Жердин куту жана өнөр

This post is also available in: Англисче, Орусча

 

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде”

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн киришүүнүн негизинде жазылган]

«Жер куту» деген түшүнүккө келсек, Ысык-Көл өрөөнүнүн кутун Көлдүн өзү менен байланыштырып карашат. Көлгө Түп, Жыргалаң, Каракол, Кызыл-Суу, Жууку, Жети-/гүз, Барскоон, Туура-Суу, Тоң суулары ж.б. келип куят, ал эми көлдөн суу агып чыкпайт. Бул жагынан алганда, көлдү түзүп турган ошол куйма суулар дагы, ошол суулар башат алган булактар менен жолду ката кошулуп, дайраны дайра кылып толуктап жүрүп отурган майда суулар дагы тегин эмес болуп чыгат.

Адатта кайсы бир айылдан топ талант чыгып калса, «Ичкен суулары бир эмеспи», – деп кеп кылышат, же болбосо, аты аңызга айланган айыл адамына сыймыктанган жердештери: «Баланча ичкен суудан ичкем», – деп корстон болот. Айталы, Жыргалаңдын башы Түргөн, Ак-Суу сууларын ичкен Назар, Чоюке, Шаабай манасчылар, комузчу Ыбырай Туманов, жазуучулар Касымалы Жантөшев, Жекшен Ашуубаев, акылман Кыдыр аке, окумуштуулар Бүбүйна, Асангалый Орузбаевдер, хирургдар Мамбет Мамакеев, Ишенбай Молдоташев, Түп суусун ичкен жазуучулар Түгөлбай Сыдыкбеков, Мукай Элебаев, окумуштуу Хусаин Карасаев, манасчы Уркаш Мамбеталиев, саясий жана коомдук ишмер Жыпар Жекшеев ж.б.лар өздөрүнүн башталышына өбөлгө болгон ошол суу ыйыктыгын танышпайт.

Бул жагынан алганда эң ириде суунун өзгөчө туюм-жөндөмдөрдү өзүнө сиңирген, касиеттерди алып жүргөн бөтөнчөлүгү болушу мүмкүн. Дегеле кыргыз баласы «Аккан сууда арам жок», – деп сууга кылдай шек келтирбей, арыктагы суудан чай кайнатып, аш кылып, пайдаланып келгени абалтан белгилүү. Соңку кез гана арыктагы суу булак башынан соң кимдердин булганыч мамилесин туйду экен деп абайлап, агып жаткан суунун тек кир-кок жууп, мөмө-чөмөнү сугарганга гана жарап калгандыгы чындык. А бирок кандай болгон күндө дагы кайсы бир чөлкөмдөгү суу касиети түп-тамырынан жоголуп кетпейт. Жогорудагы саналып өткөн суулар акыркы мезгилерде канчалык булганыч тартты деген менен, керемети өзгөчө жаралган Ысык-Көлгө куйганында, алардын киргилт, ыплас бөлүкчөлөрү кандайча көкмөлтүр тартып, көөлгүп жатып калганын эч ким түшүндүрүп бере албайт, түшүндүрө да алышкан эмес. Бул жагынан Ысык-Көл чөлкөмүнүн куту эң ириде анын сууларында, жана ошол суулардан куралып, кылымдарды карытып, карыбай да, арыбай да көөшүп жаткан Ысык-Көлдүн өзүндө.

Кээ бир карыя, билермандар билим, береке, талант адамга эмес – жерге, чөлкөмгө берилээрин айтышат. «Ичкен суусунан» дегенге катар, «топурагынан» деген дагы жыйынтык кеп айтылат. Айталы, Токтогул өрөөнү кыргызда төкмөлөрдүн мекени катары каралат. Ысык-Көл манасчылардын, күүчүлөрдүн, комузчулардын мекени экендиги талашсыз. Бул ойду айтуу менен биз чакан өлкөбүздүн тигил же бул жерин көтөрмөлөп, башкасын басынталы деген пикирден алыспыз. Болгону “жердин куту” деген түшүнүктү гана элестүү чечмелеп берүүнү максат кылабыз. Бул бөлүмдөн окурмандар Ысык-Көл жана Жалал-Абадка байланыштуу өнөр көрүнүшүнө күбө боло алат.

 

Leave a Reply