Молдоташев Ишенбай: Ишеними жок жашоону караңгылык деп эсептейм

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Молдоташев Ишенбай, 1953-жылы Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында туулган. Медицина илимдеринин доктору, профессор.

Мен отуз жылдан бери эле илимий медицина менен иштеп келе жатам. Чынында табыптар, же элдик дарыгер дейбизби, алар менен ушунча болуп иштеше элекмин. Кээсин таанып, угуп жүрөм, көрүп жүрөм, чынында иштеше элекмин. Көрүнүп жакшы болуп кеттим дегендерди угуп жүрөм. Негизинен нерв оорулуулар көрүнүп жакшы болушат экен.

Мен иштеген жай – мамлекеттик мекеме болгондуктан, өзүбүздүн ички мыйзамдын негизинде иштейбиз. Жакында биздин саламаттык сактоо министрлигинин илимий кеңешинде коопсуздук үчүн элдик дарыгерликти атайын медициналык билими бар адамдар гана аркаласын деп чечтик.

Деги эле илимий медицина байыркы элдик медицинадан келип чыккан. Илимий медицина пайда болгондон баштап, ал илимий негизде өнүгүп келе жатат. Азыркы жалпы медицина негизинен батыш медицинасы жана күн-чыгыш медицинасы деп экиге бөлүнөт. Батыш медицинасы илимий негизде калыптанган дары-дармектерди химиялык жол менен даярдаса, ал эми чыгыш медицинасы биологиялык жол менен өскөн дары чөптөр менен, мүчөгө ийне саюу жолу менен дарылашат. Күн-чыгыш медицинасына табыпчылык дагы кирет. Азыркы жыйырма биринчи кылымдын алдыңкы, мыкты окумуштуулары эки жактын тең жакшы, мыкты жактарын алууга өтө кызыгуу менен карашууда. Мисалы, Россияны алсак, «фитотерапия» деген адистик пайда болуп, медициналык институттарда ушул боюнча кафедралар ачылып жатат. Дары чөптөр менен дарылоо, негизинен, жаңы козголуп жаткан ооруларды алдын алууда өтө натыйжалуу. Ошондой эле окумуштуулар дары чөптөрдүн кандай химиялык затка ээ экендигин тактап, изилдеп жатышат. Денедеги зат алмашуу өзгөрүлгөн убакта, же тамак ичүү бузулса, мына ушундай жеңил деп эсептелген ооруларды чөп-чар менен дарылап, толук түрдө айыктырса болот. Бирок, ошол эле рак пайда болсо, так диагнозу билинсе, алдын ала кесип салса болот. Бул жерде элдик медицина күчсүз болуп калат. Эгер ушул эле ооруну чөп-чар менен дарыласа, ооруну күчөтүп алат. Кандай болгон күндө да, элдик дарыгер медицина менен тааныш болсо жакшы. Антпесе, азыр көрүп жатабыз, базарда ар кандай адамдар эле өздөрү жакшы таанып-билбеген чөптөрдү сатып отурушат. Бул, албетте, туура эмес.

Эми жер тууралуу айтып кетсем, жалпы эле жер жүзү бүт эле мазар деп койсок болот. Мисалы, Ысык-Көлдү ыйык дейбиз. Көл – бул чоң жана ыйык мазар. Табийгатты Кудай кандай жаратып койсо, адам баласы ошондой сакташы керек. Болбосо, таза жерди булгап, тоо-түздү талкалап, жапайы аркар, кулжа, эчки, текени кырып жатабыз. Илгери кыргыздар теңирчилик деп жаратылышка өтө аяр мамиле жасашкан экен. Теңирчилик азыркы диндерден да мурун пайда болгон дешет. Биздин ата-бабалар бекеринен бул ишенимди тандап албаса керек.

Мен атайын барып, мазарларга зыярат кылбаймын. Бирок ата-бабалар ишенген нерселерди жокко чыгарбайм. Ата-бабалар бекеринен ушул Ала-Тоону жердешпесе керек – эмне деген ажайып жер. Ал эми мазарларда кандай касиет бар экенин билбейм, балким климаттык шарты өзгөчөдүр, же ошол жердеги булак суусу өзгөчөдүр, же башка жерлерден айырмаланып башка бир өсүмдүктөр, бак-дарактар өсөбү, же тескерисинче, такыр эчтеке өспөгөн жерби. Мындай жерлерди изилдеп, каттоо жакшы.

Азыр Кыргызстанда мазарларды комплекстүү терең изилдөөгө мүмкүнчүлүк жок. Мазарларды комплекстүү изилдеш керек, балким ал жерде радиация күчтүүдүр, же суусунун химиялык элементи өзгөчөдүр, мунун дагы бир биз билбеген өзгөчөлүгү бардыр. Мунун бардыгын изилдегенге бизде техникалык мүмкүнчүлүк жок. Андай куралдарды сатып алыш үчүн, чоң акча керек. Бизде жалпы химиялык текшерүү жүргүзсө болот, андан да терең изилдөөгө мүмкүн болбой жатат. Мисалы, азыр өнүккөн өлкөлөрдө тирүү суу деп изилдеп чыгып жатышат. Сууга карап жакшы ой-тилек кылсаң, суунун түзүлүшү бир башка, жаман сүйлөп койсоң, бир башка болуп өзгөрөт экен.

