Алмабеков Кубанычбек: Мен Гиппократтын антын берген кишимин

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Алмабеков Кубанычбек, 1955-жылы Ысык-Көл областынын Григорьевка айылында төрөлгөн.Семетейчи. Адистиги боюнча врач-хирург.

Менин өзүмдүн адистигим – хирург. Бирок элдик дарыгерликти колдойм, урматтайм, ага кайрылып турам. Эгерде кыргызчылыгы бар делген адамдын чын эле колунда биотогу болуп, же болбосо, укум-тукумунан келе жаткан кандайдыр бир касиети болсо, андай кишиге ишенбей коюуга болбойт. Кыргызда: «Адегенде, Теңир колдойт, андан кийин дарыгер колдойт», – деген ишеним бар. Менимче, элдик дарыгерликтеги көрүнүштөр Манастын доорунан бери келе жаткан ыкмалар болсо керек. Өзүмдүн кесибиме байланыштуу эл ичиндеги тубаса сыныкчыларды көп байкайм. «Манаста» төлгөчү, далы көрүүчү делген түшүнүктөр бар.

Фитотерапия деген нерсе илгери эле кыргыздарда болгон. Ортодо советтик медицина өкүм сүрүп, азыр кайра баштапкы ыкмаларга кайрылып жатабыз. Адамды жаратылыштан бөлүп кароого болбойт. Ал – түздөн-түз ошол жаратылыштын бөлүкчөсү. Аба, суу, чөп деген жаратылыш бөлүкчөлөрүнүн адам ден соолугуна тийгизген таасирлери жөнүндө бүгүнкү күндө үстөккө-босток айтылып келе жатат. Тигил же бул элдин медицинасы делип, бүгүн кийинки муунга жаңы сыяктуу көрүнгөн ыкмалардын бардыгы эле кыргыз элдик билиминде болгон.

Кээде биз оор абалдагы оорулууну ооруканадан чыгарып жиберсек, үйүнө барганда, молдо дем салып, айыгып кеткен учурлар болушу мүмкүн. Жок эле дегенде, өлүм алдында жаткан адамга молдонун ыйман угузуусунун өзү деле психологиялык жактан абдан туура көрүнүш. Акыркы сапарга узап жаткан адамды шарыяттын жолу менен туура, аяр узатышыбыз керек.

ңзүм Алдаяр тукумунанмын. Убагында «Алдаярдын Мойту сүйлөсүн, Сарт Дөөлөс сүйлөсүн», – деп, кыргыздар эки кишинин сөзүнө өзгөчө баа беришкен экен. Мойт аке делип, алты акенин улуусу катары ардакталып жүргөн аке – менин жетинчи атам. Ал киши жолдон өтүп бара жаткан келиндин канча перзентти көз жарып, канчасын уул же кыз төрөөрүн жаңылбай айткан, куштун кыраанын, жылкынын күлүгүн таамай билген олуя болгон. Ал эми келиндердин жанагы төрөөр наристеси жөнүндө бүгүн УЗИнин жардамы менен аныктап жүрүшпөйбү.

Ал мезгилде Чүй, Нарын, Ысык-Көл өрөөнүндөгү кыргыздардын сөөгүн Анжиян, Кокон тарапка алып барып коюшкан экен. ңзүнүн көзү өтөөрүн сезген олуя атам: «Менин сөөгүмдү Манжылы-Атага койгула, анан мындан ары Кокон хандыгы тарапка сөөк ташыганыңарды токтоткула», – деп аманат, керээз сөзүн айтып, өз мисалында бул жөрөлгөнү баштап берген экен. Азыр атабыздын сөөгү Тоң өрөөнүндөгү Манжылы-Ата мазарына коюлган жана ал ыйык жерге каттаган адамдар аталган күмбөзгө тийип өтмөйүн, кайтпайт.

Мен өзүм дагы жылына бир-эки жолу атайын барып, атабыздын сөөгү коюлган жерге сыйынып, Манжылы-Атанын 40 булагынын ар бирин татып, демденип келем. Мен Жети-ңгүз районунда оорукананын башкы дарыгери болуп турган кезимде, Манжылы-Атанын азыркы шайыгы Кадырбек райондук каржы бөлүмүнүн машинесин айдап, жакшы тааныш болчубуз. Ага-тууганча сүйлөшүп, азыр барып калганыбызда дагы мазар касиетин сөз кылып калабыз. Бул жагынан мен мазар делген ыйык жерлерге дагы ишенем. Ал жерлерде космостук кубаттуулук бар. Россиядан келген окумуштуулардын фотоаппараты менен тарткан сүрөтүнө скафандр кийген сыяктуу алп кишинин элеси түшүп калганын айтып жүрүшпөйбү. Мазардын касиеттүүлүгү ушундай далилдерди бүгүн берип турган кези. Манжылы-Атанын сууларына таңгалам, ар бир булак суусунун даамы ар башкача, мунун өзү ар ооруга ар бир булак өзүнчө шыпаа берет деген сөз.

