Уралиев Намазбек, комузчу, күүчү

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепинде жарык көргөн]

Уралиев Намазбек, 1956-жылы Ысык-Көл районундагы Кожояр айылында туулуп, өскөн. Комузчу, аткаруучу, күүчү.
Чоң аталарым комузуңду колуңдан таштаба дешкен…

Байыртадан бери Көлдү мекендеп келген биздин Кожояр элинде илгерки белгилүү залкарлар өткөн. Мага мына ошолордун да таасири тийди го. Мисалы үчүн, чоң атам Ураалы өмүр бою жылкы багып, тоодо жүргөн. Убагында, 1930-жылдары, филармонияга да чакырык алган киши экен. Өзү комузчу. Бул киши Кара Молдо менен үзөнгүлөш жүргөн, кенедейинде козу кайтарып, мал оторлотуп, тээтиги Кум-Бел деген, Корумду айылы жакка барып, ошол жактан экөө чогуу комуз чертип, кой кайтарып жүрүшкөн мезгилдери болгон экен. Бул үркүнгө чейин болгон. Анан үркүндөн соң, совет өкмөтү орногондон кийин деле, бул кишилер кыргыздын көчмөндүк турмушунан кол үзүшкөн эмес. Кийин менин чоң атам дагы Кара Молдо аталар менен бирге филармонияга бармак экен. Бирок, шарт болбой, бара албай калып, колхоздо өмүр бою жылкы багып өткөн. Оокаты тың, жакшы киши болгон дешет.

Үйгө жалаң Кара Молдо Орозов, Чалагыз Иманкулов, Ыбырай Туманов, Саякбай Каралаев өңдүү залкарлар келип, филармониянын чыгармачыл тобу айыл кыдырып келгенде, сөзсүз чоң атамдын үйүнө тийип өтмөйүн, кайтышчу эмес экен. Келип, конок болуп кетишчү. Ал кишилер мен төрөлгөн учурда да келишкен. Мен бешикте жатканда батасын берип кетишкенби, ошол кишилердин шыгы оогонбу, айтор, мен комузду беш жашыман чоң атамдан үйрөнүп алып, кармалап жүрдүм. Ал киши көп таалим берди, мага комуз өнөрү тууралуу маалымат берди, убагында жанынан чыгарбай эле мага айтып бере берчү. Ошондуктан, комуз өнөрү тууралуу менде кичинекейимден эле кеңири түшүнүк болуп калды. Колдон түшүрбөй чертип жүрдүм, мектепте жүргөндө, көп кароолорго катышчумун. Исскуство институтунда окуп жүргөндө, 1977-жылы, Гагарин деген шаарга, курулуш отрядга барып, ошол жерден бүткүл союздук агитбригаданын курамында Жети-Өгүздөн Догдурбай Урманбетов, Балыкчыдан Капар Качаганов деген балдар болуп, үчөөбүз Москвада чоң концертте жүрдүк. Бардыгыбыз 15 союздук республикадан, 10 баатыр шаардын өкүлдөрү, балдары катышып, 40-50 бала болчубуз.

Анан бул комузчулук өнөрдүн өзүнүн сыры да болот. Мен кичинекей кезимде, талаага чоң атамдын атын минип алып, ары-бери бастырып, откозуп жүрчү элем. Ошондо бир аксакал киши, Момбек деген молдо – биздин чоң аталар болуп кетет, ошол киши жолукту эле. Өзү ак жүздүү, көк көздүү, апапакай сакал, сакалы көкүрөгүнө түшкөн, ушундай кереметтүү киши эле. Мен ээн талаада баратсам, комуздун үнү чыгып калды. Комуздун үнү кыңгырап чыкканынан кызыгып карасам, ошол киши комузун чертип отуруптур. Кулундуу бээ жанында оттоп жүрөт, ошол ээр токумун алып, көрпөчөсүн жая салып, көк майсаң шиберде отуруп алып, комуз чертип отурган экен, жарыктык. Мен салам айтып барсам, «келе гой» – деп, анан «комуз черткенди билесиңби?», – деп сурады. «Билем» – деп, анча-мынча, бала кезде чертип жүргөн күүлөрүмдү чертип берсем, «Ой баракелде, сен комузчу болчу бала турбайсынбы, комузуңду таштабай жүр», – деп батасын берген. Кийин билсем, ал киши комуз деле чертпептир.

