эмес. Байыркы мезгилде үй-бүлө боюнча күзүндө мурдатан кездемени даярдап, кийимди жасатышчу. Чоңдор үчүн кийим шым жана куртка ичине жаңы ватаны коюп жылуураак кылып жасап беришчү. Бул жаңы  күнүнө даярдануусун бардык аракет жана сыйлоочулукту ишке ашырган үрп-адат болгон.

3. Майрамдын күнүндө кылган ырым-жырым.

Бул күнү ата-бабаларга сыйынуунун салтанаты болот.

Жашы улууларга жаңы жылдык ийилип саламдашуу.

            Бул  жаңы-жылдын биринчи күнү эртең менен жашы улууларга жаңы-жылдык биринчи куттуктоону чоң ата-чоң энеге, ата-энеге, бир туугандарга ж.б. кезеги менен улуулатып ызаат кылып, ийилип учурашышат.

Бул саламдашуу бул жыл бирөөгө жакшы жыл болууну каалаган саламдашуу болгондуктан ийилип саламдашканда да, ийилип саламдашканын алик алганда да адептүү пейил көрсөтүшү керек. Ийилип саламдашууну алып жаткан чоңдор жооп иретинде  “Кудай жалгасын” деп аларга бата беришет.

Жаңы-жылдык ийилип саламдашуу бүткөндөн кийин,  “Ддокук” (күрүч менен жасаган атайын нан) жешет. Анан кийин туугандарга жана кошуналык чоңдорго барып ийилип саламдашышат.  Алар учурашып келгендерге тамак даярдап беришет, балдарга кондитердик азыктардан же акча беришип, бата беришет. Бул ишарат “Докдам” деп аталат.

4. Докдам, Солнал, эртең менен чоңдор кичинекей балдарга “Жаңы-жылда өзүңдүн тилегиңди ишке ашыр!” деп бата беришет.

Анан кичүү адамдар жашы улуу адамга ийилип саламдашып, “Жаңы-жылда ден-соолугуңуз жакшы болсун!” – деп айтышат.

5 Көргө (мүрзөгө) баруу

“Солналда” ийилип саламдашкандан кийин, ата-бабалардын мүрзөсүнө баруу. Мында өлгөн ата-бабаларга да мурун жашап жүргөн кездегидей аларга ийилип саламдашуу деген маанини тутушат.

Дан – О нун мааниси.

“Дан” биринчи деген маанини билдирет да О – санын “5” деген тыбышты айткан сыяктанат (бул бирдей деген маанини да түшүндүрөт).

Ошондуктан чоң майрам болгон олуттуу мааниси бар. “Дан-О” ысык жай келе элек мезгилде болот да, күрүч көчүрүп тигүүнү бүтүп, түшүмдүү жылды каалаган учурда бул майрам өткөрүлөт. Ошондуктан бүткүл корей эли бул майрамды, жөрөлгөнү өткөрүп келген. Дан-О майрамын өткөрүү жөрөлгөлөрү түндүктө көбүрөөк өркүндөп, түштүктө солгундап калган. Бул майрамдын ордуна түштүктө “Чу Сок” деген жөрөлгө күчтүү өнүккөн. “Чу Сок”, “Хан-Га-Ү” дө мол күздүн түшүмүнө ыракаттанган майрам болсо, “Дан-О” мол түшүмдү каалаган башталыштын майрамы болот.