Бошумова Тлеухор Изенбековна

Ал эми айга болгон мамилелери, ишенимдери да кыргыздарга окшошуп кетет. Мисалы талаада айдын туулганы жакшы көрүнөт да. Анан апам-атамдар бир тизесин бүгүп отура калып, тилек тилеп атышчу эле. “Ай көрдүм, аман көрдүм, аузым толо май көрдүм. Эски айда эсирке, жаңы айда жаңырка, аллоху акбар” деп анан акча болсо, акчасын чөнтөгүнөн чыгарып, “ай караң, караң” – деп айга акчасын жайып көргөзүп, ай толгон күнү кыздар башын жуубаш керек, урушпаш керек, айдын туулган күнүндө үйгө кут келет. Ай тууганда мал тууса ал кут болот– деп ошентип жатышчу. Кыргыздарда маселен бактын өсүшүнө карап, жалбырактардын сызыктарына карап кыштын кандай болоорун билип келишсе, казактарда андай нерсе өнүкпөй калган. Себеби, ал жакта бак жок, жалбырак жок какыраган талаа да. Бирок  шамалдын багытын билип, ошол аркылуу кыштын кандай болорун билишчү.

Мен маймыл жылында туулгам. Анан атам мени маймылдай ар тараптуу, бактан-бакка секирген тынымы жок жан болосун деп калчу. Чынында эле ошондой болдум.

Адамга коюлган ат дагы адамдын өмүрүнө таасирин тийгизет. Мисалы менин атым Тлеухор. Бул ат коюлган себеби, мурун ата-энемдин мага чейинки балдары өлө бериптир. Бир чоң атабыз куран окуп жүргөн киши экен, ошол курандан Тлеухор деген атты окуп ошондон улам коюптур. Тлеухор- мааниси тилөө деген эле сөз. Бул атты мен өмүрүмдө үч гана кишиден уктум. Сейрек кездешчү ат. Тлеухор деген ат негизи аябай аз. Бизде тилөөкүл, Тилөужан деген ат бар. Анан мен дагы өзүм ойлоп коем, сейрек кездешкен атым сыяктуу сейрек адамдардын катарына кирем го деп (күлүп). Бирок ар бир адам өзүнчө уникум.