Сманбеков Темирлан, кыргыз эл артисти

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Темирлан Сманбеков, кыргыз эл артисти, Улуттук куурчак театрынын жетекчиси

Токтогулдан көп таланттуу адамдар чыккан

Мен Кетмен-Төбө жөнүндө айтып берейин. Илгери Манас ата жердеген Алтайдын элинин тилинде «Ит ичпестин ала көлү» деген сөз кездешет. Бул жер барса келбес жай, бирок ушунчалык кооздугу, керемети укмуш жер дейт. «Ит ичпестин ала көлү» деген сөз «туздуулугунан иче албаган дегенди» билдирет экен. Изилдөөлөрдүн негизинде ошол көл азыркы Кетмен-Төбө өрөөнү экен. Ал Чычкан капчыгайына кире бергенде туздуу суунун шор катып калган кыртыштары көрүнүп турат. Ары жагы Талас тарап, Суусамыр, Нарын, Жумгал болуп кетет. Дагы бир факт ошол жакта Шамшыкал-Ата деген тоо бар. Азыр туздуу тоо Токтогулда гана бар. Ал жактын тузу набаттай тунук болгон. Кийин ошол туздуу көл тоону жиреп отуруп, ары жагына агып кеткен. Көлдүн орду бара-бара түздөлүп жерге айланган. Ошол туздуу тоо, көл бар жерлер касиеттүү деп айтылып, Кетмен- Төбө тарапта хандыктар көп болгон. Бул жобо көптөгөн археологиялык казуулардан табылган шаардын калдыктарынын негизинде айтылып жатат. Бул өрөөндөн Токтогул, Эшмамбет, Коргоол, Бекназар куудул, Куйручук, азыркы биздин замандаштарыбыздан алсак Асанкалый Керимбаев, Шахра Талипова, куудул Жусуп Толтоев, Тууганбай Абдиев, Роза Аманова, Гүлнур Сатылганова, Үч-Теректин үч кызы – Лира, Дилбар, Анапия Райымбековалар, Бек Борбиев, Абдылда, Жаныбек сыяктуу көптөгөн таланттуу адамдар чыккан жер. Чолпон-Ата, Мазар-Суу, Токтогул атабыз туулган жер. Узун-Акмат суусун бойлоп кетип баратканда жарлуу, укмуш канаттуулар уялаган капчыгай бар. Торкен айылы, алгачкы аталышы Төрт-Кен, башкача айтканда төрт кен: туз, алтын, көмүр, сымап чыккан жер.

Биздин уруубуз – саяк, түпкү жерибиз – Кызарт деген жер, Түгөл бий деген эң улуу атабыз комузчу болуптур. Андан Маңгыт бий, Маңгыт бийден Курманкожо бий, андан Жумгалды мекендеген Медет датка атабыз, бир баласы Тайлак баатыр деген атактуу адамдар болгон. Бир себептен ушулар таасир этиши мүмкүн. Экинчи себеби менин өзүмдүн чон таятам Чатыраш олуя, Кетмен-Төбө өрөөнүнө сооданы, маданиятты алып келген, бий болуп туруп байлык топтобогон, боорукер, берешен киши болгон экен. Ал киши Андижандан боз атына эки аппак куржунун түркүн таттууларга толтуруп алып, жол бою жетим балдарга таратып жүрүп отурчу экен. Ал адам өзү музыкага, жаратылышка өтө ынак болуп, жаратылышка таазим этип келген. Анан өзүмдүн атамдын апасы чоң апам дагы, Каратай болуштун карындашы, абдан даанышман, боорукер, адамдын кайгысын, кубанычын сезе билген, жан дүйнөсү таза адам болуптур. Ал эми чоң атам Ысманбек да олуя чалыш киши болуптур. Анын Нурлан аттуу уулу, менин атамдын иниси, менден бир жаш улуу эле, бирок экөөбуз чогуу барып, чогуу окудук. Ал жакшы окуп, отличник эле. Бир күнү чоң атам, экөөбүздүн башыбызды кармап туруп, Нурландын башын кармап: «мунун башы жакшы иштегени менен айылда эле калат, ал эми Темишимдин башы жука, бул алыска кетет», – деген экен. Атам муну ушул убака чейин айтып келет. Өзүм кичине кезимде ыр жаза койчумун, жаратылыш койнунда чоңойдум, мал багып.

