Жумалиев Мурат: Дарыгерчиликтин келиши

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Жумалиев Мурат, 1958-жылы Жети-ңгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу айылында төрөлгөн. 1992-жылдан бери кыргызчылык жолунда келе жатат.

Менин чоң атам Жумаалы чоң касиет кармаган киши эле. Элирип ооруган кишилерди кыргызда «кара жин» деп коёт, ошондой илдеттүүлөрдү, колу-буту ириңдеп, шишип кеткендерди, ал тургай стоматит өңдүү тиш ооруларынан бери, негизинен, чөп менен дарылачу. Төрөбөгөн келиндерге дем салып, кара таш менен киндигин бурап, «уул болот», «кыз болот» деп, болоор наристе жөнүндө алдын-ала айтчу. Өзүбүздүн чоң энебиз кургак учук менен ооруп, айыкпайт деп, догдурлар ооруканадан чыгарып салышканда, чоң атам айыктырып, анан экөө баш кошуп алышкан экен. Чоң энебиз андан кийин канча жыл жашап, 1990-жылы 81 жашында каза болду. Чоң атам ушундай касиеттүү киши болгон. Союз убагында андайларга катуу тыюу салынгандыктан, элди түнкүсүн көрчү.

Чоң атам күүлүү-күчтүү, алтымыш-жетимиш жаш курагында, кечки куптанды окугандан кийин, түнүчүндө мазарга барып келе калчу. Биздин айылдан Манжылы-Атага чейин жүз үч чакырым. Манжылыга барып, таң атканда кайра айылда болуп калчу. Ушундай алып-учкан адам эле. Биздин тоонун Акташ деген жеринде, жардын боорунда, карагайлардын арасында көк терек бар. Ошонун жанында үңкүр бар. Ал жерге оңой менен бара албайсың. Ошол үңкүрдө кыштын күнү чоң атам көйнөк-дамбалчан тердеп жатчу экен. Чоң атам ошол жерге, анан Манжылы-Атага каттачу.

Бул окуя 1946-47-жылдары болгон экен. Чоң атам бир күнү уктап жатса, түшүндө Манжылы-Атага барышы жөнүндө аян болуп, бирок өзү: «Кой, эртең эле барайын», – деп, уйкуга кетет. Эртеси ойгонсо эле, дудук болуп, сүйлөбөй калыптыр. Анан бир күнү Самсалиев Бейшеке деген чоң атабыз (чоң атам экөө ага-ининин балдары болушат) инисинин каякка жолго даярданып алганын сураса, даярдап алган коюн көргөзүп эле, дагы бир нерсени жаңсайт. «Баланча жакабы?», «Түкүнчө жакабы?», – деп сурап жатып, «Манжылыгабы?», – десе эле, чоң атам башын ийкегилейт. Анан алчуларын алып алышып, Чоң-Жаргылчак айылына жетип калганда, чоң атам минген атынан түшүп эле, чымын-куюн болуп жөө тызылдайт. Артынан ат менен кууп жөнөшсө, бир оокумда чоң атам боз туман болуп отуруп эле, жок болуп кетиптир. Коштогон жакындары Манжылы-Атага келишсе, чоң атам мазарда тонун жамынып уктап жаткан болот.

Ошондо таңга жуук түшүндө мазар ээси чоң атамдын оозуна шакек салып, мындан ары аян берилээри менен токтоосуз мазарга жөнөшү керектигин эскертет. «Эки дүйнөнү көрөсүң, эгерде айтылган аянды аткарбай, кечиктирсең, экинчи дүйнөдөн кем болуп каласың», – деген сөзүн айтат. Эртең менен турса эле, тили сүйлөп калыптыр. Ошондон кийин, өмүрүнүн акырына чейин, берилген аянды жан деп кабылдап, мазарга түндөп жетип, коюлган бул шартты токтоосуз аткарып жүрүп өтөт. Азыр мен Манжыл-Атага барып, куран окуганымда, ар дайым чоң атам ак кийими, селдеси менен көзүмө көрүнөт.

