Сооронов Омор, илимпоз

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Балалыгым тарыхый жерде өткөн

Жыйырманчы кылымдын алтымышынчы-жетимишинчи жылдарындагы жаш акындардын алдыңкыларынан саналган Курбанбай Калдыбаев алгачкы китебин «Тууган жерим – туу казыгым» деп бекер атабаган да, сөз менен иштеген ар кандай өнөр адамдарына, айрыкча акындардын канаттуу саптарына ар дайым өскөн жер өбөк берип турат эмеспи. Ал эми кызыл акчаны кубалап, жерден жер которуп, чет мамлекеттерди мекендеп кеткендерге туулган жердин топурагы өлөрдө гана эстелбесе, калган убактарда «эскергени» жөн эле кеп болсо керек…

Мен бул саптарды акын кыз Аида Эгембердиеванын өтүнүчү менен гана жазып атам, тууган жерден чыгып кеткениме 55 жыл болуп, айда-жылда барып келгеним гана болбосо, көргөн түштөрүмөн башка убактарда эсиме түшө да бербейт. Ошентсе да поэзия кумарына кириптер боло баштаган курагым жана андан мурдагы балалык күндөрүмдөгү Коргон-Жар аттуу тарыхый жайдын жан дүйнөмдөгү ордун айта кетейин.

Коргон-Жар ички аянты беш гектардай (сыртынан бери эсептегенде ондон ашат) төрт бурчтуу коргондон жана ага жанашкан тереңдиги 50-150 метр, кеңдиги 50-200 метр, узундугу бир чакырымча (километрче) жогортон ылдый кеткен узун жар. Коргондун дубалы кыштан (кирпичтен) эмес, жерден казылып, топурактан кадимки дөбөдөй кылып жасалган. Чыгыш жак капталы азыр Узун-Дөбө деп, батыш жагы Чоң-Дөбөдөн улай жардын сол капталы менен кеткен кырка дөбөдөн турат. Коргондун түндүк, түштүк капталдарын түзгөн жапыз дөбөлөрдүн атайын аталыштары жок. Бул коргонду Амир Темирдин (Темирландын) аскерлери жайгашкан турак деп аташчу. Ортосунда аскер башчысы турчу дөңчө да бар эле, кийин пахта аянтына айландырабыз деп чоң тракторлор менен сүрдүрүп отуруп жок кылышкан. Ошол казууда коргонго суу апкелинген куурлар (трубалар) чыкканын айтышкан. Жогоруда аталган Чоң-Дөбөнүн ичи көңдөй болуп, батыш жагындагы эшигинен аскерлер киришчү имиш, анын чын-төгүнүн ким билсин, текшерип көргөн киши деле болгон жок.

Балалыгым ошол тарыхый Коргонду бойлоп өткөндүктөн, ошондогу ой-кыялымдын негизги бөлүгүн ошол Коргон-Жар, тарых менен аздыр-көптүр тааныша баштаган кезим атактуу Амир Темир жөнүндөгү легендалар ээлечү. Кийинки чыгармачылыгымдын, түштөрүмдүн да башкы майданы ошер болуп жүрдү. Маселен, «Жазуусу жок эстелик» деген ырым:

Бала кезден «Манас» укканда

Жүрөк «дик-дик», оюм ээлигип,

«Моюн сунбай» бир да душманга

Чыгат элем көккө теминип.

Чоң-Дөбөнү Манас дечү элем,

Кароол-Дөбө Чубак болучу.

Абык-Кыштоо, Тандоо бетинен

Коңурбайлар чыгат болучу,

– деп башталып, андан ары Коргон-Жарга байланышкан саптар уланып кетет.

Элүү беш жылдык сырттагы жашоомдо да каникулдарга, отпускаларга барганымда үйдөн чыгып, жогоруда аталган жардын сол кыры менен жүрүп отуруп, Чоң-Дөбөгө тырмыша чыгып, көпкө чейин айлананы карап албасам, черим жазылчу эмес. Тилекке каршы, кийинки 20-30 жылдын ичинде анте албай калдым, башка аймакта жашаган Зулпукар аттуу тууганыбызды Мамат акем көчүрүп келип, Чоң-Дөбөгө жакын жерге жайгаштырып койсо, «Нысапсызга кашык салса, беш ууртайт» болуп, жолду тосуп, жардын ичине чейин кашагалап ээлип алыптыр, өтө албай, ары-бери баса албай калдым. Ошондон бери айылдагы үйгө барган сайын бир нерсем жетишпегенсип, максатым орундалбагансып кайтам.

Жакында Академиянын корреспондент-мүчөсү Осмонакун Ибраимовдун «Аалам кыргыздары» (№7, 8, 2009-ж.) деген журналга чыккан «Бабур жана кыргыздар» аттуу макаласынын изи менен келсем, Индияда Могулистан империясын түзгөн Бабур «Бабурнаме» деген мемуар-китебинде өзбектин Шайбани Убайдулла аттуу хандары кубалап чыккан мзгилдерде Базар-Коргон районунун аймагындагы Кең-Кол деген жайлоого, Гава деген кыштакка башпаанектегени, ушул биздин айылдагы Коргон-Жарда да болгондугу айтылат экен.

Менин балалык күндөрүм ушундай тарыхый жерлерде өткөнүнө аябай сыймыктанып калдым. Мурда жомоктой туюлган «Амир Темирдин ордосу» жөнүндөгү сөздөр, кыр такымдап кеткен Гөлөгөн арык ошол «Амир Темир көрөгөн» делгендеги «көөрөгөн» (алдын ала билген, кыраакы) деген сөздүн «р» тыбышынын ордуна «л» тыбышы айтылып калгандан келип чыкканы айкын боло баштады. Дагы атам 15 жашында эккен жаңак аябай зоройгон, мен 1954-жылы 10-майда жазган алгачкы ырымды («Мектебим») ушул кылым ашык жашаган Чоң жаңактын түбүндө жазганымды дайыма эстейм. Ошондогу күндүн табы, сеңселген чөптөр, асман мелжиген жаңак көзүмө көрүнүп турат. Ошол Чоң жаңак жөнүндөгү ырым:

Турпак белден өткөндө булут таяп,

Арстанбаптын аскар тоо бийиксинет.

Андан дагы жакшылап көрсөң карап,

Гөлөгөндө бир жаңак көктү чиет.

Шыбак-Белден өткөндө шыр тиктесең,

Бабаш-Ата баарынан сүйкүмсүнөт.

Сага билбейм, мен үчүн атам тиккен

Чоң жаңактын мээрими жылуу тиет,

– деп башталат. Районго сырттан келген конокторду ошол атамын Чоң жаңагынын түбүнө меймандашчу. Жаңактын жайгашкан жайына, чоңдугуна жана көлөкөсүнө (конок тосконуна) байланыштуу го, ошол жактагылардын мен түбүндө отуруп биринчи ырымды жазган Чоң жаңакты билбегени жок. Мен атам тигип кеткен Чоң жаңак менен да аябай сыймыктанам, жайкысын барганда анын көлөкөсүндө уктап кайтпасам, черим жазылбайт.

Leave a Reply