Чотурова Бактыгуль, акын

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Бактыгүл Чотурова, Токтогул районунун Кара-Жыгач айылында туулган. Акын. Республикалык “Кыргыз туусу” гезитинин бөлүм башчысы.

Көл алдында эл жашаган жер калды…

…ушундай элестүү саптардын автору Шамшы Молдокеевдин сөзүнө жазылган Асанкалый Керимбаевдин обонун Кыргыз Республикасынын эл артисти, булбул таңшык ырчы эжебиз Шахра Талипова ырдап жүрүп, элдин жүрөгүнө жеткирди. Азыр бул ырды билбегендер аз. Сөзү да, обону да шайкеш чыккан мындай керемет ырды автор катары Асанкалый Керимбаев агабыз өзү дагы кемелине келтирип ырдачу эле. Анткени турмуштун чындыгынан жаралган ыр “мен кетмен-төбөлүкмүн” дегендердин баарынын көз алдында элеси өчпөс болуп калган өкүнүч менен сагыныч, кусалык, эңсөөнү козгоп, жүрөгүнөн сыдырылып өтөт. Көл алдында эл жашаган жер калды… Эмне үчүн? Бул суроого жооп берүү үчүн кылымдын көчөлөрүн кыдырып чыгуу керек…

Менин бир төмөнкүдөй ырым бар эле:

Биздин айыл тоо этектеп айлана,

Дан жыттанган аңыздарга бай, жана…

дагы эстесем көл жок эле, бирок да,

укмуш болчу мөл булактар кайнама.

Көл жок эле биздин бала чактарда,

Көп элестер көз алдымдан акканда…

Балык болуп сүзүп барып эркелеп,

Тургум келет биз ойногон таштарга.

Ар кимибиз өз тагдыры куткарбай,

Учтук эле топ жарылган куштардай.

Жаз чакырган сайын барып турсак да,

Балалыктын издери жок, бүт калбай…

Кылым оошуп кыйырынан эл өсчү,

Бул турмушта мезгилге ким теңешчү!

Карт тарыхтын барагында жашаган,

Канча тоолор кумга айланган эмеспи…

Ошо сымал суу алдында дайыны,

Суу үстүндө кусалыктай кайыгы.

Көл баскандан тумчуккансып кыйналам,

Биз сагынган балалыктын айылы…

Ооба, биз туулуп, өскөн жер суу алдында калды, көрөйүн десең мелтиреп үнсүз көгөргөн көл гана турат. Балалыктын бактылуу күндөрүнүн элеси көкүрөктө сагыныч болуп гана жашай турган болду. Болгондо да өкүнүчтү жетелеген сагыныч. Биз го кур дегенде туулган айылдын элесин унуталбай, кусалуу эскеребиз, айтып түгөтө албай, дагы эле болсо ошо айтып алсак дагы көргондөй болуп көңүлгө көп нерсе түшөт. А бизден кийинки муундарчы? Алар түшүндө көргөндөй дагы элестете алышпайт. А, түшкө дагы көрүп жүргөн жер кирет да. Өкүнүчтүү нерсе ушул. Ошентсе дагы аны кур дегенде кагаз бетине калтыруу биздин моюндагы парз.

Керемет таланттардын бешиги -Кетмен-Төбө

Көркөм өнөр көрөңгөсү менен туулгандар Кетмен-Төбөдө Кудайга шүгүр, көп деп айтсак да болот. Ошон үчүн биздин жерди таланттардын бешиги дейт эмеспи. Акындык бийиктигин алганда Токтогул Сатылгановдон баштап айтсак, кыргыз элдик оозеки адабияттын ири өкүлдөрү деп айтууга арзый турган Балыкооз, Эсен ырчы, Коргоол, Бекназар куудул, Курман, Жолой, Казак, Шадыкан, Акбермет, Казак, Тейти, Саадабай. Абдрасул, Малабаш, Кадыркул деген ырчылар өткөн. Андан бери биз жашаган доорго жакын Кади, Алтымыш, Качкынбай, Абдиш, Азиз акындарды атоого болот. Алардан кийин өзгөчө даңазасы менен таанылган төкмө акын Тууганбай Абдиев болду. Тууганбай аганын шакирти Элмирбек Иманалиев (Эшманбеттин жээни) уккан кулакты сүйүнтүп элге аты чыгып калды.

