Керим кызы Майра: Рак болсоң «брак» болбо

This post is also available in: Англисче

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Керим кызы Майра, 1962-2009. Алма-Ата областынын Кеген районунун Жылы-Сай айылында төрөлгөн. Кыргызстанга 1992-жылы келген. Төкмө акын.

Урматтуу окурманым!

Башымдан өткөн абал сиздерге сабак жана кеңеш болоор деп чечтим.

Бала кезимден берки ден соолугума байланыштуу өзүмө белгилүү илдеттердин тизмеси төмөнкү:

– 6-7 жаш убагымда «корь» кызылчага чалдыктым.

– 3-классты бүтүргөн чагымда экинчи даражадагы күйүк менен догдурдан айыгып чыктым.

– 1973-жылы ангина менен догдурга жатып чыктым.

– 1976-жылы Көз оорулуулар бөлүмүнөн дарыланып чыктым.

– 1983-жылы сарык болуп эмделип, жылдын ортосунан ооп калганда, кайталап ооруп, айтор, дарыланып, айылга келдим…

– 1984-жылы инсульт алып, жыл айлана барып оңолдум. Бет-оозум кыйшайып, элирип барып, аман калдым.

– 1986-жылдан 1996-жылдар аралыгында жеңил-желпи тумоо, же суук тийгени болбосо, орчундуу ооруга тушуккан эмесмин.

– 1997-2007-жылдар аралыгында боорум абдан кыйнады. Өпкөмдөн суу тарттырдым. Бычакка түшүп, эки жолу операциядан өттүм.

– 2008-жылдын башында уйку безимден көп кыйналдым. Ачуулуу болуп калдым. Ички курулушумда мага түшүнүксүз бир дарт бардай сезиле баштады… Акыр-аягында Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борбордун Ичеги-карын бөлүмүндө операция болуп, дарыланып чыктым. Онкологиялык жактан каралуучу дарт табылды.

– 2008-жылдан 2009-жылдын март айына чейин беш-алты жолу химиотерапия жолу менен дарылануудамын.

Ал эми ушул жогоруда айтылган абалымдын айрым бир учурларында кыргызчылык боюнча да дарыландым. Анткени атам замандан бери келе жаткан элдик дарылоо ыкмасынын тажрыйбасы өнүккөн медицина илиминин заманына караганда тээ алыста экендиги айкын.

Табыпчылык менен эмчиликтин күрөө тамырын бүбү-бакшылык, же болбосо, думана менен зикир чалуучулардан бөлүп караш керек. Ар биринин аброй-беделине так салыш оюмда жок, бирок эл ичиндеги өйдө-ылдый кептерден кээ кездерде ошол касиет аркалаган адамдар: табыбы догдурга, догдуру табыпка жүгүнгөн учурлар жок эмес.

Догдурлардын колунан өткөн учурларым ар бир бейтаптын башынан өткөндөй эле соңунда: «Кудай чоң сактады, өлүп тирилдим» дегендей, ийне менен скальпелдин күчү эмес, ошол дарылаган врачтардын жетик билими менен табият берген дараметинин кудуретине баш ийебиз да. Эми ушул жердеги ошол табият берген дарамет менен сезимталдыктын, баатыр колдуулуктун ээлеринин бири ата-бабалардан келе жаткан сырдуу да, далилдүү түрдө эл арасынан кеңири түшүнүк алган эмчилик менен табыпчылыктын дабагерлери.

Бала күнүмдөн анча-мынча суук тийгенде жан-уябыздагы салтка айланып калган дарылоо жолу менен кийин балалуу-чакалуу болгон учурумда да, Кудайым көзгө көргөзүп, буюрткан балдарымды эмкананын төшөгүнө чанда алып бардым. Балдарымдын бөөдө кырсыктан жапа чеккендеринен тышкары сарык, жүрөк, инфекциялык дарттардан башкасын үйдөн эле эмдеп койчумун. Кичинекей кездеринде дарыгерлик көзөмөлдөрдөн жакшы эле өттү.