Мазарларды изилдөөнү мен жер таануу деп айта алам. Мисалы, мурда мазар дегенди биз жакшы түшүнбөсөк, азыр мазарды изилдеп жазуу менен, биз ал кайсы өрөөндө же кайсы аймакта жайгашканын билип алууга болот. Мунун негизинде биз, биринчиден, Кыргызстанда кандай аталыштагы мазарлар бар экендигин билип алабыз. Экинчиден, жер-сууну тааный баштайбыз, ушул ой менен алганда, бул өтө жакшы иш деп ишеничтүү айта алам. Мазар же ыйык делген жерлерди таза, жакшы кармап, кийинки муундарга тартууласак деген ойду айтмакчымын. Бул иш илимий жагынанбы, саясий жагынанбы, тарыхый жагынанбы – баардык жактарынан бизге керек.

Мен колум бош болбогон соң мазарларга бара албасымды айтпадымбы. Бирок, Караколдо менин Мария Мамаева деген таежем бар, ал киши дайыма каттайт, анын айткандарын туура көрөм. Адам баласы негизи бир нерсеге ишениш керек – динге болобу, илимгеби, кудайгабы, же ата-бабанын арбагынабы. Ишеничи жок жашоо – бул өзү караңгылык деп эсептейм. Ишенич тээ байыртадан бери адам баласы ыйык туткан улуу сезим болсо керек деп ойлойм.

Бирок ишенич менен гана жүрүүнү туура таппаймын. Мага ушул деңгээлге Кудай таала берген бир пайыз шык болсо, токсон тогуз пайыз эмгек менен жеттим десем жаңылбайм. Кээде бардык кишилердей эле түш көрөм, бирок түш кармайм деп айта албайм. Кээ бир түштөрүм туура чыгып калат. Түштү мен негизи өзүңдүн мээңдин иштеши деп билем.

Бизде революция болуп өтпөдүбү, ошондон бир күн мурун туш көргөм. Ошол түш абдан туура келди. Көтөрүлүштөн он күн мурда ак үйгө барып, «шайлоо туура эмес болуп калды» – деп мен, Байкожоев жана башкалар болуп телевизордон айтып чыктык. Түшүмдө мен астыма ак боз ат минип алып, жолдо баратам. Жолдун эки чети жыйылган эл, мен түз барып эле тоого көтөрүлө баштадым. Тоонун төбөсүнө чыксам, жалаң аксакал кишилер отурушат, ортодо дасторкон жайылуу. Анан баягы жерден менин колума кылыч берилди. Бата бердиби, билбейм, кайра ылдый түшө баштадым. Жарым жолго келгенде, астымдагы атым жоголуп кетти, анан ойгонуп кеттим. Эртеси эле жанагы төңкөрүш болуп калды. Көлдүк депутаттар чогулуп, кеңешип, Көл менен кабарлашсак, айтышты: «Шайлиева качып кетип, мен губернатор болом деп Ак-Суудан, Түптөн кишилер келип, чыр болуп атат». Анан бирөөбүз баралы деп чечтик. Арсланбек Малиев, Жанкороз Каниметов, Болот Байкожоев, Бакыт Керимбеков жана мен болчубуз. Анан Каниметов: «Мен докторлугумду жактайм», – деп калды. Байкожоев, Малиев, Керимбеков: «Биз Бишкекте калабыз», – дешти, анан мага барууга туура келди. Барсам, областтык акимиатта толгон эл бар экен. Мен барып, жаздырып алган кагазымды көрсөтүп, ошо менен жыйырма бир күн губернатор болгом. Бул жөнүндө «Жыйырма биринчи кылымдагы жыйырма бир күн» деген аталышта тасма тарттырып койгом, кийин чыгып калаар.

Мындай маанилүү түштөр көп эле болду, баарын айтып отуруунун кажети деле жоктур. Бирок Үзөңгү-Кууш тууралу бир түшүмдү айтып берсем болот. Анда депутат болчумун. Акаев келишимге кол коюп, «эми мыйзамдаштырып бергиле» – деп, Жогорку Кеңешке кайрылып калды. Анан аябай кыйналдым, ары кеттим, бери кеттим, колдобой коеюн дейм – кол коюлуп калган, баары бир кетет. Анан кечинде жатаарда ата-бабадан жардам сурап, тиленип жаттым. Ошол түнү түш көрдүм. Түшүмдө аябай кыйналып жаткан экем, бир убакта эле ич жагымдан кара чаар жылаан чыга калып, бет мандайыма тура калды. Жүрөгүм түшүп, чочуп ойгондум. Буга чейин, угуп калчу элем «жылаан – бул акылдын ээси» деп, анан мен өзүмчө ойлонуп калдым «өзүң акылга сал» – деп жатат го деп. Мен бир гезиттен окуган элем, орустун Кытайда 30-жылдан бери иштеген кишиси: «Россия Кытай менен чек арасын азыртан тактап албаса, кийин кеч болуп калат. Кытай эли өтө тез өнүгүп жатат» – деп, эскерткени бар. Орустар минтип кооптонуп жаткандан кийин, биз эмне болуп калыптырбыз, анын үстүнө, кол коюлуп калгандан кийин деп, акыры колдоп бердим. Мына ушул өңдүү дал келген түштөрдү анда-санда көрүп калам.

Бата жөнүндө айтсам, бала чагымда биздин үйгө коноктор көп келер эле, ошондо атам дайыма мени аксакалдарга суу куйдуруп койчу, алардын баталарын ал деп. Мүмкүн, ошол аксакалдардын батасы тийип, ушул деңгээлге жеткендирмин. Бекеринен биздин элде «бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт» дебесе керек.

Leave a Reply