Төкмө акындыктын туу чокусу Манасчылык өнөр деп айтылып жүрөт. Бул өнөрдү дагы Жаңыбай Манасчы, Семетейчи Сейдана кыргыз улуттук адабияттагы чоң орду бар залкар таланттардын катарында салмагы бар.

Касиеттүү ырдын залкарлардан калган учугун улап, заманына жараша жаңы өңүт менен эл алдына чыгып алакан чаптырып, өнөрүн тартуулап, учурда ыйык сахнанын гүлдөрү болгон чыгаан таланттар Асан Керимбаев (маркум агабыз), Шахра Талипова, Гүлнур Сатылганова, Роза Аманова, бир тууган эже-сиңдилер Анапия, Дилбар, Лира Райымбековалар, Күлүйпа Керимбаева, Гүлзат Батырканова, Канымжан Жаманбаева, Сыймык Бейшекеев, Айбек Карымов, Бек Борбиев, Нуриза Абазова, Майрамбек Осмонов, Мухтар Атаналиев ж.б. биздин мактанычыбыз.

Ал эми жазма адабиятта Кетмен-Төбө өрөөнүнөн чыккан таланттардын дүбүртү калың. Көч башында Жоомарт Бөкөнбаевдин аты аталып, андан кийин кыргыз поэзиясында керемет ырларды жараткан таланттуу акын Кудайберген Жуманазаров болгон. Анын замандаш каламдаштары Медербек Жамгырчиев, Тууганбай Касымалиев, Карачал Курманбаев, Шамшы Молдокеев, Билиш Момунбеков болгон. Алардан кийинки муунга Алмаш Чойбекова, Бергеналы Базарбаев, Бузурманкул Бакиров, Исабек Токтогулов, Самсак Станалиев, Калчоро Көкүлов, Анарбек Акматбеков кирет. Андан соңку биздин муундун катары Карбалас Бакиров, Алик Акималиев, Бактыгүл Сейитбекова, Шириналы Айылчиев, Зулайка Мырзатаева, Бурул Карагулова, Венера Бөлөкбаева, бир туугандар Таалайбек менен Максатбек Максүтовдор, Базарбү Медетова, Нургазы Ахмедулин, эң кенжебиз, Нуриса Өмүрбаева менен толукталат.

Прозада Макей Жоошбаев баштаган агабыздын соңунан А.Көлбаев, А.Асранкулов, Т.Ошбаев, Т.Мүлкүбатов, А.Токтогулов, А.Жапаркуловдун ысымдары таанымал. Булардан кийинки чыккан муундан кыргыз адабиятындагы сейрек жанр фантастикалык чыгармалардын чебери, ондон ашык тил билген зирек таланттардын бири Турусбек Мадылбаев, таланттуу романчы Тойчубай Субанбеков, “Алиппенин” автору, жазуучу Сулайман Рысбаев, жазуучулар Абдразак Асранкулов, Акматжан Кадыралиев, Качкынбай Керимбаевди атоого болот.

Адабияттагы сын жанрында чоң абройлуу аты менен таанылган Теңдик Аскаров агабыздан кийинки таланттуу сынчылар Самсак Станалиев менен Жамгырбек Бөкөшовдун аты таанымал.

Биздин айыл – Кара-Жыгач

Кара-Жыгач айылым,

Какырдан чыккан дайының…

Мектепте окуп жүргөндө айыл тууралуу сочинение жазганбыз, эмнегедир ошондо мен жогоркудай саптар баштаган ыр менен жазган болчумун. Бирок менин ушул саптар эле эсимде калыптыр, көлөмдүүдөй эле көрүнгөн, калганын эстей албайм. Кара-Жыгач – биздин мектепке чейинки балачагыбыз өскөн жер. Окуучулук күндөр Кызыл-Жазыда өтсө дагы, тээ мурунку бал тилдүү, таттуу кыял балалыктын мекени унутулбайт окшойт. Гүлдөрү эмес шыбагынан бери жыты буркурап, эстегенде бая гана көргөнсүп, кадимкидей сагындырат.