Көз жумаарынан бир жыл мурун, токсон алты жашында, чоң атам мени жанына отургузуп алып: «Балам, сен ооруйсуң…», – деп айтып келе жатып эле, ыйлап ийди. Азыр ойлосом, чоң атамдын өзүнүн касиеттери кармап, мага айтаар сөзүн айттырбай койгон окшойт. Ал кезде мен партияга жаңы кирген, жыйырма бир жаштагы жаш жигит элем. «Чоң атам карып калды, карылыктан ыйлап жатат», – деп этибарыма алган жокмун. Ден соолугум абдан жакшы болчу. Спорттон күрөш менен бокска катышып, ийгиликтерим бар эле. Чоң атамдын айтканын капарыма албай, Бишкекке кетип калдым.

Кийинки жылы чоң атам каза болгондон кийин, көп өтпөй эле башым, көзүм ооруп, шалдырап, шайым кетип, өзүнчө эле бирдеме болуп калдым. Жандын айласын табуу кыйын экен, догдурларга барып көрүнө баштадым. Барбаган жерим калган жок. Көрсө, актык иш келип жатканын билбей жүрө берип, башыма кан тээп кетип, көзүмө күч келтирип алыптырмын. Дээрлик оң көзүм көрбөйт да, сол көзүм менен боёк сымал болуп, бүлбүлдөп көрөм. Медиктер мени биринчи топтогу майып деп аныкташты.

Көздүн айынан Москвага үч жолу бардым. Белгилүү көз догдур Фёдоровдун клиникасында медицина илимдеринин доктору, профессор, Кремлде жыйырма беш жыл иштеген Николай Николаевич Пивоваров деген адис иштейт экен. Ал кишинин кароосунда болгонумда: «Көзүңө кан толуп кетиптир», – деп, көздүн ичиндеги канды тазалаган. Бир жума жакшы болду дагы, анан бир жумадан кийин кайра эле акырын тунарып, ооруп калды. Елисеев, Захаров, Гулхабед, Пивоваров деген төрт профессор үч бөлөк диагноз коюшту. «Кан басымдын жогорулашынан» деген Пивоваровдун диагнозу туура чыкты. Балким, ошондо эле кыргызчылык жолуна түшүп, туура жолду таап кетсем, мындай болбой калат беле деп коём өзүмчө.

Ошол кезде түшүмдөн аяндар болду, көзүмө көрүнүүлөр болгон. Жайдын күнү Оргочор жана Светлая Поляна айылдарынын ортосунда жолдун боюндагы бактарды жээктеп бараткам, күндүзгү саат бир жарым-экилер эле. Астымды карасам, эч ким жок. Анан бир аз жол жүргөндөн кийин эле, астымдан ата-бала кезикти. Чепкен, башына калпак кийген, сакалы узун, оң колунда таягы бар аксакал киши чыгып калды. «Салоом алейкум, ата», – десем, «Алейки салам», – деди. Анан: «Бу кайдан чыга калды?», – деп ойлоп, карасам, кийген кийими башкача. «Ии балам, эмне жакпай турамбы?» – деди. «Жок, ата» – дедим. «Мейли, дагы көп кезигишебиз, балам» – деп, жооп берди. «Деги бул ким болду экен» – деп, бир аз узап, кайра кылчайсам, баягы киши жок. Жолдун тиги четине чыгып карасам, деле көрүнбөйт. Анан ошондон эле бир кызык боло түшкөм. Ошондо үйгө келип деле айтсам, куран окутуп ийсек деле, көзүм оорубай калат беле деп ойлойм.

Андан кийин бир жолу кара күүгүмдө бакчада жүрсөм, ак селдечен, аппак кийим кийген, узун бойлуу аксакал адам түз эле мени көздөй келе жатканда, коркуп кетип, короого кире качкам. Жанымда классташ балам бар эле, ага дагы көрүнүп, ал дагы корого кире качкан эле. Ал бала Ак-Шыйрак айылынан болчу, аттан жыгылып, былтыр каза болуп калды. Андан кийин эле түшүмө тааныбаган аталар кирип, аян келип, кийин билсем, алар мени ушул ишти көздөй бура баштаган экен.