Ал эми өзүмдүн табыпчылык менен эмчилерге баргандагы көз карашым дайыма кайчыланып туруп алгандыктан, ошо дабагердин өзүнө 50х50 пайыз ишенем деп, эки тарапты тең кармоону көздөгөнүмдү ачык айтам. Элдик дарылоо ыкмасынан тышкары көрүпкели (олуялыгы) бар инсандарга да, диний маалыматы терең аксакалдарга да, табигаттын бизге жашыруун, ал эми аларга аян деген 6-7 кишиге каралдым.

Операциянын акыркысы 2008-жылдын май айында болду. Жолдошум экөөбүз борбордук Кистология бөлүмүнө барып, текшерүүнүн жыйынтыгын алганда, өмүрүмдөгү чоң коркунуч эми гана алдымда экенин билдик. Анткени операцияга чейинки коюлган диагноздун чечимине караганда, бейтапканадан чыккандагы диагноз: «Заболевание органов брюшной полости. Серрозно-геморрогический перитонит. Интоксикация» делинген.

Ушундан кийин июнь айынын башында аты жаман дарт менен күрөшүүнүн ыкмасын мага жакын жамачыр адамдарымдан тышкары врачтар чечишкенге да киришти. Үйдөн болсо жолдошум табыпчылык же эмчиликтин да жолун караштырганга, Ак-Сайдагы касыйда окуган, диний илими бар атабыз Дердеш аксакалга барууну, Манжылы-Ата мазарына барууну айтып, бир жактуу эле эмес, Кудай дабасын берсе, айыгып кетээримди кыргызчылыктан да үмүттөндүрүп койду.

Алгач диагноздун атын окуганымдагы абалымды айтпай эле коеюн. Бирок сезимимдин тереңинде Теңирге болгон таза ишенимим турду. Эки тараптуу күрөштүн жүрүшү 2008-жылдын июнундагы 1-курстук химиотерапиядан кийин башталды.

Эң алгач «Тянь-Ши» биокошумчаларынын биринен, кадимки табигый чөптөрдөн даярдалган кайнатмалар менен суусундук катары колдоно турган мисктураларды колдонуп көрө баштадык. Химиотерапиянын 2-курсунан кийин кандын курамындагы «раковый маркер» (рак көрсөткүчү) ылдыйлап калганын көргөндө, ансыз да күчтүү медициналык препараттардан алсыраган организмдеги өзгөрүштөргө аң-сезимимдеги үрөйлүү коркунуч кошулду. Мына ошол учурда баштарынан көптү өткөргөн врачтар Султан Бакирович Орозобеков байкем, Роза Болжуровна эжем, эмдөөчү жана операция жасаган врачтар Жапар Бектуров жана Калжикеев агайлар дартка каршы кайратым менен кулк-мүнөзүмө зор таасирлерин тийгизишти. ңзүмдөгү Теңирим берген теңдешсиз өнөрдүн дагы колдоочусунун мага чоң кубат жана коргоочу экендигине көзүмдү дагы бир жолу жеткиргенге жардамы менен акылын кошкон жандардын арасынан эртең менен жумушуна кетип бара жатып бир, кайра жумуштан кайтканында кашымда эки-үч сааттай кымбат убактысын мага арнаган белгилүү журналист эжем Сутенова Байма Жапаровнанын жүрөк жылуулугун, айткан акылын, өткөн тамашалуу тарбия сааттарын дасыккан психологдор да өткөрө албасына көзүм жетти.

Ооруп калгандыгымдын бирден-бир себеби ар бир эле адамдын организминде боло турган рак клеткаларынын терең стресс учурунда кескин көтөрүлүп кетишинен улам аталган ооруну жарата тургандыгына байланыштуу шарт болду. Кызымдын кырсыктаганын уккандагы оор кабылдоом менин дүйнөмдү астын-үстүн кылып жибергендей болгон.

Бүттү! Башталды! Арты кандай болот? Кантем? Мына ушул жоопсуз суроолордун бир гана чеги – адамдын ички жан дүйнөсүнүн эрки менен акылынын таразасынын ташы. Жүрөгү бар адамдардын жүзү, дарыгерлердин бычагынын мизи, ата-бабалардан бери келе жаткан табыпчылыктын изи. Бермуд үч бурчтугунун жашыруун сырындай ар биринин ичине катылган чеберчилигинин ченеминде бейтаптын тагдыры…

