Керим кызы Майра, төкмө акын

This post is also available in: Англисче

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепинде жарык көргөн]

Керим кызы Майра, 1962-2009. Алма-Ата областынын Кеген районунун Жылы-Сай айылында төрөлгөн. Кыргызстанга 1992-жылы келген. Төкмө акын.

Ысык-Көл – көрөңгөнүн көөкөрү

Менин «Көл жана энем» деген чыгармам бар. Андан тышкары «Ысык-Көлгө таазим» деген ырым көл менен, тагдырым менен тикелей байланышта. «Ысык-Көл – манасчылардын мекени, манасчылык – төкмөлүктүн төрөсү», – деп жазгам. Анткени, манасчылар жаттама эмес.

Ар адамдын, ар табияттын, жаратылыштын, таштын да, тоонун да өмүрү бар. Макул, кылымды берип кой, доорду берип кой, бирок, алардын тагдыры жердин бир титирегенинен калбай жок болуп кетиши мүмкүн, ороо ачылып кетип, түшүп кетиши мүмкүн, адам өлүп калышы мүмкүн, дарак күйүп кетиши мүмкүн. Көңүл гана өлбөйт!

«Өмүр көлү» деп мен Соң-Көлгө ат коюп келгем, анткени анын суусун ичкенге болот. Ысык-Көлдүн суусун ичкенге болбойт, бирок, Ысык-Көл көңүл көлү экен. Бардык нерседе көңүл, жагдай, жайыт бар. Мисалы, малга жайыт – малдын көңүлү, эгерде, жерди туура пайдалана билсе, дыйкан – жердин көңүлү. Ысык-Көлдү туризмдин борбору деп жатабыз, демек, көңүл көлү. Кыргыз бермети деп сырттан, тээтиги Америка, Россия, канча жерден келип жатышат, ошолор мекенинде ушундай оазистер жоктугунан, же болбосо, ушундай кымбат нерсе болбогондугунан келишпей эле да. Кыргыздын көлүн көрүп алгандан кийин, тартылат. Анткени, анын касиетин билди, денесине кандай шыпаа берди, көңүлүнө кандай байлык берди, денине кандай соолук берди, көлөмү кандай, көркү кандай… Алакандагы чөйчөктөй болуп, тегерегин тоолор курчап, такыр эле чайпалбай турбайбы!.. Көл жөнүндө көп ойлоном…

Мени кенедей кезимде, кышында, апам бир туугандарын издеп, Казакстандан алып келди эле. Калың кыш болгон жыл, 1968-69-жылдар беле, калың кар түшүп, ошондо мен 5-6 жаштагы кезим, «Түп» деген жазуу дагы деле көз алдымда сүрөттөй болуп турат. Жөө-жалаңдап, кайсыл айылга, кимдикине барганыбыз эсимде жок, бир билгеним, апам бир кемпир менен узакка сүйлөшүп отурду эле.

Мен өзүм апамдын колунда өспөй, бакма кыз болуп, башка жакта чоңоюп калдым. Анда-санда үйгө келип калганымда, апам көл жөнүндө: «Ысык-Көлүм жаткан чыгаар мелтиреп», – деп калаар эле. Ага ошол кезде көлдү көрүү арман болчу. Көлдү көрө албай өлдү, ооруп калган кездеринде көп айтты. Анан ошону мен ырымда жаратып жатпаймынбы.

Кыргызстанга мен 1990-жылдары келип, көлдү ошондо көрдүм. Жолдошум мага Балыкчы шаарынан көлдү тизеге чейин кечирип туруп көрсөткөн. Караколдон Бишкекке келе жатканда, Бишкектен Караколго кетип баратканда, машиненин жалаң көл жак тарабындагы терезесинин жанында отурчумун. Карап эле ойлоно берчүмүн, билбейм эмнени ойлончумун, рахат болчу. Көзүм талып, мойнум талыгыча карай берчүмүн. Энем менен көлдү байланыштырып чыгарма жаратсам экен деп ойлочумун. 1998-жылы ошол каалоом ишке ашып кетти. Ошол жылы цианит төгүлүп, көл жараланып калбадыбы. Эрмек Жуматаев деген казактын бир акыны Ысык-Көлдөгү «Кадыр түнгө» чакырылып, келип калды. Анан ошол жерден: «Тамчы таамп кетиптир көлүңүзгө, аман-эсен кайтабызбы элибизге», – деп көлдүн жараланып калганын айтып, мага сөзгө кезек берип калды. «Тамчы эмес, тонна тамган!» – дедим. Анткени, мен ошол маалда көл жөнүндө башкача бир жарадар адам болчумун.