Көлдөн Бишкекке көчүп келгенибизде, колуктум Кыргыз полиграфкомбинатында корректор болуп иштечү. Ошол жерден бир бөлмөлүү үй алганбыз, ошол үйдөн кудайымдын бир сыйкыры мага келди. Бир жолу үйдө келинчегим уктап жаткан. Түнкү саат экилер болчу, мен ашканада олтургам. Анан эле лампадай жарык терезеден жаркылдап кирип, мени кандайдыр бир күч тырыштырып, дубалга типтик тургузуп, колумду өйдө көтөртүп, ылдый түшүртүп, анан зым бурагандай бурап кетти. Ошондо кудай таалам мага күч, энергия берип кеткен экен. Денем ысып-күйүп эле, чыдатпай, кыйналчу болдум. Ысып-күйгөндө, ваннага муздак сууну агызып алып, тураар элем, кышкысын жылаңайлак кар кечип бассам, кошуналарым таң калып карашчу. Эми азыр ошол үйдөн элди карайм, эртең менен барам, кечке чейин иштеп, кечинде жууп-тазалап кетебиз.

Ал кезде көзү ачыктар абдан көп эмес беле. Аларга барып, кезекте туруп калганымда, көп күттүрбөй киргизишчү. Анан буларың ичи тар болобу, билбейм, так айтышпай: «Сенин илээшкениң бар экен», – деп коюшат. «Кыргызчылыгым барбы?», – десем, андайың деле жок деп коюшат. Кийин эл карап баштаганымда, ошол көзү ачык дегендердин баары эле: «Чогуу иштешели», – деп мага келишти. Мен: «Силердин жолуңар башка, менин жолум башка экен», – деп коюп жаттым.

Мен кийинчерээк Кочкор-Ата мазарына барып, мал союп, зыярат кылдым. Жумгалдагы мазарга бардым. Ат-Башыны көрө элек болчумун. 1994-жылы мындай аян болду: үйдө радио угуп олтурсам, Саякбай ата «Манас» айтып жатат. Ушунчалык берилип угуп, Саякбай атага атап, дасторконго куран окуп жаттым. Ошол түнү кадимки Кошой ата менен Алмамбет ата түшүмө кирди. Эртеси эле бир мал алып, барскоондук Турдубай деген кишини шерик кылып, Чеч-Дөбөгө (Алмамбет атанын сөөгү коюлган жерге) барып, ата-бабаларга атап куран окуп келдим. Кийинки жылы кайра бир жолу бардым.

Манас атанын күмбөзүнө дагы барып, зыярат кылдым. Күмбөзгө куран окуп, мындай бассам эле, эмнегедир Кароол чокуга чыккым келип, туруп алды. «Мейли, чыкса чыгып көрөйүн», – деп, атайын салынган жолуна түшпөй, тик жагы менен эле типтик чыгып жөнөдүм. Кандайдыр бир күч артымдан түртүп, эң биринчи болуп чыгып бардым. Анан эле өзүмө ээ боло албай, эки колум өйдө көтөрүлүп, кадимкидей бутум жерден өйдө көтөрүлүп, кайра барып олтуруп калдым. Кылчылдап, коркуп кеттим. Көрсө, Манас ата мени көтөрүп жаткан экен. Жанагы манасчылар айткан: «Манас» айтып жатканда, өзүмдү билбей калам», – дегендин чындыгы бар экендигин ошондон кийин моюндап калдым.

Ар кимдин энергиясына жараша ар кандай аяндар болот. 1995-жылы жазында «Манас-1000ге» келген эл тебелеп кете элегинде барып келейин деп, мал алып, Манас атанын күмбөзүнө бардым. Беш-Таш деген жерден өткөндө кызыл жар бар, ошол жерде катарлаш жаткан үч булактуу мазар бар экен. Ошол жердин мазар экендигин айтсам, таластыктар: «Жок, ал жагы эмес, бул жагы», – дешип, башка жагына ээрчитип барышты. Ал жерден мага эч шек бербей койду, кайра берки үч булактын жанына бардым. Ошол жерге барып олтуруп, куран окуп кирдим, куран окуп жатсам, жыбылжып агып жаткан булак кадимкидей түтүктөн чыккан суудай болуп атырылды. Жанымдагылар жакаларын кармап, жалдырап туруп калышты, ушундай учурлар болот.