Биз Булак деген айылда турчубуз. Жанында Көк-Мойнок деген жер бар эле. Ал жерге чоң атамдын сөөгү коюлган. Ошол жерден жалгыз өткөн адамдарга жаш бала көрүнүп, артынан кууп ойночу экен. Мен ал жерден абдан көп өтөөр элем. Бирок мага эч нерсе көрүнбөйт эле. Ушундай ыйык жерде туулуп, ыйык жерлерди басып чоңоюшум менин ийгилигимдин дагы бир таасири. Дагы бир кызык нерсе, атам Ошто окуп жүргөн кезде каникулга келээрин бирөөдөн айттырып жиберет. Чоң атам кер кашка деген ушундай күлүк, ушундай сулуу атын күндүз келип, Торкендеги эже-жездеме келип, Камаш келсе берип койгула деп таштап кетет. Ал кезде атам он тогуз-жыйырмадагы студент жигит болсо керек. Атам кечке маал келип, жатып кет десе болбой, «кер кашка турса, өзүм жаш болсом, ата-энемди сагындым», – деп түнү менен чыгат. Жолдо, капчыгайдын тең ортосуна келгенде жолдун үч айрылышына туш болот. Ал жолдун бирөөсү тоо жакты көздөй, бирөөсү Борду-Кыяга, бирөө Кишен тарапка кетет. Ошол үч айрылыш жерден апасынын элеси көрөнүп, «Балам, келе жатасынбы? Мен сени күтүп турдум эле», – дейт. Берки жолуна салайын десе, баягы элес берки жагынан дагы көрүнөт. Апамдын «Ал азыткы, кел бул жакка кел»,- деген үнү чыкты. Үчүнчү жагына салса, ал көрүнүш кайталанат. Кимисине ишенээрин билбей турганда, Кер кашка окурунуп, секирип тынчсыздана баштайт. Ээрдин башын кармап, колу карышып калганын бир билет, андан кийинкиси эсинде жок. Ошентип акылдуу ат Керкашка кемпирлерди тээп отуруп, үстүнөн ашып чуркап, качып кутулуп кожоюнун үйүнө алып келген экен.

Мага да 3-4 жолу аян болгон. Биринчисинде Байтик атанын мазарына барганда, бир көзу ачык келин айткан: «Байке, сизди артыңызда ээрчип жүргөн ак боз ат бар экен», – деп. Кийин Сулайман тоого таңга маал таза абага чыксам, бир аксакал отурган экен. Ошол аксакалдан экинчи жолу уктум. Үчүнчү жолу Таласка барганымда Кароол дөбөгө чыгып, куран окуп келе жатсам мазарга тиешелүү нерселерди саткан ак жоолукчан эжеден уктум. Ошондо атамдын: «Балам мен мине албай жүргөн боз аргымак бар, түшүмдө да көп көрөм, ошол сага өттү окшойт», -деп айтып калаар эле. Андан көп өтпөй түшүмдө баягы ак боз атты жайдак минип алып, сызып бараттым. Ошол түш менин жеткен ийгилигимдин дагы бир далили, дагы бир таасири десем жаңылышпайм.

Мурун эски Токтогулдагы көлдүн астында береке төгүлүп турчу эле, биз ал жактан пахта өстүрүп, аны терчүбүз. Ал эми алма, коон, дарбыз, жашылчалары, деги койчу берекеси төгүлүп тураар эле. Ошол жер азыр көл түбүндө калбаганда, эл жокчулукту билмек эмес. Учурда ал жерде Токтогул ГЭСи бар.

Leave a Reply