Ысык-Көл касиеттүү энем менин,

Тартпаса тузуң мени, келербедим.

Тарыхтын санжырасын калчагандай,

Толкунга толуп турат кемерлериң.

Окшошуп көйнөгүнө көгөргөнүң,

Өзүңдүн кызың болчу энем менин.

Деди эле кайран энем көз жумаарда,

«Көлүмдү көрүп барып, неге өлбөдүм!»

Менин тагдырыма бир таарынычым бар. Энемдин курсагынын кызыгын көрүп, анан кучагынын кызыгын көрбөй калдым.

Мен өзүмдүн өнөрүмдүн туу чокусуна жетемин деп да ойлой албайм, бир бийиктикти алдым деп да ойлой албайм. Мен жөн гана жамакчымын. Менин хоббимдей элестейт бул. Мен али күнгө чейин өзүмдүн наамымды таба албай жүргөндөй, адашып жүргөндөй эле боло берем. Билимим боюнча эсепчи-бухгалтермин. Илхомум келгенде, басып баратып деле обон өзүнөн-өзү жаралат. Бул жолу обон жакшы келип турат деп, жаратам.

Мен бир обончу киши менен жакшы сырдашкам. Окугандай экен өзү. Ноталарды жакшы билет экен. Оркестрлерге симфонияларды жазып, түрлүү аспапта ойнойт экен. Анан ага: «Нота билбей калып армандамын. Нота билсем, балким башкача болот беле», – дедим. «Нота билип алып, бул жер тигиникине окшошуп калды, бул жер буга окшошуп баратат, бул жерин каяктан издейм деп, өзүбүздүн жолубузду таап келебиз. Бири-бирибизди кайталап дагы калабыз. Сен болсо, Майра, кетип бара жатып эле, тоо-ташка чыгып кетсең, мен сени кантип кайталайм», – деп мени жубандырып койгон. Андан кийин өнөр деген нерсеге баш ийип, быгып калдым. Калганынын бардыгы далбаса сыяктуу. Транска кирип отурган убактым – ошол менин өмүрүм. Сахнада айтышып жаткан учурда, кээде бир кайнилерим менен айтышып калган учурда, карасам, темасы баягы эле, жеңе-кайни. Ичим чыкпай калат. Тээтиги он жыл мурда айтып кеткендердин да сөзүн кайталап коёт. «Качан бир колума жаңылык тиет?! Сарайыма бир таза саптар кирип келип, анан ар жагымдан булкуп алып чыкса экен», – деп мен да сахнага талпынып чыгам. Өмүрүмдүн көбүнчөсү өлүү күндөргө кирип калдыбы деп ойлойм, өлүү күндөр жанагы уйку менен бош өткөн убакыттар да.

Көлдү көргөнгө чейин, энемдин оозундагы сөз менен көл жөнүндө түшүнүгүм жакшы болчу. Казакстанда да көлдөр көп, биз Балкаштын жээгинде жашачубуз. Бирок Ысык-Көл деген башкача угулчу. Ысык-Көл десе, биз бул такыр муздабаган көл го деп ойлочубуз. Энем өмүрдөн кеткенден кийин деле, Ысык-Көл жөнүндө сүйлөгөн кишилерди жандап угаар элем. Же Ысык-Көл деген нерсе угулуп калса, радиодон Замирбек байкенин, Эстебес аксакалдын ырдагандары мени терметип уктатып, терметип ойготоор эле.

Жер менен адамдын байланышы, менин түшүнүгүмдө, физикалык көз карашыбызда, тартылуу күчү аркылуу ишке ашат деп түшүнөбүз. Жаз келгенде, жер жарылып, чөп чыгып, таң эртең кайтып турган учурлары болот го жер буусанып, ошондо атам: «Жердин желини жарылды», – деп айтчу эле. Менин Ысык-Көлгө байланышым жаздай жаш, ошол бала кезимде түптөлгөн.

