Касиет жана медицина

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр”

(Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Көчмөндүк жашоо кечирип, бирде тоону, бирде түздү мекендеген кыргызда медицина качан башталган? Көрсө, кыргыз кыргыз болуп жаралганы эле тубаса илими канында ойноп, адам болуп төрөлгөндөн бейитке чейинки жолдо ден соолуктун камын эл ичиндеги касиети барлар көрүп келишкен тура. Эненин көз жаруу учурунда – куучулар, баланын жүрөгү түшүп, арууркаган, көзүккөн учурларында – умайлар, башка учурларда – элдик бүбү-бакшылар, табыптар, дарыгерлер сыркоологон адамды айыктырып, «элдик медицина» дегендин түбүн түптөшүптүр.

Албетте, бул жагдайда ар бир эле адамдын башка бирөөнү айыктырып жиберүү мүмкүндүгү күмөндүү иш. Аны дагы колу жеңил, тубаса жөндөмү бар, ата-бабасынан келаткан салттуу маданиятты табигый аркалаган, Кудай-арбак тарабынан атайын тандалган адамдар жүргүзгөн. Ошол жолдо ал адам өзүн сыйда кармап, таза эмес иштерге малынбай, Кудайдын кудуретин башка адамдардан ийги сезип, кыргыз «биринчи байлык» деп эсептеген ден соолуктун сактоочусу болгон.

Кыргыздарда гана эмес, дегеле дүйнөдөгү азыркы медицина кесибинин бардыгынын башаты – элдик медицина. Эң жөнөкөй дармек – кадимки суу. Сууну дубалап, айыктыруу дүйнөнүн бардык элдеринде бар. Кесиптик медицина тургай, дегеле байыркы диндердин бардыгынын өзөгү элдик медицинага барып такалат. Дуба менен болобу, өсүмдүк, чөп-чар менен болобу, айыктыруу дарыгерге карата адамдын, коомчулуктун ишенимин пайда кылган. Ошентип, алгач ишеним, андан келип анан дин пайда болгон. Исаны пайгамбар кылган нерсе – анын дал ошол сокурду көздүү, мунжуну буттуу кылуу аркылуу, өзүнө карата эл ишенимин жараткандыгы. Будда менен Мухаммедди пайгамбар кылган нерсенин өзү дагы ушуга байланыштуу. Демек, дүйнөгө диндерди элдик медицина алып келген деп, божомолдосок болот.

Жогоруда айтылгандай, суу дубалап берүү деген нерсеге келгенде, окулган дубаны сөз түзөөрүн эске алуубуз керек. Мындай шартта айыктыруунун алгачкы өбөлгөсү – сөз. Жалпысынан бүгүнкү күндө деле догдурдун берген дарысына караганда, анын «айыгасың», «айыктыруу мүмкүн эмес» сөздөрүнүн өзү адам тагдырын көбүрөөк чечет. Ал эми дуба окуу аркылуу элдик дарыгерлер Кудайга, пирлерге кайрылышкан. Ошол окулган дуба аркылуу суу күчкө ээ болуп, өзүнүн тутумун өзгөрткөн. Айталы, кыргыз дүйнөсүндө меш жанына отура калып, колундагы балтанын артын кичинекей чүрпөнүн адегенде башына (эмгегине), анан калган мүчөлөрүнө тийгизип, кыймыл-аракет кылуу – жүрөк көтөрүү ырым аткаруунун толук эмес жол-жобосу болуп калат. Ошол кыймылды шарттаган «Бисмиллахир рахманир рахиим, бул менин колум эмес, Умай эне Батма-Зууранын колу» делген эң жөнөкөй дуба – жүрөк көтөрүүнү ишке ашырган күч-кудурет ушунда.

Албетте, мындай дубаларды аткаруу менен ар бир эле адам дарыгерлик кыла берсе болот деген туура эмес. Жогоруда айтылгандай, дарылоо жүргүзө турган адам Кудай-арбактын өзү тарабынан ошол сөздү көтөрө, алып жүрө ала тургандыгына, ошол касиетке татыктуу боло ала тургандыгына жараша тандалат.

Көчмөндөрдүн артыкчылыгы – таза, табигый чөп, өсүмдүктөн жана жаныбарлардын эти менен майынан жасалган дарыларды колдонушкан. Алардын турмушундагы эң жөнөкөй эле кымыз азыгы кургак учук илдетинин бирден бир дарысы болсо, кыштата ичилген бозо каны аздыктын (анемиянын) алдын алып, дегеле ар бир желген аш тымызын түрдө алардын ден соолугунун мыкты өбөлгөсү болгон. Кыргыз жуткан таза аба менен ичкен мөлтүр суусу алардын бир кезги өмүр жашынын узактыгын шарттаган.

Элдик медицинаны байытып отурган нерселер – анын өзүнөн башат алган диндердин негизинде пайда болгон билим болгон. Исламдын келиши менен пайда болгон молдолор дем салуу, дуба окуу менен дарыгерликтин бир учугун аркалашып, ал тургай алардын арасынан сейрек чыккан касыйда окуган молдолор жин ооруларын айыктыргандыгы менен бөтөнчөлөнгөн жана Кудай жиберген илдеттин дабасы табылаарын ар кыл деңгээлдерде айгинелеген.

Эски нерсе бардык эле учурда зыяндуу боло бербеген сыяктуу, кесиптик медицинанын түптөлүшү элдик медицинаны жоготкон жок. Ырас, «советтик учур» деп эсептелген, ХХ кылымдын башынан 90-жылдарга чейинки мезгил ичинде канчалык басмырланып, тыюу салынып, анын алып жүрүүчүлөрү куугунтукталганы менен, элдик медицина тымый күчтөнүп, коомго эркиндиктин келиши менен өзгөчө жанданды. Ошол 90-жылдардагы элдик табыптар менен көзү ачыктардын сел, агымы бир чети үрөй учура, эл оозунда айтылып келген «акыр заман» белгисин алгач жышааналагандай болду. Бирок, ал агым көбүрүп-жабырбаган, мелмилдеген жай нукка түшкөндө, анан эл чоочун эмес эле, өздөрүнүн кечээги ата-бабаларынын эми-домун астейдил сезе баштады. Бүгүнкү күндө республикада элдик медицинага негизделген атайын «Бейиш» сыяктуу дарыгерлик уюмдар бар. Мындан тышкары жеке көзөмөлдөгү бир канча уюм, топтор өз алдынча расмий кагазын бетине кармап, керек учурда кесиптик медицинанын кызматкерлеринин кеп-кеңеши менен шартталган иш-аракеттерди жүргүзүп келишет.

Албетте, тигил же бул пикирди жактоодон биз алыспыз. Бирок, башка элдерге салыштырмалуу, кыргызда медицина канчалык өнүгүп-өспөсүн, ал өзүнүн түпкү башатынан – улуу касиетке негизделген элдик медицинадан анчейин оолактап кете койбостугу дагы байкалат.