Бул да бир улуулук

Улуту казак

Бошумова Тлеухор Изенбековна:

Илгери казактын бороон болуп турган талаасында менин чоң атам атчан келатыптыр. Ошол эле талаада бороондо да бир киши жөө келатыптыр.   Ал убак болжол менен 1907-жылдар экен. Атчан киши жөө кишини атына учкаштырып алып, айылына алып барат. Ал башка элдин кишиси экен. Анан ал жолоочуга бере турган акчасы жок болсо, анан дос бололу деп бороондо төштөрүн ачып кучакташып, бири-бирине ант бериптир. Ант бергенде жөө киши минтип айтыптыр: “Менин бир жашар кызым бар, сенин эмнең бар? –  десе, – менин келинчегимдин боюнда бар, – дейт. –Эгер сенин келинчегиң эркек төрөсө куда бололу”  дешип анан ант беришиптир. Ошентип бир нече жыл өтөт. 1922-жылдары баягы антташкан кишинин айылына барып: “Биздин туугандар көчөйүн деп атат, баягы бере турган аманат кызыңды бересинби, биз кеттик,”  деп айтат экен. Анан ошондо апам он алтыда, атам он беште экен. Баягы киши туруптур дагы мына силердин келечектеги келиниңер болот, алгыла деп кызын берип коюптур. Эми ал убакта айдаганы болгону мал болсо, малдын артынан жүргөн кишилер да. Менин чоң таятам агаларынын он эки жашар кызы болгон экен. Ошону дагы чоң атамдын инисинин дагы он эки жашар баласы болот, ошол чоңойгондо келинчек кылып алып бергиле деп берип коюптур. Чоң энебиз ошондо бир жагына келечектеги келинин жаткырып, бир жагына баягы он эки жашар баласын жаткырып чоңойтуптур. Алар кайсы убакта үйлөнгөнү белгисиз. Алыс жерде кызыбыз жалгыз жүрбөсүн деп менин апамды берип жатканда, ошентип кызды кошо салып берген экен да. Биз ошол аталардын жанында жашачубуз. Анан менин апам ошол атамдын аялын эже дечү. Анан биз кемпирлер эмнеге бири-бирин эже дейт деп таң калчубуз. Көрсө ошондой эже-синдилик жайы бар турбайбы. Биз аны кийин билдик. Кыргызстанда жүрүп алар жерин-элин кырк жылга жакын көрбөптүр. Кабар алып турушат бирок, элдер согушка кетет, согуштан жок болот. Ошентип жүрүп кийин менин апаларым өлүп калгандан кийин таякелерди таап катташып калдык. Караганда областында экен. Таякемдин кызынын күйөөсү өлгөн экен ошого барып келдим. Мына бул казак менен кыргызга таандык улуулук. Улуунун сөзүн эки кылбаган, айткан сөзүнө туруп, антка бекем болгондугу. Кантип ата баласын жаман болсун десин. Ошого да мурун атасынын сөзүн угуп, анын айтканынан чыга алышучу эмес. Бул да бир улуулук.