Менин өнөрүмдүн башаты Казакстандан там-туң басып, жаңыдан эле башталып келе жаткан. Мен ал жактан айтышка эки жолу катышып үлгүргөм. Республикалык айтышка бир жолу катышып үлгүрдүм. Кудай буюруп, кыргыздын жигитине баш коштум. Мен дайыма: «Манастын келини болом», – деп мактанып ырдачу элем. Бир күнү жолдошум айтты: «Сен баарына даяр болушуң керек. «Биздин күч күйөө аман-эсен жүрөбү?» деп айтса, эмне деп жооп бересиң?», – деп. «Тизеден жыгылган турат, сөздөн жыгылган турбайт», – деп коёт эмеспи, Кыргызстанга кетели деп чечтик. Келген кезде деле, менин домбурамды эми ким түшүнөт, менин казагымдай түшүнөбү кыргыздар, мен өлөң айтсам кандай кабылдайт дечүмүн. Жолдошум: «Кыргыздар дүлөй же сокур деп ойлодуң беле? Түшүнөт, көрөсүң, баары жакшы болот», – деп сооротчу. Бирок, ошол «жакшы болотко» жетиш үчүн мен Тоңдо, Ак-Сайда бир жылдын ичинде эчен түрлүү нерсенин ортосунан чыгып кеттим. Анткени мен өзүмө бата албадым. Такыр колго токтобогон, аякка турбаган бир келин болдум.

Өнөр конот. Ал бир учур менен учуп кетет адамдан, жоголуп кетет экен. Кут деген, бак деген нерселер бар. «Акыл оошот, ырыс жугушат». Мунун баары, молдонун, мисалы, куранга, мусулманчылыкка киргенинен тышкары деле, куранга, намазга тилинин сынышынын өзү чоң нерсе да, ошол сыяктуу. Жети тилди сүйлөп турса деле, курандагы аяттарды айта албаган адамдар бар. Куранга да тил кудайдын кудурети менен сынат.

Мен эмне үчүн өнөрпоз катары Казакстандан эмес, Кыргызстандан ачылдым? Казакстанда мени түшкөн чөйрөм жериди. Ошол убакта алгачкы жолдошум экөөбүздүн турмушту баккан эжем да билчү эмес. А кезде менин өнөрүм ашып-ташкан жери деле жок эле. Бирок ошол кезде Нооруз жанданып, эл жанданып, майрам жакындап келе жатканда, бир күнү менде ушундай нерсе болду: Таскелең-Топордо бир дөбө бар эле, эртең менен туруп алып эле домбура алып, профсоюзда казыначы болчумун, кочкул-кызыл көйнөгүм бар болчу, ошону тебетейи менен үйгө алып келип, түнү менен үкүсүн жасап, эртең менен дөбөгө чыгып өлөң айткым келген. Кийинип даярданып жатсам, курбу кызым келип калды. «Эй, каякка барайын деп жатасың, эмнеге минтип кийинип алдың?», – дегенинен, «Мен дөбөгө чыгып, өлөң айткым келип турат. Жүрчү мени менен бирге, мен өлөң айтам, эл келсе келди, келбесе сен тыңдай бер», – деп айттым. «Оой-баай, жинди», – деп башымдан үкүнү жулуп алып: «Чечин, элдин баары жинди болуп кетти деп айтат, араң дегенде кыйшайган оозу-мурдуң ордуна келгени аз келгенсип, эми дөбөгө чыгып ырдайм дейсиң. Турмушта мындай нерсе боло берет!», – деп кармап калды. Мени эч ким түшүнгөн эмес. Ойлойм да, ошол учурда азыркы акылым болсо эмне деп, көрсө, мага келип конуп турган нерсени ошондо мен ортого сала албай калыптырмын. Мага акындык конуп атат дегенди мен түшүндүрө албай калгам.

Деген менен, азыркы тагдырыма эч таарынычым жок. Элим, көлүм аман болсо деп, алардын өмүрүн тилеп жашап келем.

Leave a Reply