Эл Кызыл-Жазыда жашаган менен, менин атам дыйкан болгондуктан, жыл сайын Кара-Жыгачка жайкысын көчүп кетип, эгин сугарып, мелмилдеген буудай талааларында кетменин күнгө жаркылдатып күнү-кечке талаада жүрчү эле. Күзүндө окуу башталганда кайра көчүп келчүбүз. Ошондон го, кайнаган ысык, кызыл кумдуу боз талаалары эске түшүп кетип, сочинениени ошондо жыргап элестетип жазсам керек. Кара-Жыгачтын түндүк-чыгыш жагындагы Тумшуктун тоосунун тар капчыгайында чиелер укмуш өсчү эле. Биз кичинекейибизде чогулуп алып чиеге барчубуз. Чие деген алчадай кыпкызыл, ичинде катуу данеги бар, бирок алчадан кичинерээк болот. Таттуу келет. Чиеге барган күндөр биз үчүн майрам болчу өзүнчө. Ошол жакта тегирмен да болор эле. Кийин аны Кара-Жыгачка көчүрүп келип Муратаалы деген киши тегирменди иштетип журдү. Ошол тегирменге айылдын бутундөй эли келип эгинин ун, талкан кылып тартып кетип турушчу. Ошол капчыгайдан ары Тумшуктун тоосун айланып өткөн жол бар. Ал жол менен Тумшуктун тоосунун кылда чокусуна чыккандан кийин тоону ашып кайра түзгө түшө баштайсың. Ошондо Шилеңкана деген жер бар. Чөптөрү буралган, жапжашыл укмуш жер. Бир жеринде жапайы жузүмдөр өсөт. Ошол Шилеңканадан аккан суу Тумшуктун тоосундагы капчыгай менен түшүп олтуруп биздин айылга билектей болуп агып келет. Ошо суудан Шилеңканада өскөн кара жыгачтардын уругу кошо агып келип, айылдын четине кара жыгач өсот экен. Андан бир топ, бир топ кара жыгачтар өсүп чыгып, кийин ошол жерге бирин-сериндеп эл көчүп барып, эгин айдап отурукташа баштаган дешет. Ошондон айылдын аты Кара-Жыгач болуп аталып калган экен.

Атамдар Кызыл Жазыга кийин көчүп барып, там салып жашап калышкан. Анткени Кызыл-Жазы сууга кенен, турмуш-тиричиликке ыңгайлуу жакшы жер эле. О мурун көчө түшүрүп, элди отурукташтырып, колхоз уюшулганы ошондон деп жүрүшөт. Анан кайра так ошол жер сууга бастырылып, кайрадан эл Кара-Жыгачка көчүп чыгышты. Чынында биздин ата-бабалардын туулган жери ошол Кара-Жыгач. Мен мектепке окууга кире электе Кара-Жыгачта эле чоңойгом. Баары эсимде. Атамдын достору бар эле. Дункан Атагараев деген колхоздун башкармасы болчу. Айып, Кутунай, Шаршен акелер дайыма чогуу журушчу. Кечке талаада иште болушуп, кечкисин отту улуу жагып алып бир үйдөн тамактанышчу эле. От боюнда чоң кишилер аябай сөзгө кирип алып, түн бир убакка чейин кызуу суйлөшүп олтурушчу. Кээде ырдашчу. Эсимде “Кызыл атчандар”, “Завойшиктер” деген ырларды укмуш шаңдуу жуз менен алыска угулчудай шаңкылдап ырдашчу эле. Калтар деген аке менен атам алым-сабак айтышып ырдашканын укчу элем. Атам “Манастан” үзүндүлөрдү да келтирип айтчу.

Чычкандары күчүктөй,

Күчүктөрү мышыктай.