Алгачкы сапар Бишкек шаарынын «Чыгыш-5» кичи районунун экинчи үйүнүн экинчи бөлүгүнүн 45-батириндеги ар түркүн адамдарга ар тараптуу көмөктү көрсөтө билгендигине байланыштуу күбөлүгү бар, корей улутундагы айымга болду. Ал: «Химиотерапияны баштагандан кийин, соңуна чыкканга аракеттен, бирок сенде рак жок – башка бирөөнүн колу менен жасалган жамандык бар. Узун бойлуу, көкүрөктүү, кара, толук жана чоңураак көздүү аял адам, кашында дагы бирөө бар. Көп жылдар илгери болгон», – деди. ңзүнүн көрүү ыкмасына байланыштуу талаптарын аткарып бүткөндө:«Эми дарылоо курсуң бүткөндө кааласаң келесиң, ал эми жанагы мен айткан аялдарга кайтарманы өзүм жасаймын, алагды болбой эмделе бер», – деп узатты.

Экинчи жолку кайрылган адамыбыз – борбор шаардын Армавирская көчөсүндө турган, көп жылдардан бери чөп дарылардын кубаты менен адам эмдеп жүргөн Владимир Федорович аксакал. Медиктердин корутундусун, УЗИнин аныктамасын кабылдабаган адам. Боорум, уйку безим, бөйрөгүмдүн абалы ойдогудай эместигин айтты. Бир кызыгы – тамырымды кармап көрдү. Узак убакытка ченелген мөлчөрдөгү кургатылган тоо жыттанган табигый чөп дары кошундусун берип узатты. Химиотерапиянын үч-төрт жолкусун алганга болоорун айтты.

Үчүнчү жолку эмчиге кайрылганыбызда, ал киши медицина кызматкерлеринин кээ бир учурлардагы мүчүлүштүктөрүнө нааразылыгынан өзү эмдеген адамдарын мисалга келтире отуруп, мендеги дарттын түпкү себебин жумурдун иштебей калгандыгына байланыштуу ичегилердин, уйку бездин, боордун мурдатан келе жаткан көнүмүш адаттуу оорусуна кошумча, остеохондроздогу туздардын булчуңдардан ички жумшак этке өткөндүгүнө байланыштуу болгон дарт экендигин айтты. «Химияны таштап, мага келсең, он күн ичинде айыгасың», – деди. Барган кездеги баштуу максатым айыгуунун жолун издегеним менен, ошол эмчи же табыпты ичтей сынап текшергенимди жолдошумдан жашырчу эмесмин.

Алгач кирген кезибизде ар кандай дары менен чөп кайнатмаларданбы, же даярдалуучу дарыларга кошулган курамдарданбы, айтор, ал кишинин эмчилигине шектүүлүгүмдү жойгонго туура келди. Анткени анын: «Сизге эмне болду, кандай себеп менен келдиңиз?», – деген суроосуна оорума байланышы жок башка жагдайды билип бересизби деп сурадым. Кичинекей колдорун көзүнө такап, менин сураган оюма накма-нак берген жообу жана далилдүү сөздөрү, кудайга баш ийгендиги, жөнөкөйлүгү, эмгегинин акысын ачык сурагандыгы, айтор, ынанымымды ачты.

Дердеш атама дем салдырып, Манжылы-Ата мазарына барып келгенден бери биздин жануя үчүн дарыгерлерден тышкары кыргызчылык дүйнө кучагы ошентип бирте-бирте ачылып келе жатты.

Төртүнчү, Бишкектин Сокулук тарабындагы Камчатская көчөсүндөгү ноокастарды ислам багытындагы ыкмалар, дабаттар, укалоо, тазалоо жолу менен эмдеген эмчи агайдын ак босогосун аттатканга кыргыздын дагы бир таланттуу уулу себепкер болду. Каттосунан баштап ажатканасынын тартибине чейинки эрежелердин өзөгүндө өзүнүн эмес, Теңирдин кудуретинин күчүнүн улук экенин, ал эми өзү жана кол алдындагы элге кызмат кылган инсандардын бардыгы Кудайым менен Курандын кулчулугундагы парздарын өтөөчү өкүлдөр гана экендигин түшүндүрүп, сак-саламат айыгып кетишиме бир гана ишеним керектигин айтып, тазалоосунан өткөрдү. Тазалоонун экинчи күнү сыр байкадым. Аллага миң мертебе шүгүр.