Кыргыз башынан эле касиеттүү, билимдүү эл болгон. Мен негизинен Гиппократтын антын берген кишимин. Келген оорулуулардын бардыгы мен үчүн бирдей, алардын акчасы менен даражасына, билимине карабайм. Операция жасалаарда, ар бир хирург: «Кудай колдо, Манас атамдын арбагы колдо!», – деп туруп гана, анан операция бөлмөсүнө баш багат. Быйыл ушул кесиптин үстүндө иштеп келе жатканыма туура 35 жыл болду. Оор операцияларды баштаар алдында, мага аян берилип турат. «Бул операция мындай болот», «Бул операция натыйжасыз болот», – деген аяндарымды карманам. Дегеле мыкты хирургдарда мына ушундай көрүнүштөр, касиеттер болушу керек деп эсептейм.

Этика боюнча эмес, дегеле туюм аркылуу адатта хирургдар жакын адамдарына операция жасабайт. Мен дагы ошенткенге аракет кылам. Анткени каны бир адамга бычак колдонушуң өзүңө бычак колдонуп жаткандай эле сезим калтырат. Жакындарым, үй-бүлөмдөгүлөр оор операциялардын алдында менин күңгүрөнүп, уктап жатып «Манас» айтаарымды айтышат.

Кыргыздарда «тумар чийип берүү» деген нерсе бар. Менимче, бул дагы туура. Азыркы медицина муну туура кабылдап, туура түшүнүшү керек. Кыргыздар: «Мунун колу эмсээк», – деп сыныкчыларды, же дагы башка ушул сыяктуу кыргызчылыктын ар кайсы багытындагы жөндөмү барларды өздөрү таап чыгышкан.

Бүгүнкү күндө Америка бизге «ңнөктөштүк төрөт» деген программасын киргизип жатат. «Аял өзүнө кандай ыңгайлуу болсо, ошондой шартта төрөшү керек, сөзсүз эле жатып төрөшү керек эмес», – деген ойлорду сунуштап жатат. Мунун бардыгы абалтан бери эле бизде болгон. Боз үйдө келин төрөп жаткан учурда, кайненеси аны сылап-сыйпап, жардам берип, абысындары жанында болуп, аял өзүнө ыңгайлуу шартта, же бакан кармап, же дагы башка жагдайда көз жарган. Ортодо канча мезгил өткөн соң, биздин өз тажрыйбаларыбыз өзүбүзгө кайрадан айланып чет тил, чет элдик аталыш менен келип жатат.

«Манаста» бар: атабыз ооруп жатканда, Каныкей энебиз «үпү», «апы» деген дарыларды сээп, асыл жарын айыктырып алган. «Кытайдын кырма дарысы» деп, кыргыздар өзүнчө дары жасашкан. Кыргыздын кыйындыгы ушундай, эч кандай баңги болуп кетпей эле, апийимди өз ыгы менен колдонуп, оорулууларын чени менен айыктырып келишкен. Азыр эле апийим баңги затынын бир түрү болуп кабылданып калбадыбы. Болбосо, «уу коргошун» деген чөптү дагы ар кыл оорунун шартына жараша ар кыл өлчөмдө, айрым учурда кайнатпай ичирип турган. Бул жагынан алганда, элибиз кылдат болгон. Аталган чөп, азыркы медицинанын сөзү менен айтканда, «тонизирующий» касиетке ээ болгон. Болбосо, жалбызды алалы, же дагы башка чөптөрдү. Арча дегенибиз деле шаманчылыктын калдыгы эмес. Күйгүзүлгөндө, арчадан чыккан жыт азыркы «француз атыры» делгендерден миң эсе өйдө таасир берип, жыт берүү жагынан дагы, дарылоо жагынан дагы өзгөчө болгон. Жаратылыштын бөлүкчөсү болгон чөптү алгач ден соолукка пайдаланып келишсе, азыр кыз-келиндерибиз байыркы апалардын жолун жолдоп, эндик жана башка максаттарда дагы колдонуп жүрүшөт. Жаратылыш бөлүкчөлөрүнө карата кыргыз адамынын мамиле, байланышы бул сыяктуу ар бир турмуштук көрүнүштөн байкалат. Ушул билим, тажрыйба, көрөсөндүгү үчүн кыргызды кантип урматтабай кое аласың.

Leave a Reply