Дагы бир жолу Манжылы-Ата мазарына барып калдым. Баары эле: «Бир баланы жуунтабыз, элирип жатат», – деп көлдөн суу ташып жатышат. Мен булактын суусунун эмне болгонун сурасам, үч күндөн бери суу жок экендигин айтышты. Анан мен булактын жанына олтура калып, куран окуп кирдим. Жаныма беш-алты апа келип отуруп калышты. «Куранымды» жарымдап калганда, булактын түбүнөн жыбылжып суу чыга баштады. Толуп, анан тунганча күтүп туруп, суудан ичтик. Апалар: «Ой, балам, үч күндөн бери суу чыкпай кыйналып жаттык эле, ырас кылбадыңбы», – дешип, жакаларын кармашат.

Чоң атамдын касиети мага өтүп, акыры жүрүп жолумду таптым. 1992- жылдан баштап киши карап калдым. Азыр ооруган адамдарга укалоо жасайм, тамыр кармап, ооруган жерлерин айтам, күчүм жеткендерди дарылайм, төрөбөгөн келиндерге дарылоо жүргүзөм. Кээ бир оорулууларга медицинанын жардамы керек болот, андайларды догдурга жиберем. Боору жана башка жерлери ооруган адамдарга дары чөп берип, карайм. Ар ким эле айыксам дейт эмеспи, он киши келсе, анын беш-алтооно эмим түшүп, айыгып кетет. Мага көрүнгөндөн кийин перзенттүү болгондор бар. Кээ бир айыкпай турган адамдар келсе, убактылуу жардам берип, такыр болбосо, мисалы, кант диабети менен ооруган адамга эч жардам бере албайсың, андайлардын көңүлүн көтөрүп узатам. Дубанын аркасында менден Кудайдын жардамы менен көбүнесе талма, эпилепсиясы барлар айыгышты. Балдар оорулары боюнча 1-1,5 жаштардагы шал оорулуулар укалоонун жардамында көп айыгышты. Экзема, көз жара сыяктуу жаракаттар менен келгендерди чөп менен дарылап, айыктырам. Кол, бут чыгып кеткен учурларда ордуна салам.

Мага келгендердин таржымалы ар кандай. 1998-жылы Көлдүн Ак-Суу районунан келген бир аялдын күйөөсү Кум-Төрдө иштечү экен. 15 күн бош болуп, 15 күн иштегени кеткенде, аялы эшикти канча бекитсе деле болбой, башы жок, галстукчан киши келип, аял кылып, таңга жуук кетип калчу экен. Күйөөсүнө айтса, «Сен психикалык жактан ооруганга аз эле калгансың го», – деп, психикалык ооруканага жаткырганы аз эле калыптыр. Бирөөлөрдөн угуп отуруп, мага келгенинен, 5 күн дем салгам, натыйжада баягы илээшкек, сыр арбагы жоголуп, азыр жашоосу жакшы. Жакында эле келип, учурашып кетти. Ушундай окуялар бар.

Кыргыз эли башынан эле ыйык жерлерге, мазарларга сыйынышкан. Менин жашоомдо касиеттүү көлүбүздүн орду чоң. Касиеттүү Ысык-Көл ар дайым кадимкидей өз бооруна тартып турат. Көлдүн ээси бар деп жүрүшпөйбү – ошол чын. Менин жеке өзүмө үч элес көрүнөт: биринчиси – ак боз ат минген аксакал ата көрүнөт, экинчиси – сулуу аялдын элесин берет, үчүнчүсү – көгүш түстөгү өрдөктүн элесин байкайм.

Leave a Reply