Кескелдирик жойлосо,

Кере карыш жылаандай,

-деген саптар алигүнчө көөнүмдө турат. Мен атамдын тизесине олтуруп алып ушул саптарды укканда кадимкидей жомок дүйнөсүнө кирип кеткендей болор элем. Эмнегедир ошол учурда адамдардын пейили жайылып, бир кенендик көкүрөгүндө чөбөгөдөй уюп калгансып сезип кетем азыр ошол күндөрдү эстегенде. Дасторкондо нан, жарма менен бозо, сүт менен каймак сөзсүз болчу. Көбүнчө чоң казанга этти салып, беш бармакты кимдин үйүнөн болсо дагы чогуу жешер эле. Азыркы биздин заманда тамактын түрү канчалык көбөйсө дагы ошончолук ички дүйнөдө тардык бардай сезилет. Чакырылбаса эч ким бирөөнүн үйүнө бармай жок, илгичи чоң темир эшиктер көбөйдү. Биздин балачактарда коңшулар бир жакка кетип баратканда үйүнүїн шыпшыргасына чыбыкты сайып коюп, бири-бирине табыштап кете бергенин өз көзүбүз менен көрүп калдык. Ошо темир эшиктерди жылаан өлтүргөнгө таш алып бербеген темир жүрөктүү адамдар ойлоп тапкандай сезе берем. Баары бир айылды эстөө мен үчүн ушунчалык бир ырахаттуу сезимдерди берет. Балким ар кимдин өз айылы көзүнө ысык сезиле береттир. Менин да өскөн айылым баарыныкынан жакшы көрүнө берет деген баланын кыялындай жылуу, аруу сезимден эч арыла албадым.

Кетмен-Төбө аймагындагы башка айылдарга караганда киндик кан таамп, туулуп өскөн Кара-Жыгач айылымды көбүрөөк билгеним ырас. Кантсе да жүрөгүмө жакын, уккан, билгеним көп дегендей. Бирок биздин айыл суу баскан айылдардын бири катары көкүрөгүбүздө арманга айланды. Дал ошол айылды көчүрүү учурунда биз мектепте окуп жатканбыз, бардык кыйынчылыкты, элдин аргасыз түйшүгүн өз көзүбүз менен көрүп, ата-энелерибиздин андагы азабын кошо тартышып калдык.

Суу баскан аймактан көчүп чыгаруу түйшүгү райондун борбору үчүн гана эмес, көп кыштактарды дагы жаңыртууда кыйынчылыкты баштан кечирүүгө мажбур кылган. Мисалы, Чычкан дарыясынын аркы өйүзүндөгү Терек-Суу, Чоң-Арык, Чолпон-Ата, Мазар-Суу, Ак-Тектир, Кара-Күңгөй айылдары бүтүндөй жаңы курулган. Ал эми Чычкандын берки өйүзүндө жайгашкан Кара-Суу, Кара-Тектир, Көтөрмө, Кара-Жыгач айылдары кайрадан курулду. Өзүнчө чоң курулушту башынан өткөргөн Үч-Терек аймагындагы Жетиген, Кызыл-Ураан, Үч-Терек, Саргата, Өзгөрүш, Тельман айылдарын мисал кылууга болот. Көчүп-конбогону менен Жаңы-Жол, Арал, Бала-Чычкан, Кызыл-Туу, Торкен, Бел-Алды, Толук, Сары-Камышка чейин жогорудагы көчүрүлгөн айылдардын айрым тургундары ата-бабаларынын туулуп өскөн жерин көздөп көчүп барып, көчүрүлбөгөн айылдардын эли дагы кыйынчылыктарды тартышкан. Анткени алардын күнүмдүк турмуш-тиричилигине көңүл бурулбай калган. Көбүнчө көчүрүлүп жаткан айылдын элине негизги көңүл бурулуп, алардын абалы да жыргатарлык эмес экени белгилүү эле. Такыр башка жакка көчүп кетишкендери да болгон. Ошол суу баскан жерден көчүп чыккандардын бири биздин Кара-Жыгач айылы болчу дебедимби. Акын катары мен айылым тууралуу бир нече ырларды жазгам. Ошонун бирөөнү ушул жерге мисалга кыстара кетүү оң болуп тургандай көрүнөт:

Көл алдында калган айыл… армандыр,

Түшкө кирет сагындырып бизди эми.

Балыктардын жолу болуп калгандыр,

Балалыктын жылаңайлак издери.

Сырын ачпай, өз мыйзамы түймөдө,

Суунун асты кеч кирбей да күн чыкпай.

