Аскараалы Абдылдаев, Байдөөлөттүн керемети. Молдаалы калпанын айтмачылыгы

Тогуз-Тородо Тагай, Бөрү деген эки эл турат. Мен тайданмын. Кировдо 5 жыл деректир болгом. Талаачылык, мал чарбачылыктын сырын жакшы билем.

Биздин өрөөн ыйык жерлерге бай. Киров айылынын үстүндө Жылаңач-Бугу деген мазар бар. Бир кезде дал ошол жерде Манастын сөөгү коюлган деп аңыз кылышкан, ошол жерде. Манастын оозу, Манастын үңкүрү деген жерлер бар. Төбөсүндө мүрзөдөй топурак, казан бар дешет. Бирок ал жерге мен өзүм барган эмесмин.

Ошондон ары көздөй Көкташ ыйык жер деген бар. Өзүм 62 жыл чарбада иштегем. Анын 53 жылын ошол Көкташтын айланасында иштедим.

Көкташ ыйык жеринде илгери Байдөөлөт деген эшен турчу экен. Өзүнүн уругу Тагай болот. Анын маңдайында Нарын суунун өйүзүндө, Токтогул жагында Ак-Колот деген мазар бар. Көкташ Камбар-Ата ГЭСинен кырк чакырым алыстыкта жайгашкан. Чоң боз үйдөй көк таш. Тикесинен турат. Жанында мүрзөлөр бар. Ошол көк таштын түбүндө Байдөөлөт эшен боз үй тигип, жайы-кышы турчу экен. Аркы Тогуз-Торо, Жумгал, Сары-Камыштан төрөбөгөндөр, оорулуулар, баласы токтобогондор келип, шыпаа алышчу экен. Кийинки жылы ыраазычылык билдирип, бата алып кетчү экен.

“ЭМДИГИ ЖЫЛЫ СОГУШ БОЛОТ…”

Тогуз-Торонун Атай айылында да бир олуя чыкан. Ал Молдаалы калпаны өзүм көрдүм. Бүгүнкү күндө неберелери бар. Төрт баласы бар эле, бир баласы жакында өлдү. Молдаалы калпа окубаган, сабатсыз киши болгон. Кой кайтарып жүрүп, талаада уктап калат. Үйүнө келип эле, ар кайсыны айтып, бул мындай болот, тигил тигиндей болот деп ардемени айта берсе, агасы урушуп, башка айылга көчүрүп ийет. Баланчанын аялы төрөйт, баланчанын тигиниси өлөт деп айтып калчу экен. Согуш болоордун алдында 1939-жылы 17-18 деги баласын учкаштырып алып, бир күнү агасыныкына келет. Үйүндө коногу бар экен. “Эй жинди, сен бирдеме айта койчу элең, бу заман эмне болуп атат?”, – дейт агасы оюнда эч нерсе жок, сөз арасында. “Замандын эмнесин сурайсың? Батыш жагыңда өрт күйүп атат. Эмдиги жылы согуш болот. Согушка сенин да балаң кетет, менин да балам кетет”, – дейт иниси. “И анан эмне болот?”. Ал киши өлгөндөн аябай коркчу экен. “Бири келет, бири келбейт”. “Ананчы?”. “Согуштун экинчи жылы сен өлөсүң. Мен өлмөк элем, бирок сен өлөт экенсиң. Анан эки жылдан кийин Калмурат менен Кочкор өлөт”, – дейт. “Ий!”, – деп камчысын ала калып, жонго чаап жиберет агасы. Тиги киши ыйлайт. “Сурабашың керек эле, сурагандан кийин айтпасам болбойт. Болду, назрым сынып калды, эт арам болуп калды”, – деп жеңеси жалынса да болбой, ашты күтпөй кетип калат.

Атайга келип, Субан дегендикине конмокчу болот. Жолдо баратканда шатыратып жамгыр жаайт. Аркасына учкашып келаткан баласы артын карамакчы болгондо, кылчайба деп, үйгө келсе, баласы шалбыраган суу, өзү эч нерсе болгон эмес.

Ал кишинин мен түбүн ичип калдым. Баласы менен кыйын теңтуш элем, ал согуштан аман-соо келген. Баласын ээрчип алардыкына барам, мени жакшы көрүп. табагынын түбүнө эки-үч кашык тамак калтырып коюп мага берет. Байбичеси: “Сейтаалыга бербейсиңби”, – деп баласын айтса, “Сейтаалыга берип бүткөм, мобу балам бактылуу болсун”, – дечү. Сейтаалы былтыр 86 жашында өлүп калды, менден үч жаш улуу эле. Сейтаалынын согуштан аман келгенин айтып берейин.

Молдаалы согуш болоорун бир жыл мурун айтып атат. “Кокуй, баягы акмактын айтканы чыгып калды”, – деп агасынын күйбөгөнү күл болот. Айткандай эле, агасынын Асанбек деген баласы, өзүнүн баласы Сейтаалы бир жөнөп калат. “Мен барбайын, – дейт баласына, – берки акем Жалал-Абадга чейин узатат. Жолдон кимиң катуу оорусаң, догдурга барбагын, эки-үч күн жатып айыгасың”. Жүрүп отуруп Алматыга келишет. Эртең согушка жөнөйт деген күнү өз баласынын кол-буттары шишип, баса албай калат. Асанбектерди поюзга салып алып кетет. Аны ооруканага алып бармай болушат, атасынын сөзү менен барбай коет. Үч күндөн кийин өзү айыгат. Москвага кетет. Байланыш түйүнүнө байланыштуу кызматка түшүп калат. Ошентип, 1946-жылы эч бир жарадар болбой аман келди. Асанбек фронтко кетип, набыт болду. Молдаалы калпа өзү 1953-жылы өлдү. “Акмак, атаң экөөң Асанбекти өлтүрүп, эки баланы жетим кылгансың”, – деп тамшалай берчүмүн Сейтаалыга. “Ой койчу, балдар укса чын көрбөйбү”.

Молдаалы дароо бирөө эмне болот дегенге айыгат десе, айыкчу. Камына бергиле десе, өлчү. Менин досуман кийин Абдылда дегенинде бул касиет аз-аз бар болчу. Молдо болуп жүрүп өлдү. Баланчанын аялы төрөбөй жүрөт десе, келсинчи деп, келсе, оозуна түкүрүп туруп: “Баланча молдого барып окутуп алсаң төрөйсүң”, – дечү. Төрөбөчү болсо, “Мага келбей эле койсун”, – деп дароо көргөндөн баш тартчу

Leave a Reply