Акматов Казат, жазуучу, драматург

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китебинде жарык көргөн]

Акматов Казат, Жазуучу, драматург, мамлекеттик жана коомдук ишмер. Ысык-Көл районунун Бостери айылында 1941-жылы туулган. 1974-жылдан тартып, СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү.

К.Акматов жыйырмадан ашык китептердин, пьесалардын, киносценарийлердин автору. Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын, Россия Федерациясынын М.Ломоносов атындагы «Алтын медалынын», Н.Островский атындагы Бүткүл союздук адабий сыйлыгынын, Эл аралык «Руханият» сыйлыгынын лауреаты.

К.Акматов Россия Федерациясынын коопсуздук жана коомдук байланыш проблемалары боюнча Академиясынын академиги.

Көлдөн менин туугандарым Мекеге барат. Кара ташка сыйынып, анан бир күнү колубуз бош болуп калды дейт. Мекенин көчөлөрүн аралап жүрүшсө, бир халиф бай үйүнүн астында отурган экен котормочусу менен. Аларда ар бир тилден котормочулары бар. Чак түштө ак калпак кийип алгам дейт.

– Келчи, кембагал, кайдан келдиң?

– Кыргызстандан.

– Ал каякта? Андай жерди билбейбиз.

– Борбордук Азияда, ушундай-ушундай…

– А эмнеңер бар Кыргызстанда? Кандай жер өзү?

– Эми, баары эле бар.

– Суу барбы?

– Эми суу деген бизде ар бир коктудан ашып агып, ат менен машина кечип өтө албайт, бизде жүздөгөн, миңдеген коктуларыбыз бар, ошонун баарынан суу агат, деңиз сыяктуу килтейген Ысык-Көл деген көлүбүз бар, ошого агып, кошулат.

– Чөп барбы силерде?

– Чөп деген немеден ат баса албайт, чалынып жыгылабыз. Миң түркүн чөптүн түрлөрү жайлоолорубузда жайдан күзгө чейин гүлдөп турат.

– Силерде жашылча-жемиш барбы?

– Жер-жемиштерин айдап алабыз, калган алма-өрүктөрүбүз мөмөсүн бергенде, тере албай калабыз, шаабыз жетпейт, жерге түшүп, чирип калат.

– Оо, сен калп айтып атасың го! Жүзүм барбы?

– Жүзүм деген бизде шагы ийилип, көчөлөрдө сатабыз, вино жасап, түгөтө албайбыз.

– Дарбыз, коон деген болот экен, ошолор силерде барбы?

– Дарбыз, коон деген көчөлөрдө үйүлүп турат, алган киши жок.

– Ээй, кембагал, ошондой керемет жерден анан биякка эмне келдиң темселеп? – деди дейт.

Тууганым ошолордун берген суроолоруна таң калганын айтат. Мына, биздин жердин берекеси! Биздин Кыргызстандын, ошонун ичинде Көлдүн уттурган жери – буудай түшүмдү аз берет. Жерибиздин көбү, токсон пайызы – сугат. Улуттук кирешебиздин үчтөн бири жалаң сугатка кетет. Ошондо биз буудайдан 17-20 центнер түшүм алабыз. Ушул биздин кендирибизди кесип жатат.

Мен жакында «Архат» деген романымды жазып бүттүм. «Мезгил», «Күндү айланган жылдарда», деги эле кайсы гана чыгармамда болбосун, Ысык-Көлдүн элеси турат. Ысык-Көлсүз болбойт. Ошону мен ар кандай өңүттө, ар кандай амал менен, ар кандай сүрөттө, ар кандай көркөм ойлор аркылуу бергем: анын толкунун, үнүн, жанын, көлдүн добушун, көлдүн мүнөзүн, кыялын, толкугандагы, шамал ургандагы, жаан жаап, алаамат түшүп жаткандагы абалдарын.

«Архатта» болсо Хан-Теңирини бергим келди. Барлас менен Анжеланын качып баратканындагы биздин тоолордун жана Хан-Теңиринин алысыраактагы бир образын бердим. Хан-Теңири биздин колго тийгени аз эле жыл болду. 10 жылга да жете элек. Мурда Кытай аймагында болчу. Өзөңгү-Кууш менен соодалашканда, Хан-Теңирини бизге беришпедиби. Анан ошол бир эле Хан-Теңири менен Кыргызстан байыса болот. Бирок аны эптей албай жатпайбызбы. Ысык-Көл областында Хан-Теңири, Ала-Тоо, Жеңиш, Горький, Достук өңдүү беш килейген чоку бар. Бешөө тең бүткүл дүйнөлүк альпинисттердин чогулган жерлери. Беш аскабызга, беш тообузга альпинисттик жакшы тейлөө жасай алсак, ошол бешөө эле бизди багат болчу.