Кыйналгандай үн-сөзү жок дүйнөдө,

Биздинайыл кантип жатат тумчукпай?

Мен айылга барганда мелтиреген көлдү карап туруп чын эле биз өскөн айыл суунун алдында тумчугуп, биз чуркап ойноп жүргөн жолдор толкундардан кыйналгандан ийрелеңдеп жаткандай сезиле берет. Көлдөн көзүмдү ала качып, тоолорду тиктейм…

Кымбат күндөр калган Кызыл-Жазы

Биз жашаган мурунку айылдын аты Кызыл-Жазы дебедимби. Кызыл-Жазы деп аталганы топоним деп түшүнүүгө болот. Биздин түпкү аталарыбыз ал атты жердин жаратылыш шартына карата коюшкан сыяктанат. Жер кенен, өрөөндөгү эң ысык чөл, кыртышы бүт бойдон кыпкызыл кум менен таш, топурак болгон. Эмне айдаса дагы эрте бышчу. Түшүмү жогору болот. Ошондуктан бул берекелүү кенен жер деп Кызыл-Жазы деп ат коюп коюшканы эл оозунда айтылып жүрөт. Чынында мелмилдеген айдоо аянттары жатчу. Айрыкча жүгөрү көп айдалганын билем. Күзүндөгү жүгөрү аянттарынын мелтиреп жатканы көз алдымда. Буудай да айдалчу. Мөмө-жемиштердин бардыгы бар эле. Эмнегедир ошондо коңшулар бири-бирине соода-сатык мамилеси жок, бир башкача кең пейилдүү адамдар жашагандай сезилет. Айылыбыз менен Нарын дарыясынын ортосуна жайгашкан Арал деген чакан ажайып жер бар эле. Ичи толтура ысырыктар болчу. Күзүндө кыпкызыл болуп мөлтүрөп бышканда сыдырып жечүбүз. Орусча барбарис деп коюшат го. Ал жер калың токойчого окшош эле. Сарымсак казып жечүбүз. Түркүн-түркүн гүлдөр, жыты буркураган ар кандай чөптөр өсүп, ошону тебелеп чуркап журчубүз. Кой, эчки кайтарып барчубуз. Биздин көчөдөгү Нурканбек, Качкынбай, Оңолбек, Жыпаш болуп кээде Аралга мал кайтарып жүрүп жашынмак ойночубуз. Ал азыр жок, биздин айылдын азыркы балдары кум менен ташты кечип ойноп жүрүшкөнүн көргөндө ошол ажайып Арал көзүмө элестейт. Аны сүрөттөп берсең жомок айтып берип жаткансып, азыркылар жакшы түшүнбөшү мүмкүн. Мына трагедия!

Бабалардын көрүстөнүн которуп…

Кызыл-Жазыда турганда, айылдын этегинде токмоктор турган жерде Өмүрзактын күмбөзү деген чоң күмбөз болгон. Ошол жерге айылдын маркумдары коюлган. Айылдын ортосунда Нанбай деген көрүстөн болгон. Колхоздоштуруудан кийинки коюлган ат эле, эл эгин айдап, турмуш оңолуп, нан көбөйүп, ошол аймакка караштуу жердин аты Нанбай аталып калыптыр, андан ошол жердеги көрүстөндүн аты да ошондой аталып калган дешет. Айылдын баш жагындагы дагы бир көрүстөн Чолок күмбөз деп аталган. Жанында чоң алма бак бар эле. Илгертен берки ата-бабалардын сөөгү ошол жерге коюлган да. Биз ал жердин жанынан өткөндө кандайдыр бир аялуу сый, кол тийгис урмат көңүлүбүздөн туюлуп, экинчиден бир сүрдүүлүктү денебиз менен сезгендей үнүбүздү да катуу чыгарбай шыбырашып сүйлөшүп өтчүбүз. Анткени аталарыбыз бизди ошого үйрөткөн экен, эми ойлосом. “Ата-бабалардын арбагы карап турат. Эсирбей эстүү болгула, ал жерден өткөндө боюңарды түздөп, катуу сүйлөбөй, ыйбаа менен өткүлө” – деп кулагыбызга кумдай куйчу да. Мунун баары тарбия турбайбы.

