Акбаров Атантай, акын

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Акбаров Атантай , 1960-жылы Чаткал районунда туулган. ОшМИнин филология факультетин бүтүргөн. Ал – Алыкул Осмонов жана Молдо Нияз атындагы республикалык адабий сыйлыктардын жана Жалалиддин Руми атындагы эл аралык сыйлыктын ээси. Учурда КР ЖКнын аппаратынын редакциялык-басма бөлүмүнүн улук кеңешчиси.

Чаткал деген – чамгарагы дүйнөнүн…

«Акындын ким экенин билгиң келсе, анын туулган жерине бар» – деген кеп бар. «Чаткал – жер соорусу» – деп бабаларыбыз да бекер жерден баалап келишкен эмес чыгаар. Дүйнөдө кездешпеген жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, адам буту тийе элек, көз жоосун алган керемет кооз жайлоолорго бай бул ажайып аймак чындыгында да кыргызга берген Теңирдин таберигиндей эле туюлат.

Өрөөндүн чок ортосунан орун алган Жаңы-Базар кыштагынын өөдөрөөк жагында жайгашкан тектирчеден орун алган көөнө тарыхый эстелик – Ыдырыс-Атанын күмбөзү дагы бул касиеттүү жердин ыйыктыгын ого бетер арттырып тургансыйт.

«Ыдырыс» деген сөздүн түпкү этимологиясына кайрылсак, ал Кут-ырыс дегенди билдирет. Кут-ырыс кезинде Теңирчиликтин пайгамбары болгон дешет. өз аты – Баабедин экен, ошондон улам «тогуз токоч Баабедин» деген кеп калган деп да айтылат. «Кут» деген сөздүн биринчи мааниси «от» деген түшүнүктү билдирсе, экинчи мааниси «бакты-таалай» дегенди түшүндүрөт. «Кудай», «Кудурет» деген сөздөр да ошол Теңирчиликтин таасири менен тарап, ал түшүнүктөрдүн түпкү этимологиясы да «Кут» деген сөз менен байланышкан. А чечмелеп айтканда, «Кут», «Кудурет» деген сөздөр – Кут чачкан (же бакыт берген) Жараткан деген маанини берет.

Ыдырыс пайгамбарды элибиз өтө ызааттагандыктан, көзү өткөн соң ага арнап күмбөз тургузуп, ар кайсы замандарда аны улам жаңыртып турушкан. Акыркы жолу аны Тоголок бий кайра оңдоткон деп айтылып келет. Ошол Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү тургузулган тектирчеден өрөөнгө көз чаптырсаң, баары алаканга салгандай көрүнөт. өрөөндү аралап өткөн эки дарыя да ошол аймактан кошулат. Ошого байланыштуу Чаткал деген сөздүн мааниси дагы «Чат-кол», башкача айтканда, эки суунун кошулушу дегенди билдирет. Дагы бир уламышка караганда, ошол эки суу кошулган аймактын жээгин бойлото жайгашкан калаа болгон имиш. Ошон үчүн «Чаткал» деген сөз «Чат-калаа» деген маанини билдирет деп да айтылып жүрөт.

Туулган жердин таасирине арбалып мен дагы «Менин айылым» аттуу ырымда:

Эки көздөн куюлган жаш биригип,

Эринимди өрттөп кетип жаткандай.

Эки дайра ушул жерден кошулуп,

Кең өрөөндү жарып өтөт шамшардай,

Мен отурган таштын уюп далысы,

Үстүмдө асман чалкып турат Чаткалдай,

– деп жазган элем.

Ал эми «Чаткал» деген ырымда болсо туулган жердин керемети мындайча сүрөттөлөт:

Чаткал, Чаткал, чай чыныга баткан жер,

Чалкарлыгы чексиз бирок бу жайдын.

Коен сымал суу жүгүргөн коктуда

Колдорунун изи калган Кудайдын.

Пайгамбарым Ыдырыс да Чаткалды

Паана кылып, акка моюн сунаарда

Аскар тоонун өңүрүнөн өпкөн да,

Андан ары аттап кеткен Кудайга.

Шылдың кылып турат мында пастыкты,

Зыңгыраган бийик тоолор, дабандар.

Олип тоодо жашагандай Кудайлар,

Жашайт мында ыйык, бийик адамдар.

Гүлдөрүндөй кайсы гүл жыт себелеп?

Булбулундай кайсы булбул безенет?

Чаткал деген – чамгарагы дүйнөнүн,

Чаткал деген – бейиште жок керемет!

Кыргыз жери – Жер шарынын жүрөгү,

Эгер аны сактабасак, Жер өлөт.

Чаткал болсо ал жүрөктүн толтосу,

Мындай жерде кыргыз жылдыз өңөрөт».

Leave a Reply