Бир жолу мен туугандар менен отурганда, кептен кеп чыгып, «Момбек чоң ата ушундай комуз чертчү эле», – десем, ал кишинин балдары: «Ой, ал киши чертчү эмес», – деп калышты. «Кантип чертчү эмес, талаадан ат откозуп жүрүп, ошол кишинин комуз чертип отурганын көргөм, ал тургай мага комуз черткенди көргөзүп, «бактылуу бол, комуз черткенинди таштабай жүр» – деп, батасын берген» – десем, «Жок, андай болушу мүмкүн эмес, сен муну эч кимге айтпай жүр. Сага Кызыр жолуккан турбайбы» – деп, өзүмдүн атам дагы, ошол жерде отурган карылар дагы айтышты. Ошондон кийин эч кимге айта элек болчумун, азыр айтып жатам. Аян берди, сыр болду деген нерсе бекер нерсе эмес, ал ойлондура турган иш. Манасчылар түш көрүп, көзүнө Манас ата, чоролор көрүнгөндөй болуп эле көрүнгөн окшойт, жарыктык.

Мен көп эле мазарга бардым, биздин өзүбүздүн эле ушул күңгөй тарабы деле мазардан кур эмес. Ар бир кокту-колот сайын, өзүнүн ыйык жерлери болот. Мисалы, биздин эле Кырчын жайлоосу. Кырчын жайлоосу бул – мазарлуу жер. Бул жерде союз убагында, мен эс тарткандан бери эле, бүт дүйнөдөгү падышалар келгенде, бул жакка тийип өтмөйүн койбойт. Бул жерден казына табылган, көп даңазалуу жыйындар болчу экен. Анан калса 2000 жылдан аркы өткөн биздин ата-бабалардын сөөгү жаткан жер.

Кырчын жайлоосунда мен туулуп-өсүп, чоңойдум. Ушул жердин суусун ичтим. Абасы менен дем алып, демин алып дегендей, дем болду мага. Анан 1982-жылдан баштап, Сары-Ой деген жер бар, баягы Нурдөөлөт баатырдын айылы, беш ата Бектемиштин балдары ошол жерде турушат. Жайыл, Чулум, Черибай дегендер. Ошол айылдагы элдер менен чогулушуп, 17 жыл ошол жерде туруп калдым. Мына ошол жерде тоонун этегинде мазар бар. Бул мазар да бекер жер эмес. Көлдүн тескейиндеги Манжылы-Ата мазары бар, ага бардык, ошол жерге сыйындык. Кочкордо Кочкор-Атанын мазары бар. Ага да бардык. Мазар деген ыйык жер деп бекер айтылбайт да, кандайдыр бир энергия топтогон, ушундай бир дем, күч топтогон касиеттүү жерлер да. Ошол жерге барганда, өзүңдүн дилиң тазарат экен.

Түшкө көп нерселер кирет. Сырлуу түштөр, аян берген түштөр болот. Чолпон-Атада аткаруу комитетинде иштеп жүргөнүмдө, түшүмдө: «Баарын таштап, комузчулукка өт», – дешти. Бул бекер болбогондур, сыр бергендир, аян бергендир. Болбосо мен ошол боюнча иштеп кете берсем, азыр комузду кармабай калат белем, ким билет. Бирок кандайдыр бир ушул кеңеш жүрөккө жакын болуп эле, ошол көргөн нерсем, эстеген нерсем, кишилердин, чоң атамдын, өзүмдүн апамдын: «Комузуңду таштабай жүр», – деп айтканы таасир берип, алардын керээзин аткарайын деп, бүт жумушту таштадым.