Бешинчи, бир тууган эжеме төлгө ачтырып, келечегим кандай, тагдырымдын таштары эмне дээрин сурадым. Эжемдин бул өнөрүнө касиет эмес, осуят сымал караган көз карашым бар экени ал кишиге жашыруун эмес. Таштардын түшүшүн өзүм дагы жоромол менен байкап отурдум. Жыйынтыгында, жакшылыктын бардыгы астыда экендиги сүйүнттү.

Алтынчы, аалам сырын жөнөкөй адамдардан өзгөчө түшүнгөн, өзгөлөрдүн эмес, өзүнүн дартын 16 жыл бою өзү эмдеп келе жаткан, керемет күч менен аяндуу сырдын ээси атанган, аты журтка толук таанымал апайга жолуктум. Ал кишинин өзү менен жолубуз мурда кесилишкени менен, дабагерлигинин колуна эми жолуктум. Ага чыгармачылыгымдын чыйырынын да алып келиши, апайдын ниети түшүп, мени көргөнгө көңүлүнүн бурулганы да себепкер болду. Колдору ушунчалык жумшак, үнү кыймылын коштоп, карегинин сырын көркөм көз айнеги жашырып турган, жүрөгү менен дилинин тазалыгында апайдын кудуретинин ээси өзү эмес экендиги таңгалдырды. «Сенин ооруп калганыңды укканымда, коркуп калдым эле, бирок бул абалың менен көрүнүшүң дарттын бети кайтканын айтып турат», – деди.

Жетинчи адам Казакстандын атагы чыккан дабагер табыбынын бири, Кордой районунун Сары-Булак айылында турган, олуялыгы элдин оозун ачырган, оюндагысы менен кошо көзүнө же өзүнө көрүнүп, сезилген түркүн жагдайларды көрүнүүчүлөрдүн көзүнчө жашырбастан айткан, адуун мүнөз, арбактуу, сыйынганы сан миң сырдуу ааламдын кучагындагы бизге белгисиз күчтөр экендигин ар бир ишинин натыйжасы далилдеген агай экен. Ал киши мени мындан тогуз жыл мурда көргөндүгүн, азыркы абалым актыкты кармай албай кыйналып жүргөндүгүм, ал эми дартым болсо тамырланып алганын, жамандыкты аял адамдар кылганын, той үстүндөгү тамакка кошуп бергендигин айтты. Энергиясынын күчтүүлүк касиетин приступ учурунда алаканынын жана салган дубасынын күчүн курамына жыйган «Легенда» суусунан эки ууртаганымда билдим. Мага шилтеген жолу менен айтаары дагы астыда экенин билдиргим келет.

Урматтуу элим, окурмандарым, дарыгерлерим, тазалоочу табыптарым, жан уям жана жаны ачыган жакын адамдарым! Менин ушул дартка чалдыккандан берки эки жылдын ичиндеги башымдан өткөргөн абалым менен кыйынчылыгым, кубанычым жана тирүүлүк менен пендечилик таразасында ташымды туңгуюкка кулатып албоомо жардам берген тек гана «Дарт берген Аллахым дабасын кошо берет» деген кепти кеңешчиме, устатыма, колдоочума, коргонума айландырган ишенимим. Айыгуунун ар кандай жолун издегенден талбаңыздар, дарты бирге тагдырлаштарым. Калкыма, төркүндөрүмө, санаасы бирге сапарлаштарыма, сахналаш акындарыма, улуу өнөрдү өрнөк туткан окуучуларыма кеп соңунда айтаарым, карапайым наркым үчүн, касиеттүү калкым үчүн казак кызы, кыргыз келини Майра Керим кызынын «рак» болсо да, «брак» болбошун, ырды билсе да, сырды билип-билбей кетирген күнөөсүнө кечиримди тек Теңирим берип, сактаарына жазсын, Жараткан Эгем.

Кыргыз ата урпактарынын баатырларынын бири, заманыбыздын залкар тарыхый жазуучусу Төлөгөн Касымбеков атабыздын: «Алланын «ме» деген үнү угулбайт, сунган колу көрүнбөйт, балам, бардыгына чыдамдуулук менен эрк, анан эң башкысы ишеним керек», – дегени кандай зор үмүт.

Leave a Reply