Мен көлдүн жээгиндеги будданын эстеликтерин кыдырып чыктым, үч жерде эстелик бар экен. «Архатты» жазаарда биринчи барган жерим, Ысык-Ата курортунда чоң таштын бетинде будданын чегилген сүрөтү бар, ошол жер болду. XI кылымдабы, же IX кылымдабы, будданын монахтары келип, көлдү кыдырып кетишкен экен. Жибек-Жолунун учурунда Кытайдан бери карата келе жаткан жолдо монахтар көп жүрчү да. Будданын, Христиандын монахтары жүрчү. Азыр Түптө Святая Троицанын, Ираклий деген монахтын монастыры бар эмеспи. Ошол монастырды азыр археологдор аябай казып жатат. Иши кылып, буюрса, биздин Кыргызстандын аймагы жаңыдан изилдөөгө алына баштады. Ошондой эле, тарыхы изилдене баштады. Тарыхыбыз аябай талаш, көп ак тактары бар.

Москвада өткөн «Библиобраз-2007» деген бүткүл дүйнөлүк фестивалга биз «Манасты» алып барганбыз. «Сейтек» деген, биздин балдардын клубу бар эмеспи, ошол «Сейтектин» балдары «Манастан» кичинекей үзүндү жасашкан. Ошол үзүндүнү элге көрсөттүк, анан мен «Манас» жөнүндө айтып бердим. Башка элдердин баары тең өзүлөрүнүн жазма классиктерин алып келиптир, биз болсо оозеки шедеврибизди (кайталангыс мыкты чыгармабызды) алып келдик деп, Москвада ошол фестивалдын чегинде «Манастын» дагы бир жолу салтанаты өтүп кетти. Андан кийин «Архат Москвада» деген чоң ураан жазышыптыр. Людмила Путинанын «Орус тилин өнүктүрүү» деген борбору бар экен. Ошол борбор «Архаттын» орусчасын чыгарыптыр. Менин макулдугум менен мектеп жана жогорку окуу жайларына бекер таркатып бердик.

«Ысык-Көл – жердин көркү», «Ысык-Көл – Ала-Тоонун бермети», – деп коёбуз. «Ысык-Көл – жердин көзү», – деп коёт космонавттар. Космостон караганда, көзгө окшош да. Өктөм Калыева деген илимпоздун «Ысык-Көл – Казат Акматовдун чыгармаларында» деген монографиясы бар. Менин чыгармаларымдагы Ысык-Көлдүн берилишин ошол киши изилдеп чыккан.

Саякатчылардан Прежевальскийди биз совет убагында пир тутуп, окуп жүрчүбүз. Аларды азыр чалгынчы катары карасак болот. Бирок Чокан Валиханов Ысык-Көлгө нагыз окумуштуу катары келген. Ал деле Россиянын аскеринде офицер болчу. Бирок, Ысык-Көлгө келгенде, көбүнчө «Манаска» кызыгып, окумуштуулук жактан көбүрөөк аракет кылып, алгач «Манасты» жазып алып, Боромбай менен жолугуп, будданын, исламдын эле эмес, христиандардын, католиктердин, проваславдардын монахтарынын жүргөн көп жерлери бар, аларды иликтеген.

Менин молдочулугум жок, куран окубайм, бирок мен үчүн ыйык нерселер: ак тайлак, булактын, теректин, үйдүн, көлдүн, тоонун ээлери – ушунун баары кандайдыр бир ачыла элек дүйнө. «Адам өлбөйт, адам үч баскычта жашайт» деген философия бар. Жатындагы биринчи өмүрүң, андан азыркы жарык дүйнөгө чыкканда, жатын үчүн өлдүң, анан 60-70 жыл жашап, өлөбүз да, мындан башка түбөлүк дүйнөгө өтүп кетет экенбиз. Тибетте, буддизмде бул жөнүндө өтө көп айтылат. Окультизмди (сырдуу билимди), теңирчиликти, шаманчылыкты – ушунун бардыгын биз өзүбүздүн рухий маданиятыбыз менен чогуу алып жүрүшүбүз керек. Анан ошол биздин көркөм ой жүгүртүүбүздү, эстетикабызды, философиябызды, жалпы эле руханий дүйнөбүздү байытат, башка элдерден ашырат.

Leave a Reply