Жумушту таштап, үйгө келдим. «Арыз таштап, жумуштан кеттим», – деп айтсам, «Бул эмне кылганың, ушундай да болобу, комуз менен кантип балдарды багабыз, комуз черткенде эмне табылат?!», – деп жолдошум ыйлады. «Мен эми комуз эле чертпейм, комуз да жасаймын», – деп анан комуз жасай баштадым. Өзүмдүн ички дүйнөмдөгү сезим ошол жакка тартып туруп алды. Азыркы кылган ишибиз кыргыздын касиеттүү комуз өнөрү өчпөсүн, унутулбасын, комуз чертүүдөгү жана жасоодогу мен билген ыкмалар урпактарга үлгү болсун дегендей кылып, эски, илгерки көөнө өнөрүбүз унутулбасын деген максат менен кичинекей бир, тырмактай салым кошоюн деген аракет, далалат болуп жатат.

Комуз чабуу өнөрү бизде тукумубузда бар экен. Чоң атам комуз чаап, керки, балта, ойгу, жойгу, сүргү, дүрбү деген бир топ аспаптары болоор эле. Ошолор менен комуз чаап отуруп, ал киши 1968-жылы 84 жашында а дүйнөгө кетти. Ошол комуздарды сомдоп койгон экен. Мен кийин чоң атам каза болгондон кийин, 12-13 жашымда комуздардын сомдолуп коюлган кургак даярын үкөктүн үстүнөн алып түшүп, көрүп, ушуну чоң атам чаап кеткен турбайбы, сомдоп койгон турбайбы, ушуну бүтүрөйүн деп 13 жашымда, комузду эптеп, кырып, жоюп, оюп атып, анан комуз жасап алгам. Мына ушул кезге чейин ошону чертип жүрөбүз. Аны көргөндөн кийин менин атам Келгенбай огороддогу өрүктү жыгып, комуз жасагын деп, жардам бере баштады. Өзү бригадир болуп иштечү, кашардан барып эки трактор кык алып келип, өрүктү жыктык. Ошонун баары эсте бар да. Кол эптүү болсо, өзүңдүн дитиңди койсоң, ниетиңди ошоякка бурсаң, аракет кылып, анан үйрөнөсүң да. Илгерки эле ыкмалар менен чаба бербестен, жаңы ыкмаларды колдонуп, аспапты урунганды, курчутканды, ошолорду топтогонду билген биздин айылда дүйнөгө атагы чыккан Орозобай Кенчинбаев деген чоң уста бар, анын жанында жарым жыл жүрдүм. Комуз чабуу ой менен иштелет, чыгармачылык менен иштеш керек. Комуз чабуу жөн эле тактайды сүрүп коюу эмес. Комузду ой менен жасап, өзүңдүн ички энергияңды ошол комузуңа салышың керек, мунун өзү комузга жан киргизген менен барабар болот. Ошондо анан комуз сүйлөйт, ошондо анан шаңкылдап, комуздун үнү ачылат.

Комуз жасоодо керки, балта, араа деген сыятуу эле ойгу, жойгу, түрпү, өгөө, ийги деген аспаптар колдонулат. Бир комузду кирди-чыкты, чийки жыгачтан, тынбай иштесе, бир-эки жумада жасап койсо болот, бирок комузду андай жасаганга болбойт. Аны сомдоп коюп коюш керек, анан 3 жыл туруш керек. Жыгач какшып, тартылып, жарылчу жери жарылат, ийрейчү жери ийрейет, шак кургагандан кийин алып туруп, анан калган жумуштарын жасайт. Ошон үчүн, бир комузду бүтүрүү үчүн 4 жылдай убакыт керек болот. Ата-бабадан келе жаткан салт боюнча, өрүк комуз жактырылат. Үнү жагымдуу, иштеткенге жакшы, өзүнүн сакталганы, чыдамдуусу, ушул өрүк комуз. Ошол бизге үлгү болуп калган. Ал эми, менин оюмча, башка жыгачтардан деле өрүктөн кем эмес кылып комуз чапса болот. Мисалы, алмуруттан. Негизи эле ар бир комуздун добушу ар кандай чыгат. Мисалы, 100 комуз болсо, 100 түрлүү үн чыгат. Дагы бир айта кетчү нерсе, комуздун үнү өзү бара-бара чыгат. Комузду багыш керек, сыйлаш керек, баркташ керек. Кыргыз элине таандык музыкалык аспаптар абдан көп. Мен мына ушул түрлүү музыкалык аспаптардын бир тобун эле жасайм. Тартма аспап деп коёт, кыл кыяк, темир комуз, комуздун түрлөрү, жана башка добулбас, шалдырак деген кыргыздын музыкалык аспаптары көп го, ошонун баарын тең жасап жүрөм.