Ошол жерлердин баарын суу басты. Ошо суу басардын алдында качандыр өтүп кеткен ата-бабалардын ошол жаткан жайын, арбагын козгоп казып алып, биздин айылдын эли азыр жашап жаткан тоо этегиндеги таштак жердин эски көрүстөнүнө кайрадан коюлду. Урук-тукумдары тааныган мүрзөлөрдү казгандары өздөрүнчө алып барып, намысы үчүн ырымын жасашып, көмүштү. Таанылбай калган мүрзөлөрдү бүт казып туруп, сөөктөрү чогуу эле көмүлүп калды.

Биздин анда мектепте окуп жүргөн тестиер курагыбыз эле. Мектептин бир тарабындагы бөлмөлөрдөн эски мүрзөлөрдү казып, изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жиберилген археологдорго беришкен. Терезелер ичинен бир нерселер менен далдаланып тосулуп турчу. Ага карабай биз кызыгып келип шыкаалап карачубуз, бирок эч нерсени көрүүгө мүмкүн эмес болчу. Эшигине болсо жолотушчу эмес эле эч кимди. Ошондо чоң кишилердин кобураган сөздөрүн тыңшап угуп, калган нерселерге кошо таңданып, балалык баёолук менен жомоктун окуяларын элестеткеним эсимде. Кээ бир эски мүрзөдөн калыбы менен сакталып калган өлүктөр, бешигинде баласы менен кошо чыккан аялдын сөөгү, алтын кылычтар, ар кандай буюмдардын сыныктары, темир менен кадоосу бар баш сөөктөр ж.б. укмуштарды угуп калчубуз.

Ал эми азыр айрым булактарга таянып карасак, Токтогул ГЭСи курулаардын алдыңкы жылдарындагы атайын археологиялык казууларда И.Кожомбердиев Кызыл-Жазы айылындагы эле 40 мүрзө-дөбөчөлөрдү изилдеген экен. Андагы табылган жогорудагы айтканыбыздай эски сөөктөр менен адам турмушунда күнүмдүк колдонулуучу ар кандай буюм-тайымдар биринчи-бешинчи кылымдарга таандык экендиги далилденген.

Археологиялык казуу учурунда эмне чыкса дагы, анын баарын элге көрсөтпөй экспедициянын адамдары борборго жөнөтүп турушчу экен. Аны мүрзөдөн өз жакындарын казып алган элдин арасынан айрымдары айтып келишчү окшойт сыягы. Ошондо биздин айылда Көкө деген аксакал бар эле. Тынар деген мыкты уулу бар болчу. Азыр көз алдымда турат, биз бакан менен каналга суу алганы барганда Ошо Көкө атанын үйүнө жакын жерден өтчүбүз. Биздин үйдүн көчөсү айылдын төмөн жагында болуп мектептин жанында жашачубуз. Көкө атанын үйү айылдын жогорураак жагында болчу. Ошонун байбичеси оорукчал болуп, ар дайым ооруканада көп жатып, көп дарыланганын кеп кылышчу. Мүрзөсүн казганда ошол байбиченин турпаты бузулбай сакталып калгандыгын айтышып, таң калып жүрүштү. Балким көп дарылануунун таасириненби, ким билет. Адамдар арасында ар кандай сөз жүрө берет эмеспи, Ый менен күлкү аралаш жашайт деп да коюшат го. Ошол күндөрү ичимдикти көп ичкен кишинин да сөөгү бузулбай ошол бойдон сакталып калат экен деп күлүп жүрүшкөнүн да угуп калчубуз. Мунун канчасы чын экенин ким билсин, канткен менен маркумдар жаткан жайды ачуу жакшы деле иш эместиги белгилүү нерсе го. Муну мен кийин китеп жазам деген кайдагы ой бар эле анда. Андай болгондо көп нерсени куштарлык менен кулагыма илип, жүрөгүмө сүртмөкмүн. Акылга кирелек чактагы ал күндөрдү эстесем абдан өкүнөм. Мынчалык элдин жүрөгүн силкинткен окуяга эмне зарыл. Момун эл турбайлыбы мурунтан деп кейийм.

Leave a Reply