Руханий тажрыйбалар

This post is also available in: Англисче, Орусча

Бул бөлүктө элдик ыйык билим, руханият, тиешелүү ырым-жырымдарга байланыштуу маалымат камтылган. Бул баракчалардын негизин Кыргызстандын аймагында жашаган элдердин байыркы, бирок ошол эле учурда, жаңылануучу, калыптануучу руханий тажрыйбаларын көрсөтүп турган ыйык жерлер, жана салттык, бирок адам-баласынын жашоосундагы бүт өзгөрүүлөрдү чагылдырган, руханий жана ырым-жырым тажрыйбасын камтыган институт катарында кабыл алынуучу кыргызчылык түзөт. Ошондой эле, бул бөлүккө салттык же элдик дарыгерчилик да киргизилген, себеби анын негизинде арбактардын, улуу күчтөрдүн жардамы менен ишке ашырылгын дарылоо «принциби» жатат.

Постсоветтик Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин биздин аймакта калыптанган салттык исламдын канчалык туура экени туурасында абдан татаал жана көп тараптуу талкуулар жүрүп жатат. Негизги бирден-бир оппозиция болуп кыргызчылык жана мусулманчылык каралууда. Ыйык жер басуу жана кеңири алынган дарыгерчилик жана айтымчылык тажрыйбасын эске алуу менен кыргызчылык мусулманчылык тарабынан «накта», «анык» эмес деп каралууда. Бул веб-сайтта силер ушундай карама-каршы ойлор каралган жыйындардын протоколдорун жана ага карата болгон маалыматчылардын ой-пикирлерин таба аласыңар.

Бул жерден силер манасчылардын, акындардын жана башка өнөр өкүлдөрүнүн окуяларын таба аласыңар. Кыргыз салттык маданиятында айтуучулук жана талант касиет жана аян деген түшүнүктөр менен дайыма чогуу жүрөт.

Жогоруда айтылып кеткендей, муундан-муунга өтүү – бул салттык билимдеги бирден-бир негизги факторлору болуп эсептелинет. Руханий жана айтуучулук тажрыйбасында устат-шакирт институту руханий салттык билимди алып жүргөн адамдардын пайда болушунда жана түзүлүшүндө эң негизги ролду ойноп келген жана келүүдө. Веб-сайттын дагы бир бөлүгү биз менен маек курган адамдардын устат-шакирттери тууралуу окуяларын камтыйт.

Башка бир бөлүгү жогорудан аң-сезимсиз абалда алынган маалымат, башкача айтканда, кайып илими туурасында. Биздин борбордун иштеп баштаган биринчи жылынан тартып бизге адамдар жогорудагы күчтөрдүн таасиринин негизинде жазылган кол жазмаларын, же басылып чыккан китептерин алып келе баштаган.

Азыркы учурда биз чогултулган маалыматтардын үстүнөн талдоо жүргүзүп жатабыз. Биз басып чыккан материалдардын негизинде талкуу жүргүзүүнү сунуштайбыз. Мисалы, эң жөнөкөй суроо: дүйнөдө кыргызчылык ж.б. көрүнүштөргө окшош кандай нерселер бар, кандай суроолор каралат, ж.б.? Биз чыгарган ар бир китепте (биринчиси 2007- жылы Талас облусундагы изилдөөнүн негизинде кыргыз жана англис тилдеринде, экинчиси – 2009-жылы Ысык-Көл тууралуу кыргыз, орус жана англис тилдеринде чыгарылган) Айгине тарабынан 2005-09-жылдар арасында чогултулган кыргызчылык жана мусулманчылык, арбактар менен сырдашуу, совет дооруна чейинки молдолордун орду жана ролу[1] ж.б. ар кандай жагдайларда чогултулган материалдардын негизинде Айгине тобунун анализдеп жазган макалалары камтылган.


[1] Мисалы: «Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр» (Бишкек, 2009) китебиндеги Г.А.Айтпаеванын  “Кыргыз мусулмандарынын арасындагы мазар басуу тууралуу келишпестиктер” (241-256-бб.), Г.Алдакееванын “Кыргыздардын маданий жашоосундагы арбактардын ролу жана орду” (256-265-бб.) аттуу ж.б. макалаларды тапсаңыз болот.

Leave a Reply