Мен бала кезден бери чертип жүргөн күүлөрүмдү эсептесем, жүзгө чамалап, же ашып кетеби дейм. Өзүмдүн жаратмандык кылып, чыгарайын деп аракет кылган күүлөрүмдөн он чакты болот. Өзүм теңдүү, өзүмдөн кичүү комузчулардын менин күүмдү чертип жүргөндөрүн көрө элекмин, бирок Агахан Фондусу тарабынан уюшулган, устат-шакирт долбоорунун берген мүмкүнчүлүгү боюнча беш баланы үйрөтүп жүрөм. Ошолор менин күүлөрүмдү чертип жүрүшөт.

Менин комузчулук жолумда салымы зор, мени шыктандырган бир адам жөнүндө ар дайым астейдил сөз кылгым келет. 1988-жылы Ош шаарында Токтогул Сатылгановдун 125 жылдык мааракесине карата сынак болуп, ага манасчылар, комузчулар, акын, ырчылар, көптөгөн элдик өнөрпоздор катышкан. Ошол сынакта комузчулардын ичинен мен үчүнчү орунду алдым. Ал жерден черткеним Болуш акеге (Мадазимов) жагыптыр. Сынак бүткөндөн кийин, биринчи, экинчи, үчүнчү орунга илинген манасчыларды, комузчуларды, акын, ырчыларды алып, атайын топ түзүп, Өзбекстандагы кыргыздарга концерт беребиз деп алып жөнөштү. Ал жакта он күндөй жүрдүк. Бишкекке Болуш Мадазимов менен чогуу бир самолётто учуп калдык. Сынак учурундагы кымгуутта жакшы тааныша алган эмесмин. Атын, даңкын угуп жүргөн киши менен таанышуу – чоң сыймык болот экен.

Бишкекке келгенде, Болуш аке: «Намазбек, мени мейманканага жеткизип кой», – деп калды. Жеткизип барсам: «Эртең кел, күү чертишип, сыр чечишели», – деди. Эртеси саат тогуздарда бардым. Экөөбүз күү чертишип, күүлөрдүн баянын айтышып, көпкө кечке чейин отурдук. Байыркы унут калган күүлөрдүн көпчүлүгүн Болуш акеден уктум. «Бекарстан», «Отуз эки Бекарстан» деген күүлөрдү ал кишиден үйрөндүм. Менин черткенимди ошондо жактырып калган экен, ошондон баштап оозунан түшүрбөй айтып жүрдү.

1991-жылы республикалык комузчулардын сынагы болду. Ошол сынакка Оштон келе жатканда эле, оштук комузчуларга: «Силер Намазбекке тең келе албайсыңар», – деп айтыптыр. Ошол сынакта баш байгени мага беришти.

Болуш аке бир жаралган залкар комузчу эле. Жеке өзүнө таандык чертүү ыкмасы бар болчу. Болуш аке күү чертип жатканда, угуп турган киши ушунчалык таасир алат. Абдан көп күү билээр эле, кыргыз радиосунун алтын казынасына көптөгөн күүлөрү өзүнүн аткаруусунда жазылып алынган. Дал ушул залкар адам менин комузчулук жолумда орун ээлегендиги үчүн ыраазымын.

Leave a Reply